Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 27- ноябры № 20 токтомуна 1-тиркеме |
1.1. Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк куруунун (түзүүнүн) тартиби жана шарттары жөнүндө бул жобо (мындан ары-жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Жарандык кодексине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана үлүштүк курулушка катышуу (мындан ары-үлүшчү) келишиминин негизинде жана үлүшчүлөрдө үлүштүк курулуштун объектине менчик укуктарынын жана көп кабаттуу үйдө жалпы мүлккө жалпы үлүштүк менчик укуктардын пайда болуусу менен Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттарын тартуу менен муниципалдык жерлерде көп кабаттуу үйлөрдү үлүштүк куруу үчүн жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
1.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык үлүштүк курулушка катышуу келишимин түзүү жана аны мамлекеттик каттоо жолу менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан ыйгарым укуктуу орган менен көп квартиралуу үйлөрдү куруу (түзүү) үчүн жарандардын акча каражаттарын тартууга жол берилет.
1.3. Бул жобого ылайык үлүштүк курууга катышуу келишимин түзүү 5 жылга чейин каралат.
2.2. Бул жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) курулушчу- бул жобого ылайык бул жер участокто көп квартиралуу үйлөрдү куруу (түзүү) үчүн муниципалдык жер участогу бекитилген жана үлүшчүлөрдүн акча каражаттарын тартуучу Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы;
2) үлүштүк курулуштун объекти – үлүшчүнүн акча каражаттарын тартуу менен курулуучу (түзүлүүчү) үлүштүк курулуштун үлүшчүгө өткөрүлүп бериле турган көп квартиралуу үйдөгү турак жай жана жалпы мүлк;
3)үлүштүк курулуштун катышуучусу (үлүшчү)- Бишкек шаарынын тургуну, Бишкек шаарынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруучу, көп квартиралуу турак үйдү үлүштүк курууда (түзүүдө) ыктыярдуу ниет кылган жана бул жобого ылайык үлүштүк курулуштун объекттин өз менчигине алган Кыргыз Республикасынын жараны.
3.1. Үлүштүк курулушка катышуу келишими боюнча (мындан ары-келишим) келишимде каралган мөөнөттө бир тарап (курулушчу) өз күчү менен жана (же) башка жактарды тартуу менен көп квартиралуу үйдү курууга (түзүүгө) жана үлүшчүгө үлүштүк курулуштун тийиштүү объектин өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми экинчи тарап (үлүшчү) келишимде көрсөтүлгөн бааны төлөөгө жана үлүштүк курулуш объектин кабыл алууга милдеттенет.
3.1. Келишим жазуу түрүндө түзүлөт, мамлекеттик каттоодон өтөт жана каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү болуп саналат.
3.3. Келишим төмөнкүлөрдү камтуусу тийиш:
1) курулушчу тарабынан көп квартиралуу үйдү эксплуатацияга киргизүүгө уруксат алынгандан кийин долбоорлоо документке ылайык өткөрүп бериле турган үлүштүк курулуштун конкреттүү объектти аныктоону;
2) уруксат берүү документин, долбоорлоо-чалгындоо иштерин, курууну, эксплуатацияга киргизүүнү жана курулушчу тарабынан үлүштүк курулуштун объектин үлүшчүгө менчикке өткөрүп берүүнү иштеп чыгуу мөөнөтүн;
3) келишим баасын, аны төлөө мөөнөттөрүн жана тартибин;
4) үлүштүк курулуштун объектине кепилдик мөөнөттү.
3.4. Аны үлүшчүгө өткөрүп бергенге чейин мезгилсиз каза болгон же үлүштүк курулуштун объекти кокустан бузулган учурда курулушчу жоопкерчилик тартат.
3.5. Үлүшчү – жаран каза болгон учурда, анын укуктары жана милдеттери келишим боюнча мыйзамда башка каралбаса мураскорго өтөт. Курулушчу келишимге киргизилген мындай мураскорлордон баш тартууга укугу жок.
3.6. Келишимде келишимдин баасы, тактап айтканда үлүшчү тарабынан төлөнө турган акча каражаттардын өлчөмү көрсөтүлөт.
3.7. Тараптардын макулдугу боюнча келишим баа ал түзүлгөндөн кийин өзгөрүүсү мүмкүн.
3.8. үлүштүк курулуштун объектин эксплуатацияга киргизгенден жана үлүшчү тарабынан келишимдин толук баасы төлөнгөндөн кийин, курулушчу менен үлүшчүнүн ортосунда үлүшчүгө үлүштүк курулуштун объектине менчик укуктарын кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуучу үлүштүк курулуштун объекти - үлүштү менчикке өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүлөт.
