Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № XXXI -13
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата перспективалык иш планы жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата перспективалык иш планын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин жобосуна ылайык, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата перспективалык иш планы бекитилсин.
2. 2016-жылдын май, июль ,сентябрь айларында кезектеги сессия өткөрүлсүн.
3. Иш пландын негизинде иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Жээнбаевага тапшырылсын.
Төрага | А. Ажибаев |
Тиркеме
№ | Иш чаранын аталышы | Мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергилтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө | I чейрек | Ж. Нарматов |
2 | Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата перспективалык иш планы | I чейрек | А. Ажибаев |
3 | ИСКАКБ «Абшыр-Таза-суу» ишканасынын жетекчисинин 2015-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2016-жылга карата элден жыйноочу салыктын тарифин бекитүү жөнүндө | I чейрек | Ж. Нарматов |
4 | "Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамы, жыйындардын протоколдорун бекитүү жөнүндө.
| II чейрек | И. Нарматов |
5 | T. Кулатов айыл аймагындагы мечиттерде диний экстремизм жана ар түрдүү агымдардын алдын алуу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | II чейрек | И. Нарматов |
6 | Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын I кварталындагы иштеринин аткарылышын көзөмөлдөө жөнүндө | II чейрек | Ж. Нарматов |
7 | Т. Кулатов айыл аймагындагы ФАПтардын, аймактык ооруу кананын санитардык гигеналык абалы жана муктаждыктары жөнүндө | II чейрек | М.Шамшиева |
8 | Т. Кулатов айыл аймагынын Ходжо Арык СПАсынын жетекчисинин аткарып жаткан иштери жөнүндө | III чейрек | М. Разаков |
9 | Айыл аймагындагы сода түйүндөрүнүн аткарып жаткан иштеринин мыйзамдуулугун кароо жөнүндө | III чейрек | Ж. Нарматов |
10 | Ноокат райондук электр тармактар иш канасынын Кулатов участкалык бөлүмүнүн бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
| IV чейрек | М. Разаков |
11 | Айыл аймагында балдар бакчаларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | IV чейрек
| М.Шамшиева |
12 | Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата перспективалык иш планы | IV чейрек | А. Ажибаев |
Жооптуу катчы: | А. Жээнбаева |