Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22- июну № 39
Баткен шаарынын МСО көчөсүнүндөгү Т. Абдраимовдун П-1 багытындагы жер аянтын Ж-1 багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Баткен шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы № 13 токтому менен бекитилген «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуш куруу укугу» Мыйзамынын 1.7-главасынын 22-саттьясынын 1-пункутуна жана Баткен шаардык кеңешинин курулуш куру, өнөр жай, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 10-июндагы протоколуна ылайык Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуш куруу укугу» Мыйзамынын 1.7-главасынын 22-саттьясынын 1-пункутуна өзгөртүү киргизилсин:
-Баткен шаарынын МСО көчөсүндөгү Т. Абдраимовдун П-1 «4-5 класстагы өнөр жай зоонасы» багытындагы 0,38 га өлчөмүндөгү жер аянты Ж-1 «Индивидуалдуу жашоо курулуштары зоонасы» багытына өзгөртүлүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү болгон иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаар мэриясына
тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |