Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-марты № 3
“Талдуу-Булак айыл аймагынын жайыт пайдаланучулар бирикмесинин 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө”
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А. Сатыбалдиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талдуу-Булак айыл аймагынын жайыт пайдаланучулар бирикмесинин 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
2. Талдуу-Булак айыл аймагынын жайыт пайдаланучулар бирикмесинин 2015-жылдагы бюджети бекитилсин.
3. Талдуу-Булак айыл аймагынын жайыт пайдаланучулар бирикмесинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин: 2015-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү көрсөтүлгөн тарифте бекитилсин (тиркеме тиркелет).
4. Талдуу-Булак айыл аймагынын жайыт пайдаланучулар бирикмесинин төрагасына пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |
“Бекитилди” Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин №3 токтомуна № 1тиркеме |
№ | Малдын түрү | Малдын саны | Жайыт пайдалануу үчүн 1 малдын башына чегерилген төлөм(сом) | Жайыт пайдалануу үчүн чогултуудан күтүлүүчү сумма |
1 | Ири мүйүздүү мал | 4034 | 87,0 | 350958 |
2 | Майда жандык | 7936(1587) | 87,0 | 138069 |
3 | Жылкы | 1301 | 87,0 | 113187 |
4 | Жыйынтыгы: | 6922 | 87,0 | 602214 |
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы | А. Сатыбалдиев |