Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-майы № 225
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндөгү «Кара-Шоро» улуттук паркынын жамаатынын жалпы жоболорун бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынчыүа башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндөгү «Кара-Шоро» улуттук паркынын жамаатынын жалпы жоболорун бекитүү жөнүндө «Кара-Шоро» улуттук паркынын директорунун орун басары Койлубаев Сардалбектин маалыматын угуп Салам-Алик айыл Кеӊешинин 5-чакырылыш кезексиз 30-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндөгү «Кара-Шоро» улуттук паркынын жамаатынын жалпы жоболору жактырылсын.
2. Жер пайдаланууда, жерди конкурстук же инвестициялык жол менен ижарага берүүдө жана иш менен камсыз кылууда Өзгөн районунун жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн атуулдарына 50 % дан кем эмес атуулдарга квота киргизилсин.
3. Жер салыктары жана башка тиешелүү жыйымдары Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүрүлсүн.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеӊешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо жана бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Э.Абдыкааров |
Долбоор
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик парктарынын жерлерин пайдалануу үчүн конкурс өткөрүү тартиби жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна конкурстарды (мындан ары-конкурс) даярдоо жана өткөрүү эрежелерин атыктайт.
2. Конкурс-тоорук жол жобосу, мында мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектеринде жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү жүргүзүлөт. Конкурс төмөнкүдөй эки форма менен жүргүзүлөт.
-коммерциялык конкурс-белгиленген конкурстук шарттарды милдеттүү түрдө сактоо менен, мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зонасындагы жер участогун убактылуу пайдалануу үчүн кыйла чон суммадагы төлөм акысын сунуштаган, конкурста жеӊип чыккан адам анын жеӊүүчүсү деп таанылган конкурстун формасы;
-инвестициялык конкурс-конкурстук сактоо милдеттенмелеринен тышкары,ошондой эле убактылуу пайдаланууга берилген мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зонасындагы жер участогун жакшыртууга инвестицияларды чегерүүгө милдеттенген, конкурста жеӊип чыккан адам анын жеӊүүчүсү деп таанылган конкурстун формасы;
3. Мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы конкурсту өткөргөнгө чейин мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зонасындагы жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү үчүн жер участогунун документтерин түзүүнү жүзөгө ашырат. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зонасындагы жер участокторун берүү ачык конкурстардын (коммерциялык жана инвестициялык конкурс) натыйжалары боюнча жүргүзүлөт.
4. Конкурстун уюштуручусу катары мамлекеттик жаратылыш паркынын админстрациясы чыгат, ал конкурстардын формаларын аныктайт.
5. Конкурту өткөрүү үчүн курамында курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын аймактык органынын, коммдук уюмдардын, өкүлдөрү болгон конкурстук комиссия түзүлөт. Конкурстук комиссиянын курамы конкурстун уюштуруучусу тарабынан бекитилет.
6.Комиссия мүчөлөрүнүн саны так эмес болушу жана 7 (жети) кишиден аз эмести, бирок 11 (он бир) кишиден көп эмести түзүшү керек.
Конкурстун уюштуруучусу Комиссиянын курамына киргизүү үчүн, ушул жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардан талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жазуу жүзүндө суратып алат.
Комиссиянын курамына бардык талапкерлер аныкталгандан кийин, Конкурстун уюштуруучусу өзүнүн чечими менен Комиссиянын курамына кирет.
7. Конкурстук комиссия комиссиянын төрагасынан, анын орун басарынан, комиссиянын мүчөлөрүнөн жана комиссиянын жумуштарын уюштурууну камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу комиссиянын катчысынан турат. Төрагасы болбогондо, аны төраганын орун басары алмаштырат.
8. Конкурстук комиссия ага комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворумга ээ болот жана укук ченемдүү деп эсептелет.
9. Конкурсту даярдоо жана өткөрүү өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
-конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууну:
-конкурс өткөрүү жөнүндө кабарлама даярдоону жана аны конкурска катышууга талапкерлерди кабыл алууну.
-конкурстук документтерди даярдоону жана анны конкурска катышууга талапкерлерге көрсөтүүнү:
-конкурстук сунуштар менен конверттерди ачууну:
-келип түшкөн конкурстук сунуштарды баалоону,конкурстун жеӊүүчүсүн аныктоону:
-жеӊүүчүнүн жана конкурстун уюштуруучусунун ортосунда конкурстун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюуну:
-мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасынын чек араларындагы жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим түзүү укугу конкурстун предмети болуп саналат.ү
11. Конкурстун уюштуруучусу конкурсту өткөрүүнүн датасы, орду жана убактысы жөнүндө чечим кабыл алат, ошондой эле конкурстун өткөрүүлүчү жери боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынан кабарлама жарыялоо жолу менен, аны өткөрүү жөнүндө маалымдайт.
12. Конкурсту өткөрүү жөнүндө кабарлама (кулактандыруу) ал өткөрүлгөнгө чейин 30 күндөн кем эмес калганда жасалышы керек. Кабарлама төмөнкү маалыматтарды камтуусу тийиш:
-конкурстун уюштуруучусунун аталышын, конкурсту өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун:
-конкурстун предметин:
-убактылуу пайдаланууга сунушталган режимдик зоналардын жер участогунун кыскача мүнөздөмөсүн
-конкурстук комиссия тарабынан талапкерлерден сунуштарды кабыл алуунун (күнүн жана саатын көрсөтүү менен) акыркы мөөнөтүн
-конкурстук документтерди алуу үчүн конкурстук комиссиянын катчысынын дарегин, телефонун.
III. Конкурстук документтерди даярдоо.
Конкурстук документтерге карата негизги талаптар
13. Конкурстун уюштуруучусу конкурстук документтерди иштеп чыгат жана бекитет.
14. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү мамлекеттик жаратылыш парктарынын администрациясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Конкурстарды уюштуруу жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Конкурсттук документтер конкурсту өткөрүү жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн дарек боюнча конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан талапкерлерге берилет.
Конкурстук документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:
-конкурстун катышуучусунун сурамжылоо-анкетасын;
-конкурска катышууга билдирмесине жана конкурстук сунуштарды жолжоболоштурууга карата талаптарды,ошондой эле конкурстун уюштуруучусу тарабынан бекитилген билдирменин формасын;
-конкурска катышууга билдирме тиркелүүчү документтердин тизмегин;
15. Сурамжылоо-анкетасында конкурстун катышуучусунун малым-даректери суралат:
-жеке адамдар үчүн фамилясы, аты, атасынын аты паспорттук маалыматтарды, салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (ал болсо) дареги телефону;
-Юридикалык жактар үчүн аталышы (уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүү менен) уюмдаштыруу жана каттоого алуу документтери жөнүндө маалыматтар,салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру ,юридикалык жактын аткаруучу органы тууралуу маалыматтар,дареги,телефону,факсы,банктагы эсебинин номуру;
-конкурска катышуучусунун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу жана юридикалык документтерге кол коюу укушуга ээ болгон адамдардын фамилиясы,ишеним каттын малым-даректери;
16. Конкурстук документтердин курамына конкурстун катышуучуларына конкурска катышууга билдирмесин жана өзүнүн конкурстук сунуштарын туура жол жоболоштурууга мүмкүнчүлүк берүүчү нускама кирет. Конкурстун катышуучуларына нускама төмөнкүлөр камтыйт:
-конкурсту өткөрүүнүн шарттарына тийиштүү түшүндүрмөлөрдү алууга болгон конкурстук комиссиянын өкүлү менен байланышуу үчүн даректи;
-конкурстун катышуучусунун убактылуу пайдаланууга берилген жер участогу же бул участок тууралуу картографиялык же башка материлдар менен алдын ала таанышуусунун тартибин;
-конкурстук сунуштарды жол-жоболоштуруунун тартибин;
-сунуштарды берүүнүн ыкмасы жөнүндө көрсөтмөнү (жеке өзү кол кат менен,тапшырык почтасы аркылуу ж.б);
-конкурстук сунуштарды кутулоого карата талаптарды;
-конкурстук жеӊүүчүсү менен жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимге ким кандай мөөнөттөрдө кол койору жөнүндө көрсөтмөнү;
17. Конкурстук документтердин коммерциялык бөлүгү төмөнкүлөрдүкамтыйт:
-убактылуу пайдаланууга берилген жер участокторун өздөштүрүүнүн жана пайдалануунун ыкмалары;
-конкурстун жеӊүүчүлөрүнүн тандоонун критерийлерин (көрсөтүлгөн критерийлердин катарына төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн: ижара акысынын көлөмү, жумуштарды аткаруунун убактылуу пайдаланууга берилген участокторду, сактоо, коргоо боюнча иш чараларды өткөрүүнүн, жаӊы жумушчу орундарын түзүүнүн, жумуштарды өткөрүү райондорунда социалдык маселелерди чечүүгө катышуунун ж.б.баасы жана мөөнөттөрү;
-ижаранын старттык баасы (төлөмү) функционалдык зоналардын жана алардын режимдерин,убактылуу пайдаланууга берилген жер участокторунун чарбалык, экологиялык, курорттук, рекреациялык маанилуулугун эске алуу менен, конкурстук комиссия тарабынан дифференциялдуу белгиленет;
18.Конкурска катышууну каалаган жактар белгиленген тартипте жол жоболоштурулган конкурстук сунуштар менен билдирмени конкурстук комиссияга беришет.
