Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 28/2
2015-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы , ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2016-жылга бекитүү , 2017-2018-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндө
2015-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2016-жылга бекитүү жана 2017-2018-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковдун маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковдун маалыматы жактырылсын (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыздоо үчүн Ата Мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине жана жамааттын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Жошолу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2016-2017-2018-жылга түзүлгөн болжолдуу планы бекитилсин (№ 2 тиркеме тиркелет).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Иманахунов |
Жошолу айылдык кеңешинин Vчакырылышынын XXVIII заседаниесинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 28/ 2 токтомуна № 1 тиркеме |
Жошолу айыл аймагынын 2015-жылдагы социалдык –экономикалык өнүгүшүнүн, экономикалык божомолдорунун жана бюджеттин аткарылышы , жыл ичинде аткарылган иштер, 2016- жылга коюлган милдеттери жөнүндө маалымат.
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн экономикалык божомолдорунун жана бюджеттин аткарылышы боюнча айыл өкмөттүн бардык жооптуу кызматкерлери , айылдык коомдук өз алдынча башкаруу органдары , менчигинин түрүнө карабастан мектеп, ФАП, СООПВ жана башка мекеме жетекчилери тарабынан бир топ уюштуруучулук жана массалык иштердин жүргүзүлгөндүгү, ошондой эле негизги көрсөткүчтөр боюнча 2014-жылга карата салыштырмалуу бир топ уюштуруучулук иштерди жүргүзүүгө жетишти.
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча:
Айыл өкмөттүн бюджетинин 85-86 % Республикадан келүүчү толуктоочу гранттын эсебинен каржыланат. 2015-жыл үчүн бюджет 8,463,300 сом пландаштырылып, аткарылганы 8,355,200 сомду түздү, анын ичинен толуктоочу грант 6,200,000 сомго пландаштырылып толук каржыланды.
Өздүк киреше жыл башында 1352,0 миң сомго бекитилип, такталган план 1277,600 сом болуп, аткарылганы 1459,400 сомду түзүп, 104 % аткарылды.
2015-жылга бекитилген бюджет такталган план боюнча 8463,3 миң сомду түзүп, кассалык чыгым 8355,2 миң сомду түздү. Анын ичинен айлык акыга такталган план боюнча 3556,6 миң сом, кассалык чыгым 3537,3 миң сом болуп, соц.фондго чегерүүлөр такталган план боюнча 533,4 миң сом болуп, кассалык чыгым 518,2 миң сомду түздү.
Сапар чыгымдары үчүн такталган план боюнча 135,4 миң сом, ал эми кассалык чыгым 125,5 миң сом болду.
Таза- Суу үчүн такталган план 28,5 миң сом белгиленсе, кассалык чыгым 28,5 миң сомду , телефон байланышы үчүн 6,8 миң сом жана электр энергиясы үчүн 399,9 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Электр энергиясы үчүн бизге 230,0 миң квт бөлүнүп, 399,9 миң сом жогорудагы лимит үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Ош-Электро” ишканасына толугу менен которулуп берилип, быйылкы жылга 101,5 миң сом “Ош-Электро” ишканасынан Жошолу айыл өкмөтү аласа болуп чыкты. Бөлүнгөн лимит акыркы 10 жылдын ичинде алып барылган иштердин натыйжасында лимиттен эконом болуп чыкты. Андан сырткары Жошолу айыл өкмөтүнүн калкынын 868 абонентине 632,5 миң сом акча каражаты республикалык бюджеттин эсебинен келип түшүп, калктын колдонуусуна Ош-Электро ишканасынан которулуп берилди.
