Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-майы № XХX/3
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай, Таштак, Моюнкол айылдарында жашаган тургундардын чогулушунун протоколдору жөнүндө
1990-жылы Ноокат районундагы Чапаев атындагы колхоздон Чечме-Сай колхозу бөлүнүп өзүнчө колхоз болуп түзулгөн. Чечме-Сай колхозунун базасында 1991-жылы Кара-Таш айылдык кеңеши уюштурулуп, Кара-Таш, Нойгут айылдарынын карамагында болгон. Ал эми Таштак, Чечме-Сай, Моюнкол айылдарын Кара-Таш айылына кошуп койгон. Азыркы мезгилде элдин саны Кара-Таш айылында көбөйүп кеткендигине байланыштуу айыл башчы тарабынан башкаруу иштери жакшы жыйынтык бербегендиктен, Кара-Таш айылын Таштак, Чечме-Сай, Кара-Таш айылынан 31 км алыстыкта жайгашкан Моюнкол айылын өзүнчө атайын айыл кылып мамлекеттик классификаторго киргизүү боюнча Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Таштак , Чечме-Сай, Моюнкол айылдарында жашаган тургундардын 2015-жылдын август айындагы протоколу бекитилсин. (чогулуштун протоколдору тиркелет)
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай, Таштак, Моюнкол айылдарынын аймактарын тактап чыгуу жана иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Пратовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Арынов |
Тиркеме
Таштак айылы15-август 2015-жыл
Күн тартибиндеги маселе;Таштак айылын мамлекеттик классификаторго (САОТЕ) киргизип өзүнчө айыл кылып түзүү жөнүндө:
Катышкандар; Айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери Таштак айылынын жошоочулары.
Жыйынды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Пратов алып барды.Ал өз сөзүндө жогорудагы маселе боюнча кеңири токтолуп сөз сүйлөдү.
Урматтуу Таштак айылынын тургундары бүгүнкү жыйыныбыздын себеби Таштак айылын мамлекеттик классификаторго (САОТЕ) киргизип өзүнчө айыл кылып түзүү жөнүндө,бир гана маселе,ошондуктан ушул маселени чечип алып жыйыныбызды жыйынтыктайбыз.
Урматтуу чогулуштун катышуучулары!
Таштак айылында 3015 миңден ашык калк,611дөн ашык кожолук 1 орто мектеп,Ноокат билимканасы ,балдар бакчасы,3 мечит,кам кыш чыгаруучу ишкана,Ноокат билимканасынын жатаканасы жана 100 дөн ашык чарба ( дыйкан-жеке чарбалар),сүтту кайра иштетүүчү цех бар.Ошондуктан ушул айылды өзүнчө айыл кылып айыл башчы дайындабасак башкаруу, Сиздерге маалымат жеткирүү,көйгөйлүү маселелериңиздерди чечүү өтө кыйын болууда.Себеби Кара-Таш айылы абдан чоң 9 миңге жакын калкы бар,айыл өкмөтүнүн имараты Кара-Таш айылында болгондуктан айыл башчы штаты жок,айыл башчынын кызматын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери аткарууда ,Таштак айылы өзүнчө статус алып калса Таштак айылына айыл башчы дайындалат. Сиздердин суроолорүңуздарды, арыз-даттанууларыңызды, көйгөйлүү маселелериңиздерди чечүүгө, элдин саны күдөн-күнгө көбөйүп жаткандыктан, айылда социлдык объектилерди курууга, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ,элдин жашоо турмушун көтөрүүгө өбөлгө түзүлөт. Сиздердин айылыңыздарга келечекте күнөсканаларды,алманы сактоочу кампаларды,спорт аянтчаларын,айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү кичи ишканаларды,элге кызмат көрсөтүүчү(тигүүчү, устачылык кылуучу,ж.б.) чакан ишканаларды ачуу керек,сүттү кайра иштетүүчү ишкананы тезинен ишке киргизүү керек. Ушул иштерди аткаруу үчүн айыл башчы керек болууда.
Андан кийин сөз Таштак айылынын аксакалы Мусаев Кадырбекке берилди.
Урматтуу элдик жыйындын катышуучулары айыл өкмөтүнүн кызматкерлери!
Мен көптөгөн жылдар бою калхоз-совхоздордо иштеп эс алууга чыккамын айыл өкмөтүнүн айтып жаткан маселеси туура маселе.Себеби бул маселе 2008-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат.2008-жылы дагы ушундай жыйын ушул жерде өткөрүлгөн.Ошондуктан бул маселени колдойбуз аягына чыгарууга күчтүүрөөк аракет кылышыңарды каалаймын.
