Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну №36
Айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын уруу башчылар жана көчөлүк он башчылар жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин депутаттык этика, мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиянын иштеп чыккан Жобонун долбоорун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын уруу башчылар жана көчөлүк он башчылар жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К. Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |
Тиркеме
Айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз сессиясында 2016-жылдын 15-июнундагы № 36 токтому менен кабыл алынды |
1. Жалпы жоболор.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамаатынын уруу башчылар жана көчөлүк он башчылар өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары.
3. Жергиликтүү жамааттын уруу башчылар жана көчөлүк он башчылар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын коомдук бир бутагы катары уюштуруу укугу.
1. Жалпы жоболор
1.1 Теплоключенка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын уруу башчылар жана көчөлүк он башчылар Жобосу - уруу башчылар жана көчөлүк он башчылар жыйындарында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү уруу башчылар жана көчөлүк он башчыларынын ич-ара негизги эрежелерин жөңгө салуучу, уруу башчылар жана көчөлүк он башчыларынынмилдеттерин аныктоочу, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу Жобо болуп саналат.
1.2 Ушул Жобо Теплоключенка айылдык аймагында гана колдонулат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамаатынын уруу башчылар жана көчөлүк он башчылар өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
2.1 Жергиликтүү жамааттын уруу башчылары ар бир уруунун ич ара жыйындарында шайланат.
2.2 Шайланган уруу башчылары айылдык кеңештин төрагасынын чакыруусу менен жалпы жыйынга чогулушат.
2.3 Уруу башчылары айылдык кеңештин төрагасынын жетекчилиги алдында иш алып барышат жана жергиликтүү жамааттын тескөөчү, козөмөлдөөчү органынын коомдук бир бутагы катары мүнөздөлөт.
2.4 Уруу башчыларынын жыйынына жылына бир жолудан кем эмес айылдык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Зарыл болгон учурларда төраганын демилгеси менен уруу башчыларынын жана ондук башчыларынын кошмо жыйыны өткөрүлөт.
2.5 Жергиликтүү жамааттын уруу башчылар жана көчөлүк он башчылары ар бир көчөлөрдө чакан бөлүктөр (10, 15, 20 түтүндөн) ошол жерде жашаган тургундардын эрки менен он башчылыкка көрсөтүлөт.
2.6 Шайланган көчөлүк он башчылар айыл өкмөтүнүн башчысынын чакыруусу менен жалпы жыйынга чогулушат.
2.7 Көчөлүк он башчылар айыл өкмөтүнүн башчысынын жетекчилиги алдында иш алып барышат жана жыйында каралган тапшырмаларды аткарышып, жергиликтүү жамааттын аткаруу органынын коомдук бир бутагы катары мүнөздөлөт.
2.8 Көчөлүк он башчылар өзүнүн ээлигиндеги түтүндөргө, кабыл алынган чечимдерди, көрсөтмөлөдү, суранычтарды жеткиришет, талкуулашат, жүзөгө ашырышат.
2.9 Көчөлүк он башчылар өзүнүн ондугундагы кабыл алынган маселелерди, чечимдерди, көрсөтмөлөрдү жана ондуктан түшкөн маселелерди лндуктардын жалпы жыйынына алып чыгат.
2.10 Көчөлүк он башчылардын жалпы жыйыны жылына бир жолудан кем эмес айыл өкмөтүнүн чакыруусу менен өткөрүлөт.
3. Жергиликтүү жамааттын уруу башчылар жана көчөлүк он башчылар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын коомдук бир бутагы катары
уюштуруу укугу
3.1 Жергиликтүү жамааттын шайланган уруу башчылары жана ондук башчылары, жергиликтүү оз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы айылдык кеңештин, аткаруу органы айыл өкмөтүнүн көрсөтмөсү менен өз ара мамилелерде болуп иш алып барып, аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын, иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн бардык саясий иш чарага түздөн-түз катышууга укуктуу.
Айылдык кеңешинин депутаттык этика,
мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча
туруктуу комиссиясынын төрагасы Малабеков М.Б.