Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 27/1
Араван районун Керме-Тоо айылдык округунун 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга айылдык бюджетин бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык округу тарабынан даярдалып, айылдык округунун экономикалык жана социалдык өнүгүусүнүн 2016-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айылдык округунун 2015-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын жана 2016-жылга айылдык бюджетин бекитүү жөнүндөгү меселени карап жана талкуулап:
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айылдык округунун 2015-жылда жергиликтүү бюджетинин кирешелери боюнча 01.01.2015-жылдагы калдыкты кошуп эсептегенде (11088,9 +112.8)=11201.7 миң сомго, ал эми чыгашалары боюнча 10702,9 миң сомду түзүп, кирешенин чыгашадан артыкчылыгы 478.3 миң сом менен бекитилсин.
2. Керме-Тоо айыл округунун 2015-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгы 498.8 миң сом акча каражаттарынын пайдалануусу № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Керме-Тоо айылдык округунун 2016-жылга айылдык бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар № 1 тиркемеге ылайык 10042.3 миң сомго белгиленсин.
4. Керме-Тоо айылдык округунун 2017-2018-жылдарга айылдык бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын. 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинен берилуучу теңдөөчү грантынын болжолу 2017-жылга 4411.6 миң сом, 2018-жылга 4379.6 миң сомго белгиленсин.
5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акыга, социалдык фондуна, тамактануу жана жеңилдиктерге), ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлсүн. Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтырылышы мүмкүн.
6. Керме-Тоо айылдык округунун администрациясы төмөндөгүлөргө укуктуу:
Эгерде бул айылдык бюжеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 3-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө: кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга:
Киргизилген өэгөртүүлөр Керме-Тоо айылдык кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
7. Айылдык бюджетке кирешеден чегерүүлөр кирешелерден алынуучу салык (подоход налог) боюнча 50%, сатуудан алынуучу салык боюнча 50% жана роялти боюнча 50 % өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин. Транспорт салыгы, жер салыгы, патенттерден түшүүчү киреше, ФПСтин аренда акысы, кыймылсыз мулк салыгы толугу менен 100 % өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
8. Керме-Тоо айылдык округуна караштуу Манас, Жеңиш жана Бирлик айылдарына -1, Пахта-Арал, Жаңы-Жол жана Жаштык айылдарына-1, Чөгөм, Күндөлүк жана Байдамтал айылдарына-1, Кичи-Алай айылына-1 бардыгы болуп 4 айыл башчы белгиленсин (№ 5 тиркеме тиркелет).
9. Керме-Тоо айыл округунун 22154900 статьясынын эсебинен 6 штат бирдигин каржылоо (№ 4-тиркеме тиркелет) жана жергиликтүү Кеңештин мыйзамына ылайык кеңештин төрагасына ар бир сессиянын өткөрүлгөнүнө айыл өкмөтүнүн башчысынын бир күндүк эмгек акы төлөп берүү белгиленсин. Сессиянын чечимдерин юстициядан каттоо үчүн ар бир өткөрүлгөн сессиянын документтерине 300 сом өлчөмүндө белгиленсин. 10.2016-жылдын айылдык бюджетинин 22154900 статьясынын чыгашалары № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана бюджетти толуктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
Төрага | А. Тажибаев |
Керме-Тоо айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясынын № 27/1 токтомуна № 1-тиркеме |
| Кирешелер | Суммасы (миң сом) |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 1802,0 |
2 | Пайда салыгы | 20,0 |
3 | Патентик негизде алынуучу салык | 295,0 |
4 | Милдеттүү патентик негизде төлөм | 2.0 |
5 | Кыймылсыз мүлккө салык | 6.5 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 453.6 |
7 | Тамарка жер участкаларынын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 155,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерден пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 640.7 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 15.0 |
10 | Сатуудан жана аркылуу кызматтар көрсөтүү үчүн салык | 1321.0 |
11 | Ижара акы | 414.3 |
12 | Таштандыларды алып чыгуу салыгы | 50.0 |
13 | Мамлекеттик алымдар | 50.0 |
14 | Администрациялык айып алуулар |
|
15 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу | 20.0 |
16 | Тендештерүүчү грант | 4797.2 |
| Бардыгы | 10042.3 |
№ | Чыгашалар | Сумма |
1 | Аппарат |
|
2 | Билим берүүгө |
|
3 | Социалдык камсыздоого |
|
4 | Маданият бөлүмүнө |
|
5 | Айыл чарбасына |
|
| Бардык чыгашалар | 10042.3 |
Керме-Тоо айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясынын № 27/1 токтомуна № 2-тиркеме |
№ п.п |
Берененин аталышы |
Берене |
Суммасы |
| Сельхоз бөлүмүнө |
|
|
1 | Проч.расход | 22154900 | 356.7 |
2 | Аппарат бөлумунө |
|
|
3 | Электр энергияга | 22321100 | 121.6 |
| Бардыгы |
| 478.3 |
Төрага | А. Тажибаев |
Керме-Тоо айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясынын № 27/1 токтомуна № 3-тиркеме |
№ | Чыгашалар | Сумма |
1 | Жол оңдоого | 422.1 |
2 | Нооруз майрамына | 90.0 |
3 | Ит атууга ,карышкыр атууга | 20.0 |
4 | Өзгөчө кырдаалдар | 10.0 |
5 | Афганчылар жана баткенчилер күнү | 12.0 |
6 | 8-март Аялдардын эл аралык майрамы | 30.0 |
7 | Пионер лагер | 50.0 |
8 | Суу ташуу келишимдин негизинде | 100.0 |
9 | Даталуу күндөргө (эгемедүүлүк, маданият, мугалимдер, медицина, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу күнү) | 70.0 |
10 | Спорттук оюндарына | 40.0 |
11 | Матриалдык жардам | 20.0 |
12 | Архивге документ тапшыруу | 10.0, |
13 | Гос акт алуу үчүн ген.план | 40.0 |
14 | Арык чабуу үчүн | 580.0 |
15 | Келишим негизинде эмгек акы | 42.0 |
| Бардыгы | 1536.1 |
Төрага | А. Тажибаев |
Керме-Тоо айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясынын № 27/1 токтомуна № 4-тиркеме |
№ | Аталышы | Бир айлык эмгек акы | Бир жылдык эмгек акысы | Соц фондго чегерүүлөр | Жалпы суммасы |
1 | ФАПтын кароолу Кең-Сай массиви | 2000 х 12 ай | 24000 | 4140 | 28140 |
2 | Мазардын кароолу | 500 х 12 ай | 6000 | 1035 | 7035 |
3 | Канторанын кательныйдын эмгек акысы | 3000 х 4 ай | 12000 | 2070 | 14070 |
| Бардыгы | 5500 | 42000 | 7245 | 49245 |
Төрага | А. Тажибаев |
Керме-Тоо айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясынын № 27/1 токтомуна № 5-тиркеме |
№ | Айылдын аталыштары | А.А.Ж. |
1 | Манас, Жеңиш, Бирлик айылдары | Ташматов А. |
2 | Пахта-Арал, Жаңы-Жол, Жаштык айылдары | Мамаев А. |
3 | Чогом, Күндөлүк, Байдамтал айылдары | Мамаджаров С |
4 | Кичи-Алай айылы | Айдаркулов А. |
Төрага | А. Тажибаев |