Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-Февралы № 32-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча айыл өкмөт башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын отчетторун угуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылда аткарылган иштер тууралуу айыл өкмөт башчысы Н.Э.Козуевдин жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А. Салиевдин отчетторун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 27-статьясынын 4-пунктуна жана 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылда аткарылган иштери тууралуу айыл өкмөт башчысы Н.Э. Козуевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын. (отчету тиркелет)
2. 2015-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча ФЭБнүн башчысы А. Салиевдин отчету канааттандырарлык деп белгиленсин. (отчету тиркелет)
Төрага | Н. Туманов |
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Козуев Ниязбек Эгемкуловичтин 2015-жылда аткарылган иштери жөнүндө отчету
Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары! Урматтуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургундары! бүгүнкү отчеттук жыйынга Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Айтиев Бекболот Баратович жана районубуздун мекеме-ишканаларынын жетекчилери келип отурушат куш келипсиздер урматтуу меймандар. Эми урматтуу жыйындын катышуучуалары урматтуу Бекболот Баратович! бүгүнкү жыйындын күн тартибин жана регламентин бекитип алсак. Күн тартибине эки маселе сунушталып жатат. 2015-жылда Көк-Жар айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча отчету, 2016-жылга алдыдагы милдеттери жөнүндө. Ноокат райондук мамалекеттик администрациясынын башчысы Б.Айтиевдин жана райондук мекеме уюмдардын жетекчилеринин 2015-жылда аткарган ишетри жөнүндө отчету жана 2016-жылга милдеттери жөнүндө.
Күн тартиби боюнча кимде кандай сунуш бар? Эгер жок болсо. Анда регламентти бекитип алсак? Биринчи маселе боюнча отчет берүүчүгө 30 минута сураймын. Жарым сааттын ичинде Көк-Жар айыл аймагында 2015-жылы аткарылган иштер боюнча отчетту жана 2016-жылга милдеттер башкача айтканда кылына турган иштер боюнча камтыгынга аркет кылайын. Экинчи маселе боюнча 20 минута, жарыш сөзгө чыгуучуларга 3 мин.дан 5 мин.га чейин берсек регламент боюнча кимде кандай сунуш бар. Анда регламентти да бекитип алдык.
Урматтуу жыйындын катышуучулары, урматтуу меймандар! 2015-жыл ичинде Көк-Жар айыл өкмөтү жана айыл аймактагы мекеме ишканалар тарабынан бир топ иштер аткарылды Айыл өкмөтүбүздүн 2015-жыл 12 айына карата жалпы бюджеттин киреше бөлүгү такталган план тапшырмалардын эсеби менен жалпысы болуп – 19 млн 891 миң 300 сомго бекитилген, тактап айтсам жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгү -12 млн 958 миң 500 сомду түзүп,
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн киреше булактары (сом менен )
Таблицада көрүнүп тургандай 2015-жылдагы бекитилген планга салыштырмалуу 2 799 310 ( эки миллион жети жүз токсон тогуз миң он) сомго ашыкча аткарылып, жалпысынан план 114,1%га аткарылды. Бүгүнкү күндө жашообузду кудага шүгүр дешибиз керек, мына убакыт өткөн сайын элибиз да туура түшүнүп негизинен салыктарды убагында төгүүгө аракет кылууда. Башкача айтканда салык төлөө карыз эмес парз экенин түшүнүштү. Өзүңүздөргө маалым болгондой «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» деп жарыялагандыгы жана ага негиз Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 