Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 7
Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2019 -жылдарга карата жайыт башкаруу планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 04.07.2016-жылдагы № 04-04/1578-сандуу катын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы жана бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиялары карап чыгып, туруктуу комиссиялардын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2019-жылдарга карата жайыт башкаруу планы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2019-жылдарга карата жайыт башкаруу планындагы иш чараларды жана долбоорлорду мыйзам чегинде аткаруу жагы Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын башчысына (А.Паизов) жана жайыт комитетинин төрагасына (Б. Акаевге) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана аткарылгандыгы жөнүндө маалыматтык шаардык кеңешке берүү жагы Т. Тайгараев атындагы АБнын башчысына (А.Паизов) милдеттендирилсин.
5. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |
Тиркеме
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
08.07.2016-ж. кезектеги XXXIV сессиясынын
№____токтому менен бекитилди
Тайгараев аймактык башкармалыктын Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин (ЖПБ) 2016-2019 жылдарга карата жайыт башкаруу планы»
Жалал-Абад шаары 2016-ж.
.
Киришүү.
Тайгараев аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жакынкы торт жылдык мезгилге иштелип чыккан жайыт пайдалануунун жаматтык планы ушул ЖК караштуу жайыт участкаларын жакшыртуунун перспективдуу иш пландарын иш жүзүнө ашырууну карап чыгат. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамы 19.06.2009-ж токтомунун негизинде 2010-жылдын 21-майдан Тайгараев аймактык башкармалыктын Жайыт Пайдалануучулар Бирикмеси түзүлүп иштей баштады. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнундөгү кыскача маалымат: Жайыт пайдалануучулар бирикмеси Тайгараев аймактык башкармалыктын территориалдык коомдук өзүн-өзүн башкаруу органы болуп эсептелет. ЖПБ- бул Тайгараев аймактык башкармалыктын тургундарынан өз ыктыярдуулугу менен куралган бирикме.
ЖПБ- Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев аймактык башкармалыгынын териториясында жайгашып бүтүндой Тайгараев округунун территориясында иш жүргүзөт.
ЖПБ иш аракетинин мөөнөтү чектелген эмес.
ЖПБ коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет, анан уюштуруу-укуктук формасы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат. ЖПБ мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактын статусуна, укугуна жана милдеттерине ээ болот жана соттордо доогер,жооп берүүчү катары чыгат. ЖПБ нын аталышы түшүрүлгөн мөөрү, кыргыз жана орус тилдеринде штампы, эсептик, жана башка банктык эсептер бар ЖПБ юридикалык адреси: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Качкынчы айылы.
ЖПБнын уставы Жайыт пайдаланучулар бирикмесинин Жалпы жыйынында № 1 протоколу 21-май 2010-жылы бекитилген.
ЖПБ нын башкаруу органы болуп: Жалпы чогулушу – жогорку башкаруу органы болуп эсетелет; Аткаруу орган- Жайыт комитети;
Тайгараев айыл окмотунун жайыт комитетинин курамы 15 адам, анын ичинен 4-Ш/К депутат. ЖПБ нын ревизиалык комиссиясы 3– ревизиялык контролдоочу орган.
Тайгараев А/О ЖПБнин түзүлушү:
Коомдук башкаруу уюму тарабынан макулдашылган.
ЖПБ нин курамы– 15 адам
Устав 2010- жылы юстициядан катоодон откон.
Тайгараев айыл аймагынын жайыт комитетинин |
КУРАМЫ |
№1 Таблица
№ | Аты жөнү | Жашаган жери | Кызматы |
1. | Паязов Афтандил | С.Жээнбеков | АБ башчысы |
2. | Ормоков Эрнист | г.Жалал-Абад | ЖК торагасы |
3. | Акаев Бегалы | Тоо-Кызыл-Суу | ЖтК торагасы |
4. | Маматов Н | Котур-Каман | ЖК депутат |
5. | Осмонов С | Д.Баев | ЖК депутат |
6. | Ботокараев К | Чапкынчы | ЖК депутат |
7. | Маматова А | Д.Баев | ЖК мучо |
8. | Солпиева А | Чапкынчы | ЖК мучо |
9. | Шералиева Г | Кыргызстан | ЖК мучо |
10. | Асанов А | Чапкынчы | ЖК мучо |
11. | Жусупалиев К | Чапкынчы | ЖК мучо |
12. | Усенов А | Кыргызстан | ЖК мучо |
13. | Джороев А | С.Жээнбеков | ЖК мучо |
14. | Кушбаков А | Тош-Кутчу | ЖК мучо |
15. | Маматов С | Котур-Каман | ЖК мучо |
Тайгараев жайыт комитетинин ревизиялык комиссиясынын курамы
№2 Таблица
№ | Аты жөнү | Жашаган жери | Кызматы |
1 | Ж.Усенов | С.Жээнбеков | РК торагасы |
2 | Р.Токтакунова | С.Жээнбеков | РК мучо |
3 | Тологонов Н | Кыргызстан | РК мучо |
Тайгараев жайыт комитетнини МДКТ мучолорунун
курамы
№3 Таблица
№ | Аты жөнү | Жашаган жери | Кызматы |
1 | Капаров Тениз | Тош-Кутчу | ПОЗЖ торагасы |
2 | Маматов Б | Качкынчы | Мучо |
3 | Келгенбаева А | Качкынчы | Мучо |
Тайгараев А/О территориясынын табигый шарттары жана өзгөчөлүктөрү.
Жайгашкан жери.
Тайгараев аймактык башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын тундук-чыгыш тарабынан орун алып Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын курамына кирет. Шаардын борборунан 12 км алыстыкта жайгашкан. Чыгыш тарабынан Багыш айылдык округу менен, туштук тарабынан Таш-Булак айылдык округу менен чектешкен. Дениз деңгээлинен 735 м бийиктикте жайгашкан.
1.2.2. Климаты.
Тайгараев АБ териториясынын климаттык мелуун, кышкысын шамалдуу аймакка кирет: Дыйканчылык зонасы, адыр-сырт зонасы жана кээ бир айлдары тоолуу зонадан турат. Жалпысынан а/б териториясы кээ бир айылдары тоолуу жана шаарга жакын аймакка кирет, мал чарбасынада ынгайлуу. Жаан чачындардын өлчөмдөрү негизинен кыш, жаз, күз мезгилдерине көбүүрөөк болуп, орточо жылдык жаан чачын 110-150 мм.ди тузот. Жайкысын ысык, кышдасы толу айылдары суук болуп, кыш мезгили декабырдан март айына чейин созулат. Кышкы эн суук мезгилде абанын температурасы -20-30 градусту тузот, тоолу зоналарда жаан-чачындардын өлчөмү ылдыйкы зоналарга салыштырмалуу жогору, бул болсо жайкы мал багууга шарттарды түзөт.
1.2.3. Топурак.
Тайгараев аймактык башкармалыктын жайыттарынын кунгөй жерлеринин, кыштоолорунун топурагы кара-сары топурактуу жана токойлуу келет. Жайлоолорунун жана жаздоо, куздоо жайыттары кара-ак топурактуу келет.
1.2.4. Гидрология.
Тайгараев а/б териториясынан агып өтүүчү негизги суулар негизги суу, тоо башындагы мөнгүлөрдүн эрүүсүнөн жана өзөндөрдөн агып чыккан булак сууларынан башталат. Дыйканчылыкка жана малдарды сугарууга Кок-Арт суусу пайдаланылат.
Жайыттарда жана жайкы жайлоолордо колоттордон аккан булак сууларынан, малдарды суугарууда пайдаланылат.
1.3. Калкынын саны тууралуу маалымат:
Тайгараев а/б калкынын саны- 8562 киши.
Тутундун саны- 1710
1-болум Малды инвентаризациялоо
Жайыт пайдалануучулар бирикмесиндеги малдын саны тууралуу маалымат
№4 Таблица
Малдын туру | Саны |
Уйлар | 2103 |
Торпоктор | 1089 |
Кой-эчки | 9535 |
Жылкылар | 713 |
Эшектер | 111 |
1.3.Ар турдуу малдын санын шартуу малдын башына которуу.
№5 Таблица
№ | Малдын тγрγ | Жалпы саны | Которуу коэффициенти | Шарттуу малдын башы | Изних | |||
Жайлоого чыккан малдардын саны | Шарттуу малдын саны | Уй карамагында калган малдар саны | Шарттуу малдын саны | |||||
1 | ИММ | 2103 | 1 | 2103 | 1682 | 1682 | 421 | 421 |
2 | Торпоктор | 1089 | 0,7 | 762,3 | 871 | 610 | 218 | 152 |
3 | Кой/Эчкилер | 9535 | 0,2 | 1907 | 7628 | 1526 | 1907 | 381 |
4 | Жылкылар | 713 | 1 | 713 | 570 | 570 | 143 | 143 |
5 | Эшектер | 111 | 0,7 | 77,7 | 89 | 62 | 22 | 16 |
6 | Всего | 13551 |
| 5563 | 10841 | 4450 | 2710 | 1113 |
2-Бөлүм. Малдын тоютка болгон муктаждыгын аныктоо
№6 Таблица
Малдын тγрγ | Жалпы саны | Тируулой салмагы кг | 1 баш 1 суткада жей турган тоюттун көлөмү, кг кургак зат менен ( тирүүлөй салмагынын 2,5%) | Баардык мал 1 суткада жейт, кг кургак зат менен | Баардык мал 1 жылда жейт, кг кургак зат |
| (кг) | (кг) | |||
ИММ | 2103 | 300 | 7,5 | 15773 | 5756963 |
Торпоктор | 1089 | 60 | 1,5 | 1634 | 596228 |
Кой/Эчкилер | 9535 | 35 | 1,25 | 11919 | 4350344 |
Жылкылар | 713 | 350 | 8,75 | 6239 | 2277144 |
Эшектер | 111 | 100 | 8,75 | 971 | 354506 |
Всего | 13551 |
|
| 36535 | 13335184 |
Малдын жайыттан ала турган тоютка муктаждыгы.
№7 Таблица
Сезондор | Жайытка баруучу шарттуу малдын башы | 1 баш 1 суткада жей турган тоюттун көлөмү, кг кургак зат менен ( тирүүлөй салмагынын 2,5%) | Баардык мал 1 суткада жейт, кг кургак зат менен | Жайыттагы куну | Керектуу олчом |
Жаз | 420 | 7,5 | 3150 | 30 | 94 500 |
Жай | 610 | 7,5 | 4575 | 90 | 411 750 |
Куз | 360 | 7,5 | 2700 | 30 | 81 000 |
Кыш |
| 7,5 | 0 |
| 0 |
Итого |
|
| 10425 | 150 | 587 250 |
№8 Таблица
ШМБ | 1 баш 1 суткада жей турган тоюттун көлөмү, кг кургак зат менен олчоо | Баардык мал 1 суткада жейт, кг кургак зат менен | Даярдалган тоюттун керектелуучу куну | Керектелуучу тоюуттун колому кг |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
5563 | 7,5 | 41 723 | 120 | 5 006 700 |
Айыл чарба жаныбарларынын осуу динамикасы №9 Таблица
№ | Половозрастные группы | Акыркы 3 жыл ичинде керектелуулор | ||||||
2013 | 2014 | 2015 | ||||||
ШМБ | Орточо тушумдуулук | ШМБ | Орточо тушумдуулук | ШМБ | Орточо тушумдуулук | |||
1. | КРС | 1853 |
| 1914 |
| 2047 |
| |
2. | Из них: | Быки | 127 | 350 кг | 135 | 350 кг | 150 | 350 кг |
3. | Дойные коровы | 1101 | 5 л | 1125 | 5 л | 1152 | 5 л | |
4. | Молодняк (до 2 лет) | 625 | 180 кг | 654 | 180 кг | 745 | 180 кг | |
6. | Лошади | 601 | 380 кг | 645 | 380 кг | 700 | 380 кг | |
7. | МРС: (УГ) | 1732 |
| 1772 |
| 1839 |
| |
8. | Из них | Овцы | 1398 | 35 кг | 1411 | 35 кг | 1454 | 35 кг |
9. | Бараны | 310 | 45 кг | 335 | 45 кг | 354 | 45 кг | |
10. | козы (УГ) | 24 | 20 кг | 26 | 20 кг | 31 | 20 кг | |
| Всего (УГ): | 4210 |
| 4357 |
| 4586 |
| |
Жайыттан алынуучу тоюуттун расчету №10 Таблица
|
Тайгараев айыл аймагы боюнча кышка даярдалган тоюттун колому
№11 Таблица
Тоюттун түрү | Түшүмдүүлүк (КЗ), | Аянты, | Дүң түшүм, | 1 ШМБ 1 күндүк муктаждык), | 1ШМБ бага ала турган күндүн саны |
кг/га | Га |
| кг/ШМБ | ||
|
| кг |
| ||
Буудай | 8000 | 30 | 240000 | 7,5 | 32000 |
Беде | 2000 | 670 | 1340000 | 7,5 | 178667 |
Дан жугору | 2000 | 330 | 660000 | 7,5 | 88000 |
Табыйгий чоптор | 2000 | 291 | 582000 | 7,5 | 77600 |
Кун карама | 2000 | 250 | 500000 | 7,5 | 66667 |
Всего |
| 1571 | 3322000 | 7,5 | 442933 |
Жалпы кун | 120 | 3691 | |||
120 кундун ичинде малды тоюут менен камсыздоонун расчету | - Жетпейт 1 684 700 | ||||
Таблица 12. Тоюут балансы
Кышка карата даярдала турган тоюттун колому : 5006700-332200=1684700 |
3-бөлүм Жайыт ресурстары
Тайгараев а/б жайыттары тууралу жакындаштырылып алынган маалыматтар:
Ø “Кызыл-Суу” жаз-куз-жай жайлоосу.
Кызыл-Суу жайыты жазгы-кузгу-жайкы жайыт катары пайдаланылат. Дениз денгээлинен 1800 метрден 2800 метрге чейин бийиктикте турат. Аянты –745 га. Жайытта 450 градустан жогору жерлери 35-40%ды тузот. Кызыл-Суу айлынын малдары май айларынан баштап жайылат. Жылкылар малдар үчүн жазгы, кузгу жайыт катары пайдаланылат. Кызыл-Суу жайытын, колхоз мезгилинде айылга жакынкы участоктору эрте жаздан мал жаюуу башталып, чөп жерден көтөрүлүп келе жаткан мезгилде тапталып калат. Жайытта июль-август айларынан тарта чөп бышып, кеч кузгө чейин саргайып турат. Кызыл-Суу жайытында багылган мал-кой-эчкилер жайында семиз келет. Айылдан алыскы участокторунда жана тескей беттерде бадал өсүмдүктөрүн көрүүгө болот. Ар бир сайларынан булактардан мал суугарууга болот. Негизинен мал суугаруу үчүн булак суулар пайдаланылат. Жылдан жылга элдин колунда мал көбөйүп, жайыт туура эмес пайдаланылып келүүдө. Ички жайыттардын адыр беттеринен мал басуучу чыйыр жолдордун тушо баштагандыгын байкоого болот. Жайытта, шыбак өсүмдүгү, бетеге, кой бетегелер жана ар турдуу чөптөр өсөт. Ошондой бадал осумдукторун корууго болот (жапайы долоно, жангак, алма,алча ж.б).
Таблица 13. Жайыттардын абалын баалоо боюнча жыйынтыктары. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
*эн жакшы, жакшы, орто дегредацияланган, катту дегредацияланган | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жазгы Жайкы Кузгу | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жайыттардын абалы жана климаттын өзгөрүшү.
Акыркы жылдардын изилдоосундо жалпы Кыргызстан боюнча жылдын жылдык температурасы 0,8 градуска жогорулаган. Кыштын эрте түшүшү, жаздын кеч келүүсү , жайдын кургачыл болушу байкалууда. Эрте жазда жана кеч күздө үшүк жүрүп, тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн төмөндөтүүдө. Ушундай жыл 2014-жылы да болду. Кыш мезгилинде кар аз жаап, жайкысын кургакчыл болду. Сугат суусунун жетишсиздигинен тоют аз камдалды. Жайлоолордун чөбү эрте күйүп кетип, бат такылды. Күзүндө кар эрте түшүп калды. Натыйжасында кышка даярдалган тоют жетишпей, тоют сырттан алынып келинди .1 чоп престин баасы 150-200 сомду түздү. Мал арык болгондуктан төл аз кирди. Малдын оорулары көбөйүп, чыгашага көп учурады.
Жайыттардын абалы 2013-жылы аксакалдардан сурамжылоо жүргүзүлгөн. Алардын айтуусу боюнча өсүмдүктөрдүн ботаникалык составында, түшүмдүүлүгүндө көп өзгөрүүлөр байкала элек.
Бирок, климаттын өзгөрүшү менен кургакчыл жылдары жайыттардын чөбү эрте катып кетип, түшүмдүүлүгү азайгандыгы байкалды. Айрым жайыт участокторунда булактын суулары азайып, мал сугарууга ыңгайсыздыктар жаралууда.
Таблица 14. Климаттын озгорушуно карата жайыттын сыйымдуулугу
| |||||||||||||||||||||||||||||||||
Тайгараев жайыт пайдалануучулар бирикмесининжайыт участоктору боюнча сыйымдуулугу
Таблица №15
Жайытардын аталышы | Жайыттын аянты | Жашыл массанын мал жейтурган болугу | Жашыл массанын мал жей турган кургак маассы | Оттоо коэффициенти, 60% | 1 ШМБга керектолуусу 7,5кг | Мал жайуу куну | Жайыттын сыйымдуулугу ШМБ |
А | Б | В=А*0,6*Б | Г=В*0,6 | Д=Г/7,5 | К | Е=Д/К | |
1 | 2 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Кызыл-Суу Жай-жаз-куз жайлоосу 745 га | |||||||
Кызыл-Суу | 745 | 1150 | 514050 | 308430 | 41124 | 150 | 274,2 |
Баары: | 745 |
| 514050 |
| 41124 |
| 274,2 |
Итого: | 745 |
|
|
|
|
| 274,2 |
Тайгараев а/б 2009-жылдан Жайыт Комитети түзүлүп иштей баштады. Жалпысынан 74000 сомдук жайыт акысы жыйноого жетишишти. 2016-жылдын бюджетин 84220 сомго тактап айтканда 10220 сомго жайыт акысын ашыкча жыйноону пландаштырып жатат. Жайыт акынын өлчөмү аныкталып азыркы учурда 1 шартуу мал башына 60 сомдон 120 сомго чейин жайыт акысы белгиленген. Ошондой эле кой-эчкилерге 12,5 тыйындан 25 сом, жайыт акы белгиленген. Азыркы учурда жайыт пайдалануучулар жайыттарды пайдалануу боюнча закондордун бар экенигин көпчүлүк жакшы тушүнуп калышты. Жайыт акыларын жыйноода кундөн-кунгө кыйнчылыктар азайып,жайыттарга көңул бурулуп элдин талабы кучөөдө. Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн жайыт акысы төлөнө тургандыгын жана бул каражаттар жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшала тургандыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бугунку кундо Тайгараев а/б ЖК жайыттарынын чек аралары такталган. Алыскы жайыттарга баруучу жолдорго ондоо иштерин жургузуу зарыл, ветеринардык көзөмөлдөрду кучөтуу муктаждыктары келип чыгууда. Анткени жакынкы жайытты пайдаланып акысын тогуудон качышып токой чарбага отуп кеткендер кобойуп кетуудо.
Жайыт башкаруу планына киргизилген көйгөйлөрдүн тизмеги
Мал чарбасы боюнча
· Малдын кунардуулугу төмөн
· Асыл тукум иштеринин жоктугу
· Мал ооруларынын көбөйγшγ
Инфраструктура боюнча
· Атайын техниканын жоктугунан башка жактан техника жалдоо кымбатка турууда;
· Тош-Кутчу жайлоосуна мал суу ичуучу жай куруу керек
· Малчылар койлорун айылдан кырккандыктан жайлоолорго эрте көчүрүп барууга мүмкүн эмес.
· Жайыттардын дегредацияга учурашы.
· Жайыт жолдорунун начардыгы.
· Качкынчы айылына ветеринардык сервис куруу.
· Тоо-Кызыл-Суу жайытынын жолдорун калбына келтируу.
Малдын ден соолугун коргоо боюнча
· Мал арасында кеңири тараган оорулар, айрыкча малдан адамга жуга турган оорулар боюнча элдин маалыматы жок.
· Ветеринардык-профилактикалык иш-чараларга көзөмөл начар, кээ бир фермерлер малын эмдөөлөрдөн өткөрбөстөн жайытка чыгарышат.
· Ветеринардык пунктарды, аптекаларды курууш керек.
Кышкы тоюттандырууну жакшыртуу
· Арпанын эспарцеттин сапаттуу үрөндөрү жетишсиз, сырттан келген үрөндөрдүн сапаты текшерилбестен базардан сатылып алынат
· Чыктуу тоюттарды колдонуу жок, фермердик шартта чыктуу тоюттарды даярдоону фермерлер билишпейт.
· Айылдагы улуш жерлерге сугат суусу жетишпей тоют нормадан аз коломдо чогулууда.
Жайыттар
· Жакынкы жайыттар дегредацияга учурап жатат, сезон сезону менен эс алдыруу керек. Алыскы жайлоосунда жайыт участокторунда жайытка басым көп.
Гендер
· Жайыт пайдалануучулардын арасында аялдар көп,бирок алар жайытты башкарууга катышышпайт
· Сγттγ кайра иштетγγ боюнча топтор жок.
5-бөлγм Жайыттарды пайдалануунун орто мөөнөттөгγ планы.
Мал жаюу системасынын учурдагы абалы.
Тайгараев жайыт пайдалануучулар бирикмесинде жайыттар интенсивдүү пайдаланылат. Айыл ичиндеги фермерлер малдарын 1-Октябырдын баштап колго багышат. Жайыттарды жаздоо-күздөө-жайлоо катары пайдаланышат. Малдарын айыл ичинде баккандар малын 1-майдан баштап ички жайыттарга айдап чыгышат. Айылга жакын жеринде июнь айына чейин багып анан жогорулап жайгашат.
Таблица 16. Жайыттын оптималдуу сыйымдуулугу жана пландаштырылган жайыт пайдалануучулардын жайгаштыруунун туура келуусун анализдоо
Жайыт уасткалары аталышы | Чабан | ШМБ | Оптималдуу сыйымдуулук | Басым % соответствие | Чабан | Пландалган ШМБ | Оптималдуу сыйымдуулук | Басым % соответствие | |
Жазгы-кузгу | 1 майдан 30 сентябырга чейинки мал жайуунун куну | ||||||||
Кызыл-Суу | Сатымкулов Ырысбек | 103 |
|
| Сатымкулов Ырысбек | 80 |
|
| |
Кармышов Калбек | 56 |
|
| Кармышов Калбек | 56 |
|
| ||
Кармышов Талантбек | 20 |
|
| Кармышов Талантбек | 15 |
|
| ||
Усенов Аманкул | 47 |
|
| Усенов Аманкул | 47 |
|
| ||
Мамыт у.Бердикул | 14 |
|
| Мамыт у.Бердикул | 14 |
|
| ||
Багышбаева Тургунбу | 10 |
|
| Багышбаева Тургунбу | 10 |
| |||
Какыев Жаныбек | 80 |
|
| Какыев Жаныбек | 54 |
| |||
Дыйканов Султан | 55 |
|
| Дыйканов Султан | 54 |
| |||
Маматов Казыбек | 18 |
|
| Маматов Казыбек | 18 |
| |||
Жээнбеков Нусуп | 10 |
|
| Жээнбеков Нусуп | 10 |
|
| ||
Шамиев Орунбек | 32 |
|
| Шамиев Орунбек | 32 |
|
| ||
Сактанбаев Шекен | 50 |
|
| Сактанбаев Шекен | 50 |
|
| ||
Базарбай у.Алишер | 100 |
|
| Базарбай у.Алишер | 80 |
|
| ||
Сейитов Мыктарали | 15 |
| 2 | Сейитов Мыктарали | 15 |
| 2 | ||
Баары: | 610 | 274,2 | 336 |
| 535 | 274 | 261 | ||
Кызыл-Суу жайлосунан жайгашпаган Тайгараев аймактык башкармалыктын 4953 ШМБ коншу Кызыл-Туу, Багыш, Курманбек айыл аймактарына жана Кара-Алма токой чарбасынын Ничке-Сай участогуна жайлоого чыгышат. Анткени Тайгараев ЖК карамагында жеткиликтуу жайыт жерлери жок.
5.2. Жайыттарды жакшыртуу планы.
Жайыттарды жакшыртуу планы жайыттардын кунардуулугун жоготпостон ырааттуу пайдалануу боюнча аткарыла турган иш чараларды камтыйт. Кийинки жылдары климаттын өзгөрүшүнүн жайыттын абалына тийгизген терс таасирин басаңдатуу максатында төмөндөгүдөй иш чаралар жүргүзүлөт:
1. Жайыттын абалына дайыма мониторинг жана баалоо жүргүзүп туруу;
2. Мал жаюу планын жайыттардын сыйымдуулугуна жараша түзүү (кургакчыл болгон жылдары жайыттарга басымды нормадагыдан10-15% азайтуу менен түзүү) ;
3. Малдын асылдуулугун жогорулатуу;
5.3. Жайытты которуштуруп пайдалануунун жана агротехникалык жакшыртуунун планы
Жаздоолордун түшүмдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында жайыттарга мал жаюунун жөнгө салынган ( регулируемый выпас) киргизебиз. 2016-жылдан баштап түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү менен жаздоолордогу малдын басымын азайтылат.
Таблица №17
Жайыттын аталышы | Жайыт аянты | ШМБ | Сыйымдуулук | Мезгили | Жайыттын басымдуулугунун коэфиценти | ||
Планга чейин | Пландан кийин | Планга чейин | Пландан кийин | ||||
A | B | С | D | Е | B/D | C/D | |
Жаз-Куз-Жай | |||||||
Кызыл-Суу | 745 | 610 | 535 | 274 | 150 | 2,2 | 2,0 |
Баары | 745 | 610 | 535 | 274 | 151 | 2,2 | 2,0 |
Эскертуу: Бардык малдар кыш мезгилинде уй шартында кармалат. | |||||||
Ал эми Жаздоо, жайлоо, куздоолор мурда кандай жайылса ошол бойдон калат.
4.3.2. Климаттын өзгөргөндүгүнө ыңгайлашкан жайыт пайдалануу планы
Климаттын өзгөргөндүгүнө ыңгайлашуу боюнча төмөндөгүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:
· Катаал жылдары мал жайыттарга сыйымдуулугунан 10-15% ке азыраак жайгаштырылат ( 14-таблица)
· Жайлоолордо басым аз, кургакчыл жылдары жайлоолорго эрте көчүү уюштурулат.
· Кургакчыл болуп, тоют аз камдалган жылдары малдын санын азайтуу (күзүндө малды сатуу) боюнча түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлөт
Климаттын өзгөргөндүгүнө байланыштуу катаал болгон жылдары Тайгараев жайыт пайдалануучулар бирикмесиндеги жайыттарды пайдалануу планы кийинки таблицада берилет:
Жайыт участоктору | Аянты | Сыйымдуулугу | Климаттын өзгөргөндүгүнө байланыштуу катаал жылдары мал жайгаштыруу |
Жаздоо-Жайлоо-Куздоолор | |||
Кызыл-Суу | 745 | 274 | 270 |
Баары | 745 | 274 | 270 |
4.3.3. Жайыттарды агротехникалык жакшыртуу планы
кийинки жайытты агротехникалык жакшыртуу планы көрсөтүлөт:
Иш-чаранын сүрөттөлүшү | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Болжолдуу баасы |
Кызыл-Суу участкасына 0,3 гектар аянтка демонстрациялык участок уюштуруу | 2017 | 30 000 |
4.4 Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү планы.
2016-жылдан баштап, баардык жайыт участокторунун абалы бааланып, түшүмдүүлүгү аныкталат.
Жайыт участокторунун аталышы | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Болжолдуу баасы |
Жаздоо-күздөө | ||
Кызыл-Суу | 2016 | 500 |
Жайлоолор | ||
Кызыл-Суу | 2017 | 1000 |
4.5. Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу планы
Жайыт инфраструктурасын инвентаризациялоонун жана фокус-топторду өткөрүүнүн жыйынтыгы, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин проблемаларды приоритеттештирүү боюнча жыйналышынын негизинде төмөндөгүдөй план түзүлдү.
Иш-чаранын сүрөттөлүшү | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Болжолдуу баасы |
Тош-Кутчу айылына каптаж куруу | 2016 | 460 000 |
Атайын техника сатып алуу (погрузчик) | 2017 | 2 000 000 |
Качкынчы айылына ветеринардык сервис ачуу | 2016 | 650 000 |
Кызыл-Суу жайытынын жолдорун ондоо | 2016 | 150 000 |
Кыргызстан айылына вет аптека куруу | 2018 | 500 000 |
Кызыл-Суу айылына купка куруу | 2018 | 500 000 |
Баары: |
| 4 260 000 |
4.6.Кышкы тоюттандырууну жакшыртуу планы
Иш-чаранын сүрөттөлүшү | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Болжолдуу баасы |
Арпанын жана эспарцеттин үрөнчүлүгү боюнча фонд уюштуруу | 2017 | 150 000 |
4.7 Малдын асыл тукумдуулугун жакшыртуу планы
Иш-чаранын сүрөттөлүшү | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Болжолдуу баасы |
Малды жасалма жол менен уруктандыруудан алынган төлдү демонстрациялоо | 2018 | 75 000 |
4.8 Малдын ден соолугун коргоо планы
Тайгараев аймактын башкармалыктын 2015-жылы менен 4 адам эхинококкоз оорусуна чалдыгып операция болгон. 2015-жылы 5 киши бруцеллез оорусу менен ооругандыгы катталган. (ФАПтын маалыматтары боюнча)
Малдын ден соолугун коргоо боюнча атайын топ уюшулуп, иш алып бара баштайт. Алардын функциясына төмөндөгүлөр кирет:
· Эмдөө иштерин камсыздоо Мамлекеттик программага ылайык шарп, сибирь кулгунасы, кутурма, бруцеллёз, чума ,эхинококкоз кирет.
· Серологиялык изилдөөлөрдү камсыздоо. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен бруцеллёз оорусу аныкталса, ал малдарды өзүнчө бөлүп, союп жок кылуу
· Малчылар менен бирдикте эхинококкозго каршы митесиздендирүүлөрдү жүргүзүү
· Айыл элине эхинококкоз боюнча буклеттерди таркатуу, түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү, иттерди митесиздендирүүгө катышуу
· Ветеринардык кызматкерлердин акы төлөмдөрүн аныктоо
· Эмдөөлөрдүн убактысы тууралуу мал ээлерине кабарлоо
· Мал ээлери γчγн коркунучтуу мал ылаңдары боюнча окууларды уюштуруу (кызмат көрсөтγγчγлөрдγ жалдоо
· Мал ээлери γчγн атайын кызматтарды уюштуруу; аларга төмөндөгγлөр кирет
-купкаларды куруу ремонтоо
-малды жасалма жол менен уруктандыруу пунктунун иштерин жандандыруу
-ветеринардык аптека ачуу
-жайыт комитети, жеке ветеринарлар менен макулдашуу аркылуу ооруларга каршы вакциналарды сатып алууну уюштуруу
- жолбун иттерди жок кылууну уюштуруу
Малдын ден соолугун коргоо боюнча атайын меморандум тγзγлөт жана ар бир тараптын милдеттери такталат.
Жеке ветеринардык адистин милдеттери
1. Айыл аймагында эпизоотияга каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, аны аймактык башкармалыктын, шаардык ветеринардык департаментинде бекитγγ; (тиркемени караңыз)
2. Эпизоотиялык кырдаалга көзөмөл жγргγзγγ, талдоо
3. Жаныбарлардын баардык тγрγн учётко алуу
4. Мамлекттик программада камтылбаган ооруларга каршы вакциналарды сатып алууну уюштуруу, ветеринардык аптекаларды лицензиялоо
5. Малчыларга акы төлөнγγчγ кызматтарды уюштуруу
Малдын ден соолугун коргоо тобунун милдеттери
1.Жеке ветеринардык адиске малды жайытка чыгаруунун алдында жана андан кийинки масслык эмдөөлөрдө көмөк көрсөтγγ
2.Мал ээлеринин жеке ветеринардын кызмат көрсөтγγлөрγ γчγн өз убагында акы төлөөсγн камсыздоого көмөктөшγγ
3.Малдын санын тактоо (Жеке ветеринар, ЖК, АБ менен бирдикте)
4.Малды жасалма жол менен урукутандырууну өнγктγрγγ, лицензиясы бар ветеринардык аптекаларды ачууга көмөктөшγγ, мамлекеттик программада камтылбаган вакциналарды жана дары-дармектери сатып алууга көмөк көрсөтγγ
Айылдык ден соолук коргоо тобунун милдеттери
1.Жайыт комитети, жеке ветеринардык адис, малдын ден соолугун коргоо тобу менен биргеликте малдын зооноздук (малдан адамга жуга турган ) оорулары боюнча тγшγндγрγγ иштерин жγргγзγγ
2.Зооноздук оорулар катталган кезде инфекциянын очогунда адамдарга байкоо жγргγзγγ
3.Жеке ветеринарга, шаардык ветеринардык башкармалыкка, саламаттыкты сактоо органдарына адамдардын жугуштуу оорулар менен ооруп калган учурларын токтоосуз кабарлоого.
4.Эхинококкоз, кутурма оорулары менен кγрөшγγнγн стратегиялык планына ылайык иттерди дегельмнтизациялоого жана эмдөөгө активдγγ катышууга
5.Ветеринардык жана медициналык кызматтардын өз ара маалымат алмашуусун камсыздоого
Шаардык мамлекеттик ветеринардык башкармалыктын милдеттери
1. Ветеринардык палатанын каттосунан өткөн жеке ветеринарларды тактоо, ветеринардык туйлөөлөрдγ жγргγзγγгө алар менен келишим тγзγγгө
2. Зарыл вакциналар, дарылар, диагностикалык каражаттар менен камсыздоого
3. Эпизоотияга каршы массалык иш-чараларды жγргγзγγдө жеке ветеринарларга шарт тγзγγгө. Мал ээлери пландуу иш-чаралардан баш тарткан учурда ветеринардык мыйзам боюнча тиешелγγ чараларды көрγγгө
4. Лицензияланган дарыканалардын иштөөсγнө көмөктөшγγгө, ветеринардык санитардык эрежелерди сактоодо алардын ишмердγγлγгγнө көзөмөл кылууга
5. Эпизоотияга каршы иш-чаралардын планын бекитγγгө
Иш-чаранын сүрөттөлүшү | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Болжолдуу баасы |
Малдын ден соолугун коргоо тобунун (МДСК) иштерин активдештирүү | 2016-2020 | 15 000 |
Вакцинация жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнө түшүндүрүү | дайыма | 5000 |
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары боюнча буклет иштеп чыгуу, МДСК тобу менен биргеликте айыл тургундарына таркатуу | 2016-2020 | 10 000 |
Айылга ветеринардык сервис ачуу | 2016 | 650 000 |
Ветеринардык –профилактикалык иштерге көзөмөл уюштуруу | дайыма |
|
4.9 Потенциалды жогорулатуу боюнча план.
Иш-чаранын сүрөттөлүшү | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Болжолдуу баасы |
Жайытты башкаруу пландарын түзүүнү жайыт комитетинин мүчөлөрүнө окутуу | 2016 | 5 000 |
Жайыттын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча окууларды өткөрүү | 2016 | 8 000 |
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары боюнча тренингдерди өткөрүү | 2017 | 5 000 |
Үй шартында сүттү кайра иштетүү , сүт продукцияларынын маркетинги темасындагы тренинг | 2017 | 10 000 |
Фермердик шартта сенаж даярдоо боюнча талаа күндөрүн өткөрүү | 2017 | 5 000 |
4.10 Гендердик теңчиликтин программасы.
Жайыт пайдалануучулардын арасында аялдар бар, бирок алар жайытты башкарууга катышышпайт. Бул маселени чечүү боюнча төмөндөгүдөй иш-чараар сунушталат:
№ | Иш-чара | Индикатор | Аткаруу мооноттору | Жооптуулар |
1. | Жайыт башкаруу пландарын иштеп чыгуу | Долбоорлордун 10% аялдар иштеп чыгышкан | 01.06.2016 ж чейин | ЖтК төрагасы |
2. | ЖтК составындагы аялдардын санын көбөйтүү | ЖК курамы 15% ашуун аялдар | 01.06.2016-ж чейин | ЖтК төрагасы жана мүчөлөрү |
3. | Текшерүү комиссиясынын курамын кайра кароо | ТК курамынын 30% ашууну аял | 01.09.2016-ж чейин | ЖтК төрагасы жана мүчөлөрү |
4. | Жайыттардын жана жайыт инфраструктурасындагы көйгөйлөрдү аныктоо | көйгөйлөрдүн 20% аялдар тарабынан аныкталган | 01.06.2016 ж чейин | ЖтК төрагасы |
5. | Инвестициялык долбоорлорду аныктоо | Инвестициялык долбоорлордун 30% жайыт пайдалануучу аялдар тарабынан аныкталган | 01.06.2017 ж чейин | ЖтК төрагасы жана мүчөлөрү |
6. | Жайыт башкаруу пландарынын ишке ашуусуна мониторинг | Комиссиянын 15% аялдар | 01.09.2016-01.01.2020 ж чейин | ЖтК төрагасы |
4.11 Финансылык план (Инвестициялык план)
Жайыт комитети аркылуу ишке ашырылуучу инвестициялык план мал чарбасын өнүктүрүүнү, жайыт инфраструктурасын жакшыртууну жана коомчулуктун потенциалын жогорулатууну максат кылат
№ | Чакан долбоорлордун аталышы | Жайгашкан жери | Атка- руу мөөнө-тү | Сумма, сом | Каржылоо булактары, сом | |||||
ЖтК | АРИС | Спонсорлор | Жалал-Абад мэриясы | коомчулук | ||||||
| Инфраструктураны жакшыртуу боюнча |
|
| |||||||
1 | Тош-Кутчу айылына мал суу ичуучу жай куруу | Тош-кутчу | 2016 | 460 000 | 15 000 | 329 000 | 0 | 117 000 | 0 | |
2 | Атайын техника сатып алуу (эксковатор) | Качкынчы | 2017 | 2 000 000 | 10 000 | 1 490 000 | 0 | 500 000 | 0 | |
3 | Кызыл-Суу жайытынын жолдорун ондоо | Кызыл-Суу | 2016 | 177 500 | 10 000 | 130 000 | 0 | 0 | 37 500 | |
4 | Кыргызстан айылына вет аптека куруу | Кыргызстан | 2018 | 500 000 | 10 000 | 365 000 | 0 | 100 000 | 25 000 | |
Инфраструктураны жакшыртуу боюнча баары: | 3 137 500 | 40 000 | 2 320 000 |
| 715 000 | 63 500 | ||||
| Жайыттарды агротехникалык жакшыртуу боюнча |
|
| |||||||
1 | Кызыл-Суу участкасына 0,3 гектар аянтка демонстрациялык участок уюштуруу | Жаздоо | 2017 | 30 000 | 15 000 | 15 000 | 0 | 0 | 0 | |
Жайыттарды агротехникалык жакшыртуу боюнча | 30 000 | 15 000 | 15 000 | 0 | 0 | 0 | ||||
| Кышкы тоюттандырууну жакшыртуу боюнча |
|
| |||||||
1 | Арпанын жана эспарцеттин үрөнчүлүгү боюнча фонд уюштуруу | Качкынчы | 2017 | 150 000 | 10 000 | 50 000 | 0 | 90 000 | 0 | |
Кышкы тоюттандырууну жакшыртуу боюнча | 150 000 | 10 000 | 50 000 |
| 90 000 |
| ||||
| Малды асылдандыруу боюнча |
|
| |||||||
1 | Малды жасалма жол менен уруктандыруудан алынган төлдү демонстрациялоо | Кызыл-Сенир | 2017 | 75 000 | 25 000 | 50 000 | 0 |
|
| |
Малды асылдандыруу боюнча | 75 000 | 10 000 | 50 000 | 0 | 0 | 25 000 | ||||
| Малдын ден соолугун коргоо боюнча |
|
| |||||||
1 | Качкынчы айылына ветеринардык сервис ачуу
| Качкынчы | 2016 | 650 000 | 10 000 | 487 500 | 0 | 152 500 | 0 | |
2 | Кызыл-Суу айылына купка куруу | Кызыл-Суу | 2018 | 500 000 | 20 000 | 375 000 | 0 | 105 000 | 0 | |
Малдын ден соолугун коргоо боюнча | 1 150 000 | 30 000 | 862 500 | 0 | 257 500 | 0 | ||||
| Потенциалды жогорулатуу боюнча |
|
| |||||||
1 | Жайытты башкаруу пландарын түзүүнү жайыт комитетинин мүчөлөрүнө окутуу | Качкынчы | 2016 | 5000 | 1250 | 3 750 | 0 | 0 | 0 | |
2 | Жайыттын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча окууларды өткөрүү | Качкынчы | 2016 | 8 000 | 2 000 | 6 000 | 0 | 0 | 0 | |
3 | Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары боюнча тренингдерди өткөрүү | Качкынчы | 2016 | 5000 | 1500 | 3500 | 0 | 0 | 0 | |
4 | Фермердик шартта сенаж даярдоо боюнча талаа күндөрүн өткөрүү | Качкынчы | 2017 | 5000 | 1 250 | 3 750 | 0 | 0 | 0 | |
5 | Үй шартында сүттү кайра иштетүү , сүт продукцияларынын маркетинги темасындагы тренинг | Качкынчы | 2017 | 10000 | 2 500 | 7 500 | 0 | 0 | 0 | |
Потенциалды жогорулатуу боюнча | 33 000 | 8 500 | 24 500 |
|
|
| ||||
БААРЫ | 4 575 500 | 93500 | 3 271 500 |
| 1 062 500 | 88 500 | ||||
Тайгараев жайыт комитетинин 2016-жылга карата тузулгон инвестициялык
ПЛАНЫ
Жайыт комитети аркылуу ишке ашырылуучу инвестициялык план мал чарбасын өнүктүрүүнү, жайыт инфраструктурасын жакшыртууну жана коомчулуктун потенциалын жогорулатууну максат кылат
№ | Чакан долбоорлордун аталышы | Жайгашкан жери | Атка- руу мөөнө-тү | Сумма, сом | Каржылоо булактары, сом | |||||
ЖтК | АРИС | Спонсорлор | Жалал-Абад мэриясы | коомчулук | ||||||
| Инфраструктураны жакшыртуу боюнча |
|
| |||||||
1 | Тош-Кутчу айылына мал суу ичуучу жай куруу | Тош-кутчу | 2016 | 460 000 | 15 000 | 329 000 | 0 | 117 000 | 0 | |
3 | Кызыл-Суу жайытынын жолдорун ондоо | Кызыл-Суу | 2016 | 177 500 | 10 000 | 130 000 | 0 | 0 | 37 500 | |
