Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы №1
Жайыт комитетинин 2016-жылга түзүлгөн бюджетин, иш-планын жана жайытка чыгаруучу мал башына төлөнүүчү тарифин бекитүү
Жайыт комитетинин 2016-жылга түзүлгөн бюджетин, иш-планын жана жайытка чыгуучу мал башына тарифин бекитүү боюнча угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2016-жылга түзүлгөн бюджети жана иш-планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жайыттарын эффективдуу пайдаланууда жайлоого чыккан атуулдардын малдарына жайыт төлөмү төмөндөгүдөй бекитилсин.
А) Ири мүйүздүү малдарга – 120 сом (айына -10 сом)
Б) Кой-эчкилерге – 24 сом (айына -2 сом)
В) Жылкы -144 сом (айына -12 сом)
Г) Топоздорго – 120 сом
1. 2016-жылдын 1-июнуна чейин кышкы жайыттардагы мал жандыктар жайкы жайыттарга көчүрүлүп чыгарылсын, жайкы жайыттардан кышкы жайыттарга 30-сентябрдан кийин көчүрүлүп түшүрүлсүн.
2. Жайытка чыккан ар бир тутунго 800 сом түтүн пулу алынсын.
3. Жайлоого чыккан малдарга айыл өкмөтүнөн жана малдардын эмделгендиги тууралуу вет адисинен справкалар талап кылынсын жана жайыт комитетине малдардын санын эсепке алууга укук берилсин.
4. Малдарды жайыттарга чыгаруу боюнча штаб түзүлсүн жана жооптуу адамдар бекитилсин.
5. Жайыттарга чыгаруудан 30 күн мурда пландар түзулүп, жайлоолорго баруучу жолдор, мал багуучулардын жана малдын саны такталып келишим түзүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Эшмурзаев Каныбекке жүктөлсүн.
Төрага | М.У. Иметов |
Тиркеме
Малдарды жайыттарга чыгаруу боюнча штабдын курамы
Мурзакулов Амирбек-Төрага.
Мүчөлөрү:
1. Жусупов Саатбек
2. Абдуламутов Сүйүн
3. Жолдубаев Авазбек
4. Айбалаев Сүйүнбай