Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 37
Баткен аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна жаны типтеги имарат куруу үчүн жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Баткен шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы № 13 токтому менен бекитилген «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуш куруу укугу» Мыйзамынын 1.7-главасынын 22-саттьясынын 1-пункутуна жана Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, өнөр жай, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2016-жылдын 19-майдагы № 01-22/284 катынын негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуш куруу укугу» Мыйзамынын 1.7-главасынын 22-саттьясынын 1-пункутуна өзгөртүү киргизилсин:
-Баткен шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндөгү Баткен аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна жаңы типтеги имарт куруу үчүн ээлеген Ц-1 «шаардын активдүү,коомдук, иштиктүү жан коммерциялык зоонасы» багытындагы жер аянттынын багыты, С-1 «ден соолукту чындоо, билим берүү, маданият жана спорт обьектилери зоонасы» багытына өзгөртүлүүгө макулдук берилсин
2. Багытын өзгөртүүгө тийиштүү болгон иш кагаздарын жасоо жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |