Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № XXVIII 4
Эл депутаттарынын Найман айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Найман айылдык кеңешинин 2015-жылдын 24-февралындагы № XVIII 5 токтому менен бекитилген регламентин карап чыгып,талкуулап, бул регламентке өзгөртүү киргизилбестиги жөнүндөгү ой пикирлерди талкуулап, Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айылдык кеңешинин депутаттарынын 2015-жылдын 24-февралындагы № XVIII 5 токтому менен бекитилген регламенти өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Найман айылдык кеңешинин Регламенти Ош областтык жана Ош шаардык Юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүлгөндөн кийин күчүнө кирет.
1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укуктартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
Тиркеме Депутаттардын Найман айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын XVIII 5 токтомуна тиркеме |
I. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамына ылайык, кеңештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Айылдык кеңеш өзүнүнишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөүнүнченемдик, укуктукактыларынынжанаушулРегламенттин негизинде жүргүзүлөт.
Айылдык Кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүнкомпетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөрү жана штампы болот.
Айылдык Кеңештин Регламенти, айылдык Кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүнтартибинаныктайт.
II. Айылдык Кеңештин компетенциясы.
2.1. Айылдык Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 29 жана 29-1 статьяларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабылалат.
- Социалдык экономикалык өнүктүрүүнү жана калктын социалдык жактан коргоонун айылдык масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөотчетун бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фонддордун максаттуу пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угуу;
- Кеңештин Регламентин кабыл алуу;
- Кеңештин төрагасын жана анын орун басары ншайлоо жана милдеттеринен бошотуу;
- Айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санын кеминде үчтөн экисинин көпчуүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө;
- Айылдык кеңештин төрагасын КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына карамакаршы келген буйруктары нжокко чыгаруу;
2.2. Пугкттун 4,5 абзацтарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча жашыруун добуш берүү бюллетень менен өткөрүлөт. Добушберүү КыргызРеспубликасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулат.
III. Айылдык кеңештин биринчи сессиясы.
3.1. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясы мурда шайланган кеңештин төрагасы же депутаттардан түзүлгөн демилгелүү топ аркылуу жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлгөн күндөн кийин бир айлы кмөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. АйылдыкКеңештинбиринчисессиясынкарыя депутат ачат.
3.2. Жалпы шайланган депутаттардын жарымынан көбү сессияга катышкан учурда айылыдк Кеңештин сессиясы өз ишин баштоого укуктуу.
3.3. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясынын күнтартибине Кеңештин регламентин, төрагасын, орун басарын шайлоо, жаңы Кеңештин структурасын түзүү жана Кеңештин ишине тиешелүү зарыл маселелер талкууга коюлат.
3.4. ТөраганышайлооайылыдкКеңештиндепутаттарынынжашыруундобушберүүжолумененжүргүзүлөт.
3.5. Төраганын орун басары айылдык Кеңештиньдепутаттарынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.
IV. Жашыруун добуш берууну уюштуруу тартиби.
4.1. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнүу юштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
4.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүшөт (төрагасын, орунбасарын, мүчөлөрүнбекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлүмдөрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.
4.3. Сессияга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептоо комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелери толук сактоолору милдеттүү. Добуш берууну баштоонун алдында эсептоо комиссиясы добуш берууну нтартиби менен депутаттарды тааныштырат.
4.4. Айылдык кеңештин торагсына корсотулгон талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш беруунун жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептоо добуш бериген жайда жургузулот.
4.5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же башка оздук документтери боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
4.6. Ар бир кандидатура боюнча «колдогону», «каршы» болгону жана «бузулган бюллетенде» боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептоо комиссиясынын токтому тузулуп, сессияда бекитилет.
4.7. Айылдык Кеңештин торагасына корсотулгон талапкерлердин ичинен сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын копчулук добушуна ээ болгон талапкер, айылдык Кеңештин торагасы болуп торт жылыдк моонотко шайланат.
4.8. Тораганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептоо комиссиясы жургузот.
4.9. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санын копчулук добушуна ээ болгон айылдык Кеңештин депутаты тораганын орун басары болуп шайланат.
4.10. Айылдык кенштин торагасы жана орун басары оздорунун милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын 2/3 добушу менен торага же орун басар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
4.11. Айылдык кеңештин торагасы озунун милдеттерин коомдук башталышта алып барат, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
V. Айылдык Кеңештин сессиясы.
5.1. Кеңештин сессиясы ачык ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5.2. Кеңештин торагасы сессия откоруло турган куну, убактысы, кун тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралуу беш күндөн кечиктирбей кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимин, токтомдун долбоору, Кеңештин депутаттарына уч кундон кечиктирбей таратылат.
5.3. Кеңештин кезексиз сессиясы Кеңештин төрагасы, Кеңештин туруктуу комиссиялары же Кеңештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн сунушу менен чакырылат.
5.4. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруу сунушун жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу Кеңештин төрагасына берилет.
5.5. Иш план боюнча Кеңештин сессиясына материалды, иш планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
5.6. Кеңештин чечими же Кеңештин төрагасынын буйругу менен кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
5.7. Кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) Сессия болгонго чейин беш күндөн кечиктирбей кеңештин катчысына жазуу түрүндө берилиш керек.
5.8. Айылдык Кеңештин сессиясында каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.
5.9. Айылдык Кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык ар бир жаран айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияга катышууга укугу бар.
5.10. Айылдык Кеңеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
5.11. Айылдык сессиялардын датасы жана кун тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды көрүүгө, алардын сессияларга кирүүсү үчүн баарык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтуу жамаатка маалымдоог милдеттүү.
VI. Айылдык Кеңештин сессиясынын жумушчу органдары.
6.1. Айылдык Кеңештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлөө максатында жумушчу органдардын-секретариаты, зарылчылык пайда болгон эсептөө комиссиясынан, башка да комиссия түзүлөт. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.
6.2. Сессиянын секретариаты айылдык Кеңештин аппараты менен бирдикте, сессиянын жумушун стенографиялык жазууну жүргүзүшөт. Сүйлөөчүлөрдү, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелүү материалдарын сессияны алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын Регламентинин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзөт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
6.3. Секретариат айылдык Кеңештин аппараты менен бирдикте сессия тарабынан материалдарды, протоколдорду жазып беш күндүн ичинде кол коюуга даярдайт.
VII. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби.
7.1. Сессиянын кун тартиби жана иштоо тартиби айылдык Кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат.
7.2. Күн тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.
7.3. Эгерде депутаттар тарабынан күн тартипке иштөө тартибине өзгөртүү киргизүү же кошумча маселе сунуш кылышса, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитүүсүнө сунуш кылынат.
VIII. Айылдык Кеңештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери.
8.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарга өзүнүн талапкерлигин сунуштоого;
8.2. Күн тартиби, иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга;
8.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга, аны добушка койдурууга;
8.4. Айылдык Кеңештин компетенциясына кирген маселер боюнча мекеме, ишка жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторун угуунун күн тартибине киргизүүнү сунуштоого;
8.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого;
8.6. Сессиянын Регламентин жана иштоо тартибин толук сактоого;
8.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюн кетирүүгө жол берилбейт);
8.8. Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жеке пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
IХ. Кеңештин чечимдери.
9.1. Кеңештин токтому депутаттардын талкуусунан кийин, сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.2. Кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссияларынын өзгөртүү жана мурда кабыл алынган ченемдерди жокко чыгаруу жана токтомго киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
9.3. Сессиянын жүрүшүндөгү маселелер боюнча Кеңеш токтом түрүндө кабыл алат жана токтомго Кеңештин төрагасы кол коет.
9.4. Кеңештин депутаты Кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомго макул эместигин кат жүзүндө же оозеки билдирүүсү Кеңештин протоколуна жазылат.
9.5. Токтомдун долбоору сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир пункту боюнча талкууланып, толугу менен кабыл алынат.
9.6. Кеңештин чечимин бастырып чыгаруу, Кеңештин токтомдорунун аткарылышын козомолдоо Кеңештин аппаратына жүктөлөт.
9.7. Айылыдык Кеңештин чечими айыл Округдун аймагындагы мекеме-уюмдарда аткарылууга милдеттүү.
9.8. Кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, болбосо күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
Х. Айылдык Кеңештин торагасы.
