Редакцияот 15.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму

 

2016-жылдын 15-сентябры № 26/7

«Өзгөн шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу, ижарага берүү жана Өзгөн шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу боюнча» комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» токтомунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Өзгөн шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу, ижарага берүү жана Өзгөн шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу боюнча» комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилсин.

2. Комиссиянын курамындагы Ю. Тиллабаев, Ж. Ашрафидиновтун ордуна М. Макешов жана Б. Базарбаев комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко тапшырылсын.

 

Төрага

А.А. Насиров