Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 185
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө
Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн резервдик каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун долбоору бекитилсин. (тиркелет)
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн резервдик каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун негизинде күтүүсүз чыгымдарды жабуу боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Б.Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |
Мырза-Аке айылдык кеӊешинин 22.04.2016-ж № 185 токтомуна тиркеме |
1. Жалпы жоболор
2. Резервдик фонддордун эсеп-кысабы
3. Резервдик фонддордун акча каражаттарын пайдалануунун тартиби
4. Кредиттерди тескөөчүнүн жоопкерчилиги
1. Жалпы жоболор
1. Айыл өкмөттөрүнүн резервдик фонддору (мындан ары - резервдик фонд) боюнча чыгымдар жыл сайын айыл окмотунун бюджетинде каралат.
2. Резервдик фонддордун эсеп-кысабы
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 1%на чейин.
2. Резервдик фонддордун акча каражаттарын пайдалануунун тартиби
1. Резервдик фонддордон бөлүнгөн бюджеттик каражаттар айыл өкмөтүнүн буйругуна ылайык ушул Жободо каралган максаттарга пайдаланылууга тийиш.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - айыл өкмөтү резервдик фонддун каражаттарын тескөөчүсү болуп саналат.
8. Резервдик фонддор айыл өкмөтүндө жүргүзүлүүчү айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүүдө жана бекитүүдө эсепке алынбаган экономикалык, социалдык - маданий жана башка иш-чаралар боюнча болжолдонбогон чыгашаларды жабуу үчүн түзүлөт жана төмөнкү максаттарга пайдаланылат:
- майрам күндөрдө расмий иш-чараларды өткөрүүгө;
- айыл өкмөтүндөгү Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, ВИЧ/СПИДке чалдыккан адамдарга жана калктын жакыр катмарларына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан социалдык-маданий жана административдик обьекттерди курууга, оӊдоого жана материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- айыл өкмөтүнүн масштабында расмий даталарга арналган иш-чараларды өткөрүүгө;
- кесиптик майрамдарга байланыштуу эмгек сиӊирген кызматкерлерди сыйлоого;
- табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө;
- айыл өкмөтүнүн калкынын жакыр катмарына финансылык жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук марафондорун өткөрүүгө;
- спорттук иш-чаралардын катышуучуларына, ошондой эле илимдин жана маданияттын ишмерлерине финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын белгилүү инсандарына бир жолку финансылык колдоо көрсөтүүгө.
9. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:
- коммерциялык максаттарга же пайда алып келүүчү иштерге;
- өкмөттүк эмес уюмдарды күтүүгө жана ишин камсыз кылууга;
- бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн көбөйтүүгө;
- облуста жана райондо өткөрүлүүчү мааракелерди, тойлорду жана башка оюн-зоок иш-чараларды уюштурууга.
4. Кредиттерди тескөөчүнүн жоопкерчилиги жана резервдик фонддордун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
1. Каражаттарды тескөөчүлөр жана каражаттарды алуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык резервдик фонддун акча каражаттарын сактоого, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга жеке жоопкерчилик тартат.