Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-майы № XХX/ 2
Кара-Таш айыл аймагындагы мамлекеттик жөлөк пул (пособие) чегерүү жана социалдык жардамдардын берилиши тууралуу
Кара-Таш айыл аймагындагы мамлекеттик жөлөк пул (пособие) чегерүү жана социалдык жардамдардын берилиши тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап айыл кенеши (А/ кеңештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагындагы мамлекеттик жөлөк пул (пособие чегерүү) жана социалдык жардамдардын берилиши тууралуу аткарылган иштер эскертүү менен канааттандыраарлык деп белгиленсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Кара-Таш айыл аймагындагы мамлекеттик жөлөк пул (пособие) чегерүү жана социалдык жардамдардын берилишин тактоо жана кээ бир кемчиликтерди эске алып, айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнун ишин жандандыруу иштери алып барылсын.
3. Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жөлөк пул чегерүү боюнча комиссиянын курамы кайрадан түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Ж.Пратовко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Арынов |
Тиркеме
Кара-Таш айыл өкмөтү боюнча 2015-жылга 464 аз камсыз болгон үй бүлөөргө айыл өкмөтү тарабынан социалдык паспорт толтурулуп, комиссия тарабынан жөлөк пул алууга чегерилген. 2016-жылга айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жөлөк пул чегерүү боюнча атайын айыл өкмөтүнүн буйругу чыгарылып , комиссия курамы түзулгөн.
Комиссиянын төрагасы: Айыл өкмөтунун башчысынын орун басары Б. Мамарасулов.
Катчысы: Айыл өкмөтунун соц.кызматкери: Б. Матиева.
Айыл өкмөтунун юристи: А.Мамытов.
Айыл башчы: Т.Маматкулов.
Салык кызматкери: З.Зулпукааров.
Вус кызматкери: М.Мурзахматов.
Иш кагаздарын жүргүүүчү: Ж.Эшбаева.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы “Аз камсыз болгон үй-булөөлөргө жөлөк пул чегерүү жөнүндөгү №202 Жобосунун” негизинде
2016-жылдын январ айынан 2016-жылдын май айына чейин айыл өкмөтүнун аймагындагы 141- аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө социалдык паспорт толтурулуп , комиссиянын чечими менен жөлөк пул алууга сунушталган . Жөлөк пул алууга сунушталган комиссиянын протоколу Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына тапшырылат.
Жөлөк пул алуу боюнча тапшырылган ар дело комиссиянын кароосуна берилип , комиссия курамы көруп келе жатат.КР Жобосунун негизинде Жөлөк пул айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган үй-бүлөөлөргө гана берилет. Жөлөк пул алуунун эрежелеринин тиркемеси бар.( тиркеме тиркелет).
2016-жылдын январ айына комиссиянын чечими менен 30-дело
Февраль айына 30-дело
Март айына 34-дело
Апрель айына 47-дело комиссиянын чечими менен тапшырылган.
Бирок өнүгүү башкармалыгында февраль айында 56 -дело өтүп, 25-дело комиссиянын чечими жок өткөн.Айыл өкмөтү бул делолор келген эмес, Ноокат райондук өнүгүү башкармалыгы тууралуу өткөн,
Март айында НРОБ да 30-дело өтсө, 10-дело Ноокат өнүгүү башкармалыгы тарабынан өткөн.
Маалыматты даярдаган
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Б. Матиева