Сөз айыл аксакалы А.Анарматовдо
Урматтуу чогулуштун катышуучулары!-айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пратов жана Мусаев Кадырбектин айткан сөздөрүн мен колдоймун,себебин Кадырбек аксакал айтып кетти,бул маселе көп жылдардан бери айтылып келе жатат,бул маселе ар бир чогулушта айтылат.Ушул маселени колдоого баарыңарды чакырып кетем.Андан кийин сөз аялдарга,жаштарга,айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринеберилди, баары жогорудагы сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн колдоп сөз сүйлөштү.Жогорудагылардын ой-пикирин,сын-сунуштарын,угуп элдик жыйын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Таштак айылынын жошоочуларынын, Таштак айылына статус берүү суранычы аткарууга алынсын.
Таштак айылынын иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Чогулуштун төрагасы: Ж.Пратов
Катчысы: Т. Имарова
Чечме-Сай айылы15-август 2015-жыл
Күн тартибиндеги маселе - Чечме-Сай айылын мамлекеттик классификаторго (САОТЕ) киргизип өзүнчө айыл кылып түзүү жөнүндө:
Катышкандар: Айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери Чечме-Сай айылынын жошоочулары.
Жыйынды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пратов алып барды. Ал өз сөзүндө жогорудагы маселе боюнча кенири токтолуп сөз сүйлөдү.
Урматтуу Чечме-Сай айылынын тургундары бүгүнкү жыйыныбыздын себеби Чечме-Сай айылын мамлекеттик классификаторго (САОТЕ) киргизип өзүнчө айыл кылып түзүү жөнүндө,бир гана маселе,ошондуктан ушул маселени чечип алып жыйыныбызды жыйынтыктайбыз.
Урматтуу чогулуштун катышуучулары!
Чечме-Сай айылында 3045 тен ашык калк,515 кожолук 1 орто мектеп,балдар бакчасы,3 мечит,кам кыш, бышкан кыш чыгаруучу ишкана,119ден ашык чарба ( дыйкан-жеке чарбалар),1ФАП,Чөндө эс алуу жайлары бар. Ошондуктан ушул айылды өзүнчө айыл кылып, айыл башчы дайындабасак башкаруу, Сиздерге маалымат жеткирүү, көйгөйлүү маселелериңиздерди чечүү өтө кыйын болууда.Себеби Кара-Таш айылы абдан чоң 9 миңге жакын калкы бар,айыл өкмөтүнүн имараты Кара-Таш айылында болгондуктан айыл башчы штаты жок,Чечме-Сай айылы өзүнчө статус алып калса,Сиздердин суроолорүңуздарды,арыз-даттанууларыңызды,көйгөйлүү маселелериңиздерди чечүүгө,элдин саны күдөн-күнгө көбөйүп жаткандыктан, айылда социлдык объектилерди курууга, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ,элдин жашоо турмушун көтөрүүгө өбөлгө түзүлөт.Сиздердин айылыңыздарга келечекте күнөсканаларды,алманы сактоочу кампаларды,спорт аянтчаларын,айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү кичи ишканаларды,элге кызмат көрсөтүүчү(тигүүчү,устачылык кылуучу,ж.б.) чакан ишканаларды ачуу керек.
Андан кийин сөз Чечме-Сай айылынын аксакалы Алибаев Айти аксакалга берилди.
Урматтуу элдик жыйындын катышуучулары айыл өкмөтүнүн кызматкерлери!
Мен көптөгөн жылдар бою калхоз-совхоздордо иштеп эс алууга чыккамын айыл өкмөтүнүн айтып жаткан маселеси туура маселе,биз өзүбүзчө айыл болушубуз керек, 1950-1960-жылдардан бери Чечме-Сай айылы болуп келген.Себеби бул маселе 2008-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат.2008-жылы дагы ушундай жыйын ушул жерде өткөрүлгөн.Ошондуктан бул маселени колдойбуз аягына чыгарууга күчтүүрөөк аракет кылышыңарды каалаймын.