10.1. Кеңештин сессиясын чакырат жана төрагалык кылат. Кеңештин токтомдоруна жана чечимдерине кол коет, аларга көзөмөлдүк кылат.
10.2. Жарандардын айылдык Кеңешке кайрылган арызы, даттанууларын карайт.
10.3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жогорку органдарга расмий өтүнүч жасайт.
10.4. Кеңештин регламентинин сакталышын көзөмөлдөйт.
10.5. Кеңештин протоколуна токтомдоруна жана башка документтерине кол коет.
10.6. Кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерди шайлоого сунуш киргизет.
10.7. Айыл өкмөтүнүн, айылдык Кеңештин жооптуу катчысы өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга, айыл окмот башчысна сунуш кылууга укуктуу. Кызматка алуу жагы «Муниципиалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, айылдык кеңештин төрагасынын макулдугу менен жүргүзөт.
10.8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде Кеңешке жүктөлгөн милдеттери боюнча башка маселелерди чечет.
10.9. Айылыдк Кеңештин төрагасы, өзүнүн милдетин кезектеги мөөнөткө жаныдан чакырылган Кеңештин биринчи сессиясына чейин аткарат.
ХI.Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары.
11.1. Төраганын орун басары Кеңештин төрагасы жок болуп калган жана төрага өз функцияларын аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурлрда Кеңештин төрагасынын милдетин аткарат.
11.2. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн милдетин коомдук башталышта аткарат.
ХII. Кеңештин жооптуу катчысы.
12.1 Айылдык Кеңештин катчысынын милдетин айылдык Округдун жооптуу катчысы аткарат.
12.2. Кеңештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштүү маалыматтар менен камсыз кылат.
12.3. Айылдык Округдун катчысы айылдык Кеңешинин сессиянын протоколун жүргүзөт. Кеңештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.
12.4. Жарандардын айылдык Кеңешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелүү чара көрүү менен жооп берет.
12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
12.6. Кеңештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
12.7. Кеңешке тушкон документтердин эсебин жүргүзөт.
12.8. Кеңештин сессиясын материалдарды даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
12.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү жана башка тиешелүү адамдарды сессияга катышууга чакырат.
12.10. Сессияга депутаттардын катышуусунун эсебин жүргүзөт.
12.11. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
12.12. Айылдык Кеңештин аппаратынын ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.
ХIII. Кеңештин туруктуу комиссиялары.
13.1. Жергиликтүү Кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтуу кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиисяларды түзө алат.
Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байлныштуу мөөнөтүнөн мурда токтотушу мумкун.
Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
Жергиликтүүкеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
13.2. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары:
- кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнөгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат.
- тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.
- өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарлышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.
- жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кеңештин регламенти аркылуу сунуштлган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтуу кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтуу мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
13.3. Жергиликтүү кеңештин турукутуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
Бир нече комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
ХIV. Айылдык Округдун башчысын шайлоонун тартиби.
Негизги жоболор.
14.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана айылдык округдун башчыларын шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-берене жана ушул Жобо менен жөнгө салынбаган айылдык Округ башчысын шайлоонун тартиби айылдык Кеңештин регламенти менен аныкталат.
14.2. Айылдык Округ башчысы тийиштүү айылдык Кеңештердин депутаттары (депутаты) тарабынан анын чакырылышы мөөнөтүнө карата жашыруун добуш беруу аркылуу шайланат.
14.3. Айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотууго, айылдык Кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким (мындан ары-аким) укуктуу.
14.4. Аракетке жондомдуу, жогорку билимдуу жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар же болбосо мамлекеттик билим беруу, саламаттыкты сактоо мекемелеринде же жеке менчик турундогу чарбакер субөекттерде жетекчи кызматтарда уч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны айылдык округдун башчысы боло алат.
Кылмыш кылгандыгы учун соттолгон жана соттолгондугу жоюулганына, мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына карабай Кыргыз Республикасынын жараны айылдык Округдун башчысы боло албайт.
14.5. Айыл окмотунун башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айылдык кеңештин биринчи жыйналышынын кунунон тартып 10 календардык кундон кечиктирбестен дайындалат.
