Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016- жылдын 11-июну № 99
Айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан тургундардын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XXIV сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан тургундардын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы “Айылдарды таза суу менен камсыздоо жөнүндөгү” № 59 токтомуна таянып айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан тургундардын таза суу менен камсыз болушу боюнча айыл башчы Сарыков Абдиназардын 2016-жыл ичинде аткарган иштери эске алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |
Жылалды айылы боюнча : Жылалды айылында 754 кожолук бар.
Айыл боюнча 12 калонка коюлган. Таза суу акысы боюнча ар бир кожолукка 50 сомдон бөлүнгөн. Бөлүнгөн таза суу акысын төлөө боюнча айылдын 40% төлөгөн. Топтолгон акча каражатынан 8000 сомду ремонтуна иштетилген. Андан светине төлөнүптүр. Крайниктери алмаштырылган, кабелден 7000 сомго алынган , 90метр аркан алынып, тросско алмаштырылган. Ушул таза суу боюнча иштеген бир адамга айлык акысын 7000 сом деп белгилеген. Бир айлык акысы берилиптир.
Красный- Маяк айылы боюнча : Красный- Маяк айылында 610 кожолук бар. Жалпы калонка 11 коюлган. Суу кампанын ремонтуна 5500сом, майда ремонтуна (крайник ж.б.) 3000 сом, светине 4500 сом, айлык акысына 2000 сом сарпталды. Жалпысы болуп 15000 сом топтолду. Бирок көпчүлүк үй-бүлөө ушул 50сомду да бербей жатышат.
Прогресс айылы боюнча: Прогресс айылында 596 кожолук бар.
Жалпы калонка 24 коюлган. Суу кампанын жалпы ремонтуна 40000сом, светине 6000 сом сарпталган. Айлык акысына 3500 сом берилген. Бул сумманы ар бир айда алат. Ар бир үй-бүлөө 50сомдон берип жатышат.
Кальта айылы боюнча: Кальта айылында 174 кожолук бар.
Кальта айылында 7 калонка бар. “ Кер-Таш” Кальта таза суунун
2015-жылдын декабрь айында суу кампасы урап түшкөн. Ошол декабрь айынан бери Кальта айылынын эли таза суу менен камсыз болбой турат. Бул боюнча таза суу башчысы Чыңгыз Тыныбеков тиешелүү жерлерге кайрылуу жасаган. Бирок эч кандай натыйжа чыккан эмес. Айылдын калкы өздөрү чогулушуп, азыркы убакта суу кампасын оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат. Таза суу акысы ар бир жанга 5 сомдон бөлүнгөн, бирок ушул сумманы да элдер бербей атышыптыр.
“ Кер-Таш” Кальта таза суунун суу кампасындагы плиталары сынып кеткенине байланыштуу ар бир плитанын түбүнө темирден түркүк узунунан 6 метр швеллер коюууга, оңдоп түзөө иштерине 40,0 миң сом акча каражаты керектелээрин айтты жана жардам берүүңүздөрдү суранды.
Хлор боюнча бардык суу кампаларына өз убагында 20кг төгүлүп жатат.
Айыл башчы | А. Сарыков |