Редакцияот 10.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2015-жылдын 10-марты № 6

“Талдуу-Булак айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерге тоорук өткөрүү жөнүндө”

Талдуу- Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси К. Нурсеитовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомунун негизинде, Талдуу-Булак айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган Кыргоо айылынын Базар-Коргон –Арстанбап автоунаа жолунун боюнан 100 кв.м жер аянты, Курбу-Таш участкасындагы 280 кв.м жер аянты , Үч-Булак айылындагы Базар-Коргон-Үч-Булак автоунаа жолунун боюнан 70,0 кв.м муниципалдык жер аянттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 571-токтомуна ылайык тоорук аркылуу жеке менчике сатылсын.

 

Төрага

Б. Матишев