Айыл окмотунун башчысы ээлеген кызматынан моонотунон мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун тузулгон кундон тартып 10 календардык кундон кечиктирбестен айыл окмотунун башчысын шайлоону дайындайт.
Айыл окмотунун башчысы айылдык кеңештин чакыруу мооноту аяктаганга чейин 90 каландардык кун калганда ээлеген кызмат ордунан моонотунон мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айыл кеңешинин биринчи жыйналышы отконго чейин айыл окмотунун башчысын шайлоо дайындалбайт.
Айыл окмотунун башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган кундон тартып 20 календарлык кундун ичинде откорулот.
Айыл окмотунун башчысын кызмат ордунан моонотунон мурда бошотулган учурда аким жаны айыл окмоту шайланганага чейин озунун акты менен айыл окмотунун милдетин аткаруучуну дайындай алат.
14.6. Айылдык Округдун башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган кундон тартып 25 календардык кундун ичинде откорулот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын окулдору тиешелуу аймактык шайлоо комиссияларында айылдык Округдун башчысын шайлоону жана откорууну координациялоону жургузушот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын торагасы айылдык Округдун башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жургузуу учун тийиштуу аймактык комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мучосун жиберууго укуктуу.
14.7. Айылдык Округдун башчысын шайлоо жергиликтуу Кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш беруу аркылуу ишке ашырылат. Айылдык Округдун башчысын шайлоо эгерде ага айылдык Кеңештин депутаттарынынжалпы санынын учтон экисинен кем эмес катышса болду деп эсептелинет. Айылдык Округдун башчысын шайлоону откоруу жол-жобосу «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49 беренесине, ушул Жобого жана жергиликтуу Кеңештин Регламентине ылайык ишке ашырылат.
14.8. Шайланган айылдык Округдун башчысына тиешелуу аймактык комиссиясы тарабынан куболук берилет. Куболуктун формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
14.9. Бул Жобону бузу шайлоону жарксыз деп табууга алынып келет.
ХV. Айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби.
15.1. Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсоткон субөект тарабынан каттоо учун шайлоо кунуно чейин 5 жумуш кунунон кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына томондогудой документтер сунушталат:
1) жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотуу жонундо чечим.
2) ат салышууга жонундо талапкердин арызы.
3) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматы (кызматынын турун) жана турган жерин корсотуу менен талапкердин омур баянынын маалыматтары.
4) ушул Мыйзамдын 42 - жана 48 – беренесинлеринин талаптарын тастыктоочу тийиштуу документтер.
Тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган кундон тартып 3 календарлык кундун ичинде жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотуунун тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жонундо – чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жонундо жуйолоштурулгон чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы ушул талапкерди каттоого тоскоол болуучу талапкердин документтериндеги шайкеш келбестикти тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол шайкеш келбестиктер жонундо талапкерди корсоткон субөектиге кабар билдирууго милдеттуу. Талапкерди корсоткон субөект кабар алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл озгортуулорду киргизип, тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына ондолгон документтерди тапшырууга укуктуу.
Талапкерди каттоодон баш тартуу чечим кабыл алынган учурда тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди корсоткон субөектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин кочурмосун берууго милдеттуу.
Талапкерлерди каттоодон баш тартууга томондогулор негиз боло алат:
1) ушул Мыйзамда каралган корсотуунун тартиби сактлбашы.
2) Талапкерде пассивдуу шайлоо укугунун жоктугу.
3) Талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги
4) Талапкерди корсоткон субөектин ушул берененин 1-болугундо корсотулгон бардык зарыл документтерди бербегендиги.
Талапкерди каттоодон баш тартуу жонундо чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мумкун.
Тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерди каттагандан кийин эки календардык кундун ичинде жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат.
Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары жай беруу, добуш беруу учун кабиналарды, добуш беруу учун укокторду орнотуу жана шайлоону откорууго байланыштуу башка маселелерди чечуу жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону откорууго комок корсотууго милдеттуу.
15.2. Талапкер кайсы учурда болбосо да бирок добуш берууго чейин эки кун калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жузундо арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жонундо чечим кабыл лууга милдеттуу.
Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотууго укугу бар субөкт кайсы учурда болсо да добуш берууго чейин эки календардык кундон кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жузундо тиешелуу арыз берип, таапкерди чакыртып алууга да укуктуу. Мындай учурда субөект тарабынан корсотулган талапкерди каттаган тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жонундо чечим кабыл алууга милдеттуу.
ХVI. Шайлоону уюштуруу.
16.1. Айылдык Округдун башчысын шайлоону уюштуруу учун добуш беруу кунуно чейин 2 календардык кундон кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына чечим менен курамында аймактык шайлоо комиссиясынын торагасы жана эки мучосу тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын окулу жана айылдык Кеңештин окулу болуп эсептоо комиссиясы тузулот.
Эсептоо комиссиясы оз отурумунда курамынан тораганы жана катчысы шайлоо жонундо чечим кабыл алат жана тиешелуу протокол тузулуп, булл тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына ылайык жергиликтуу Кеңешке кабарланат.
16.2. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет, аларды сактоону камсыз кылат, оз жыйналыштарынын протоколдорун жургузууну уюштурат, ушул жобого ылайык башка ыйгарымдарды ишке ашырат.
16.3. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде басылып чыгарылат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мору менен куболондурулот жан ага эсептоо комиссиясынын мучолору кол коңт.
16.4. Бюллетенге айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.
16.5. Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына добуш беруучу жайды беруу, ал учун кабиналарды, укокторду орнотуу жана шайлоону откорууго байланыштуу башка маселелерди чечуу аркылуу шайлоону уюштурууга комоктошуусу милдеттуу.
16.6. Депутаттардын жыйынга келишине жоопкерчиликти тиешелуу айылдык Кеңештин торагасы тартат.
16.7. Добуш беру жол жобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
ХVII. Шайлоону откоруу жана добуш берунун тартиби.
17.1. Айылдык Округдун башчысын шайлоо атайын болунгон болмодо откорулот.
17.2. Добуш беруунун алдында добуш беруу укоктору эсептоо комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлуп, моор басылып бекитилет.
17.3. Ар бир депутат жеке озу добуш берет, башка адамдар учун добуш берууго жол берилбейт.
17.4. Добуш беруучу укокту ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет жана эсептоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш беруунун аякташы эсептоо комиссиясынын торагасы тарабынан жарыяланат.
17.5. Добуш бреуучу укокту ачууга добуш беруу аяктаганга чейин тыюу салынат.
ХVIII. Айылдык Округдун башчысынын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби.
18.1. Добуш беру аяктагандан кийин эсептоо комиссиясы добуш беруунун жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык айкын эсептоо комиссиясынын мучолору тарабынан гана жургузулот жана добуш беруучу болмодо тыныгуусуз откорулот.
18.2. Эсептоо комиссиясынын мучолору пйдаланылбай калган бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат жана булл туурасында добуш беруунун жыйынтыктарынын протоколуна жазышат.
18.3. Жараксыз бюллетендер озунчо эсептелет жана алар туурасында добуш беруунун жыйынтыктарын протоколуна жазылат. Шайлоочунун эрк билдируусун аныктоо мумкун болбогон, тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясынын мору бсылбаган, эсептоо комиссиясынын мучолорунун колу коюлбаган же бекитилбеген формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
18.4. Добуш беруучу укоктогу бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берууго катышкан депутаттардын жалпы санын, айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна талапкер учун берилген «макул» жана «баардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
18.5. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш беруунун жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мору менен куболондурулот жана ага эсептоо комиссиясынын мучолору кол коңт.
18.6. Протоколго кол коюлгандан кийин эсептоо комиссиясынын торагасы дароо айылдык Кеңештин депутаттарына жана катышкан адамдарга добуш беруунун жыйынтыгын жары кылат жана айылдык Кеңештин сессиясынын бекитуусуно протоколго киргизет.
18.7. Тиешелуу айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын копчулук добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
18.8. Добуш беруунун жыйынтыгы жонундо протоколду айылдык Кеңеш бекиткенден кийин тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы анын мучосун райондун акимине жана Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.
18.9. Эки талапкер катталса жана алардын бироо да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, кобуроок добуш алган эки талапкербоюнча добуш беруунун экинчи туру откорулот.
