Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 214
Салам-Алик айыл кеңешинин 2016-жылга иш-планын кабыл алуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 2016-жылга иш-планынын долбоорун бекитүү боюнча айыл кеңешинин жооптуу катчысы Нышанбаев Дүйшөбайдын билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 28-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл кеңешинин 2016-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Таштемиров |
Тиркеме
Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасы
_________________А. Таштемиров
№
| Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким даярдайт | Ким билдирүү жасайт |
| 1-квартал |
|
|
|
1 | Салам-Алик айыл кеңешинин 2016-жылга иш планынын долбоорун бекитүү |
февраль | Жооптуу катчы | Жооптуу катчы |
2 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү. | февраль | Бюджеттик коммиссия | Туруктуу комиссия Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы |
3 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү. | февраль | Бюджеттик коммиссия | Турутуу комиссия Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы |
4 | Ар түрдүү маселелер | февраль |
|
|
|
11-квартал |
|
|
|
1 | Айыл кеңешинин аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштеринин жүрүшү | апрель | Айыл, мал жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу коммисия | Туруктуу комиссия Жер адис Ж.Нуралиев |
2 | Өзгөчө кырдаалдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер | апрель | Экология, курулуш. Өзгөчө кырдаал, тоо кен, энергетика тармактары боюнча туруктуу коммиссия | Башкы адис
Сатыбалдыев Р |
3 | Ар түрдүү маселелер |
|
|
|
|
111-квартал
|
|
|
|
1 | Мал чарбасын тейлеген эмдөөчү вет сервисинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | июнь | Айыл, мал жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу коммисия | Туруктуу комиссия. Башкы адис Алибеков М |
2 | 2016-2017-жаңы окуу жылын жыйынтыктоо жана жаңы окуу жылына карата ремонт иштеринин жүрүшү. | июнь | Билим берүү, маданият, жаштар уюму,спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелертармактары боюнча туруктуу коммисия | Туруктуу комиссия Соц.адис Миңбаева М |
3 | Ар түрдүү маселелер |
|
|
|
| 1V квартал
|
|
|
|
1 | Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
«Жайыт» комитетинин 2016-жылдын 9 айынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
| октябрь
октябрь | Бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу еоммиссия
Бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссия | Туруктуу комиссия ФЭБнүн башчысы
Туруктуу комиссия
«Жайыт» комитетинин төрагасы |
2 | Коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча | октябрь | Мыйзамдуулук укук коргоо,этика,коомдук уюмдар жана дин иштери боюнча туруктуу коммиссия | Участкалык инспектор |
3 | Ар түрдүү маселелер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Салам-Алик айыл кеңешинин жооптуу катчысы | Д. Нышанбаев |