4.1. Бул жобонун максаттарына жетишүү үчүн бул жобого ылайык жана көп квартиралуу үйдү куруу (түзүү) үчүн жер участогу бекитилүүсү менен долбоорлоо маалымат жарыялангандан, жайгаштырылгандан жана (же) берилгенден кийин үлүшчүнүн акча каражаттарын көп квартиралуу үйдүн уруксат берүү документин жол-жоболоштуруу, долбоорлоо-чалгындоо иштерин жүргүзүү жана куруу (түзүү) үчүн тартууга укуктуу.
4.2. Көп квартиралуу үйдү куруу (түзүү) курулушчу тарабынан өз күчү жана (же) башка жактарды тартуу менен жүзөгө ашырылат жана кыргыз Республикасынын КЧжЭнин талаптарына жана келишим шарттарына ылайык курулуш-монтаждоо жана атайын иштердин өндүрүш технологиясына ылайык этап-этап боюнча аткарылуучу иштердин төмөнкү тизмегин камтыйт:
Долбоорлоо-чалгындоо иштери:
1. Курулуштун долбоорунун форэскизи.
2. Курулуштун аянтын инженердик-геологиялык чалгындоо.
3. Курулуштун аянтын, инженердик тармактарынын топогеодезиялык чалгындоо.
4. Объекттин жумушчу долбоору, анын ичинде тышкы жана ички инженердик коммуникациялар: электр жабдуу, суу жабдуу, канализация, жылуулук жабдуу, газ жабдуу, телефондоштуруу
5. Уруксат берүү, долбоорлоо жана башка документтерди макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Мамэкспертизасынын корутундусун, объекти курууга уруксаат алуу жана Бишкек шаары боюнча мамархтехкурулушкөзөмөлдөө башкармалыгында объектти каттоо.
1. Имараттын конструктивдүү чиймесин тургузуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери (ошондой эле инженердик коммуникацияларды киргизүү жана чыгаруу).
2. Тышкы, ички дубалдарды тосуучу конструкциялар жана биринчи кабаттан акыркы кабатка чейин, тепкичтерди тосмолор.
3. Лифттерди монтаждоо
4. Чатырларды орнотуу
5. Терезе жана эшик блокторун орнотуу
6. Ички жана тышкы жасалгы иштер
7. Санитардык-техникалык жана инженердик жабдууларды орнотуу.
8. Көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну, ирригацияны жана короо аймагын жана кирүү жолдорун тышкы жарыктандырууну уюштуруу.
1. Имараттын ичиндеги магистралдык инженердик тармактарды (суу жабдуу, канализация, электр жабдуу, телефондоштуруу) тартып келүүсүз конкреттүү тиричилик приборлорго жана жабдууларга монтаждоо.
2. Жылуулукту орнотуу.
3. Телефондун бөлүнмө тармактары.
1. Турак үйдү электр менен жылытууну (тамак даярдоону) эске алуу менен электр жабдуу тармактары
2. Төмөндөтүүчү станцияларды орнотуу менен тамак даярдоо үчүн газ жабдуу тармактары
3. Өрт гидранттарын жана жогорулатуучу насостук станциясын орнотуу менен суу түтүк тармактары
4. Турак үйдүн жанына кабыл алуу кудуктарын орнотуу менен канализация тармактары
5. Телефон тармактары.
1. Сантехникалык приборлорду: ванналар, бактары менен унитаздарды, кол жуугучтарды, өзүнчө турган ашкана жугуучтарын, борбордук түркүктөрдөн конкреттүү тиричилик приборлорго жана жабдууларга тартуу менен зарылчылыкка жараша жана башка сантехникалык приборлорду сатып алуу жана монтаждоо;
2. Электрмонтаждоо жабдууларын: өчүргүчтөрдү, ток тешиктерди, патрондорду, электр энергиясынын учетун эсепттөөчү приборду, электр плитасын, шам чырактарды сатып алуу жана монтаждоо.
3. Шыптардын, ички дубалдардын жана тосмолордун (сырдоо жана туш кагаздарды чаптоо) жасалгы иштери
4. Төшөлмө жабууларын жасоо.
5. Терезе, эшик блокторун коюу жана айнектөө жана аларды сырдоо.
6. Сантехникалык түтүктөрдү жана жылуулук приборлорун сырдоо.
4.3. Тараптардын эки жактуу макулдугу болгондо келишим менен үлүштүк курулуштун объектти өзүлөрү жасалгы иштерин аткаруу үчүн берүү курулушу каралат.
