Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-июлу № 6
Төрт-Гүл айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу окулунун 2014-жылдын 24-мартындагы № 13/11 токтомунун, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 15-февралындагы № 01-14/у 08-буйругунун негизинде Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын Төрт-Гүл айыл аймагындагы калктуу конуштарынын жана жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, депутаттардын ой-пикирлерин угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын «Кыргызмамжердолбоорлоо» институтунун Төрт-Гүл айыл аймагынын жер фонду баяндаманын негизинде бекитилсин. (баяндама тиркелет)
2. Төрт-Гүл айыл аймагында калктуу конуштардын чек арасын жана жер фондусунун инвентарлоону бекитүү Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковго тапшырылсын.
Төрага | М. Жалалов |