Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-апрели № 13
«Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык аймагында жер рыногун жөнгө салууну, асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө ижарага берүүнү ишке ашыруу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагында жер рыногун жөнгө салуу,асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн ижарага берүүгө укуктарды берүү иштеринин мыйзамдуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.(№ 1 тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов)
Төрага | А. Беделов |
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-апрелинде өткөрүлгөн IХ сессиясынын №13 токтомуна №1 тиркеме |
1. Аликулов Таалайбек – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы
2. Төрөмурзаев Тариел - айыл өкмөтүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы.
3. Калбаев Балтабай - айыл өкмөтүнүн жетекөөчү адиси.
4. Алдраков Сырбек – айылдык кеңештин депутаты, (макулдугу менен)
5. Мурзаев Асабидин - айылдык кеңештин депутаты, (макулдугу менен)
6. Зикиряев Төлөгөн – айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы.
7. Батыралиева Мукарам – Кызыл-Абад айылынын тургуну.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: | А. Зикиров |