Айыл өкмөтүн көмүр менен камсыз кылууда, ОсОО “Перити-Коал” ишканасы менен келишим түзүлүп, 492,0 миң сом акча каражаты которулуп берилип, башкача айтканда 4 тоннасы Миязды жана Курманжан датка китепканаларына, 88 тонна Сатиев Ш атындагы орто мектебине, 33 тоннасы К.Турганбаев атындагы орто мектебине, 24 тоннасы С.Төрөшев атындагы орто мектебине түшүрүлүп, жалпысынан айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерине 149 тонна көмүр менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептер жана китепканалар толугу менен камсыз болду.Ошондой эле ОсОО “Перити-Коал” ишканасы менен Улан Примовдун спонсорлук жардамы аркылуу айыл өкмөтүндөгү майыптарга, жалгыз бой карыяларга жана тоголок жетимдерге 22 тонна акысыз көмүр түшүрүлүп берилип таркатылды.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы 302- токтомуна ылайык жалпы билим берүүчү мектептер райондук билим берүү бөлүмүнүн эсебине өткөрүлүп берилип, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан каржылоо жүргүзүлгөндүгүнө карабастан муниципалдык имараттарды ремонттоп, өз калыбында кармап туруу максатында айыл өкмөтүндөгү ар бир мектепке 17,500 сомдон жалпысынан 87,500 сом акча каражаты учурдагы ремонт үчүн толугу менен камсыздалып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып берилди.
Ошондой эле айта кетсек, мектептердин чарбалык муктаждыктары үчүн дагы 90,200 сом акча каражаты ар бир мектептин өз муктаждыктары үчүн жумшалды.
Маданият тармагын айта кетсек, маданият үйүнө 15,000 сом бөлүнүп, косметикалык ремонттон өткөрүлдү жана маданият үйүнө дистанттык микрофон жана усилитель алуу үчүн 38 000 сом бөлүнүп берилди.
Курманжан датка китепканасына 45,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, компьютер, ксерокопия, стол, стулдар менен камсыздалды.
Китепканаларга жалпысынан 10,200 сом сапардык чыгымдар үчүн такталган планга коюлуп, 10156 сом менен камсыз болушту.Китепканалардын учурдагы ремонт иштерине 10,0 миң сом акча берилди.
Айыл аймагындагы мектептерге: 1). С.Төрөшев атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына жана спорттук жабдыктарына 16,000 сом, учурдагы ремонтуна 17,500 сом, ар түрдүү курулуш материалдарына 7,000 сом, жалпысы 40,500 сом;
2).Сатиев Ш атындагы орто мектебинин ар түрдүү чарбалык буюмдарына (насос.вентилятор) 38,900 сом;
3).Курманжан датка атындагы орто мектебинин учурдагы ремонту жана ар түрдүү чарбалык буюмдары үчүн 38,900 сом;
4) .К.Турганбаев атындагы орто мектебинин имаратын ремонттон өткөрүүгө 15,000 сом, андан тышкары учурдагы ремонт жана электр эсептегичине 36,500 сом;
5). А.Бейшеев атындагы негизги мектебинин учурдагы ремонту жана ар түрдүү чарбалык буюмдары үчүн 38,900 сом берилди, Жалпы сметалык баасы 1 757,0 миң сом болгон 30 орундуу ашкана куруу үчүн Республикалык бюджеттин дем берүүчү грантынан 1 564,3 миң сом бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен 155,6 миң сомдук иш жасалып, 93,3 миң сому подрядчиктин эсебине которулуп, калган 62,1 миң сому кредитордук карызда көрсөтүлүп турат;
Дил-Булак балдар бакчасындагы 60 балага тамак бышыруучу аппарат, 30 даана 2 кабаттуу кроваттар, 60 даана стол, стулдар жана 60 баланын кийимдерин илүүчү шкафтарды сатып алууга 278,0 миң сом сарпталды. Балдар бакчасынын тамак-ашы бюджеттин эсебинен бир балага бир күнгө 18,0 сомдон жана ата-энелер тарабынан 300 сомдон ата-энелик төлөмдөр төлөнүп, күнүнө ар бир балага 31-32 сомдун тегерегинде каржыланып жатат.Балдар бакчасын ачууда айыл өкмөтү тарабынан бакчанын идиш-аяктарына, төшөнчүлөр үчүн пахта алууга жана ар түрдүү муктаждыктары үчүн 96,0 миң сом жеке ишкерлердин эсебине которулуп берилди жана бакчанын капиталдык ремонту үчүн жумшалган 160,0 миң сому жеке ишкердин эсебине которулуп бериле элек.