4.4. Көп квартиралуу үйдү куруу (түзүү) мөөнөтү -3 жылга чейин.
4.5. Көп квартиралуу үйдү курууну (түзүүнү) аяктагандан кийин курулушчу өз каражаттарынын эсебинен көп квартиралуу турак үйдүн техникалык паспортун жол-жоболоштуруу менен белгиленген тартипте үйдү эксплуатацияга берүүгө милдеттүү. Үлүштүк курулуштун объекттин техникалык паспортун үлүшчүгө кайра жол-жоболоштуруу келишим баасы толук төлөнгөндөн кийин, үлүшчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
5.1. Келишим баасын төлөө акчалай (акчалай эмес) төлөмдөрдү киргизүү жолу менен бир убакта же келишим тарабынан белгиленген мөөнөттө жылдар боюнча, айлар боюнча же жумалар боюнча жүргүзүлөт.
5.2. Келишим баасын төлөө үч этапта жүргүзүлөт:
- биринчи этап - курулушта үлүштүк катышуу келишимин кол коюу - келишим баасынан 30 пайыз;
- экинчи этап - курулуш мезгилинде, эксплуатацияга киргизгенде - 30 пайыз;
- үчүнчү этап - эксплуатацияга киргизген учурдан тартып үлүштүк курулуш объектти менчикке өткөрүп бергенге чейин - 40 пайыз.
5.3. Эгерде, келишимге ылайык келишим бааны төлөө үлүшчү тарабынан бир убакытта төлөө жолу менен жүргүзүлүүсү тийиш болсо, үч айдан көп убакыттын ичинде төлөө кечиктирилсе, курулушчунун келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.
5.4. Эгерде, келишимге ылайык келишим бааны төлөө үлүшчү тарабынан келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөмдөрдү киргизүү жолу менен жүргүзүлүүсү тийиш болсо, үлүшчү тарабынан төлөмдөрдү киргизүү мөөнөттөрү такай бузулуусу, тактап айтканда, алты айдын ичинде үч жолудан көп жолу бузулса же үч айдан көп убакыттын ичинде төлөө кечиктирилсе, курулушчунун келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.
5.5. Келишим тарабынан белгиленген төлөм киргизүү мөөнөтү бузулган учурда, үлүшчү курулушчуга келишимде аныктала турган өлчөмдө бышмана (пения) төлөйт.
5.6. Үлүшчү тарабынан келишим тарабынан белгиленген төлөм киргизүү мөөнөтү бузулган учурда, курулушчу келишимди бузууга жана нак киргизилген төлөмдөрдү төлөө менен үлүштүк курулуш объектин сатууга укуктуу.
6.1. Курулуш аяктагандан, көп квартиралуу үй эксплуатацияга киргизилгенден жана эки этап боюнча төлөм киргизилгенден кийин үлүшчү кирип жайгашууга укуктуу.
Өткөрүп берүү актынын негизинде үлүштүк курулуштун объектин жайгаштыруу жүзөгө ашырылат. Өткөрүп берүү актысы түзүлгөн учурдан тартып, үлүштүк курулуштун объектинин кокустан токтоп калуу тобокели үлүшчүгө жүктөлөт.
6.2. Үлүшчү тарабынан келишимде көрсөтүлгөн бааны келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч эмес толук киргизгенден кийин үлүштүк курулуштун объекти - үлүштү менчикке өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде курулушчу үлүштүк курулуштун объектин үлүшчүгө өткөрүлүп берилет.
6.3. Келишимде каралган үлүштүк курулуштун объектин үлүшчүгө өткөрүп берүү мөөнөтү бузулган учурда, курулушчу үлүшчүгө келишимде аныктала турган өлчөмдө тбышмана (пения) төлөйт.
6.4. Эгерде көп квартиралуу үйдү куруу (түзүү) келишимде каралган мөөнөттө аяктабай кала турган болсо, курулушчу көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин эки айдан кеч эмес үлүшчүгө үлүштүк курулуштун объектин курулушчу тарабынан өткөрүп берүү мөөнөтүнүн өзгөргөндүгү жөнүндө тийиштүү маалыматты жана сунушту жөнөтүүгө милдеттүү.
6.5. Курулушчу үлүшчүгө үлүштүк курулуштун объектин келишим шарттарына, КЧжЭнин, техникалык регламенттердин, долбоорлоо документинин талаптарына, ошондой эле башка милдеттүү талаптарга туура келген сапатын өткөрүп берүүгө милдеттүү.
