ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы
2016-жылдын 18-марты № 18
Муниципалдык менчиктин реестрин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтому бекитилген “Коммуналдык мүлктү эсептөө жана коммуналдык объектилеринин жана мүлкүнүн реестрин жүргүзүү жөнүндө” типтүү жобонун негизинде жүргүзүлгөн Покровка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык менчиктин реестрин бекитүү үчүн Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтому бекитилген “Коммуналдык мүлктү эсептөө жана коммуналдык объектилеринин жана мүлкүнүн реестрин жүргүзүү жөнүндө” типтүү жобонун негизинде жүргүзүлгөн Покровка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык менчиктин реестри бекитилсин;
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Покровка айылдык кеңешинин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайымдын орун басары | А. Кермалиев |