702-разделге такталган планга коюлган 80,0 миң сом толугу менен каржыланып, сибирь жарасынын очогу дезинфекцияланды жана айылдагы жолбун иттер атылып жок кылынды.
Ал эми салык жыйымдары боюнча айта кетсек :
№ | Салык түрлөрү | 2015-жылга берилген план | 2015-жылда Аткарылганы факт | Аткарыл ганы% | Айырма + - | 2014-жылдын12 айында аткарылганы факт | Айырма + - |
1. | Там арка салыгы | 92,0 | 92,0 | 100,0 | 0,0 | 92,3 | -0,300 |
2. | Юридикалык салдык | 56,0 | 143,188 | 255,69 | +87,188 | 49,0 | +94,188 |
3. | Айыл чарбага арналбаган | 9,0 | 9,996 | 111,06 | +0,996 | 7,4 | +2,596 |
4. | Кыймылсыз мүлк | 2,0 | 2,0 | 100,0 | 0,0 | 1,9 | -0,00 |
5. | Киреше салыгы | 698,5 | 703,103 | 100,65 | +4,603 | 681,0 | +22,103 |
6. | Ыктыярдуу патент | 75,0 | 76,350 | 101,8 | +1,35 | 67,0 | +9,350 |
7. | Сатыктан алынуучу салык | 48,0 | 121,718 | 253,57 | +73,718 | 21,56 | +100,156 |
8. | Кайра бөлүштүрүү фонд | 60,2 | 60,2 | 100,0 | 0,0 | 60,2 | 0,0 |
9. | Рояльти | 3,8 | - | 00 | -3,8 | 5,9 | -2,100 |
10. | Транспорт салыгы | 175,0 | 197,673 | 112,95 | +22,673 | 188,7 | +8,973 |
11 | Гос пошлина | 12,0 | 10,926 | 91,05 | -1,074 | 4,13
| +6,796
|
12. | Баары: | 1277,600 | 1459,400 | 115,05 | +181,800 | 1180, 350 | +236, 571 сом |
Статистикалык маалыматтар боюнча:
2015-жылда эт 1042,6 тн. өндүрүлүп, 104 % ке аткарылып, 2014-жылга салыштырмалуу 22,9 тн га көп, сүт 2398,6 тн. өндүрүлүп, 102 % ке аткарылып,2014-жылга салыштырмалуу 22 тн га көп, жүн 31,1 тн. өндүрүлүп, 101,1 % ке аткарылып,2014-жылга салыштырмалуу 0,3 тн га көп,жумуртка 199,2 даана алынып, 102,1 %ке аткарылып, 2014-жылга салыштырмалуу 4,68 даанага көп аткарылган.
№
| Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиги | 2015-жылдын 12 айында аткарылганы
| |||
2015-жылга план | 2015-жылда аткарылганы | % менен | ||||
1 | Эт өндурүү | Тонна | 1019,7 | 1042,6 | 104 | |
2 | Сут ондуруу | Тонна | 2376,6 | 2398,6 | 102 | |
3 | Жун ондуруу |
| 30,8 | 31,1 | 101,1 | |
4 | Жумуртка ондуруу
| Дана | 1945,2 | 199,2 | 102,1 | |
ыйканчылык боюнча:
2015-жылга карата арпа 56 тн. өндүрүлүп, 110 % ке, картошка 330 тн. өндүрүлүп, 112 % ке, жашылча 27 тн. өндүрүлүп 100,1 %ке , кесек тоют 9100 тн. өндүрүлүп, 110 %ке аткарылган
№
| Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиги | 2015-жылдын 12 айында аткарылганы
| |||||||||||||||||||||||
2015-жылга план | 2015-жылда аткарылганы | % менен | ||||||||||||||||||||||||
| Картошка | тонна | 281 | 330 | 112 | |||||||||||||||||||||
| Жапшылча | тонна | 27 | 27 | 100 | |||||||||||||||||||||
| Кесек тоют | тонна | 8300 | 9100 | 110 | |||||||||||||||||||||
Быйылкы жылга жүргүзүлгөн мал санактын жыйынтыгы боюнча:
| ||||||||||||||||||||||||||
Айыл өкмөтүнө инвестицияларды тартуу боюнча:
№
| Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиги | 2015-жылдын 12 айында аткарылганы
| |||
2015-жылга план | 2015-жылда аткарылганы | Бардыгы | ||||
| Айыл өкмөткө тартылган жалпы инвестиция | Сом менен | ||||
| Анын ичинен Ата Мекендик | Сом менен | 12,434,685 | |||
| Чет элдик | Сом менен | 2,126,710 | |||
| Жергиликтүү | Сом менен | 992,000 | |||
| Баары: | 16, 957, 395 | ||||
Айылыбыздын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн Ата Мекендик жана чет элдик инвестицияларды тартуу менен өнөктөштүктө иш алып барууну биринчи кезекке коюп, алар менен жакындан иштешип келе жатабыз.Тартылган инвестиция боюнча айтсак:
1.Өзгөчө кырдаалдар боюнча 2 долбоор (СПЛМ) өткөрүлүп,азыркы күндө Осоавиахим айылына 142 , ал эми Кыз-Эмчек айылына 135 габион торчосу алынып келинип, дамба көтөрүлүп, габион точолорун байлоо иштери жүргүзүлдү.