- экиден ашуун талапкер катталса жан алардын бироо да депутаттардын зарыл сандагы добушун алалбаса, кобуроок добуш алган эки талапкер боюнча добуш беруунун экинчи туру откорулот.
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири кобуроок сандагы добуш алса ал эми кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алышса кобуроок сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш беруунун экинчи туру откорулот.
18.10.Добуш беруунун экинчи туру ушул жобонун 26-38 пункттарында белгиленген тартипте откорулот.
18.11. Айылдык Округдун башчысын шайлоонун жыйынтыгы жонундо билдируу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
ХIХ. Айылдык Округдун башчысын кайрадан шайлоо.
19.1. Эгерде айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, айылдык Округдун башчысына кайра шайлоо откорулот, эгерде биринчи турда айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна эки талапкер тен депутаттардан бирдей сандагы добушун алса, айылдык Округдун башчысына кайра шайлоо откорулот, эгерде биринчи турда баардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса кайра шайлоо откорулот.
19.2. Эгерде «баардык талапкерлерге каршы» позициясы учун талапкерлерге караганда депутаттар коп добуш беришсе кайра шайлоо открулот.
19.3. Эгерде добуш берууну кунуно карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шйлоого катышуудан баш тартса кайра шайлоо окторулот.
19.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айылдык Округдун башчысы шайланбай калган кундон тартып 3 календардык кундун ичинде кайра шайлоону дайындайт.
19.5. Жаны талапкерлерди корсотуу менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясында кайра шайлоо дайындалган кундон тартып 15 календардык кундон кечиктирбестен откорулот.
19.6. Эгерде шайоо кворум жоктугунан болбой калса Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык кундун ичинде кайра шайлоону дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча откорулот.
19.7. Айылдык Округдун башчысын кайра шайлоо ушул жобонун 10-40-пункттарында белгиленген тартипте откорулот.
ХХ. Айылдык Округдун башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери.
20.1. Тиешелуу айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан айылдык округдун башчысы белгиленген моонотто шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтуу Кеңешке моонотунон мурда шайлоону дайындайт.
20.2. Райондун акими озунун буйругу менен жаны айылдык Округдун башчысы шайланганга чейин айылдык Округдун башчысынын милдетин аткаруучуну дайындай алат.
ХХI. Убактылуу комиссиялар.
21.1. Айылдык атайын милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча убактылуу комиссияларды тузуусу мумкун.
21.2. Убактылуу комиссия берилген мооноттуу сактоо менен тапшырылган иштерди аткарат жана жыйынтыгын билдирет.
21.3. Белгиленген милдеттерин жана тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялардын иш аракеттери сессиянын чечими менен токтотулат.
21.4. Убактылуу комиссиянын иш тартиби туруктуу комиссиянын иш тартибинин негизинде жургузулот.
ХХII. Кеңештин козомолдук жургузуу боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы.
22.1. Кеңештин козомолдоо ыйгарым укуктарын ишке ашыруу Кеңештин торагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эн башкы милдеттеринин бири болуп эсептелинет.
22.2. Кеңеш оз компетенциясынын жээктеринде кабыл алынган чечимдерин, токтомдорун, менчиктин туруно карабастан айылдын аймагындагы бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер ошондой эле кызмат адамдары коомдук бирикмелери аткарууга милдеттуу.
ХХIII. Жергиликтуу Кеңештин сандык курамы.
23.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 23-беренесине негиз 11 депутатты тузот.
ХХIV. Депутаттык мандат.
24.1 Депутаттык мандат тош белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын торагасы кол койгон куболук менен ырасталат.
24.2. Депутаттык мандатты токтотуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24-беренесине негиз жургузулот.
ХХV. Регламентти бекитуунун, озгортуулорду, толуктоолорду киргизуунун тартиби.
25.1. Депутаттар тарабынан Регламентке озгортуу, толуктоо киргизууго сунуш бере алат.
Сунуштар атайын тузулгон жумушчу топто каралат.
25.2. Айылдык Кеңештин Регламентин, типтуу Регламенттин негизинде депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кеңештин сессиясында бекитууго коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын копчулук добушу менен кабыл алынат.