Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-июлу № 5
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүнүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүнүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 токтомунун 31-беренесинин 13-пунктунун№ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомун жетекчиликке алып, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковдун билдируусун угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 08-июлундагы № 403 токтомунун негизинде Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги бекитилип, толуктоо киргизилсин.
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы 1.
2. Жооптуу катчы 1.
3. Бөлүм башчы 1.
4. Башкы адистер 4.
5. Жетектөөчү адистер 3.
6. Адистер 2.
7. Тех кызматкерлер 2.
8. Айыл башчылар 4. (жетектөөчү адистин деңгээлинде)
9. ВУС инспекторлору 2.
Жалпысы 18 (он сегиз) штаттык бирдик менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковго тапшырылсын.
Төрага | М. Жалалов |