2. УКС тарабынан үч долбоор айыл өкмөтүнө берилип , Осоавиахим айылына бала бакча 23 млн. сомдук (Ос.ОО “Жолдош курулуш” ишканасы тарабынан), Миязды айылына эмкана 3,5 млн. сомдук (ОсОО “Чакан-Таш” ишканасы) жана Жаңы-Турмуш айылындагы Курманжан датка атындагы орто мектепке кошумча 150 орундуу окуу корпусу 33,5 млн.сомдук азыркы күндө бул долбоорлор парталга берилген жана тендерлер өткөрүлүп, иш баштоонун алдында турат.
4.Стим грант (үлүштүк грант) боюнча : Бейшеев ат.негизги мектебине суммасы 1927,685 сомдук кошумча корпус (ашкана) курулуп, пайдаланууга берилүүнүн алдында турат.
5.Азыркы күндө АРИС боюнча 9 млн. сомдук долбоорго катышып, ири суммадагы инвестиция үчүн иш жүргүзүлүүдө.
6.Айылдык маданият үйүнүн капиталдык ремонтуна 2,800,000 сомдук, айыл өкмөттүн канторасын жылуулук менен камсыз кылуу максатында 520,000 сомдук долбоор өткөрүлдү.
Мындан тышкары 2015-жыл ичинде аткарылган жумуштар :
№ | Аткарылган жумуш | көлөмү | сумма | Жергиликтүү бюджет | Республикалык бюджет | Чет элдик инвестиция | Демөөр чүлөр |
1 | Жаңы-Турмуш айылына жөө адамдар өтө турган көпүрө | 36 метр | 1 600 000 |
| ӨКМ |
| |
2 | Кызыл-Булак жана Кара-Токту айылдарынын жолдоруна шагыл төшөө | 1 000 000 |
|
|
| Ош Пирим ЖЧК | |
3 | №21 “Дил-Булак” балдар бакчасы | 60 орундуу | 982 000 | Жергиликтүү бюджет |
|
| |
4 | К.Турганбаев атындагы орто мектебинин эски спорт аянтчасынын айланасын тосуу | 300 000 |
|
|
| Демөөр чүлөр | |
5 | Сатиев Ш.атындагы орто мектебинин айланасын тосуу |
| 40 000 |
|
|
| Демөөр чүлөр |
6 | Курманжан датка атындагы орто мектебинин айланасын тосуу | 30 000 |
|
|
| Демөөр чүлөр | |
7 | С.Төрөшев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу | 40 000 |
|
|
| Демөөр чүлөр | |
8
| Кызыл-Булак айылынын ички жолдоруна түнкү жарык орнотуу | 80 000 |
|
|
| Жеке демөөрчү Ажиев Таштан | |
9 | №46 А.Бейшеев атындагы негизги мектебине ашкана куруу | 30 орундуу | 1,912,600 | 155,600 | 1,757,000 |
| |
10 | Арал айылына столба орнотуп, электр чубалгыларын жаңылоо | 20 столба | 280 000 |
| “Ош Электро” ЖЧКсы |
| |
11 | Калкты таза суу менен камсыздоо максатында “Таза-суу” ишканасына Польша тышкы иштер министрлигинин Өнүгүү үчүн өнөктөштүк программасы боюнча трубаларын алмаштыруу |
|
|
| 2млн.126,710 сом | ||
12 | Гүлчө-Жошолу жолун асфальттоо | 2 км | 7 млн. |
| Республикалык бюджет |
| |
13 | Осоавиахим айылына дамба көтөрүү | 90 габион | 726 000 |
| Республикалык бюджет |
| |
14 | Кыз-Эмчек айылына дамба көтөрүү | 100 габион | 705 000 |
