Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 14
«Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан сунушталган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамын карап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан сунушталган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Комиссиянын бекитилген курамына айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралу Жобого ылайык иш алып баруу жана жогорудагы маселе боюнча иш регламентин иштеп чыгуу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын (А.Мурзаев)
Төрага | А. Беделов |
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы) № 14 токтомуна тиркеме |
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: | А. Зикиров |