1 | Качкынчы айылына ветеринардык сервис ачуу
| Качкынчы | 2016 | 650 000 | 15 000 | 487 500 | 0 | 147 500 | 0 | |
| Потенциалды жогорулатуу боюнча |
|
| |||||||
1 | Жайытты башкаруу пландарын түзүүнү жайыт комитетинин мүчөлөрүнө окутуу | Качкынчы | 2016 | 5000 | 1250 | 3 750 | 0 | 0 | 0 | |
2 | Жайыттын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча окууларды өткөрүү | Качкынчы | 2016 | 8 000 | 2 000 | 6 000 | 0 | 0 | 0 | |
3 | Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары боюнча тренингдерди өткөрүү | Качкынчы | 2016 | 5000 | 1500 | 3500 | 0 | 0 | 0 | |
Тайгараев аймактык башкармалыктын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2016-жылга карата жайыт пайдалануунун планы
5-бөлүм
Жайытты пайдалануунун жылдык планы
5.1 Жайыт комитетинин 2016-жылга планы
№ | Иш-чаралар | Ай | |||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | ||
1 | Жайыт пайдалануучулардын жылдык чогулушу | + |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 | Мал санак уюштуруу | + |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 | Жайыт башкаруу пландарын талкуулоо, бюджет түзүү |
| + |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 | Жайыт комитетинин бюжетин Айылык Кеңеште бекитүү |
| + |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5 | Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт билеттерин берүү |
|
| + | + |
|
|
|
|
|
|
|
|
6 | Ветеринардык профилактикалык иштерге контроль жүргүзүү | + | + | + | + | + | + | + |
+ |
+ |
+ |
+ |
+ |
7 | Жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жумуштар |
|
|
|
| + | + | + | + |
|
|
|
|
8 | Малды жайлоолорго көчүрүү |
|
|
|
| + | + |
|
|
|
|
|
|
9 | Жайыт акыларды чогултуу,пландалган жумуштарды аткаруу |
|
|
|
|
| + | + | + | + | + | + | + |
5.2 Иш-аракеттердин планы
Участок | Иш-чара | Аткаруу мөөнөтү | Иш-чаранын бюджети сом | Ким жооптуу |
Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү планы | ||||
Кызыл-Суу | Жайыттарды абалын баалоо | Июнь 2016 | 3 000 | ЖК торага |
Малдын ден соолугун коргоо боюнча | ||||
Качкынчы | Ветеринардык –профилактикалык иштерге көзөмөл | дайыма |
| Ветеринар |
Качкынчы | Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары боюнча буклет иштеп чыгуу, МДСК тобу менен биргеликте айыл тургундары менен | Июль | 1000 | МДСК тобу |
Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу планы | ||||
Жаздоо | Тош-Кутчу жаздоосундагы мал сугаруу жай куруу | Июнь-август | 460 000 | Чакан долбоордук топ |
Жаздоо | Каринген айылынан жайлоого баруучу жолду ондоо | Июнь-август | 177 500 | Чакан долбоордук топ |
Малды кышкы тоюттандырууну жакшыртуу планы | ||||
Качкынчы | Арпанын жана эспарцеттин үрөнчүлүгү боюнча фонд уюштуруу | Март 2017 | 150 000 | ЖК, АРИС, өнөктөштөр |
5.3 Жайыт пайдалануу планы жана мал жаюу графиги
Жаздоо-Жайлоо-Куздоо
Жайыт уасткалары аталышы | Чабан | ШМБ | Оптималдуу сыйымдуулук | Басым % соответствие | |
Жазгы-кузгу | 1 майдан 30 сентябырга чейинки мал жайуунун куну | ||||
Кызыл-Суу | Сатымкулов Ырысбек | 103 |
|
| |
Кармышов Калбек | 56 |
|
| ||
Кармышов Талантбек | 20 |
|
| ||
Усенов Аманкул | 47 |
|
| ||
Мамыт у.Бердикул | 14 |
|
| ||
Багышбаева Тургунбу | 10 |
|
| ||
Какыев Жаныбек | 80 |
|
| ||
Дыйканов Султан | 55 |
|
| ||
Маматов Казыбек | 18 |
|
| ||
Жээнбеков Нусуп | 10 |
|
| ||
Шамиев Орунбек | 32 |
|
| ||
Сактанбаев Шекен | 50 |
|
| ||
Базарбай у.Алишер | 100 |
|
| ||
Сейитов Мыктарали | 15 |
| 2 | ||
Баары: | 610 | 274,2 | 336 | ||
5.4 Бюджет.
№ | Чыгымдардын статьялары | саны | Баасы, сом | Жалпы суммасы, сом |
1 | Жайыт инфраструктурасын оңдоого |
|
| 10 000 |
2 | Жер салыгы (жайыт үчүн) |
|
| 12 400 |
3 | Нс П З% |
|
| 2 490 |
Баары: | 24 890 | |||
Жайыт комитетинин административдик чыгымдары: |
| |||
1 | Төраганын эмгек акысы | 5 ай | 5 000 | 25 000 |
2 | Бухгалтердин эмгек акысы | 3 ай | 1500 | 4 500 |
3 | Соцфондго чегерүүлөр | 5-3 ай | 17,25% | 1 710 |
4 | Командировкалык чыгым |
|
| - |
5 | Транспорттук чыгым |
|
| 10 000 |
6 | Канцеляриялык, байланыш чыгымдары |
|
| 2 000 |
7 | Райондук ассоциацияга мүчөлүк акы |
|
| 1 500 |
8 | АРИС 5% |
|
| 14 620 |
Баары | 59 330 | |||
Жалпы чыгымдар: | 84 220 | |||
Тайгараев айыл аймагындагы малдын саны жана бир баш мал үчүн төлөнө турган жайыт акы өлчөмү ( малдын башы статистикалык маалыматтардан алынды)
№ | Малдын түрү | Олчоо бирдиги | 2016-жылы жайытка чыгуучу малдын башы | Мал башына алынуучу толом акысы сом | Жалпы сумма сом |
1 | Чон кара мал | Баш | 240 | 120 | 28800 |
3 | Торпоктор | Баш | 62 | 60 | 3720 |
4 | Чон жылкылар | Баш | 37 | 120 | 4440 |
5 | Кой, эчкилер | Баш | 1315 | 20 | 26300 |
6 | Эшектер | Баш | 8 | 120 | 960 |
7 | Башка булактардан |
|
|
| 20000 |
| Баары |
|
|
| 84220 |
Бюджеттин киреше бөлүгү:
Жайыт акыдан 84 220
Баары 84 220