| Республикалык бюджет |
| |
15 | Осоавиахим айылындагы көпүрөгө дамба көтөрүү | 15 габион | 40 000 |
| Республикалык бюджет |
| |
16 | Аюу-Тапан айылында дамба көтөрүү | 170л. ГСМ | 10 000 | Жергиликтүү бюджет |
|
| |
17 | 2-топтогу майып Ө.Кулуеванын үйүн курууга кирпич | 10 000 кирпич | 70 000 |
|
|
| Ош Пирим ЖЧК |
Жалпы: |
| 1,148,600 | 12,278, 685 | 2млн. 126,710 сом | 1,560, 000 |
Башчы: Ж.Өмүрзаков.
Жошолу айылдык кеңешинин Vчакырылышынын XXVIII заседаниесинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 28/ 2 токтомуна № 2 тиркеме |
Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2016-2017-2018-жылга түзүлгөн болжолдуу планы:
№ | Аткарылуучу иштин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким тарабынан аткарылат | Иштин көлөмү | Элдин салымы |
1 | Үч- Чат, Жаңы-Турмуш каналдарын тазалоо | 2016-ж | УОС жана айыл өкмөтү |
|
|
2 | Миязды-Жаны-Турмуш каналын ремонттон өткөрүү, тазалоо | 2016-ж | Айыл өкмөтү, |
|
|
3 | Гердегей,Коммунизм айылдарынын сел коркунучу бар жерлерине дамба байлоо | 2016-ж | МЧС ,айыл өкмөтү |
|
|
4 | Гердегей , Миязды айылдарына мед пункт куруу | 2016-ж | Республикалык бюджет |
|
|
5 | Жаны-Турмуш, Миязды, Ленин-Жол, Осоавиахим айылдарына бала бакча ачуу | 2016-ж. 2017-ж. 2018-ж. | Республикалык бюджет, Эл аралык уюмдар, айыл өкмөтү |
|
|
6 | Жаны-Турмуш айылына вулканизация куруу | 2016-ж. 2017-ж. |
|
|
|
7 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди жана Жошолу дарыясынын жээктерине тез өсүүчү бадал өсүмдүктөрүн отургузуу | 2016-жыл 2017-ж. | Айыл өкмөтү, токой чарбасы |
|
|
8 | Айыл өкмөтүндөгү кысыр аңыздарды өздөштүрүп, көп жылдык тоют өсүмдүктөрүн эгүү | 2016-2017-жж | Айыл өкмөтү |
|
|
9 | Мал чарбачылыгына альтернативалык жол менен киреше табуу максатында айылдарга бал челектин санын көбөйтүү , балык чарбачылыгын уюштуруу | 2016-ж 2017-ж. 2018-ж. | Айыл өкмөтү, жамааттар |
|
|
10 | Малдын башын асылдандыруу, таза кандуу айгырларды, бука, кочкор, теке алып келүү же жасалма уруктандырууну өнүктүрүү | 2016-2017-2018-жж | Айыл өкмөт,инвесторлор, вет.сервис |
|
|
11 | Жошолу-Гүлчө жолун реконструкциялоо | 2016-ж 2017-ж | ДЭП -959, айыл өкмөтү |
|
|
12 | Ички чарбалык ,жайлоо, жайыт жолдорун оңдоо, Кара-Конуш, Өрүктү участкасы | 2016-ж | Айыл өкмөтү, жайыт комитети |
|
|
13 | Ленин-Жол айылына спорттук комплекс куруу | 2016-2017-2018-жж. | Республикалык бюджет |
|
|
14 | Орто-Суу, Арал айылдарын ичүүчү таза суу, сугат суу менен камсыздоо | 2016-2017-жж. | Айыл өкмөтү, ИСКАКБ |
