Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-февралы № 5\6
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» КР Мыйзамынын 121-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында , «КР Өкмөтү жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 10-17-беренелерине ылайык Коңур – Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин. (устав тиркелет)
2. Айыл өкмөтүндө бекитилген Типтүү Уставдын документтерин даярдоо, иш алып баруу, КААБдын төрагасы Т.Кыдыркуловго милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо жана кеңештердин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Бегматов |
1.Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КААБ) –Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана ушул типтүү уставы менен бекитилген, ыйгарым укуктардын алкагында укук бузуулардын алдын алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын бирге катышуусу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.
2.КААБ укук тартибин коргоонун коомдук пунктунда же шаарлардын, райондордун жана калктуу пункттардын аймагында милициянын участкалык инспекторунун кабинетинин базасынын алдында уюштурулат, жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук укук тартипти коргоо боюнча жарандардын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунун бир түрү болуп саналат.
3.Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айыл өкмөттөрү өзүнүн аймагында укук бузуулардын алдын алууга жалпы жетекчиликти жана анын субъектилери менен аймактык (КААБ) түзүү жолу менен жүзөгө ашырат.
4.КААБ өзүнүн ишмердүүлүгүн» Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» мыйзамы менен, ушул Устав менен жана укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен ылайык жүзөгө ашырат.
5.КААБ - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы көрсөтүлгөн бурч мөөрү бар, өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
6.КААБ мамлекеттик жана жеке уюмдар менен, жеке жактар менен келишимдик мамилелерге турууга, КААБ ишмердүүлүгүнүн максаттарына ылайык келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка аракеттерди жасоого укуктуу.
7.КААБ ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо, мамлекеттик органдар, эмгек коллективдери жана калк менен өз ара аракеттешүү принциптеринде түзүлөт. КААБ базалык ишканалардын, алардын жайгашуу орду боюнча окуу жайларынын жетекчилеринин арасынан, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, эмгектин жана согуштун ардагерлеринен, кварталдык, үй комитеттеринин төрагаларынан, кондоминиумдардан, айрым жарандардан, укук тартибин коргоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткарганга ден соолугунунун абалы жана өзүнүн моралдык иштиктүү сапаттары боюнча жөндөмдүү жаштардан жана студенттерден турушу зарыл. КААБнун ишине милициянын участкалык инспекторлору жана буйрук менен бекитилген ички иштер органдарынын башка кызматкерлери түздөн-түз катышат.
8.КААБдын иши КААБ кеңешинин отурумдарында бекитилген, ар бир кварталга түзүлгөн пландар менен ылайык өткөрүлөт. КААБ кеңешининотурумукварталгабиржолудан кем эмесөткөрүлөтжана протокол менентаризделет.
9.КААБ өзүнүн ишинде облустук, шаардык, райондук мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн координациялык кеңешменин контролу алдында жана алардын алдында жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлгөн иш жөнүндө отчёт бериптурат.
10.КААБ өзүнүн отурумдарында, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле КААБдын ишин зарыл болгон шарттар менен камсыз кылуу маселелери боюнча өзүлөрү тейлеген участкаларда жайгашкан мекемелердин, ишканалардын жана комерциялык түзүмдөрдүн жетекчилерин уга алат.
11.Өзүнүн ишинде КААБ төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:
- өзү тейлеген аймакта кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын абалын талдайт, укук бузууларды жасоого түрткү берген шарттарды жана себептерди табат жана мунун негизинде алардын алдын алуу жана жок кылуу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат;
- кылмыштуулук менен күрөшүүнүн актуалдуу маселелери боюнча басма барактарында, радио жана телекөрсөтүүлөрдө чыгып сүйлөөлөрдү уюштурушат, укук билимдерин пропагандалоону, ченемдик документтерди түшүндүрүү боюнча ишти участоктун калкынын арасында өткөрөт;
-бардык табылган укук бузуу фактылары жөнүндө ички иштер бөлүмдөрүнө (мындан ары – ИИБ) же милициянын участкалык инспекторлоруна маалымдайт (мындан ары – МУИ) жана милиция кызматкерлеринин келишине чейин ушул Устав менен берилген ыйгарым укуктарга ылайык зарыл болгон чараларды кабыл алышат;
-милиция кызматкерлери менен биргеликте селсаяктык жана тилемчилик менен алек болгон кароосуз балдардын жана өспүрүмдөрдүн, спирт ичимдиктерине ашкере берилген, укук бузууларга жол берген адамдардын коомдук жайларда жана күнүмдүк турмушундагы жүрүм-туруму үчүн көзөмөл кылууну жана ачыкка чыгарууну уюштурат, аларды белгиленген тартипте тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жөнөтүү жөнүндө компетенттүү органдарга сунуштоолорду чыгарат;
-эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулгандарга, коомдук тартипти камсыздоо боюнча ишти жүзөгө ашырган, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүндө, милициянын айылдык бөлүмүндө алдын-алуучулук каттоосунда турган адамдар менен алдын алуу иштерин жүргүзөт. Аларга жумушка орношууда көмөк көрсөтөт, алар тараптан кылмышты кайталап жасоого жол бербөө максатында башка чараларды кабыл алышат,
-коомго каршы жоруктарды жасаган өспүрүмдөрдүн жана алардын ата-энелеринин жана коомдук тартипти бузгандарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө балдар иштери боюнча комиссияга сунуштарды киргизет;
-жарандарды кабыл алуу жана күндүн кечки маалында, тейлеген административдик аймакта кайгуулдоо боюнча кезметчиликти уюштурат.
