Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № XХIX/IV
Кара-Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылдын жыйынтыгы менен аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу жана 2016-жылга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылдын 18-февралындагы “2015-жылга жайыт пайдаланууда жургузгон иштеринин аткарылышы жана 2016-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндө угуп жана талкуулап (А/а жайыт комитетинин төрагасы, А/к кеңештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2015-жылдын жыйынтыгы менен аткарылган иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.(Тиркеме тиркелет)
2. Кара-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Таш айылдык аймагынын Капка, Чечме жана Долоно–Булак жайыттарына мал чыкчуу тосулган жолдорду мыйзам чегинде ачуу жагы ЖПБнын төрагасы А. Мамытовго милдеттендирилсин.
4. Кара-Таш жайыт пайдалануучулар арасында орт коопсуздугун сактоо жана мал ыландарына каршы алдын–ала эмдөөлөрдүн өз убагында жүрүүсү боюнча айылдык ветеринардык сервистин башчылары тарабынан жумуштарды аткаруу тапшырылып,анын аткарылышы боюнча жайытка чыккан малдардын эмдөөдөн өткөн ветеринардык аныктамалары менен чыгуусун көзөмөлдөө жагы ЖПБнын төрагасы А. Мамытовго тапшырылсын.
5. Кара-Таш жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланылган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды мөөнөтүндө төлөп туруу жагы ЖПКнын торагасы А. Мамытовго тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айыл, суу чарба,жерге жайгаштыруу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Арынов |
Тиркеме
Кара-Таш айылдык аймагына
караштуу жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин мүчөлөрүнүн жалпы
жыйынынын № 1 протоколу
Чогулушка катышкандар жалпы 62 киши.
Катышуучулар: Ноокат райондук Агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы М.Турдуев, Ноокат райондук ЖПБнынАссоциациясынын төрагасы Т.Жолдошов, АРИС тин эксперттери К.Сатинбаев, Ж.Урайимов, Кара-Таш айылдык аймагынын айылдык кеңештин төрагасы А.Арынов, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Мамарасуловдор катышты.
Күн тартибиндеги каралуучу маселелер
1. Кара-Таш ЖПБнын 2015-жылга карата бюджетинин аткарылганы тууралуу ЖПБнын төрагасы А. Мамытовдун билдирүүсү.
2. Кара-Таш ЖПБнын текшерүү комиссиясынын төрагасы А.Бөрүбаевдин билдирүүсү.
3. 2016-жылга карата бюджет түзүмү жана аткарылуучу иштердин божомолу жөнүндө ЖПБнын төрагасы А.Мамытовдун билдирүүсү.
4. Ноокат райондук ЖПБнын Ассоциациясынын төрагасы Т.Жолдошовдун ЖКнын жана текшерүү комиссиясынын төрагаларын шайлоодо билимин кароо боюнча сунушу, ошондой эле Ноокат Токой чарбасынын 2016-жылдын 19-январындагы № 3 катына негиз,2016-жылга карата мал башына болгон баалардын өзгөрүүсү боюнча маалыматы.
5. АРИС өкүлүнүн инвестиция боюнча маалыматы.
6. Ар кандай маселелер.
Угулду: Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Кара-Таш ЖПБнын төрагасы А.Мамытов чыгып сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду.
Кара-Таш айыл аймагынын ЖПБна караштуу убактылуу пайдаланууга 3562 га берилген болсо жалпысы 4862 га жерине налог төлөнүп, жыйынтыгында 2014-2015-жылдарга 1300 га жерге ашыкча төлөндү. Быйылкы жылда Кара-Таш айылдык округу тарабынан берилген 50000 сомго жана ЖПБна түшкөн 30000 сом акча каражатынын эсебинен Капка жайыт жолуна ветеринардык жайыт посту курулду.
Ошондой эле Капка жайытына малдарды киринтүү жайына (Купка) Кемп Ала-Тоо уюмунун эсебинен 60000 мин сом материалдык жардам берилди. Өздүк салым катары 8000 миң сом болуп жалпысы 68000 миң сомдук жумуш аткарылган.Ошону менен эле бирге учурунда ар бир жайытка барып мүмкүн болушунча иштер аткарылды.
2015-жылы топтолгон жайыт төлөмдөрү төмөндөгүдөй сарпталды.