|
|
15 | Калкка биогомусту жайылтуу, экологиялык таза жер семирткичтер менен камсыздоо | 2016-2017-жж. | Айыл өкмөтү |
|
|
16 | Биогазды иштетүүнүн ыкмаларын элге жайылтуу | 2016-2017-жж. | Айыл өкмөтү |
|
|
17 | Туризмди өнүктүрүү | 2016-жыл 2017-ж. | Айыл өкмөтү |
|
|
18 | Жал-Камыш айылында элди суу коркунучунан сактоо үчүн дамба көтөрүү, көпүрө куруу | 2016-ж | ӨКМ , айыл өкмөтү |
|
|
19 | Орто-Суу айылындагы электр чубалгыларын жаңылоо | 2016-ж. | Алай РЭТи Айыл өкмөтү |
|
|
20 | Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында Жаңы-турмуш айылынын 500 м, Миязды айылынын 1 км жерине суу түтүкчөсүн тартуу | 2016-ж | ӨКМ, айыл өкмөтү, ИСКАКБ |
|
|
21 | Жошолу айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү | 2016-ж. | Стим грант |
|
|
22 | Айыл өкмөттүн канторасын жылуулук менен камсыз кылуу | 2016-ж. | Стим грант |
|
|
23 | Санариптик чагылдыргычтарды отургузуу | 2016-ж | АТР менен биргеликте |
|
|
24 | Интернет байланышын күчөтүү максатында байланыш чубалгыларын тартуу | 2016-ж | Кыргыз Телеком |
|
|
25 | №19 Курманжан датка атындагы орто мектебине 150 орундуу кошумча окуу корпусун куруу | 2016-2017-жж. | Республикалык бюджет |
|
|
26 | Айыл аймагына күнөсканаларды жайылтуу | 2016-ж. | Айыл өкмөтү |
|
|
27 | №22 С.Төрөшев атындагы орто мектебине жаны имарат жана спорт зал куруу | 2016-2017-жж. | Республикалык бюджет |
|
|
28 | К.Турганбаев атындагы орто мектебине 30 орундуу кошумча ашкана куруу | 2016-ж. | Стим грант |
|
|
29 | Аюу-Тапан, Орто-Суу айылдарын топоз чарбасын уюштуруу | 2016-2017-2018-ж.ж. | Айыл өкмөтү Дыйкан-фермерлер |
|
|
30 | Үңкүр участкасындагы жолду калыбына келтирүү, Ак-Терек, Кара-Токту, Жаңы-Турмуш, Миязды, Осоавиахим, Үч-Чат айылдарындагы көпүрөлөрдү капиталдык ремонттон өткөрүү | 2016-2017-2018-ж.ж. | Транспорт жана коммуникация министрлиги ДЭП- 959 ишканасы |
|
|
31 | Айыл аймагындагы эскилиги жеткен трансформаторлорду (КТП) ларды жаңылоо | 2016-2017-2018-ж.ж. | Айыл өкмөтү Алай РЭТи |
|
|
32 | Миязды айылына жүн иштетүүчү цех ачуу | 2016-2017-ж.ж. | Айыл өкмөтү |
|
|
33 | Миязды айылына пескоблок чыгаруучу цех куруу | 2016-2017-ж.ж. | «Миязды Шамы» ЖЧКсы |
|
|
34 | Үч-Чат айылына сварка жана кузнечный цех куруу | 2016-2017-ж.ж. | Айыл өкмөтү, жамааттар |
|
|
35 | Жаңы-Турмуш айылына АЗС, СТО куруу | 2016-2017-ж.ж. | Жамааттар, инвестиция |
|
|
36 | Беккара чуңкурун куруу | 2016-2017-ж.ж. | Айыл өкмөтү, жамааттар |
|
|
Башчы: Ж.Өмүрзаков.