Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 26/8
Өзгөн шаарынын 2016-2018-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планына толуктоо киргизүү жана 2016-жылда кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 18-августундагы № 639, 2016-жылдын 24-августундагы № 646 катынын жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясын 2016-жылдын 6-сентябрындагы отурумунун № 3 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2016-2018-жылдарга карата бекитилген социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планына тиркемеге ылайык толуктоо киргизилсин (Программа тиркелет).
2. 2016-жылда кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинин тиркемеси бекитилсин (Тиркеме тиркелет).
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2016-жылдын 1-январына калган эркин калдык акчанын сессияда бекитилген тиркемедеги иштетилбей үнөмдөлүп калган 300,0 миӊ сом акча каражатын шаардын ирригациялык тармагын оӊдоп-түздөө максатында лотоктор жасатуу үчүн иштетүүгө макулдук берилсин.
4. Программада белгиленген иштердин аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Өзгөн шаардык кеӊешине маалымат берип туруу жагы Өзгөн шаар мэриясына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеӊешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |
Өзгөн шаардык кеӊешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары № 3 6 - сентябрь 2016-жыл
Катышышты: «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары Б. Шамиева
Мүчөлөрү: депутаттар Х. Абдурахманов, А. Кахаров,
Өзгөн шаардык кеӊешинин төрагасы А. Насиров,
Өзгөн шаарынын вице мэри Р. Атаджанов, Өзгөн шаар каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р. Мейматкулов, МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу М. Макешов, башкы эсепчиси К.Джумабаева
К/Н ТАРТИБИ
1. Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 18-августундагы “Өзгөн шаарынын 2016-2018-жылдарда социалдык экономикалык өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык программасына” толуктоо киргизүү жөнүндөгү №639 каты
2. Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 24-августундагы титулдук тизмеге өзгөртүү киргизүү жана кошумча аткарыла турган иштерге бюджеттин 2016-жылдын 6 айынын ашыкча аткарылышынын эсебинен каражат бөлүү жөнүндөгү № 646 каты.
3. Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2016-жылдын 28-августундагы МММБ департаментинин сметасынан 810,9 миӊ сомду Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багынын өздүк эсебине жылдырып берүү жөнүндөгү №623 каты.
4. Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 5-сентябрындагы Өзгөн шаарынын 6 көчөсүнүн кесилиштерине орнотулган видео күзөт жабдыктарын Өзгөн РИИБ өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №661 каты
Комиссиянын отурумун «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары Б. Шамиева ачып, бүгүнкү отурумдун күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маалымат берди жана күн тартибин бекитүүнү сунуштады. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Депутат Б. Шамиева күн тартибиндеги биринчи маселе Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 18-августундагы “Өзгөн шаарынын 2016-2018-жылдарда социалдык экономикалык өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык программасына” толуктоо киргизүү жөнүндөгү №639 каты боюнча түшүндүрмө берди.
Депутат Х. Абдурахманов: Орус Федерациясынын Трасттык Фонду менен КР БУУнун Өнүктүрүү программасынын биргелешкен долбооруна Өзгөн шаар мэриясы да тандалган. Эл аралык уюмдардын каржылоосуна сунуш кылынган долбоорлор Өзгөн шаарынын стратегиялык өнүгүү программасында каралган болушу керек, ошондуктан программага толуктоолор киргизип берсек болот.
Биринчи маселе комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Депутат Б. Шамиева: күн тартибиндеги үчүнчү маселе Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2016-жылдын 28-августундагы МММБ департаментинин сметасынан 810,9 миӊ сомду Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багынын өздүк эсебине жылдырып берүү жөнүндөгү №623 каты боюнча МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу М. Макешов жана башкы эсепчи К. Джумабаева түшүндүрмө берип койсун.
МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу М. Макешов: бул иштер боюнча эки тараптуу келишим иш аткаруучу жана Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багынын жетекчиси Х. Курбанов менен түзүлүп иш аткарылган, акча каражаты 2015-жылдан калган карыздарды төлөө тизмесине жана МММБ департаментинин сметасына киргизилген.
МММБ департаментинин башкы эсепчи К. Джумабаева: келишим Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багы менен түзүлгөндүктөн МММБ департаменти аркылуу казынадан акча каражатын өткөрүү мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан 810,9 миӊ сомду Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багынын өздүк эсебине жылдырып берүүӊүздөрдү суранабыз.
Депутат Х. Абдурахманов: мыйзамга туура келсе акча каражатын МММБ департаментинин сметасынан Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багынын сметасына жылдырып берүүнү сунуштады. Сунуш бир добуштан колдоо тапты.
Депутат Б. Шамиева: күн тартибиндеги төртүнчү маселе Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 5-сентябрындагы Өзгөн шаарынын 6 көчөсүнүн кесилиштерине орнотулган видео күзөт жабдыктарын Өзгөн РИИБ өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №661 каты боюнча Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов түшүндүрмө берип койсун.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: монитор орното турган жай жок болгондуктан, көчөгө ящик орнотконбуз, жазуулар боюнча маалымат алуу үчүн бир киши убара болуп жатат, бул бизге ыӊгайлуу эмес. Көчөлөргө орнотулган видео күзөт жабдыктарын Өзгөн РИИБнө өткөрүп берсек алар оперативдик максатта колдонсо болот, оӊдоп түздөө иштерин өздөрү аткарат. Өзгөн РИИБ менен сүйлөштүк биз өткөрүп берүүгө макул болсок, алар өздөрү иштетүүгө макул болду.
Депутат Б. Шамиева: Өзгөн РИИБнө өткөрүп берсек жакшы эффект берет, кылмыштуулуктун алдын алат, оперативдик иштерди аткарууга өбөлгө түзүлөт.
Депутат Х. Абдурахманов: мыйзамга туура келсе, жакшы эффект берсе, шаардын көчөлөрүнө орнотулган видео күзөт жабдыктарын Өзгөн РИИБнө өткөрүп берүүнү сунуштайм. Сунуш бир добуштан колдоо тапты.
Депутат Б. Шамиева: күн тартибиндеги экинчи маселе Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 24-августундагы титулдук тизмеге өзгөртүү киргизүү жана кошумча аткарыла турган иштерге бюджеттин 2016-жылдын 6 айынын ашыкча аткарылышынын эсебинен каражат бөлүү жөнүндөгү № 646 каты боюнча Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов түшүндүрмө берип койсун.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: 2016-жылга карата бекитилген титулдук тизмеге салыштырмалуу 709,2 миӊ сом ашыкча иш аткарылган, ал карыздарды титулдук тизмеден үнөмдөлгөн 3676,0 миӊ сом акча каражатынын эсебинен төлөөгө макулдук берсеӊер, сиздерге титулдук тизмеден үнөмдөлгөн 3676,0 миӊ сом акча каражатынын маалыматы берилген.
Депутат Х. Абдурахманов: бул тизмеде көрсөтүлгөн акчалар толук үнөмдөлгөн болуп эсептелбейт, бул үнөмдөлгөн акча каражаттар кээ бир толук аткарылган иштерге төлөнбөгөн. Мисалы /ч-Дөбө көчөсүн асфальттоого титулда 3000,0 миӊ сом каралган болсо, 1765,7 миӊ сом төлөнгөн, Токтогул көчөсүн асфальттоого титулда 1600,0 миӊ сом каралган болсо, 1299,0 миӊ сом төлөнгөн. Булар карыз болуп эсептелет.
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу М. Макешов: бул тизмедеги аткарылган иштерден карыздарды быйыл төлөсө да болот, zakupki.gov.kg порталына 50% быйыл төлөйбүз деп конкурска жарыя берилген.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: подрядчиктер карызга иш аткарууга макул болуп жатышат.
Депутат Х. Абдурахманов: бул маселени мурун эле бүтүрүп койсо болот эле, бирок маалыматты МММБ департаменти өз убагында бербеди.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: сиздер колдоп берсеӊер да, бюджетке мынча каражаттын толук түшүүсүнө кепилдик жок.
Депутат Х. Абдурахманов: Б.Мирза, Ленин, Бегелдинов көчөсүндөгү жолдун асфальттоо иштерине титулда каржы булактары көрсөтүлгөн эмес жана каржы булактары такталбастан туруп иш аткарылган. Бул мыйзамга туура келбейт.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: бул иштер иш аткаруучулардын макулдугу менен келишимдин негизинде аткарылган.
МММБ департаментинин башкы эсепчиси К. Джумабаева: мыйзамда каражатка карап иш аткарыш керек деп жазылган.
Депутат Х. Абдурахманов: карыздар боюнча так маалымат бергиле, 2016-жылдын 1-сентябрына чейин канча карыз бар, анын ичинен быйыл төлөнө турган, кийинки жылга өткөн карыздар көрсөтүлсүн. Советская көчөсүн асфальттоону сунуштаганбыз, базардын тегерегин тосмолоо боюнча түшүндүрмө берсеӊиз.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: Пазилат соода борборунан баштап Встреча кафесине чейинки аралыкты тосмо менен жаап салсак, мыйзамсыз соодага жол койулбайт, элдин коопсуздугуна жакшы болот. Күрүч базардын алдынан дарбаза ачылат. Тротуар менен чоӊ жолдун жээгин тосуп, машина токтобой турган кылынат.
Депутат Х. Абдурахманов: базардын тегерегин тосмолоонун ордуна ал 1500,0 миӊ сом каражатты карызга берели, жолдорду асфальттоого титулга каражат каралган эмес, ирригациялык тармактарга каршылык жок.
Депутат А. Насиров: мэрия сураган меселелерди чечип берели.
Депутат Х. Абдурахманов: Ала-Тоо көчөсүнүн 400 метр жерин асфальттоону сунуштаганбыз, бирок титулга кирбей калган.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: Ала-Тоо көчөсүн асфальттоону республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын эсебинен каржылоо каралган, 5050 метр жолду асфальттоого заявка бергенбиз. Республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөй калды, азыркы күндө 5 км жолдун долбоору даяр турат.
Депутат Б. Шамиева: Крупская көчөсүн асфальттоого 800,0 миӊ сом акча каражаты жетеби.
МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу М.Макешов: бул каражат жетпейт, 50% кийинки жылы төлөйбүз.
Депутат Б. Шамиева: көп кабаттуу үйлөрдүн алдына 180,0 квм тротуарлар кылыш керек, эл да өз үлүшүн кошот.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: бул ишке өзүӊөр так смета даярдагыла, жергиликтүү бюджеттин эсебинен стимгрант катары жардам беребиз.
Депутат Х. Абдурахманов: «Өзгөн Тазалык» МИ 600,0 миӊ сом акча каражаты суралып жатат, Өзгөн «Таза-Суу» МИ каражат сурап кайрылган.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: «Өзгөн Тазалык» МИ тарабынан кошумча иштер аткарылган, өткөн жылдан карыз бар, бул иштер боюнча маалыматтар кеӊейтмеде көрсөтүлгөн. Өзгөн «Таза-Суу» МИ проектиси бүткөн.
Депутат Х. Абдурахманов: 3-тиркемеде базардын тегерегин тосмолоого суралып жаткан 1500,0 миӊ сомдук иштерди титулга киргизбөөгө жана ал ишке акча каражатын карап берүүгө каршы, калган иштерди титулга киргизип, каржылоого макул болгон депутаттар добуш берип койсоӊор.
Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
«Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары: |
Б. Шамиева |