10-апрелиндеги №92-б буйругун аткаруу максатында айыл аймагында бир топ жумуштар аткарылды атап айта турган болсок Жийде айылынын тургуну жеке ишкер Суюнбаев Амир өзүнүн эсебинен аки таш чыгаруучу ишкана куруп, пайдаланууга берилүү алдында турат, ошондой эле Кыргыз цемент жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте 26 гектар жер аянтына цемент завод куруу үчүн дээрлик документациялык жумуштар бүткөрүлүп, быйылкы жылы иш баштоо алдында турабыз, завод куруу үчүн жер аянтын трацформациялоо райондук администрациясынын милдетине киргендиктен районубуздун акими Бекболот Баратович өзү колдоого алып, райондук администрациясынын токтомун чыгарып берди, учурдан пайдаланып Көк-Жар элинин атынан чоң ыраазычылык билдирип кетемин. Быйыл буйруса март айларында курулуш иштери башталат. Ошондой эле жеке ишкер Жолдошов Кошназар Көк-Жар айылына таш майдалоочу цех ачып, бүгүнкү күндө иштеп, элге кызмат көрсөтүп келе жатат. Алашан айылынын тургуну Ажиматов Абдугулам өзүнүн жер тилкесине 0,3 га жерге күнөскана куруп, өз ишин баштоодо.Бул барыдк айыл өкмөттөрүнө райондук мамлекеттик администрация тарабынан атайын тапшырма берилип, колдоого алынууда. Көп жылдан бери иштебей жаткан Алашан айылындагы АЗС бензин куючу жай жеке ишкер Раимбердиев Жаныбек тарабынан капиталдык ремонттон өткөрүлүп, бүгүнкү күндө элге кызмат көрсөтүүдө, ал эми Жийде айылынын туругуну Төрөниязов Газыбек пластиктен жасалган эшик, терезе ж.б курулуш буюмдарды жасап, Көк-Жар айылында кызмат көрөстүп, 3 адам жумуш орду менен камсыз болду.
Айылдардын инфраструктарсын көтөрүү жана инвестиция тартуу боюнча аткарылган иштерге көңүлүңүздөрдү бөлүп кете турган болсом: Билим берүү тармагында аткарылган жумуштар боюнча:
2015-жылы билим берүү тармагында аткарылган жумуштар: Район боюнча эки эле мектепте 1-4-класстын окуучулары ысык тамак ичишет, анын бири Жийде айылындагы М.Мамытов атындагы Жийде орто мектебинин окуучуларына бүгүнкү күндө ысык тамак уюштурлуп, балдарыбыз ысык тамак менен камсыз болушту. бул жерде баса белгилеп кетиш керек мектептин директору Марзия Амиракулованын жеке аракети менен долбоорлорду жазып, ушундай ийгиликтерге жетишип заманбап ашкана эмеректерин алып, ашпозчуларга да шарт түзүп берген. Айыл өкмөтү тарабынан ашканасына суу түтүкчөлөрү жаңыланып берилди. Бүгүнкү күндө көмөкчү чарба түзүү үчүн мектеп директору Марзия эжеке долбоор жазып ООНго 338 000 сомдук проектисин өткөрүп келди, айыл өкмөтү тарабынан колдоо максатында 2 га жер ажыратып бердик мектептин көмөкчү чарбасын уюштуруу жана андан ары өнүктүрүү максатында. Андан сырткары ушул эле мектептин 3 окуу каанасына пол төшөлүп, ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 160,0 миң сом берилди. Ак-Өтөк башталгыч мектебине 80,0 миң сом бюджеттен бөлүп берип, ошол эле мектептин тосмосу тосулуп жана техникалык каражаттарды сатып алууга жумшалды. Жаштардын талабы болгон Ак-Өтөк участкасында спорт аянтча жок болгондуктан жергиликтүү бюджеттен 2015-жылда 112,0 сомго курулуш материалдарын сатып алып бердик, 2016-жылда 100,0 сом каралууда, калганын элдин күчү менен мектепке спорт аянтча курулат деп пландаштырылууда. Жийде-Бурак балдар бакчасына «Балдарды коргоо долбоору» тарабынан 120,0 сомго беседка куруу үчүн курулуш материалы алынып берилди, жергиликтүү бюджеттен 50,0 миң сом акча уста акысна берилди, ошондой эле демөөрчүлөр тарбынан 35,0 миң сомго бакчанын киребериш жери оңдолду. Борбаш айылындагы «Сүйкүм» балдар бакчасына да жергиликтүү бюджеттен 80,0 сом бөлүнүп, ашканага чай ичүү үчүн стол, стул жана ашкана эмеректерин сатып алып бердик, ошондой эле ашканасын толугу менен сыртка чыгарып, пайдаланууга берилди. ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 210,0 миң сом, ата-энелерден 20,0 миң сом жардам көрсөтүлдү. Каранай айылынын тургуну Зулпуев Саит өзүнүн эсебинен ушул эле бакчага 50,0 миң сом акчага бакчанын толук электр зымдарын жаңылап, муздаткыч алып берди, ал эми ата-энелер тарабынан полду жылуулоого жана балдардын төшөнчүлөрүн актоого 60,0 миң сом демөөрчүлүк кылса кээ бир атуулдарыбыз, балдардын тамак ашына өздөрүнүн чарбаларынан картошка, пияз, эт ж.б. продукталар менен жардам берип келишүүдө. Сарыкаңды айылындагы «Ак шоола», Алашан айылындагы «Алашан Келечеги» балдар бакчаларынын жылытуу системасын көмүргө өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 300,0 миң сом ажыратылып, эки бакчанын тең жылытуу системасы пайдаланууга берилди, Ошол эле Алашан Келечеги балдар бакчасынын ажаатканасы үчүн 200,0 миң сом бөлүнүп, 95 пайызы бүткөрүлүп, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Сарыкаңды айылындагы «Маданият» орто мектебинин усулдук каанасына 80,0 миң сомго стол, стул, мугалимдер үчүн шкаф алынып келинип берилди. Алашан Келечеги, Жийде Бурак балдар бакчаларынын жана Каранай толук эмес орто мектебинде суу көйгөйү бар эле бүгүнкү күндө бул жумуштар аткарылып, суу чыгаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 59,0 миң сом жумшалды. Каранай толук эмес орто мектебинин спорт залына жеке ишкер Бекмурзаев Абдрахмандын демөөрчүлүгү менен 261,0 миң сомго материал алынып берилип, залды каптоого иштетилсе, ушул эле айылдын тургуну Зулпуев Саит тарабынан 260,0 сомго күрөшүү үчүн 52 даана килем, 56,0 миң сомго бир комплект акыркы муундагы компьютер берилди. Бул агаларыбызга да жалпы элдин атынан ыраазычылк билдиребиз. Көк-Жар орто мектебине ажааткана куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 544,117 сом бөлүнүп, сентябрь айында пайдаланууга берилди. Борбаш орто мектебинин кательныйын үстүн шиферлөө үчүн бюджетибизден 80,0 миң сом берилип мугалимдердин күчү менен толук жабылды. Көк-Жар айылындагы «Шүүдүрүм» балдар бакчасын толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грантынын эсебинен 3 млн 259,0 миң сомго проект жазылып, толугу менен ремонтолуп, бүгүнкү күндө 120 бала тарбияланып жатат. Анын да өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен 350,0 миң берилсе, ичндеги окуу стол, стулдарына Бекболот Баратович да 30,0 миң сом райондук мамлекеттик администрациясынан жардам берди. Ал эми өздүк бюджетибизден 75,0 миң сомго кроват, 66,0 миң сомго откана куруп, 50,0 миң сомго бакчага КТП сатып алып бердик, ата-энелер тарабынан ичине килем, балдардын төшөнчүлөрү, идиш аяктарына демөөрчүлүк кылып беришти. Бекмурзаев Абдрахман да өз эсебинен бул бакча үчүн да 30,0 сом накталай акча берсе, Жолболдуев Памир 25 даана кроват, 25 стулга жардам берди. Билим берүү жаатында материалдык базасын чындоо менен бирге айыл аймагындагы мектептерде окуучулар, ата-энелер, мугалимдер менен биргеликте бир канча жолу Кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны болтурбоо, ошондой эле диний экстремизмге каршы күрөшүү, патриоттуулука тарбиялоо боюнча да бир топ жумуштар аткарылып, конференциялар, ачык сабактар уюштурулду.
Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча айта турган болсом: бүгүнкү күндө 1 ооруукана, 2 /БДТ, 4 ФАП иштеп келет. Ошондой болсо да жарандарыбыздын ичинен гипертения оорусу менен-365, Бронхиалдык астма-12 адам, Кант диабети менен-65 адам, Бруцеллез ооусу менен-6 адам, Ревматизм менен-10 адам жабыркап келет. Элибизге шарт түзүү максатында жергиликтүү бюджеттен 140,0 миң сом ажыратылып, поликлиниканын киребериш жерине кабыл алуу бөлмөсүн уюштуруп бердик. Бекболот Баратович өзүңүзгө маалым болгондой Сарыкаңды айылында ФАП жок эле АРИСтин «Карызды конверциялоо-3» долбооруна проект жазылып, алар тарабынан колдоого алынып, 2 млн 100,0 миң сомго толугу менен бүткөрүлүп берилди. Анын өздүк салымы үчүн бюджетибизден 75,0 сом бөлүп бердик жана ичиндеги эмеректери үчүн 28,0 миң сомго медиктер жана бейтаптар үчүн мебель, стол стул менен камсыз кылып бердик. ФАПтын ачылыш аземинде райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бир дана муздаткыч тапшырылды. Бул ФАПтын курулушуна да аким тарабынан чоң жардам берилди. Эми штаттык бирдиги менен ичиндеги медициналык эмеректер бөлүнүп берилсе, ФАП толугу менен иштеп калат эле.
Социалдык обьектилерди куруу: Көк-Жар айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстелигинин күн батыш тарабын тосмосу калган эле тосмону тосуу үчүн 113,0 миң сом, киребериш жерине брусчатка жаткыруу жана майда ремонту үчүн 254,0 миң сом жумшалып, Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекесине карата жалпы узундугу 115 метр болгон аллея курулуп, ага жергиликтүү бюджеттен 850,0 миң сом ажыратылып берилип, аллея толугу менен бүткөрүлүп бүгүнкү күндө баарыбыз үчүн эс алуучу жайга айланып отурат. Жеке ишкер М.Эрматова тарабынан кичи футбол анятчасы курулуп, ишке киргизилди. Бул обьектин иш аракети жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, алардын ар кандай терс көрүнүштөрдөн арылуусуна өбөлгө түзүлөт деген ойдобуз. Мындан сырткары айыл өкмөтүнүн балансасында турган былтыркы жылы курулган спорт аянтчасынын кичи футбол аянтчасына жаздын алды менен аппрат кызматкерлеринин, жаштарыбыздын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жардамы менен бир жума ашар уюштурулуп, 120 каттам чым чабылып, бастырылды. Учурдан пайдаланып ким жакындан жардам берген атуулдарга өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирип кетемин. Бул иш үчүн жергиликтүү бюджеттен 33,0 миң сом иштетилсе, спорт аянтчасын тосмосун тосуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 805,0 миң сомго тосмо тосулуп, 12 даана түнкү жарыткыч коюлду. Ошондой эле Алашан айылындагы спорт аянтчасынын да калган жагы толугу менен тосулуп, 4 даана түнкү жарыткыч орнотулду. Ага да жергиликтүү бюджеттен 92,0 миң сом жумшалды. Өзүңүздөргө маалым болгондой былтыркы жылы айыл өкмөтүнүн демилгеси менен 31-август Кыргыз Ресупбликасынын Эгемендүүлүгүнө карата жаңы стадионодо жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөр Абдрахман Бекмурзаев, Жаңыбай Түмөнов, Памир Жолблодуевдердин демөөрчүлүгү менен чоң күрөш өткөрүлүп, жылына ушул күндү традиция катары белгилеп элибиз үчүн чоң майрам уюштурсак деген ойубуз бар.
Инфраструктураны жакшыртуу иштери : Райондо биринчи жолу биздин айыл өкмөтүндө «Коопсуз айыл» деген аталышта Ош-Исфана чоң жолунун боюна 2 даана видео наблюдение коюулуп, бүгүнкү күндө ички иштер кызматкерлерине кылмыштардын бетин ачууда жакындан жардам берип жатат. Ал үчүн 200,0 миң сом ОБСЕ тарабынан 100,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп бүгүнкү күндө иштеп жатат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Көк-Жар айылынын жаңы конуштарына 512,0 миң сомго 1 даана КТП, 12 дана ЖБ столба жана жогорку чыңалуудагы электр линиясы тартылып берилди. Андан сырткары 376,0 миң сомго 41 даана жб стольба алынып айылдарга таркатылып берилди.Борбаш айылынын тургуну Рыспаев Равшанбек да 1 даана КТП Борбаш айылына коюуп берсе, ошол эле айылдын тургуну Боркошов Алмазбектин демөөрчүлүгү менен 1 даана 100 кВт КТП жана элдин жардамы менен 20 ЖБ столбалар алынып келинип, Борбаш айылынын жаңы конуштарына коюлду. Анын 2200 метр узундуктагы чубалгыларын айыл өкмөтүнүн бюджетинен алынып берилди. Ошондой эле 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан бардык айылдарда мектептерге жана айылдын керек жерлерине зарылчылыгына жараша 1 млн сомдон ашык жумуш аткарышып беришти. Аларага да өзүмдүн атымдан, сиздердин атыңыздардан ыраазычылык билдирип кетемин.
