Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 23-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсеп счетундагы калган калдыкты иштелип чыгылган Долбоордун тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда, Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерине жана чыгашаларына 1038,1 миң сомго, атайын эсептик счетундагы 395,8 миң сомго бардыгы болуп 1459,9 миң сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.
2. 2016-жылга айыл өкмөттүн бюджеттинде 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү жыл башында бекитилген суммага, 2016-жылдын 1-январына карата эсептик счетунда жана атайын эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылоо айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Токоевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |
Депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенешинин (бешинчи чакырылышы) кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын 2016-жылдын 19- февралындагы № 23-3 токтомуна № 1 тиркеме |
01.01.2016-жылга атайын эсептик счеттундагы калдык | 395,8 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 395,8 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр |
|
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду |
|
Коргонуу |
|
Айыл чарбачы |
|
Коммуналдык чарба |
|
Маданият |
|
Билим берүү | 395,8 |
Социалдык коргоо |
|
Чыгашалар жыйынтыгы: | 395,8 |
Депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы | Ж. Нурматов |
Депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенешинин (бешинчи чакырылышы) кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын 2016-жылдын 19- февралындагы № 23-3 токтомуна № 1 тиркеме |
01.01.2015-жылга эсептик счеттундагы калдык | 1038,1 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 1038,1 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 460,4 |
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду |
|
Коргонуу |
|
Айыл чарбасы | 120,8 |
Коммуналдык чарба | 150,0 |
Маданият | 306,9 |
Билим берүү |
|
Социалдык коргоо |
|
Чыгашалар жыйынтыгы: | 1038,1 |