Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-январы № XХVIII/ VI
Кара-Таш айыл аймагындагы Нойгут айылынын тургуну И. Кудайбердивдин жеке арызы жана Нойгут айылында өткөн жалпы чогулуштун № 1 протоколунун негизинде
Кара-Таш айыл аймагындагы Нойгут айылынын тургуну Кудайбердиев Исламидиндин 2016-жылдын, 28-январындагы № 10 арызынын негизинде Кара-Таш аймагынын Нойгут айылында жайгашкан Алма бактын кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен ижарага жер алуу боюнча берген арызын карап, элдин чогулушунун № 1 протоколун эске алып жана талкуулап айыл кеңеши (А/к кеңештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагындагы Нойгут айылынын тургуну Кудайбердиев Исламидиндин 2016-жылдын, 28-январындагы № 10- арызы канааттандырылсын жана жалпы элдин чогулушунун № 1 протоколу бекитилсин.(Тиркеме тиркелет)
2. Кара-Таш айыл аймагындагы Нойгут айылындагы Алма бактын кайра бөлүштүрүү фондунун жери жеке ишкер Кудайбердив Исламидинге 5 (беш) жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Арызда көрсөтүлгөн кургап калган дарактардын ордуна жаш мөмөлүү дарактарды отургузууга уруксат берилсин.
4. Айланасын тосуу,агын суу чыгаруу,жаш мөмөлүү дарактарды отургузуу жагы И.Кудайбердиевке милдеттендирилсин.
5. Кургап,каарылыгы жеткен дарактарды кыюу үчүн, керектүү иш-кагаздар тийштүү мекеме иш-каналардан суралсын.
6. Токтомду аткаруу Кара-Таш айыл өкмөт башчысы Ж. Пратовко,көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Арынов |
Тиркеме
Катышкандар 189 киши
Каралуучу маселе:
Алма бактын үлүшкө тийген жана кайра бөлүштүрүү фондунун көп жылдык бактарын айыл тургуну И.Кудайбердиевге беш жылдык мөөнөт менен берүү тууралуу.
Каралуучу маселе боюнча Нойгут айылынын айыл башчысы Т.Маматкулов сөз сүйлөдү. Урматтуу Нойгут айылынын тургундары бизге тийген көп жылдык үлүш бактарыбыз бүгүнкү күндө кургап каралбай жатат. Ошодой эле ал жерге барсан зээнин кейийт. Өзүбүздүн ишкер жигиттерибиздин бири И. Кудайбердиев бүгүн каралбай калган жерге суу чыгарып, жаны көчөттөрдү отургузуп, айланасын тосуп беш жылдык мъънът менен берсениздер деп суранып жатат. Бул жигит өз пайдасына эмес ушул турган элдин келечегин ойлоп олтурат. Ал жерге суу чыгаруу оңой иш эмес. Көп кыйынчылыктарга дуушар болушуна карабай аракет кылып жатат. Бул ички инвестор өзүбүздүн атуул болгондуктан жана бул жигитти жакшы билгендигибизден баардык чогулуштун катышуучуларынан суранып жана бул инсанга беш жылдык мөөнөт менен үлүш бакты берүүнү сунуштап кетемин.
Андан кийин сөзгө айыл кенешинин төрагасы А. Арынов чыкты. Урматтуу айылдаштар жогорудагы айтылган сөздөргө кошуларын жана өзүбүздүн айылдан чыккан жаш ишкерлерибизди колдоп жана шарт түзүп берүүнү элден суранып өттү.
«Жэмурат» дыйкан чарбасынын жетекчиси А.Жэмуратов сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду. Бул сөз болуп жаткан үлүшкө тийген бак эски колхоздун убагында бак тигилген. Ал жерге насос менен суу чыгарылган. Бүгүнкү күндө ал жер какыраган жерге айланууда. Ал жерге Исламидин Кудайбердиев суу чыгарып, жаш көчөттөрдү отургузуп айланасын тосуп берүүгө даяр экендигин айтып жатат. Бул жигит ал жерди беш жылдан кийин көгөртүп өзүбүзгө кайтарып берет. Ошондуктан баарыбыз колдоп бул жигитке беш жылдык мөөнөт менен берейли.
Жогорудагы сөздөргө бардык чарба жетекчилери жана мүчөлөр макул болушту.
Нойгут айылынын жалпы элдик жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нойгут айылынын жалпы үлүшкө тийген къп жылдык бак жер аянты айыл тургуну Кудайбердиев Исламидинге беш жылдык мөөнөт менен берилсин.
2. Бактын кайра бөлүштүрүү фондунун жери жеке ишкер Кудайбердив Исламидинге 5 (беш) жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берүү жана ушул токтомду бекитүү жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнөн суралсын.
Чогулуштун төрагасы: Т. Маматкулов
Катчысы: Аширбай уулу Хайрулла