Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 27-ноябры № 20
Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 562 токтому менен бекитилген "2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында турак-жай куруу Улуттук программасын", Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 18-июлундагы № 83 токтому менен бекитилген 2010-жылга чейин Бишкек шаарында турак-жай куруу программасын жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 11-ноябрындагы маалымкат-негиздемесинин жана катынын, Бишкек шаарынын тургундарынын көптөгөн кайрылууларын эске алып жана Бишкек шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосунда жарандардын турак-жай шарттарын жакшыртуу үчүн, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк куруунун (түзүүнүн) тартиби жана шарттары жөнүндө" жобо бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Үлүштүк курууда катышуунун типтүү келишими бекитилсин (№ 2 тиркеме).
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
- "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк куруунун (түзүүнүн) тартиби жана шарттары жөнүндө" жобонун ишке ашырылышын камсыз кылсын;
- "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартибин" Жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда (түзүүдө) шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен киргизилүүчү объекттердин санынан 20%га чейинки өлчөмдө муниципалдык турак-жай фондун түзүүнү карап чыксын;
- жыл сайын шаардын бюджетинде Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууну каржылоого акча каражаттарды карап чыксын;
- жарым жыл сайын Бишкек шаардык кеңешке бул жобонун ишке ашырылып жаткандыгы жөнүндө маалымат берсин.
4. Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жарандардын ортосунда квартираларды бөлүштүрүү курамына ар бир аймактык депутаттык топтон бирден шаардык депутат кирген Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шааркуруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Дашков В.А.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Суракматов |
| Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы №20 токтомуна 2 -тиркеме |
20____жылдын “____”__________ | Бишкек шаары |
Жобонун негизинде иштөөчү, мындан ары “Курулушчу” деп аталуучу ________________________________________________________ атынан Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы биринчи тараптан жана __________________________________________________________________
мындан ары “Үлүшчү” деп аталуучу экинчи тараптан “Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруунун (түзүүнүн) тартиби жана шарттары жөнүндө” жобого ылайык төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
“Курулушчу” өз күчү жана (же) башка адамдарды тартуу менен
турак аянты _____ чарчы метр, долбоор боюнча жалпы аянты _____ чарчы метр, ____ кабаттагы, №_____ подьездеги, _____ бөлмөлүү квартираны, мындан ары “Үлүштүк курулуштун обьекти” деп аталуучу, анын ичинде Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйдө жайгашкан, _______________ дарегиндеги мындан ары “Үй” деп аталуучу имараттын инфраструктуранын бир бөлүгүн курууга жана Үйдү эксплуатациялоого киргизүүгө уруксат алгандан кийин Үлүштүк курулуш обьектисин Үлүшчүгө өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми Үлүшчү бааны ушул келишим менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө төлөп берүүгө жана Үлүштүк курулуштун обьектисин менчикке кабыл алууга милдеттенет.
1.2. “Үлүшчү” көп квартиралуу турак үйдү курууну төмөнкү негизде
ишке ашырат:
- Бишкек шаарынын ________________ көчөсүндөгү жер участогун Үй куруу үчүн бекитип берүү жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын 20___жылдын “____” ___________ №______ Бишкек мамкаттоосунда катталган токтомунун, мөөнөтсүз пайдалануу укугуна 20____ жылдын “___” ________ №_____ актысынын;
- 20_____ жылдын “____” _____________ тарабынан берилген (уруксат берген орган көрсөтүлсүн) курууга уруксаттын;
- ___________ тарабынан бекитилген долбоордук-сметалык документтердин (долбоордук документтерди бекиткен дата жана орган көрсөтүлсүн).
1.3. Үлүшчү долбоордук документтер менен таанышкан.
1.4. Келишим ______ жылдык мөөнөткө же 20_____ жылдын “____” ________ чейин түзүлгөн.
1.5. Үлүштүк курулуш обьекти эксплуатациялоого киргизилгенден жана Үлүшчү келишимдин толук баасын төлөп бергенден кийин Курулушчу менен Үлүшчүнүн ортосунда үлүштү менчикке – ушул келишимдин ажыратып алгыс бөлүгү жана Үлүштүк курулуш обьектисинин менчик укугун Үлүшчүгө кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналган үлүштү өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлөт.
2.1. Курулушчу төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Үйдү КЧжЭ макулдашылган долбоордук документтерине жана ушул токтомдун №1 тиркемесине жараша мөөнөттөрүнө ылайык этап боюнча курууну камсыз кылууга багытталган уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын комплексин ишке ашырууга;
- Үйдү 20____ жылдын _________________ чейинки мөөнөттө эксплуатацияга киргизүүгө;
- менчик каражаттарынын эсебинен көп квартиралуу турак үйдүн техникалык паспортун белгиленген тартипте жол-жоболоштурууга жана Үлүштүк куруу обьектине өткөрүп берүү актысынын негизинде Үлүшчүнүн көчүп кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө;
- Үлүшчү тарабынан келишимдин баасын толук төлөгөндөн кийин 10 күндүн ичинде Үлүштүк куруу обьектин Үлүшчүнүн менчигине өткөрүп берүүгө, үлүштү - Үлүштүк куруу обьектин менчикке өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө жана Үлүштүк куруу обьектисинин бардык зарыл документтерин кайра жол-жоболоштуруу үчүн мамкаттоо органдарына берүүгө. Үлүштүк куруу обьектине менчик укугун жол-жоболоштуруу Үлүшчүнүн жеке каражаттарынын эсебинен өз алдынча ишке ашырууга;
- Үйдүн курулушу жөнүндө Үлүшчүгө маалымат берип турууга.
2.2. Курулушчу ушул келишимге ылайык өзүнө кабыл алган милдеттемелерди толук көлөмдө аткарылышын Үлүшчүдөн талап кылууга укуктуу.
2.3. Үлүшчү тарабынан төлөмдү төлөөнүн келишим менен белгиленген мөөнөттү бузган учурда Курулушчу келишимди бузууга жана Үлүштүк куруу обьектини иш жүзүндө төлөгөн төлөмдөрдү төлөп берүү менен сатууга укуктуу.
3.1. Үлүшчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Үлүштүк куруу обьектине акыны ушул келишимдин 4-бөлүмүнүн талаптарына жана ушул келишимдин №2 тиркемесине жараша жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык суммада жана мөөнөттө төлөөгө;
- курулуш аяктагандан, Үй эксплуатациялоого киргизилгенден жана келишимдин баасы толук төлөнгөндөн кийин Үлүштүк куруу обьектини Курулушчуда кабыл алууга мамкаттоо органдарында квартирага менчик укугун кайра каттатууга;
- эксплуатациялоочу уюмдар тарабынан берилген эксплуатациялоого киргизилген учурдан тартып коммуналдык кызматтарды көрсөтүүгө эсептер боюнча бардык чыгымдарга акы төлөөгө.
3.2. Үлүшчү төмөнкүлөргө укуктуу:
- курулуш аяктагандан, эксплуатациялоого киргизгенден жана келишимдин баасынын 60%ын төлөгөндөн кийин (ушул келишимдин №2 тиркемесине ылайык) өткөрүп берүү актысынын негизинде, Үлүштүк куруу обьектине көчүп кирүүгө;
- Курулушчудан Үйдүн курулушун ишке ашырууну жана Үлүштүк куруу обьектинен КЧжЭ жана бекитилген долбоордун талаптарына ылайык мөөнөттө (ушул келишимдин №1 тиркемесине ылайык) келишим менен алдын ала айтылгандардын ишке ашырылышын талап кылууга;
- келишимдин толук баасы төлөнгөндөн кийин Курулушчудан Үлүштүк куруу обьектин жана менчик укугун каттоо үчүн зарыл документтерди белгиленген мөөнөттө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
- эгерде Үлүштүк куруу обьектин Курулушчу тарабынан келишимдин шарттарын жана (же) мындай обьекттин сапатынын начарлашына алып келген милдеттүү талаптардан четтөө жана аны келишим менен каралган пайдалануу үчүн жараксыз кылган башка кемчиликтер менен курулса (тургузулса), Үлүшчү Курулушчудан төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:
1) кемчиликтерди _____ айлык мөөнөттө акысыз четтетүүнү;
2) келишимдин баасын өлчөмүнө жараша азайтууну;
3) кемчиликтерди четтетүүгө өз чыгымдарынын ордун толтурууну.
4.1. Үлүштүк куруу обьектин куруу боюнча келишимдин баасы бир чарчы метр үчүн ______ сом эсебинде аныкталат.
4.2. Үлүшчүнүн Курулушчу менен эсептешүүсүнүн тартиби ушул келишимдин 2- тиркемесине ылайык аныкталат.
4.3. Келишимди түзүүнүн учурунда Үлүшчү Курулушчуга ______ сом өлчөмүндөгү акчалай каражаттарды (бирок баасынын 30%нан кем эмесин) төлөп берет.