1. Эмгек акылар жалпысы -103000 сом
2.Жайыт салыгы - 83285 сом
3.Соц казына - 25000 сом
4.сатуудан түшкөн салык - 10000 сом.
5.инфра түзүмгө - 148000 сом
5.сапар чыгымы - 4000 сом
6.транспорт чыгымы - 10000 сом
7.Жана башка чыгымдар - 8000 сом
8. ветэкопостуна - 80000сом
9.Купка курууга - 68000 сом
Жалпысы: 389285 сом чыгышталып, план 105 %га аткарылды.
Угулду: Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча Кара-Таш ЖПБнын текшерүү комиссиясынын төрагасы А.Бөрүбаев чыгып сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду.
ЖПБнын 2015-жылда аткарган иштери боюнча текшерүү комиссиясы тарабынан текшерилгенде акча каражаттары өз багытында жана салык, соцказына жана башка төлөмдөрдү убагында төлөп жалпысы бардык жумуш 105% аткарылганы аныкталды. Кара-Таш ЖПБнын аткарган иштерини «канааттандырарлык» деп эсептөөнү сунуш кыламын.
Угулду: Күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча Кара-Таш ЖПБнын төрагасы А.Мамытов 2016-жылга карата божомол бюджети менен тааныштырды. (божомол бюджеттин долбоору тиркелет)
Угулду: Күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча Ноокат райондук ЖПБнын Ассоциациясынын төрагасы Т.Жолдошов сүйлөп төмөндөгүлөрдү сунуштады. ЖПБнын жана текшерүү комиссиясынын төрагаларын кийинки шайлоолордо, алардын атайын орто же жогорку билимдери жана ишмердүүлүгү эске алынса, ошону менен эле бирге Ноокат Токой чарбасынын 2016-жылдын 19-январындагы № 3 катына негиз, 2016-жылга карата мал башына болгон баалардын өзгөрүүсүн аткарууга алсак деп сунуштады. Кара-Мал, Жылкы жана эчкилерге айына 20,0 сом, үч айга 60,0 сом. Ал эми койго айына 12,0 сом, үч айга 36,0 сом.
Угулду: Күн тартибиндеги бешинчи маселе боюнча АРИС өкүлүнүн инвестиция боюнча кенири сөз сүйлөп 2016-жылдан 2018-жылга чейин жайыт пайдалануучулар үчүн АРИС тарабынан жаны долбоорлорду ишке ашыруу программасы бонча кенири маалымат берди.
Угулду: Күн тартибиндеги алтынчы маселе боюнча Кара-Таш ЖПБнын төрагасы А.Мамытовго берилген сунуш жана суроолорго төрага кенири жооп берди.
Жогоруда айтылган ой-пикир жана сунуштарды угуп жана талкуулап ЖПБнын жалпы чогулушу төмөндөгүдөй токтом кылат.
ТОКТОМ
1. Кара-Таш айыл аймагындагы ЖПБнын төрагасы А.Мамытовдун 2015-жылдагы бюджеттин аткарылышы «канааттандыраарлык»деп табылсын.
2. Кара-Таш айыл аймагындагы ЖПБнын текшерүү комиссиясынын төрагасы А.Бөрүбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
3. Кара-Таш айылдык аймагындагы ЖПБнын төрагасы А.Мамытовдун 2016-жылга жайыт бюджетинин түзүмү кабыл алынсын.(бюджет долбоору тиркелет).
4. Кара-Таш айыл аймагындагы ЖПБнын төрагасы жана текшерүү комиссиясынын төрагасын кийинки шайлоодо алардын атайын орто же жогорку билими жана ишмердүүлүгү эске алынсын.
5. 2016-жылга карата Ноокат Токой чарбасы тарабынан 2016-жылдын 19-январындагы №3 катына негиз, мал башына сунушталган кара-мал, жылкы жана эчкиге айына 20,0 сом, койго айына 12,0 сомдон сунуштаган баалары колдоого алынсын жана айылдык кенештин сессиясында бекитип берүү жагы суралсын.
6. ушул токтомду бекитип бер\\ жагы, Кара-Таш айылдык аймагындагы айылдык кенешинин сессиясынан суралсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айыл аймагындагы ЖПБнын төрагасы А. Мамытовго тапшырылсын.
Чогулуштун төрагасы Б.Мамарасулов
Катчысы М.Осмонов