Жолдорду оңдоо жана инфраструктураны жакшыртуу : Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинен жолдорго шагыл төшөө үчүн жалпысы болуп 473,8 миң сомдук шагыл ташылып, тегиздөө иштерин да айыл өкмөтү өз колуна алды. Ал эми демөөрчүлөр тарабынан Бекмурзаев Абдрахман Каранай жана Ак-Өтөк айылына 213 рейс, Алашан айылынын тургуну Мадмаров Улан,Сарыкаңды айылынын тургуну Маматов Нурбектер тарабынан 120 рейс шагыл ташылып, Абдазов Алмазбек, Садыков Абыд, Кулмурзаев Дамир жана айыл аймагындагы МАЗ, Камаз минген балдарыбыз өздөрүнүн колунан келген жардамдарын беришип, келишүүдө. 2015-жылы Рыспаев Равшандын, Акулов Айбектин жана айыл өкмөтүнүн демилгеси менен КРнын ӨКМ тарабынан Сасык Бука сайы 800 метр узундукта тазаланып, бир аз болсо да коопсуз абалга келтирилди, ошол эле МЧС тарыбанан Жийде айылындагы Абылгазы участкасына өтүүчү көпүрөөнүн жээктерине 140 дана габиондук сетка берилип, тазалоо иштери жүргүзүлдү жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен таш ташылып, сетка жаткырылып ага 125,0 миң сом бөлүнүп берилди. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн киребериш жерине 142,0 миң сомго арка курулуп, айыл өкмөтүнүн ичине плита бастырылып, тепкичтери оңдолуп, фоесине платсика эшик-терезелер орнотолуп, астына пол төшөлүп, келген жарандарга стол, стул коюулуп шарт түзүлдү, ал үчүн 400,0 миң сом жумшалды.
Жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана айыл чарба иштери: Жылына жаз айлары келери менен жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүрүп, ал үчүн атайын буйруктар иштелип 3 айлык жарыяланат.жылына райондук токой чарбасы менен болгон келишимге негиз ар кандай декеративдик дарак отургузулат, жана алар пландаштырылган участкаларга эгилет. Ал үчүн 25,0 миң сом каралып, алардын өсүшү боюнча токой чарбачылыгы тарабынан да көзөмөлгө алынып турат.Жергиликтүү тургундарыбыз тарабынан да өздөрүнө тиешелүү болгон жерлерге ар түрдүү бак дарактарды эгишет. Ошондой эле аксакалдарыбыз баш болгон ата-бабаларыбыздан калган эң жакшы салт бар бул жаш кары дебей элдин ашар жолу менен ички жана сырткы арыктарды, каналдарды тазалап, жазгы тала жумуштарына даярдык көрүү, бул биздин айыл өкмөтүндө жакшы жолго коюулган. Жийде айылындагы Ак-Өтөк учаткасындагы үлүштүк жерлерди сугат суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен 200,0 миң сом бөлүнүп, элдин колдоосу менен сугат иштери бир топ жакшырып калды десек болот. Айыл өкмөтүнүн самсунг экскватору менен да зарылчылыгына жараша бир топ арыктарыбызды чаап, иреттеп алдык. Бирок тилеке каршы бүгүнкү күндө ички арыктарды чаап иртеке келтирүү анча жакшы эмес. Кыргыз Республикасынын жер реформасынын негизинде айыл өкмөтүндө 1800 дөн ашуун жеке жана дыйкан чарба болсо, социалдык төлөмдөрдүн көбөйүшүнүн негизинде кайрадан чарбалардын ичинен майда чарбаларга бөлүнүшүп, жатканы да бир топ түйшүктөрдү пайда кылып жатат. Бул боюнча да кечээ күнү атайын Ош шаарында бир топ талкуулар болду, алымча кошумчасы менен мыйзамга өзгөртүүлөр киргизиле турган болду.
