Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № XХIX/I
«Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын бекитүү жөнүндө»
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын иштелип чыгылган долбоорго тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Кара-Таш Айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 246220 (эки жуз кырк алты мин эки жуз жыйырма)сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.
2. 2016-жылга айылдык бюджетине 1-январга калган калдыктын эсебинин чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2016-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчыларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара- Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Арынов |
Тиркеме
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIX- сессиясынын № 3 токтомуна № 1 тиркеме.
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгынын эсебинен 2016-жылга айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнөндө тиркеме.
1 | 01.01.2016-жылга эсептик счетунда калган калдык | 246220 |
2 | Кирешелердин жыйынтыгы: | 246220 |
3 | Р-70111 аткаруу жана мыйзам чыгаруучу органдар | 46220 |
4 | Р-70491 башка категорияларга таандык болбогон экономикалык маселелер | 56400 |
5 | Р-70629 Дагы башка турак жай жана коммуналдык кызмат корсотүүлөр | 82100 |
6 | Р-70921 Орто билим берүү | 61500 |
7 | Чыгашалар жыйындысы | 246220 |
|
|
|
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
А. Орунбаева |