Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-июну № 33
Айыл өкмөтү жана квартал башчылары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын бааларынын прейскурантын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөңгө салуу Мамлекеттик агентигинин Ысык-Көл областык бөлүмүнун 2016-жылдын 31-майындагы № 19 буйругунун негизинде макулдашылган кызматтардын бааларынын прейскурантын карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтү жана квартал башчылары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын бааларынын прейскуранты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К. Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |
Тиркеме
БЕКИТИЛДИ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Теплоключенка айылдык аймагынын
монополияга каршы жөңгө салуу айылдык кеңешинин төрагасы
Мамлекеттик агентигинин _____________К.С.Джаныбеков
Ысык-Көл областык бөлүмүнүн башчысы 10-июнь 2016-жылы
____________Ф.К.Чегебаев
31-май 2016-жылы
Баалардын прейскуранты
№ | Кызматтардын аталышы (наименование услуги)
| Өлчөө бирдиги (ед.изм.) | Баасы, сом (стоимость) |
1 | Паспортун жоготуп алган учурда туруктуу жашап турган жерин тастыктаган корутунду жазып берүү
| даана | 30 |
2 | Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кайталап алуу үчүн маалымдама берүү
| даана | 30 |
3 | Чет өлкөгө чыгуу үчүн маалымдама берүү
| даана | 30 |
4 | Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн жана архивдик маалымдама берүү
| даана | 20 |
5 | Жашап турган жерин тастыктаган маалымдама жазып берүү
| даана | 10 |
6 | Үй-бүлөлүк аьалы тууралуу маалымдама жазып берүү
| даана | 10 |
7 | Мал-жаны катталган тууралуу маалымдама жазып берүү
| даана | 10 |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | Э.К. Эралиев |