Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылд 25-февралы № 1
“Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү ошондой эле 2017-2018 жылдардагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолу жөнүндө”
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы ошондой эле 2016-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан жеткирилген контролдук сандардын негизинде Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы К.Таджибаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн 8855,7 миң сом жана чыгаша бөлүгүн 8572,1 миң сомго аткарылышы бекитилсин.
2. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү 6656,5 миң сомго жана чыгаша бөлүгүнүн көлөмү 6656,5 миң сомго, анын ичинен атайын каражаттар бөлумү 224,5 миң сомго түзүлгөн сметасы бекитилсин.
3. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 6656,5 миң сом анын ичинен:
Жергиликтүү кирешелер-2616,8 миң сом.
Теңдөөчү грант -4039,7 миң сом.
4. 2016-жылга Республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү теңдөөчү гранттын 4039,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга кирешелер боюнча болжолу 6727,0 миң сом суммасында, 2018-жылга 7001,0 миң суммасында бекитилсин.
6. ”Кыргыз Республикасынын 2016-жылдагы Республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамына ылайык, жергиликтүү бюджетинин чыгымдарды каржылоону биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы,социалдык фондко чегерүү,тамак-аш жана коммуналдык чыгымдарды) төлөөнү сунушталсын.
7. Айылдын социалдык-экономикалык өнүгүсүнүн көрсөткүчтөрүн өзгөрүшүнө жараша салыктын түрлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен, Кыргыз Республикасынын каржы Министирлиги тарабынан берилген кабарламалардын негизинде чектөө планына өзгөртүү киргизүү айылдык финансы экономика бөлүмүнө (К.Таджибаев) милдеттендирилсин.
8. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы менен камсыздоо биринчи кезекте салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген планын ар бир түрү боюнча аткарууну камсыз кылуу жагы киреше бөлүмүнө (А.Ашуровко) милдеттендирилсин.
9. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптер жөнүндө 1998 жылдын 11-июнундагы мыйзамдын 21-статьясына ылайык, жалпы бюджетинин 1% же 64,3 миң сом өлчөмүндө резервдик фонду бекитилсин.
10. 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 23 статьясына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата жүгүртүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү 50(элүү) миң сом болуп бекитилсин.
11. Талдуу-Булак айыл өкмөтүндө табият кырсыктарынын кесепеттерин жою боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында кол тийигис 100,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин, жана бул каражат жарандык коргонуу камиссиясы аркылуу пайдалануу милдеттендирилсин.
12. “Кыргыз республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын 17-статьясына ылайлык пландан ашыкча жыйыналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип,айдын, кварталдын пландуу чыгымдарына каржылоо финансы экономика бөлүмүнө (К.Таджибаев) сунуш кылынсын.
13. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 8-июль № 403 токтомунун негизинде, Талдуу-Булак айыл округунун килиматтык шартын эске алып 5 (беш) айыл башчы штаттык бирдиги (Көк-Алма -2 штат,Каба- 1штат, Катар-Жаңгак-1 штат жана Уч-Булак-1 штат) жана аскерге чакыруу кызматынын бөлүмүнө 2(эки) штат бирдиги бекитилсин.
14. Атайын каражаттан эсебинен түшкөн акча каражатын толук бойдон Базар-Коргон регионалдык казына бөлүмү аркылуу иштетилсин.
15. Айылдык Кеңештик кезектеги сессиясында айтылган сын-пикир,суроо талаптарды аткарылышы боюнча КЭБ.нүн сунушу менен айылдык Кеңештик кезектеги сессияларына маселе коюп туруу жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
16. Бул токтом тиркемеси менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.
17. Бул токтомду тиркемеси менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
18. Ушул токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин бюджет экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы К. Таджибаевке милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Матишев |