19.Билдирмеге жана конкурстук сунуштарга конкурска катышууга билдирме берүүчүнүн же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу коюлушу керек. Өкүлдүн ыйгарым укуктары белгиленген тартипте жол-жоболоштурулуп тиркелген ишеним кат менен бышыкталат.
Юридикалык жактар тарабынан берилген билдирмеге төмөнкү документтер тиркелет:
-белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюмдаштыруу документтер көчүрмөлөрү жана юридкалык жакты мамлекеттик катоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
-салык органында эсепке коюу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
-төлөм жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматтар (карыздардын жлктугу жана башка);
-уюмдун түзүмү, кызматкерлеринин саны жана квалификациясы, ушундай иштердеги тажырыйбасы жөнүндө маалымкат;
Билдирме жана берилген документтердин тизими 2 нускада түзүлөт, алардын бири конкурстун уюштуруучусунда, экинчиси-талапкерде калат.
V. Конкурска катышууга билдирмелерди кабыл алуу жана конкурстук сунуштар менен конверттерди ачуу
21. Конкурска катышууга жоюлуу же кайра уюштуруу баскычында турбаган, белгиленген тартипте конкурска катышууга билдирмесин жол-жоболоштурган жана конкурстун уюштуруучусуна белгиленген мөөнөттөрдө конкурстук документтерде көрсөтүлгөн башка зарыл болгон документтерди берген жеке жана юридикалык жактар кое берилет.
Бир талапкер конкурска катышууга бир гана билдирме беруугө укуктуу.
Конкурстун уюштуруучусуна карата аффилирленген жак болуп саналган уюмдар жана конкурстук комиссиянын курамына кирген конкурстун уюштуруучусунун кызматкерлери конкурстун катышуучулары боло алышпайт.
Билдирме берүүчүгө конкурска катышууга төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн, эгерде:
-конкурска катышууга талапкер жак белгиленген мөөнөттө бардык зарыл болгон документтерди бербесе;
-конкурска катышууга билдирме берүү катышуучунун конкурстун шарттары менен макулдугун жана анын бул шарттарды кабыл алганын билдирет;
Билдирме берүүдө жеке адам инсандыгын ырастоочу документтти көрсөтөт.
Билдирме талапкердин өкүлү тарабынан берилген учурда, ишеним кат көрсөтүлөт.
Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган күндөн тартып конкурстун ачылган күнү болуп саналат. Белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийий билдирмелерди кабыл алуу токтотулат.
22. Конкурстун катышуучусу конкурстун уюштуруучусуна жана конкурстук комиссиянын катчысына бул тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү менен, билдирмелерди кабыл алуунун акыркы күнүнө чейин өзүнүн сунушун чакырып алууга укугу бар.
23. Конкурстук сунуштар конверттин кагаз менен чапталган жериндеги чапттоочу менен чапталган, билдирме берүүчүнүн же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу коюлган, өзүнчө конвертте гана кабыл алынат. Коюлган колдор мөөр менен күбөлөндүрүлгөн болушу керек (юридикалык жактар үчүн). Конвертте конкурстун уюштуруучусунун аталышы жана дареги, жөнөтүүчүнүн аталышы жана дареги көрсөтүлөт.