6.6. Эгерде үлүштүк курулуштун объекти курулушчу тарабынан мындай объекттин сапатын начарлатууга алып келүүчү келишим шарттарынан жана (же) милдеттүү талаптардан четтөө менен же келишимде каралган пайдалануу үчүн жараксыз башка кемчиликтери менен курулган (түзүлгөн) болсо, үлүшчү эгерде келишимде башка каралбаса, өзүнүн тандоосу боюнча курулушчудан төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:
1) кемчиликтерди келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө кайтарымсыз четтетүүнү;
2) келишим бааны ылайык төмөндөтүүнү;
3) кемчиликтерди четтетүүгө өз чыгымдарынын ордун толтурууну.
6.7. Үлүштүк курулуштун объектинин сапатына карата талаптар олуттуу бузулганда же үлүшчү тарабынан коюлган туура мөөнөттө табылган кемчиликтер четтетилбесе, үлүшчү бир тараптуу тартипте келишимди аткаруудан баш тартууга жана курулушчудан акча каражаттарынын кайтарылуусун жана пайыздарын төлөөнү талап кылууга укуктуу.
6.8. Үлүштүк курулуштун объекти үчүн кепилдик мөөнөт келишим тарабынан белгиленет жана бир жылдан аз болбошу керек. Көрсөтүлгөн кепилдик мөөнөт көп квартиралуу үйдү куруу (түзүү) жана эксплуатацияга киргизүү аяктаган күндөн тартып эсептелинет.
6.9. Курулушчу тарабынан белгиленген тартипте көп квартиралуу үйдү эксплуатацияга киргизүүгө уруксат алынгандан жана үлүштүк курулуштун объекти үчүн толук наркы төлөнгөндөн кийин курулушчу үлүштүк курулуштун объектин келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч эмес өткөрүп берүүгө милдеттүү.
7.1. Үлүшчү төмөнкү учурларда бир тараптуу келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу:
1) курулушчу тарабынан келишимде белгиленген мөөнөттө үлүштүк курулуштун объектин өткөрүп берүү боюнча милдеттенмелер аткарылбаганда;
2) үлүштүк курулуштун объектин сапатына карата талаптар олуттуу аткарылбаганда;
3) келишимде белгиленген башка учурларда.
7.2. Үлүшчүнүн талабы боюнча сот тартибинде төмөнкү учурларда келишим бузулушу мүмкүн:
1) көп квартиралуу үйдү куруу (түзүү) токтогондо же токтотулганда;
2) курулуп жаткан көп квартиралуу үйдүн долбоорлоо документи олуттуу өзгөргөндө, анын ичинде үлүштүк курулуштун объектинин көлөмү олуттуу өзгөргөндө;
3) Жалпы мүлктүн жана (же) көп квартиралуу үйдүн жана (же) кыймылсыздыктын башка объектинин курамына кирүүчү турак эмес жайлардын багыты өзгөргөндө;
4) Келишимде белгиленген башка учурларда.
7.3. Курулушчу бул жобонун 7.2-пунктунда каралган негиздер боюнча келишим бузулган учурда, келишим бузулган күндөн тартып үч айдын ичинде алар тарабынан келишим баа эсебине төлөнгөн акча каражаттарды үлүшчүгө кайтарып берүүгө, ошондой эле келишимде каралган пайыздарды төлөп берүүгө милдеттүү.
7.4. Заказчы тарабынан келишимди аткаруудан бир тараптуу тартипте баш тартуу үчүн негиз бар болгондо, заказчы үлүшчүгө жазуу жүзүндөгү келишим бааны төлөө боюнча карызды жоюу зарылчылыгы жөнүндө эскертүүнү жөнөткөндөн кийин, отуз күндөн эрте эмес келишимди бузууга укуктуу. Үлүшчү тарабынан мындай талап аткарылбаганда, курулушчу келишимди бир тараптуу тартипте аткаруудан баш тартууга укуктуу.
7.5. Курулушчу тарабынан бул жобонун 7.4-пунктунда каралган негиздер боюнча келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартылса, заказчы үлүшчүгө ал тарабынан төлөнгөн сумманы кайтарып берүү менен үлүштүк курулуш объектин сатууга укуктуу.
7.6. Эгерде, үлүшчү үлүштүк курулуш объектине көчүп кирген жана үлүштүк курулуш объектин наркын толук төлөө боюнча милдеттенмени аткарбаган учурда, аны менен бирге жашаган жактар менен кайра көчүрүлөт. Бул учурда заказчы үлүшчүгө ал төлөгөн төлөмдөрдү кайтарып берет жана жаңы үлүшчүгө үлүштүк курулуш объектин сатат.
7.7. Тараптардын бири келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тарткан учурда, экинчи тарапка келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартуу жөнүндө эскертүү жөнөтүлгөн күндөн тартып келишим бузулду болуп саналат.
7.8. Өз милдеттерин аткарбаган же өз милдеттерин тийиштүү аткарбаган тараптар келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбаган же тийиштүү аткарбаган учурда, экинчи тарапка бул жободо жана келишимде каралган бышманаларды (айып пулдарды, туумдарды) төлөп берүүгө жана туумдан сырткары келтирилген зыяндардын ордун толук көлөмдө толтурууга милдеттүү.
8.1. Үлүшчү келишимдин толук баасы алар тарабынан төлөнгөндөн кийин же Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси тарабынан белгиленген тартипте жаңы үлүшчүгө бир убакта карызды которуу менен келишим боюнча талаптардын укуктарына макул болууну жүзөгө ашырат.
8.2. Курулушчунун милдеттенмелери тараптар тарабынан өткөрүп берүү актын кол койгон жана үлүшчүгө үлүштүк курулуш объектин укук белгилөөчү документти жол-жоболоштурган учурдан тартып аткарылды болуп эсептелинет.
8.3. Үлүшчүнүн милдеттенмелери келишимге ылайык акча каражаттарын толук көлөмдө төлөгөн жана тараптар тарабынан өткөрүп берүү актына кол коюлган учурдан тартып аткарылды болуп эсептелинет.
9.1. Бишкек шаарынын мэриясы көп квартиралуу үйдү үлүштүк курууну уюштуруу үчүн:
- Бишкек шаарынын бюджетинде кайтарма негизде курулушчуга берилүүчү акча каражаттарын карайт. Акча каражаттарын кайтаруу курулушчу тарабынан үлүшчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
- курулушчуга көп квартиралуу үй куруу үчүн жер участогун оперативдүү киргизүү укугуна бекитилет.
9.2. Бул жободо каралган учурларда үлүшчү тарабынан киргизилген акча каражаттарын кайтаруу курулушчу тарабынан алар жетишсиз болгондо, Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
9.3. Тараптардын бири милдеттенмелерди тийиштүү аткарбаган учурда, экинчи тарап зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
Көп квартиралуу үйдүн курулушунда үлүштүк катышуу келишими боюнча милдеттенмелерди камсыздоо максатында, тараптар ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган башка келишимдер түзүлүшү мүмкүн.
9.4. Үлүштүк курулуш объектине үлүшчүнүн менчик укугу Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 22-декабрындагы №153 “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамы жана бул жобо тарабынан каралган тартипте мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
9.5. Курулушчу келишим боюнча үлүшүчү тарабынан төлөнүүчү акча каражаттарды долбоорлоо документке ылайык аларга көп квартиралуу үй куруу (түзүү), ошондой эле Бишкек шаарынын бюджетинен көп квартиралуу үйдүн курулушуна бөлүнгөн акча каражаттарды кайтаруу үчүн гана пайдаланат.
9.6. Курулушчу үлүшчүлөрдү тартуу максатында көп квартиралуу үйдү куруу долбоору жөнүндө маалыматты таркатат. Түшкөн өтүнмөлөрдүн негизинде үлүштүк катышуу шарттарында көп квартиралуу үйдү курууда (түзүүдө) катышууну каалаган жактардын тизмесин түзөт.
9.7. Курулуштун долбоору жөнүндө маалымат төмөнкү маалыматтарды камтуусу тийиш:
1) курулуучу (түзүлүүчү) көп квартиралуу үйдүн жайгашкан орду, анын баяндоосу, чектери жана долбоорлоо документи тарабынан каралган жер участогунун аянты;
2) квартиралардын жана башка кыймылсыз объекттердин саны
3) курулуштун башталышынын жана эксплуатацияга киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү;
4) көп квартиралуу үйдү куруунун (түзүүнүн) пландуу наркы.
9.8. Курулушчунун көп квартиралуу үйдү курууну (түзүүнү), бюджеттик жана тартылган акча каражаттарды чыгымдоону, жер участогун пайдаланууну жана курулган объекти жарандарга менчикке өткөрүп берүүнү камсыздоо алкагындагы иши үчүн контролду Бишкек шаарынын мэриясы жүзөгө ашырат. Курулуш ченемдерин жана эрежелерин, шаар курулуш документин сактоо алкагындагы контроль архитектура жана курулуш аймактык органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
9.9. Бишкек шаарынын мэриясы тараптар үчүн келишим түзүүдө жана аны аткарууда милдеттүү болгон ченемдик актыларды чыгарууга укуктуу.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю. С. Шкуропатов |