Калкты таза суу менен камсыз кылуу:
Айыл аймагында таза суу линиясынын жалпы узундугу 74 км түзөт. Бул боюнча ачык айтуу керек таза суу проблемасы бизде толук кандуу эмес. Кээ бир айылдарда суу проблемасы ошол эле бойдон калууда. Ошондой болсо да жергиликтүү бюджеттин эсебинен Каранай айылынын чоң жолдун боюндагы тургундарыбыз үчүн 250,0 сомго суу чыгарып бердик, бүгүнкү күндө токтобой чыгып жатат. Биздин жергиликтүү бюджеттин тартыштыгынан элди таза суу менен толук кандуу камсыз кылуу мүмкүн болбой жатат. Бирок «Борбордук Азия суу боюнча альянс» коомдук бирикмеси менен иштешип Борбаштагы резервуарды тазалап, сбросун оңдоп, чекесинин тосмосу тоссок, 2015-жылы 1млн 600 миң сомго проект даярдалып, натыйжада 1 млн 430 миң сомго Жийде жана Каранай айылдарындагы жалпы узундугу 1500 метр жердин суу түтүкчөлөрү алмаштырылды. Бул проектте элдин салымы 530,0 миң сом эле аны да жергиликтүү бюджеттен төлөп бердик. Элдин күчү менен Борбаш айылынын уч тарабына өздөрү демилге көтөрүшүп суу проблемасын чечип алышты. Жогоруда айтылгандай элибизди таза суу менен камсыз кылуу багытында бир топ иш аракеттер жүрүп жатат, бирок таза суу системасынын эскилиги жетип, суу түтүктөрү чирип калгандыктан система толлук кандуу иштегенге болбой жатат. Буюрса таза суу системасын утур оңдоп жанылоо иштерин улантуу максатында дагы да чет элдик инвесторлор менен тыгыз байланышта иштөө пландарыбызда бар.
Социалдык жактан камсыздоо иштери боюнча:
Айыл аймагыбыздагы 416 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пул чегерилген ай сайын ар бир балага 705 сомдон бир айда 1 млн 3 миң сом алышса бир жылда 12 млн 38 миң сом мамлекет тарабынан берилип турат . ал эми айыл аймагында 1852 пенсионерлер болсо алар бир айда 8 млн 4 миң сом, бир жылда 96 млн 48 миң сом пенсия алышат. Ошондой эле 2 тоголок жетим, 167 жарым жетим 18 жашка чейинки балдар каттоодо турушат.Мындан сырткары 13 ДЦП жаштайынан майыптар бар.2015-жылы тоголок жетим балдарга ар бирине 200 сомдон 4000 сомго чейин материалдык жардам берилди. Кургак учук менен ооруган 3 атуулга 9000 сомдон берсек, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата ар балдар бакчасына 1000 сомдон, 6 000 сом, Борбаш, Жийде. Маданият орто мектептеринин окуучуларына 1000 сомдон 3000 сом сыйлык катары берилди. Балдардын эмгегин тамекиден чететтүү долбоору менен көп жылдан бери иштешип 117 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар бирине 25 миң сомдон бардыгы болуп 2 млн 925 миң сом жылдык төлөмү 18% дан кредит алынып берилди. Ушул эле долбоордун негизинде 12-июнь күнү ар кандай сынактар жарыяланып жыйынтыгында жеңүүчүлөргө түрдүү белектер берилип, 34 бала Чынгараев лагерине барып эс алып келишти. 1-октябрь улгайган адамдардын майрам күнүнө карата 5000 сом каралып, райондук соцфонд тарабынан уюштурулган майрамдык кечеге ар бир айылдан бирден аксакалдарыбыз барып келишти. 3-декабрь майыптар күнүнө карата айыл өкмөтүнүн кичи залына майрамдык кече уюштурулуп, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20500 сом, демөөрчүлөр Абдрахман Бекмурзаев, Каримжан Батыров, Сатар Миңбаев, Гүлнара Дуванаева, базардагы сода сатык менен иштеген соодагерлерибиз, жеке ишкерлер тарабынан 18 360 сом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарыбызга материалдык жардам катары берилди.