Сөз айыл аксакалы М.Бердикуловго берилет
Урматтуу чогулуштун катышуучулары! -айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пратов жана Алибаев Айти аксакал айткан сөздөрүн мен колдоймун,себебин Айти аксакал айтып кетти,бул маселе көп жылдардан бери айтылып келе жатат,бул маселе ар бир чогулушта айтылат.Ушул маселени колдоого баарыңарды чакырып кетем.Андан кийин сөз аялдарга,жаштарга,айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине
берилди баары жогорудагы сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн колдоп сөз сүйлөштү.Жогорудагылардын ой-пикирин, сын-сунуштарын, угуп элдик жыйын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чечме-Сай айылынын жошоочуларынын Чечме-Сай айылына статус берүү суранычы аткарууга алынсын.
Чечме-Сай айылынын иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Чогулуштун төрагасы Ж.Пратов
Катчысы: Т.Имарова
Моюнкол айылы 17-август 2015-жыл
Күн тартибиндеги маселе. Моюнкол айылын мамлекеттик классификаторго (САОТЕ) киргизип өзүнчө айыл кылып түзүү жөнүндө:
Катышкандар: Айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана Моюнкол айылынын жошоочулары
Жыйынды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пратов алып барды.Ал өз сөзүндө жогорудагы маселе боюнча кенири токтолуп сөз сүйлөдү.
Урматтуу Моюнкол айылынын тургундары бүгүнкү жыйыныбыздын себеби Моюнкол айылын мамлекеттик классификаторго (САОТЕ) киргизип өзүнчө айыл кылып түзүү жөнүндө,бир гана маселе,ошондуктан ушул маселени чечип алып жыйыныбызды жыйынтыктайбыз.
Урматтуу чогулуштун катышуучулары!
Моюнкол айылында 287 ден ашык калк,47 кожолук 1 башталгыч кыласс мектеп,11ден ашык чарба ( дыйкан-жеке чарбалар),1 ФАП, Абдалым эс алуу жайы бар. Ошондуктан ушул айылды өзүнчө айыл кылып, айыл башчы дайындабасак башкаруу, Сиздерге маалымат жеткирүү, көйгөйлүү маселелериңиздерди чечүү өтө кыйын болууда.Себеби Кара-Таш айылы абдан чоң 9 миңге жакын калкы бар,айыл өкмөтүнүн имараты Кара-Таш айылында болгондуктан айыл башчы штаты жок,Моюнкол айылы өзүнчө статус алып калса,Сиздердин суроолорүңуздарды,арыз-даттанууларыңызды,көйгөйлүү маселелериңиздерди чечүүгө,элдин саны күдөн-күнгө көбөйүп жаткандыктан, айылда социлдык объектилерди курууга, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ,элдин жашоо турмушун көтөрүүгө өбөлгө түзүлөт.Сиздердин айылыңыздарга келечекте күнөсканаларды,алманы сактоочу кампаларды,спорт аянтчаларын,айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү кичи ишканаларды ачуу керек. Кара-Таш айыл өкмөтүнөн 31 км. алыс аралыкта турасыздар.
Андан кийин сөз Моюнкол айылынын аксакалы Аманбаев Абдалым аксакалга берилди.
Урматтуу элдик жыйындын катышуучулары айыл өкмөтүнүн кызматкерлери!
Мен көптөгөн жылдар бою калхоз-совхоздордо иштеп эс алууга чыккамын айыл өкмөтүнүн айтып жаткан маселеси туура маселе,биз өзүбүзчө айыл болушубуз керек, 1920-1963-жылдардан бери Моюнкол айылы болуп келген.Себеби бул маселе 2008-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат.2008-жылы дагы ушундай жыйын ушул жерде өткөрүлгөн.Ошондуктан бул маселени колдойбуз аягына чыгарууга аракет кылышыңарды каалаймын.
Сөз айыл аксакалы С.Жолдубаевге берилет
Урматтуу чогулуштун катышуучулары! -айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пратов жана Аманбаев Абдалым аксакал айткан сөздөрүн мен колдоймун,себебин Абдалым аксакал айтып кетти,бул маселе көп жылдардан бери айтылып келе жатат,бул маселе ар бир чогулушта айтылат.Ушул маселени колдоого баарыңарды чакырып кетем.Андан кийин сөз аялдарга,жаштарга,айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине
берилди баары жогорудагы сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн колдоп сөз сүйлөштү.Жогорудагылардын ой-пикирин,сын-сунуштарын,угуп элдик жыйын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Моюнкол айылынын жошоочуларынын,Моюнкол айылына статус берүү суранычы аткарууга алынсын.
Моюнкол айылынын иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Чогулуштун төрагасы: Ж.Пратов
Катчысы: Т.Имарова