Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын27-июну № 30/03
№ 48 «Гүлбаар» орто мектебине 2015-жылы жаңы имарат курулуп пайдаланууга берилгендигине байланыштуу, эски имаратын ремонттоп, мектеп алдындагы балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында мектепке чейинки балдардын саны көбөйгөндүктөн, айыл өкмөтүнүн аймагында балдар бакчалары аз ,Керме-Тоо айыл өкмөтү боюнча бир гана балдар бакчасы бар боллгондугуна байланыштуу, көптөгөн мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчага тартылуусу кыйынчылыктарды жаратууда. Айыл тургундары , ата-энелер тарабынан балдар бакчаларын ачуу боюнча айыл өкмөтүнө кайрылуулар келип түшкөн,ушул көйгөйлүү маселени чечүү максатында айыл өкмөтү Гүлбаар айылындагы № 48 «Гүлбаар» орто мектебине 2015-жылы жаңы имарат курулуп пайдаланууга берилип, эски имараты бош жаткандыгына байланыштуу мектеп алдындагы “Айгүл” балдар бакчасын ачууга макулдук сурап, айылдык кеңешке кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30- майында «Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу Республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө № 302-токтому чыккан.Бул боюнча билим берүү тармагынын айрым статьяларын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы каралууда.Ошондуктан күн тартибиндеги маселени карап чыгып депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 18-беренесинин 1- бөлүмүнүн 20-пунктуна жана 20-берененин 6-бөлүмүнүн 4- пунктун жетекчиликке алып Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлбаар айылындагы № 48 «Гүлбаар» орто мектебине 2015-жылы жаңы имарат курулуп пайдаланууга берилгендигине байланыштуу, эски имаратын ремонттоп, мектеп алдындагы «Айгүл» балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2.Жаңыдан ачылган мектеп алдындагы “Айгүл” атындагы балдар бакчасынын имаратын ремонттоп, тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуу Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин жана балдар үчүн керектүү эмеректер (диван.кроват, матрац ж.б.) менен жабдуу милдети ата-энелерге жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302-токтомуна ылайык жаңыдан ачылган мектеп алдындагы балдар бакчасынын штаттык бирдиктерин жана башка чыгымдарын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы Араван районунун билим берүү бөлүмү аркылуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен суралсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык- маданий, укук-тартип жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жана Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |