Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 2
«Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин ажыратуу боюнча комиссиялардын курамына кирүүчү депутаттардын курамы жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Нышанов Сыдыктын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарага берилишинин жана жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелеринин ажыратылышынын туура, максаттуу жана мыйзамдуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында айыл өкмөтү тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын курамына айылдык кеңештин депутаттары № 1 жана № 2 тиркемелерге ылайык киргизилсин.
2. Жогорудагы депутаттарды кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин ажыратуу боюнча түзүлүүчү комиссиялардын курамына киргизүү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т. Туйбаев).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (А. Адашов).
Төрага | А. Беделов |
Айылдык кеңештин 2015-жылдын «17» -ноябрында өткөрүлгөн № 6 сессиясынын № 2 токтомуна № 1 тиркеме |
Мурзаев Асабидин – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.
Адашов Алмаз – айылдык кеңештин депутаты.
Атабаев Эрмамат - айылдык кеңештин депутаты.
Алдраков Сырбек - айылдык кеңештин депутаты.
Саданов Талант - айылдык кеңештин депутаты.
Айдаров Абдимиталип - айылдык кеңештин депутаты.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин катчысы | А. Зикиров |
Айылдык кеңештин 2015-жылдын «17» -ноябрында өткөрүлгөн № 6 сессиясынын № 2 токтомуна № 2 тиркеме |
Мурзаев Асабидин – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.
Адашов Алмаз – айылдык кеңештин депутаты.
Атабаев Эрмамат – айылдык кеңештин депутаты.
Алдраков Сырбек – айылдык кеңештин депутаты.
Айдаров Абдимиталип - айылдык кеңештин депутаты.
Молдошов Эсен - айылдык кеңештин депутаты.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин катчысы | А. Зикиров |