Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № 3-8-1
Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2016-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2016-жылга карата берилген иш планын карап, талкуулап чыгып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2016-жылга карата иш планын 1-Тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына (Р.К.Бакалаев,Т.Э Малабеков,К.С.Базарбаевка) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К. Барбиев |
БЕКИТИЛГЕН Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2016-ж. 28-ноябрындагы сессиясынын № 3-8-1 Токтому менен Төрага:________Б.К.Барбиев |
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү | Жооптулар |
I | Сессияда кароо үчүн киргизүүчү маселелер |
|
|
1 | Шаардык кеңештин жана туруктуу коммиссиялардын 2016-ж. карата иш пландарын кароо жана бекитүү жөнүндө | 2-квартал | Жооптуу катчы, Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары |
2 | “ 2016-жылга бюджетти бекитүү жана 2017-2018-жылдарга прогнозу жөнүндө” | 2-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
3 | 2016-ж. Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча титулдук тизмесин бекитүү жөнүндө | 2-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
4 | Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик боюнча башкармалыгынын аткарган иши жөнүндө отчёту | 3-квартал | Өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба,энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
5 | 2016-жылдын 1-жарым жылында киреше бөлүгүнүн аткаруусу жөнүндө | 3 -квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия . |
6 | Шаардык билим берүү бөлүмүнүн объектилеринин жаңы окуу жылына карата көргөн даярдыгы жөнүндө | 3-квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
7 | Майлуу-Суу шаарынын мэринин 2016-жылдын 6 айлык боюнча отчёту | 4-квартал | Майлуу-Суу шаарынын мэри |
8 | Шаардын саламаттыкты сактоо мекемесинин иши жөнүндө | 4-квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
9 | 2016-2017-ж. күз-кыш мезгилине коммуналдык мекемелердин көргөн даярдыгы жөнүндө | 4-квартал | Өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба,энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу депутаттык комиссия .
|
10 | Шаардык аксакалдар сотунун аткарган иштери жөнүндө | 4- квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
11 | Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отчёту | 4- квартал | Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары |
II | Практикалык иш чаралар
|
|
|
1 | Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү, аткарылган иштер боюнча отчет берүү жана шайлоочуларды кабыл алуу | График боюнча | Депутаттык фракциялар, партиялардан шайланган депутаттар |
2 | Сессияда карала турган маселелерди жерине чыгуу менен сапаттуу жана өз убагында даярдоо | Иш планы боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
3 | Шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышын жерине чыгуу менен көзөмөлдөө | Ай сайын | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
4 | Маанилүү маселелер боюнча калк арасында коомдук угуларды уюштуруу | Зарыл болгондо | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
5 | Иш планында белгиленген маселелерди өз убагында кароо | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар |
6 | Башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга, тегерек столдорго активдүү катышуу
| Чакыруу боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
7 | Ар бир иш сапардан кийин, анын жыйынтыгы боюнча отчет даярдап тапшыруу | Дайыма | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
8 | Шаардык кеңештин депутаттарынын билим дээңгелин жогорулатуу максатында, тиешелүү адистерди чакыруу менен депутаттык окууларды өткөрүү | Зарылдыгына жараша | Шаардык кеңештин аппараты |
9 | Шаарда өткөрүлгөн массалык маданий, спорттук иш-чараларга активдүү катышуу | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
10 | Сессияга даярдалган документтерди өз убагында көбөйтүп, депутаттарга жеткирүү | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
11 | Сессиянын жүрүшүндө айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды жалпылоо жана аларды аткаруу үчүн шаардык мэрияга жана тиешелүү мекемелерге жөнөтүү, алардын аткарылышын көзөмөлдөө | Ар сессиядан кийин | Шаардык кеңештин аппараты |
12 | Шаардык кеңеш кабыл алган токтомдорду жана алардын аткарылышы тууралуу маалыматтарды шаардык кеңештин вэб-сайты аркылуу калкка жеткирип туруу
| Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
13 | Шаардык кеңешке келип түшкөн каттарды,арыздарды жана башка документтерди өз убагында каттоо кароо жана аткаруу, ошондой эле жообун кат, арыз ээлерине билдирип туруу | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
Эскертүү:
Ченемдик укуктук мүнөздүү эмес маселелер демилгечи менен Майлуу-Суу шаардык кеңешинин кароосуна сессиянын башталышына 20 күн калганда киргизилет же туруктуу комиссиялардын иш планына киргизилиши мүмкүн.
Майлуу-Суу шаардык кеңештин жоопту катчысы: | Р.А.Колдаров |