Документтердин бардыгы дыкат жол-жоболонушу жана ачык түшүнүктүү толтурулушу керек . Өчүрүп тазалоого жана ондоолорго жол берилбейт. Документтердин коюлган талаптарга жооп бербөөсү алардын конкурстук комиссия тарабынан жараксыз деп табылышына алып келет жана талапкердин конкурска катышуусунан баш баш тартылышы үчүн негиз болот.
24. Чапталган конверттердеги тиркелген документтер менен билдирме жана конкурстук сунуштар конкурстук комиссияга тапшырык кат менен жиберилет же колкат алуу менен конкурстук комиссиянын катчысына тапшырылат, ал билдирмени алынган датасын жана убактысын көрсөтүп, ар бир билдирмеге номур ыйгаруу менен билдирмелерди кабыл алуу журналына каттайт. Конкурстук сунуштары менен ар бир конвертке конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан анын катталган номурун, документтердин берилген датасын жана убактысы көрсөтүлүү менен, билдирмени кабыл алынган жөнүндө белги коюлат.
Конкурстук комиссиянын катчысы конкурстун катышуучусуна катталган номурун көрсөтүү менен, кабыл алынган документтердин тизимин берет, ага конкурстун катышуучусунун статусу ыйгарылганы жөнүндө кабарламаны тапшырат же тапшырык кат менен билдирмеде көрсөтүлгөн дарек боюнча жиберет.
Алар каттоого алынгандан кийин берилген конкурстук сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Өткөрүлүп берилген учурдан тартып конкурстук сунуштары менен чапталган конверттердин сакталгандыгы үчүн жоопкерчиликти конкурстун уюштуруучусу тартат.
Билдирмелерди кабыл алуу аяктаган күнү конкурстук комиссиянын катчысы акыркы катышуучунун катталуу маалыматтарынан кийинки сапка тийиштүү жазууларды киргизүү менен билдирмелерди кабыл алуу журналын жабууну жүргүзөт.
Кабыл алуу датасы аяктагандан кийин кабыл алынган конкурстук сунуштар каралбайт жана конверттери ачылбастан конкурстун катышуучуларына кайтарылып берилет.
Конверттерди ачуу жана келип түшкөн конкурстук сунуштарды жана билдирмеге тиркелген башка документтерди кароо белгиленген күндө жана саатта конкурстук комиссиянын отурумунда конкурстун катышуучуларынын (же алардын ишеним кат боюнча ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн) катышуусунда жүргүзүлөт. Эгерде бир конкурстук сунуш келип түшсө, анда конкурстун уюштуруучусу конкурска катышууга билдирмелерди берүүнү 30 күндөн ашпаган мөөнөткө узартуу жөнүндө чечим кабыл алалат. Эгерде белгиленген мөөнөттө да жаны билдирмелер келип түшпөсө, конкурс болбой калган делип таанылат.
VI. Конкурстарды өткөрүүнүн тартиби
25. Коммерциялык конкурс аркылуу мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектериндеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүүдө коммерциялык конкурусту өткөрүүдө конкурустук комиссия билдирмелерди кабыл алуу аяктагандан кийин берилген документтерди карайт.
Конкурустук сунуштарды баалоонун критерийлерине ылайык, комиссия мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектериндеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүүнүн ачык соодаларына катышу үчүн балдардын өтүүчү суммасын алган талапкерлердин топ түзөт. Баллдардын өтүүчү суммасынын чоӊдугу конкурустук комиссия тарабынан аныкталат. Конкурус ачык-айкын ыкма менен өткөрүлөт.
Конкурустун катышуучусу өзү же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу, аукцион усулу менен жүргүзүлүүчү ачык соодаларга катышууга укугу бар. Кыйла көбүрөөк бааны сунуш кылган катышуучу коммерциялык конкурустун жеӊүүчүсү деп жарыяланат. Эгерде конкурска коюлган режимдик зонадагы жер участогуна үч жолу бир эле талапкерден билдирме берилген учурда, мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектериндеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүүдө бул участок старттык баасы боюнча ошол талапкерге берилет.