12.Өзүнүн иштеринде КААБ төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
-өзүнүн отурумдарында укук бузуучулардын катышуусун камсыздайт, участкада коомдук тартипти камсыздоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн коомдук тартипти бузган, мекемелердин, ишканалардын жана окуу жайларынын өкүлдөрүн, жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн чакырууга;
-мекемеге, ишканага же жаранга мүлктүк же башка зыян келтирген же коомдук тартипти кыянаттык менен бузган, адамдарга тиешелүү документтерди түзүүгө, аларды андан ары ИИБке же башка инстанцияларга тиешелүү чаараларды кабыл алуу үчүн өткөрүп берүүгө ыйгарым укуктуу;
-КААБ мүчөлөрү кезметчилик убагында жашынып жүргөн бузуучунун артынан түшүү үчүн клубдарга, стадиондорго жана кинотеатрларга жана башка коомдук жайларга, ошондой эле укук тартибин камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууга бул жайлардын администрациясы менен макулдашуу үчүн кирүүгө укуктуу;
-жарандардын нормалдуу жашоо тиричилигин уюштуруунун башка маселелери боюнча, коммуналдык-турак жай мекемелеринин ишиндеги кемчиликтер жөнүндө, жана мамлекеттик жана коомдук мүлктү сактоону камсыздоо менен байланышкан маселелер боюнча тиешелүү инстанцияларга сунуштарды же сунуштамаларды киргизүүгө;
-укук тартибин бекемдөө боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тейлеген аймакта жайгашкан ишканалардын жана мекемелердин, башка коомдук уюмдардын өкүлдөрүн тартууга.
IV. Коомдук алдын алуу борбору менен каралган маселелер, түзүмү жана жетектөөчү органдары
13.Укук тартибин сактоо боюнча коомчулук кеңеши, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен түзүлөт.
14.Коомчулук кеңешинин курамына уюмдардын, мекемелердин, коомдук бирикмелердин жана окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, кондоминиумдун, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
15.Коомдук кеңештин курамы шаардык же райондуккеңештинчечимимененбекитилет.
16.Райондун коомдуккеңешин, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы менен дайындалган коомдук кеңештин төрагасы башкарат. Анын орун басары болуп кызматы боюнча ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары саналат.
17.КААБ алдында секциялар түзүлөт:
МУИ, жол кайгуул кызматы, коомдук инспекторлор, ошондой эле көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда дислокацияга ылайык коомдук тартипти камсыздоо боюнча ИИБдин башка сырткы кызматтары менен биргеликте коомдук тартипти сактоо боюнча секциялар;
-тейлеген участкада каттоодо турган адамдар менен жеке алдын алуу иштери маселелери боюнча МУИ жана ЖЖИ менен биргеликте иштеген, каттоодо турган адамдар менен иштөө боюнча секциясы;
-участканын калкынын арасында ченемдик документтерди түшүндүрүү маселелери боюнча участкада ишти уюштуруп турган, ошондой эле кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого түрткү кылган шарттарды жана себептерди жоюу жана аткаруу боюнча калк менен байланышуу жана жалпы алдын алуу секциясы, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн актуалдуу маселелери боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып сүйлөөлөрдү уюштурат.
18.КААБ жана алардын секциялары менен каралган маселелер тиешелүү мекемелер, уюмдар, мамлекеттик органдардын жетекчилери, окуу жайлары жана жарандар тарабынан кароо үчүн милдеттүү болуп саналган чечим менен таризделет.
19.КААБ төрагасы жергиликтүү мамлекетти кадминистрациянын буйругу менен дайындалат. Ал эмисекциялардын мүчөлөрү жана жетекчилери - тейленген участканын КААБ коомчулугунун өкүлдөрүнүн жалпы чогулушунда.
20.Жалпы жетектөө координациялык кеңешме аркылуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы менен жүзөгө ашырылат.
21.КААБ мүчөлөрү милдеттерин аткарууда, мамлекеттин коргоосунун алдында турат. КААБ мүчөлөрүнүн кол тийбестиги, абийири жана абройу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголот.
22.ИИБ КААБдын бир айлык ишинин эсебин жүргүзөт, алардын ишмердүүлүгүн контролдойт, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери менен байланышты кармайт, алардын ишмердүүлүгү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияны жана координациялык кеңешмени кабарлайт.
23.КААБ иши төмөнкү булактардан каржыланат:
- жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджет;
-юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
-гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдар;
-акылуу жана кайтарымдуу карызалуулардын бардык түрүн тартууну кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактар.
24.Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары коомдук тартипти, анын ичинде укук бузуулардын алдыналууга сактоого көмөктөшүү айрым маселелерди аткарууну өткөрүп берүүгө укуктуу, берилген маселелерди аткаруунун аныктоо жана каражаттарды берүү каржылоонун булактарын бир убакта аныктоо менен КААБ. Укук бузуулардын алдын алуу маселелерин берүү, аныктоо жана берүүнү каржылоо тиешелүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен кабыл алынат.
25.КААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү кошпогондо, мыйзам менен белгиленген тартипте КААБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүүгө жатат.
VII. Кайра уюштуруу жана жоюу
26.КААБ ишмердүүлүгүн жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси менен ылайык жүзөгө ашырылат.