КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХIX сессиясы
2016-жылдын 7-июлу № 29/1
Көк-Жаңгак шаарына кирпич завод куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын жараны Жалал-Абад шаарынын тургуну Абдурахманов Абдурасулдун инвестиция тартуу боюнча берген арызын карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (6-чакырылыштагы ХХIX cессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаар аймагынын чегинде жайгашкан «участок Капитальная» жер аянтынан кирпич завод куруу үчүн Абдурахманов Абдурасулга Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 27/1- беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтомуна ылайык жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011ж. № 571 токтому менен бекитилген типтүү жобого ылайык түзүлгөн Көк-Жаңгак шаардык муниципалдык менчикте турган жерлерди жана объектерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссияга жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж. Юсуповго жана Көк-Жаңгак шаардык экономика-өндуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Т. Айтиевге) жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |