Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябрь № 3
«Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык аймагында жер рыногун жөнгө салууну, асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө ижарага берүүнү ишке ашыруу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагында жер рыногун жөнгө салуу,асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн ижарага берүүгө укуктарды берүү иштеринин мыйзамдуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында айылдык кеңештин IХ сессиясынын 13 токтому менен түзүлгөн комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин.( тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов)
Төрага | А. Беделов |
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрында өткөрүлгөн ХII сессиясынын № 3 токтомуна № 1 тиркеме |
Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын
Курамы:
1. Төрөмурзаев Тариел - айыл өкмөтүнүн башкы адиси.
2. Калбаев Балтабай - айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси.
3. Жакыпов Нурлан – Ынтымак айылынын айыл башчысы.
4. Алдраков Сырбек – айылдык кеңештин депутаты, (макулдугу менен)
5. Мурзаев Асабидин - айылдык кеңештин депутаты, (макулдугу менен)
6. Зикиряев Төлөгөн – айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы.
7. Батыралиева Мукарам – Кызыл-Абад айылынын тургуну.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жооптуу катчысы | А. Зикиров |