26. Инвестициялык конкурстарды өткөрүү артыкчылыктуу түрдө пайдаланылышы туристтик иш чараларды аткаруунун эсебинен мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектериндеги убактылуу пайдаланууга берилген участоктордун сапаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртууда инвестицияларды талап кылган мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын жер участокторуна карата өткөрүлөт.
Конкурустук комиссия инвестициялык конкурустун негизги шарттарын, башкача айтканда, мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын жер участогун жакшыртуу боюнча зарыл көрсөткүчтөрдү аныктайт. Инвестициялык конкурусту өткөрүүнүн шарттарынын булл пакетин талапкерлер конкуруска катышууга билдирме берүүдө алалышат.
Конкуруска катышууга билдирме берүү менен бирге талапкерлер, конкурустук комиссиянын шарттарына ылайык мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын жер участогун жакшыртууда болжолдонгон инвестициялар боюнча зарыл болгон эсептөөлөрдү дагы бериши керек.
Инвестициялык конкурста ижара төлөмүнүн көлөмү мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын жер участокторунун старттык бааларынын төмөн болушу мүмкүн эмес.
Конкурстук комиссия инвестициялык конкурустун шарттарынын бири катары, конкурустун катышуучусунун өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарууну камсыз кылуучу инструменттерди (күрөө, кепилчилик, банктын кепилдик ж. б) берүү боюнча талапты кошуп коюушу мүмкүн.
Кыйла мыкты инвестициялык сунушту киргизген катышуучу инвестициялык конкурустун жеӊүүчүсү деп таанылат.
VII. Конкурустук сунуштарды баалоонун. Конкурустун жеӊүүчүсүн табуунун тартиби
27. Кокурустук комиссия тарабынан таанылган экиден кем эмес конкурустун катышуучусу болгондо, конкурстук сунуштарды кароого жана талкылоого укуктуу.
Конкурс комиссия конкурустук сунуштарды конверттерди ачылган күнү карайт. Конкурстук сунуштарды кароо жана талкылоо конкурустук комиссиянын отурумунда жүзөгө ашырылат, анын датасы, убактысы жана өтүүчү жери конкурустук комиссиянын чечими менен аныкталат .
28. Конкурустук сунуштарды кароодо алардын конкурустук докменттердин талаптарына ылайыктуулугу белгиленет, зарыл докменттердин болгону жана аларды жол-жоболоштуруунун тууралыгы текшерилет.
29. Конкурустук сунуштарды баалоо конкурстук комиссия тарабынан конкурстук сунуштарды кароодо жүргүзүлөт. Конкурстун катышуучулары же алардын өкүлдөрү конкурстук сунуштарды балоодо катышып отурууга укуктуу. Баалоонун жүрүшүндө конкурстук комиссиянын, түшүндүрмө берүү үчүн талапкерлерди чакырып алууга, алардан кошумча маалыматтарды жана бышыктамаларды суратып алууга укугу бар.
Конкурустук сунуштарды баалоо жана конкурстун жеӊүүчүсүн аныктоо конкурустук документтерде баяндалган критерийлердин негизинде жүргүзүлөт. Ошондой эле берилген конкурустук сунуштардын кошумча техникалык, уюуштруучулук жана коммерциялык артыкчылыктары көӊүлгө алынышы мүмкүн.
30. Конкурустук сунуштарды баалангандан жана талкуулангандан кийин комиссия мүчөлөрүнүн добуш берүүсү менен конкурустун жеӊүүчүсү аныкталат. Добуш берүүнүн натыйжалары протоколго киргизилет. Конкурустук сунуштарды конкурустун шарттарына ылайык критерийлерди камтыган жана конкурустун шарттарына толук жооп берген конкурустун катышуучусу жеӊүүчү деп таанылат.
31. Комиссия чечимдерди өзүнүн отурумдарында кабыл алат, алар ага комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышып отурганда гана укук ченемдүү болуп эсептелет. Эгерде ал үчүн мүчөлөрдүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынган болуп эсептелет. Добуштар теӊ болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
32. Жеӊүүчү жөнүндө чечим конкурстук комиссиянын отуруму болгон күнү кабыл алынат, ал комиссиянын отурумунун протоколу менен жол-жоболоштурулат, ага конкурустук комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Чечим менен макул болушпаган комиссиянын мүчөлөрү өзгөчө пикирлерин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу. Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарындагы жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурусту өткөрүүгө байланыштуу комиссия мүчөлөрүнүн ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар ачык добуш берүү тартибинде чечилет.
Комиссиянын протоколунда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
-комиссия мүчөлөрүнүн -отурумдун катышуучуларынын тизмеси;
-мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасындагы жер участогунун мүнөздөмөсү;
-конкурустун катышуучуларынын Ф.А.А. аталыштары;
-конкурстук сунуштарды кароо боюнча добуш берүүнүн натыжалары;
-отурумдун жүрүшү боюнча протоколдо чагылдырууну талап кылуучу башка жагдайлар;
-анын маалыматтары (малым-даректери) көрсөтүлүү менен, конкурустун жеӊүүчүсү;
33. Конкурусту өткөрүүнүн жол-жоболору сакталганда, комиссиянын отурумунун протоколуна кол коюлгандан кийин конкурс өткөн болуп эсептелет.
34. Эгерде конкурус өткөн жок деп таанылса, конкурустун уюштуруучусу мурдагы же өзгөртүлгөн шарттар менен, ушул Жобоодо белгиленген тартипте жаӊы конкурус өткөрөт.
VIII. Конкурустун жеӊүүчүсүнүн жана уюштуруучусунун ортосунда конкурустун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюу.
35. Конкурстун уюштуруучусу жана жеӊүүчүсү комиссиянын отурумунан кийин 3 күндөн кечиктирбестен, конкурстун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюшат.
36. Конкурустун натыйжалары жөнүндө протокол 2 нускада түзүлөт, алардын бири жеӊүүчүгө берилет, ал эми экинчиси конкурустун уюштруучусунда калат. Конкурустун натыйжалары жөнүндө протокол жеӊүүчү менен келишим түзүү үчүн негиз болуп саналат.
37. Жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимге конкурус аяктагандан жана конкурустун натыйжалары жөнүндө протокол жол-жоболоштурулгандан кийин он күндүн ичинде конкурустун жеӊүүчүсү жана мамлекеттик жараталыш паркынын тиешелүү жетекчилиги тарабынан кол коюлушу керек.
38. Келишимге кол коюу үчүн жеӊүүчүнүн ушул Жободо көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө келбөөсү, ошондой эле жеӊүүчүнүн күнөөсү боюнча келишимдин жол-жоболонушунун кармалышы, келишимге кол коюунун мөөнөтүн узартууга укуктуу (ооруп калгандыгы).
39.Жеӊүүчү жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимге кол коюудан баш тарткан учурда, жаӊы конкурус жарыяланат.
IX. Конкурусту өтпөгөн же жараксыз деп таануу.
40. Конкурустук комиссия тарабынан конкурус өтпөгөн деп таанылат, эгерде;
-конкурустук сунуштарды берүүнүн белгиленген мөөнөтү ичинде бир дагы конкурустук сунуш берилбесе;
-кокурустун уюштуруучусу тарабынан белгиленген кокурустук комиссиянын чечимине ылайык, конкурусту өткөрүүдө конкурустун катышуучуларынын бири дагы жеӊүүчү деп таанылбаса;
-конкурустун жеӊиүүчүсү конкурустун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюудан, жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимди түзүүдөн четтесе;
-ушул Жободо каралган негиздер боюнча бардык талапкерлерге конкуруска катышуудан баш тартылса.
Конкурустук комиссиянын конкурусту өтпөгөн деп таануу жөнүндө чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ага конкурустук комиссиянын төрөгасы жана мүчөлөрү тарабынан кол коюлат, ошондой эле конкурустун уюштуруучусу тарабынан бекитилет.
41. Конкурустун уюштруусу конкурустун катышуучуларынын дооматтарын кабыл албайт жана конкурусту өтпөгөн деп жарыялоодо алардын алдында жоопкерчилик тартпайт.
42.Конкурс ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жараксыз деп таанылат.