Мал чарбачылыгы жана ветеринардык кызмат:
Малдын саны кудага шүгүр жылдан жылга көбөйүп жатат. Айыл өкмөтү боюнча 3 ветеринардык сервис элге кызмат көрсөтүп келе жатат. Алар малдан жугуучу ар канадай ооруулардын алдын алуу максатында убагында профилактикалык иштерди жүргүзүшүп келет. Ошондой эле жолбун иттерди атуу жылына күз-кыш мезгилдеринде улантылат. Буга да жергиликтүү бюджеттен 150,0 миң сом ажыратып бергенбиз. Сарыкаңды айылындагы Дедек-Бүбү участкасынан 6 сотых жер ажыратылып, «Беккери» чуңкуру толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ага 80,0 миң сом бердик. Биз малдын санына эмес сапатын жогорулатуу максатында 2 жасалма уруктандыруучу пункуттарды ачканбыз. Анын бирөөсү К.Сатаровдо, бирөөсү К.Ражаповдо алар былтыркы жылы 68 баш кара малга жасалма жол менен уруктандырылып, 42 баш музоо алынды. Жалпысынан алганда жогорудагы иш аракеттердин негизинде айыл аймагыбызда эпизоотиялык абал туруктуу кармалып келүүдө. Эми буйруса быйылкы жылы мамлекеттик стандартка жооп бере турган бир мал союучу жайды пландаштырганбыз, ачып ишке киргизсек элибиз үчүн дагы бир шарт түзүлмөк. Кыргызстандагы белгиленген бардык майрамдык даталарды өз денгээлинде өткөрүп жатабыз. Буга мисал кече жакындагы жаңы жылдык майрам. Бул аткарылган иштер эң негизгиси жергиликтүү кеңештин депутаттары биздин демилгелерди колдоп, жакындан жардам бергендигинен элибиз туура кабыл алып, айылыбыздагы колунда бар ага-эжелерибиздин эл үчүн кол кабыш кылгандыгында деп ойлоймун. Көңүл бөлгөнүңүздөргө чоң рахмат.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы: Н. Козуев.
Кок-Жар айыл өкмөтүнүн 2015- жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы бюджеттин киреше жана чыгаша болукторунун аткарылышы боюнча отчет.
Урматтуу президиум .
Урматтуу депутаттар .
Урматтуу жалпы чогулуштун катышуучулары .
Айыл окмотубуздун 2015-жыл карата жалпы бюджеттин киреше болугу такталган план тапшырмалардын эсеби менен жалпысы болуп -19 891 300 сомго бекитилген, тактап айтсам жергиликтуу бюджеттин киреше болугу -12958500 сомго, тендештируу гранты(республикалык бюджеттен) -5582800 сомго (аппарат кызматчылардын эмгек акысы ,электрэнергия, комур ж.б.) жана атайын каражаттар 1350000 сомго ( ата-энелердин толому ) белгиленген . Таблица № 1 (сом )
Жогорудагы № 1 таблицанын негизинде айыл окмоттун жергиликтуу бюджеттин киреше болугу боюнча белгиленген – 12891300 сомдун ордуна аткарылганы – 156048101 сомду тузуп же болбосо белгиленген суммадан жалпысы болуп – 2646310 сомго ашыкча аткарылып – 120,7 % тузду . Урматтуу бугунку жыйындын катышуучулары сиздерди эми айыл окмоттун чыгаша болумунун аткарылышына назар салсаныздар . ( сом )
2015 –жылдын жыйынтыгы боюнча салык толомдордон жана социалдык фондко , кызматчылардын эмгек акысынан , электроэнергия , комурдон карыздар жок, 2015-жылы жургузулгон ревизиянын жыйынтыгы пайда болгон 35832 сом подоход налогу, 40732 сом соц. фондко толонуучу айыптар, 2015-жылы жылдын жыйынтыгы менен пайда болгон 3218322 (Уч миллион эки жуз он сегиз мин уч жуз жыйырма эки) сом акча каражатын ичинен толонот .
|