Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-июлу № 13
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдында тузулгөн коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставын бекитүү жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27.10 № 747 токтомун аткаруу максатында Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 29-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн коомдук алдын алуу борборунун типтуу Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Д.Маликовго тапшырылсын.
Төрайым | А. Абдрахманова |
Тиркеме
Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 29-сессиясынын № 13 токтомуна |
Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставы
- мамлекеттик тилде: «__________________» Коомдук алдын алуу борбору» коомдук бирикмеси»;
- расмий тилде: «Общественное обьединение» Общественно-порфилактической центр» «___________»
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: «КАБ»КБ».
- расмий тилде: «ОО»ОПЦ»
3. КАБ өз ишин «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын- алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдмк укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Эл аралык келишимдерге жана ушул уставга ылайык ишке ашат.
4. КАБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде турушат.
5. КАБ өз алдынча юридикалык Жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган моору жана штампы бар.
6. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык
дареги:_______________________________________________________________
7. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органынын-кеңешинин юридикалык
дареги_____________________________________________________________.
2. КАБдын максаттары жана милдеттери
8. КАБдын максаты ЖОБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелуу аймагында жайгашкан, менчигинин туруно карабастан уюмдардын жана мекемелердин Күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, богот коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайлардын жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
9. КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп томонкулор саналат:
- жалпы алдын-алууну камсыз кылуу (социалдык, эконмикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө);
- жекече алдын алуу ( мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);
- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
-эрте алдын алуу (балдар жана оспурумдор тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө); 10. КАБдын милдеттери өзүнө төмонкулорду камтыйт:
- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;
- мыйзамга каршы журум-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
-укуктук билимдерди пропагандалоо:
- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- тиешелүү шаардын, айылдык аймактын жана тиешелүү шаардын , айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого, тиешелүү сунуштарды даярдоого катышуу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын онуктуруу боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;
- өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен крошуу, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
11. КАБдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. КАБдын укуктары жана милдеттери
12. КАБ өзүнө жуктолгон милдеттерди аткаруу учун төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КАБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖОБОлорго сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- өз жыйындарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин окулдорун чакырууга;
- зарыл болгон учурда өз кулдорун мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КАБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө;
- тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык тузумдордун жетекчилери менен укуктук тартипти чындоо маселелери боюнча кызматташууга;
- мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КАБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тарипте Кыргыз Республикасынын аймагында асссосацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
13. КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар Эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;
- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү Кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
- мыйзам бузу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары- ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды корууго;
- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча КАБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзунун иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КАБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;
- КАБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам корууго, анын идеяларын пропагандалоого.
4. КАБдын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
14. КАБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15. Ошол шаарда, айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жондомдуу Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештердин депуттатары, кварталдык, турак-жай комиттетеринин, кондоминиумдардын төрагалары жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жондомдуу жарандар КАБдын мүчөлөрү боло алышат.
16. КАБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууга мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17. КАБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18. КАБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- КАБдын жетектоочу жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
- КАБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизууго;
- КАБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
- КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга;
19. КАБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- КАБдын Уставын сактоого;
- КАБдын ишине катышууга;
- КАБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
- КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга;
20. КАБга мучолук төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке арызынын негизинде;
- КАБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- КАБдын мүчөсү каза болгондо;
- КАБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
- КАБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21. КАБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ушул Уставдын талаптарын бузганда;
- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шеек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;
- КАБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
5. КАБдын жетектоочу органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
22. КАБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
23. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн учтон биринен
кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100дон ашуун мүчөсү болгон учурда -25 мүчөсүнон кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24. Жалпы чогулуштун өзгочо компетенциясын томонку маселелер тузот:
- Уставга өзгортуулорду жана толуктоолорду киргизу;
- КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мулкун
пайдалануу тартиби;
- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);
- башкаруу органдарын тузуу тартиби;
- иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
- башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
- кайра уюштуруу жана жоюу;
- башка маселелер;
25. КАБ жалпы чогулуштун жыйындарын откоруу жана мучолорду кат жузундо сурамжылоо
менен чечим чыгарышы мумкун.
26. КАБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КАБдын Кенеши (мындан ары-кеңеш)
саналат, ал КАБдын жалпы чогулушуна жана ЖОБОго отчет берип турат.
28. кеңештин курамы ЖОБдун аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү Кеңештин чечими менен 2 жылдык моонотко бекитилет.
29. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү Кеңештин депутаттары, ЖОБдун аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын окулдору, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КАБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун окулдору кире алышат.
30. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
31. Кеңештин компетенциясына томонкулор кирет:
- тораганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин порграммаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
- Кеңештин пландарын жана иш-чараларын бекитуу;
- ЖОБОнун жана КАБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
- КАБдын мучолугуно кабыл алуу жана КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык койгойлорду чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө отунуч каттарын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖОБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.
32. Кенеш коомдук башталышта иш алып барат. кеңешке кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
33. КАБдын кеңештин төрагасынын компетенциясына томонку маселелер кирет:
- КАБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;
- банктарда эсептерди ачуу жана КАБдын каражаттарын тескөө;
- КАБдын жалпы чогулушунун, кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
34. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоону кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
35. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушсу топтор жана секциялар тузулушу мүмкүн, алардын иштерине кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
36. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу откорулот. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары откорулушу мумкун.
37. Кеңештин жыйынын Кеңештин торагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин торагасынын орун басары алып барат.
38. Кеңештин жыйыны эгерде, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн копчулук добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин торагасы же болбосо жыйынга торагалык кылган адам кол коет.
40. Кеңештин чечими сунуштама мунөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммуникативдуу байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
6. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгортуулорду жана толуктоолорду киргизу тартиби
41. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгортуулорду жана толуктоолорду киргизу КАБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгортуулорду жана толуктоолорду киргизу жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КАБдын мүчөлөрүнүн 2/3тон кем эмес добушу менен кабыл алынат.
43. КАБдын Уставындагы баардык өзгортуулор жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык кучко ээ болот.
44. Юридикалык жактардын бирдиктуу мамлекеттик реестрине тиешелуу жазуулар киргизилген учурдан тартып КАБ өз ишин токтотту деп саналат.
7. Мыйзамдарды бузгандыгы учун жоопкерчилик
45. Мыйзамдарды бузган учурда КАБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык-контролдоочу органы
46. КАБдын финансылык жана чарбалык ишин КАБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык моонотко шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) конторолдойт.
47. КАБдын жетектоочу жана аткаруучу органдарына кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.
48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.
49. КАБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна комок корсотууго милдеттуу.
50. КАБдын иши томонку булактардан каржыланат:
- жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
- кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.
51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга комок көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КААБга өткөрүп берүүгө укуктуу.
52. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КАБды материалдык жана моралдык колдоо чараларын коро алышат.
54. КАБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КАБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.