Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-июну № 20/132
Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетинин бекитүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж. Аскаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылы аткарган иш-аракеттери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата киреше бөлүгү 453,0 сом, чыгаша бөлүгү 453,0 сом менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Ички тартип эрежелери жана төлөө тарифтери, айып өлчөмдөрү бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
4. Жайыт акыларынын өндүрүлүшүн камсыз кылуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин комитетине милдеттендирилсин.
5. Аткарылып жаткан иштер жөнүндө жалпы элге элдик жыйында жылдын жыйынтыгы менен маалымат берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин комитетинин төрагасы Ж. Аскаровго тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Ж. Аскаров |
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XX сессиясынын 10.06.2016. № 20/132 токтомуна тиркеме |
Киреше бөлүгү | Чыгаша бөлүгү | ||||||
№ | Мазмуну | Сумма (сом) | № | Мазмуну | Сумма (сом) |
|
|
1 | Жайыт акысы 2016-жылга Ш.М.Б. 2 600×65 | 169,0 | 1 | Жайыт нологу айыл/ө | 32,9 |
|
|
2 | Ш.М.Б.450×200 | 90,0 | 2 | Эмгек акы үчүн 2016-жылга | 167,0 |
|
|
3 | 2015-жылдын жыйынтыгынан калдык | 90,0 | 3 | Соцфондко 17.25%
| 28,810 |
|
|
4 | З.А.О Альфа-Телеком | 48,0 | 4 | Сатуудан тушкөн Салык 3% | 12690 |
|
|
5 | ОсОО Нур-Телеком | 36,0 | 5 | Транспорт үчүн | 20,0 |
|
|
6 | Техника каражатынан | 20,0 | 6 | Ар кандай чыгым | 12,600 |
|
|
|
|
| 7 | Райондук ассоцатсияга | 10,0 |
|
|
|
|
| 8 | Өздүк салым 2016-жылга | 153,0 |
|
|
|
|
| 9 | Иш кагаздарын жүргузгөнгө | 5,0 |
|
|
|
|
| 10 | Командировкалык чыгым | 6,0 |
|
|
|
|
| 11 | Инвентар алууга | 5,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Баардыгы | 453,0 |
| Баардыгы | 453,0 |
|
|
Даярдаган: | Ж. Аскаров |
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XX сессиясынын 10.06.2016. № 20/132 токтомуна тиркеме |
1. Жайыт комитети жайыттарды пайдалануу боюнча түзүлүп,бекитилген планына ылайык жайлоого көчүрүү 1-7 июнь.
2. Кыштоого көчүп түшүү 5-сентябрь.
3. 1-июндан баштап корук уюштурулуп,айыл ичиндеги малдар мал баккан малчыларга кошулуп чыгарылсын.
4. 1-июндан баштап саан уйларга кезүү уюштурулуп,кезүү кайтаруу жайыт пайдалануучуларга эскертилсин.
5. Айыл ичине жайлоого кетирбей алып калган кой-эчкилерге катуу чаралар көрүлүп, жалпы элдик жыйындын токтому менен мал башына 10-сомдон аксакалдар сотунун чечими менен белгиленет.Эгерде баш тартып моюн бербесе жайыт мыйзамына ылайык жалпы элдик пайдалануудагы жайытты өзүм билемдикке салып пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликке администртивдик тартипте жаза тартаары эскертилсин.
6. Айдоо аянтына жана чабынды шалбаага кароосуздан кирип зыян келтирген малдардын ээлерине төмөндөгүдөй айып өлчөмдөрү бекитилсин.
7. 7-июндан баштап корукка түшкөн бодо малдарга (уй,жылкы,эшек)түшсө ар бир башына 50-сомдон айып бекитилсин.
-кой-эчки корукка тушсө ар бир башына 10-сом,эгер төлөөдөн баш тартса келтирилген чыгым эсептелинип,сот органдары аркылуу өндүрүлсүн.
8. Мөөнөтүнөн мурун көчүп келген малчыларга мал башына эсептелип айып салынсын, жана мал ээлерине бюир сутка ичинде кайра көчүп кетүүсү кат жүзүндө эскертилсин.
Кайра көчүп кетүүдөн жана айып төлөөдөн баш тарткан жайыт пайдалануучулар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
9. Айыл тургундары менчик малдарын баккандыгы үчүн чабандарга малдын түрүнө карата төлөө акысын төмөндөгүдөй тартипте белгиленсин.
-кои-эчки ар бир башына 30 сомдон.
-бодо малдарга (уй, жылкыларга) 200 сомдон акы бекитилсин.
10. Жайыт пайдалануучулар өзүм билемдик менен келишим түзбөстөн,жайыт билетин албастан жайлоого көчүп жайытты пайдаланса 5000(беш миң)сом айып төлөө жагы белгиленсин. Айып төлөөдөн баш тартса мыйзам чегинде сот органдарына өткөрүлсүн.
11. Коюлган көчүү-конуу графигин сактабай мөөнөтүнөн мурун алынып келинген мал үчүн мал ээсине жана мал баккан малчыга ар бир малы үчүн эсептелип айып салынат.
12. Жайыт акы чогултуу Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30, 2011-жылдагы 28-декабрь, № 254 жайыт мыйзамынын редакциясына ылайык,Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 17-октябрь 2008-жылдагы № 231,ошондой эле кодекстин 24-январь 2015-жылдын толуктоо өзгөртүүсүнүн 71-статясына ылайык,1-октябрь айынан кечиктирилген суммага күнүнө 0,09% пения кошулсун.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы | Ж. Аскаров |