4.4. Үйдү эксплуатациялоого киргизүү жана Үлүштүк куруу обьектинин үлүшчүсү көчүп кирген учурга карата Үлүшчү Үлүштүк куруу обьектинин наркынын – келишимдин баасынын 60%нан кем эмесин төлөп берүүнү ишке ашырууга тийиш.
4.5. Келишимдин мөөнөтү аяктаган учурга 20_____ жылдын “___”_________ карата Үлүшчү - Үлүштүк куруу обьектинин наркынын – келишимдин баасынын 100% төлөөнү ишке ашырууга тийиш.
4.6. Келишимдин баасын төлөө боюнча Үлүшчүнүн милдеттемелери Курулушчунун эсебине акча каражаттарын толук көлөмдө чегергенден кийин толугу менен аткарылды деп эсептелет.
4.7. Ушул келишимдин №2 тиркемесинде аныкталган Үлүшчү тарабынан Курулушчуга төлөнүп берилүүгө жаткан акча каражаттарынын өлчөмү, ошондой эле Үлүштүк куруу обьектинин жалпы аянтынын бир чарчы метринин наркы белгиленген болуп саналат жана Үлүшчү тарабынан Курулушчу менен эсептешүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү боюнча милдеттемелер аткарылган шартта өзгөртүлүүгө жатпайт. Үлүшчү тарабынан төлөнүп берилүүгө жаткан акча каражаттарынын өлчөмү ушул келишимдин 4.8. пунктту менен каралган учурда өзгөртүлүшү мүмкүн.
4.8. Үлүштүк куруу обьектинин Үлүшчү тарабынан сатып алынуучу аянты көп квартиралуу Үй эксплуатациялоого киргизилгенден кийин мамкаттоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн ченөөлөргө ылайык такталат жана бул келишим үчүн иш жүзүндөгү катары таанылуу менен келишимдин баасын кайра кароо үчүн негиз болуп саналат.
4.9. Курулуш материалдарына баалар өзгөргөн учурда Үлүштүк куруу обьектинин жалпы аянтынын бир чарчы метринин баасы тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
5.1. Курулушчу турак үйдү долбоорлоо-сметалык документтерине, шаар курулушуна, курулуш ченемдерине жана эрежелерине, куруу мөөнөттөрүнө ылайык курууну ишке ашырууга, үйдү эксплуатацияга киргизүүнү камсыз кылууга жана келишимдин 1.1. пунктунда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө жана КЧжЭге, долбоорлоо документтеринин талаптарына жооп берген Үлүштүк куруу обьектин Үлүшчүгө менчикке өткөрүп берүүгө милдеттенет.
5.2. Үлүштүк куруу обьектинин сапаты боюнча кепилдиктин мөөнөтү Үй эксплуатациялоого киргизилген учурдан тартып 1 (бир) жылды түзөт.
6.1. Өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган тарап, ушул келишим боюнча өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, башка тарапка бышмана төлөөгө жана келтирилген чыгымды толук көлөмдө бышманадан тышкары төлөө менен ордун толтурууга милдеттүү.
6.2. Үлүшчү ушул келишим менен белгиленген төлөмдү төлөөнүн мөөнөтүн бузган учурда Курулушчуга 30 календардык күн ичинде ар бир өткөрүп жиберген күн үчүн төлөмдү өткөрүп жиберген суммадан 0,01% өлчөмүндө бышмана (туум) төлөп берет. Кезектеги төлөм боюнча төлөө үч айдан ашык кечиктирилсе бул келишимди бузууга жана Үлүштүк куруу обьектисин жаңы Үлүшчүгө өткөрүп берүүгө негиз болуп саналат.
6.3. Келишимде каралган Үлүштүк куруу обьектисин Үлүшчүгө өткөрүп берүү мөөнөтү бузулган учурда Курулушчу өткөрүлгөн ар бир күн үчүн 0,01 пайыз өлчөмүндө Үлүшчүгө бышмана (туум) төлөп берет.
7.1. Ушул келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тарптардын макулдашуусу боюнча жазма түрүндө жүргүзүлөт.
7.2. Ушул келишимди токтотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- тараптар өзүнө алган милдеттемелер толук көлөмдө аткарылгандан кийин;
- бир тараптын демилгеси боюнча башка тарапка 30 күн мурун алдын ала жазма түрүндө кабарлаганда (келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу).
7.3. Келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- Курулушчунун демилгеси менен;
- Үлүшчү 3 айдан кем эмес кезектеги төлөмдү төлөө мөөнөтүн бузган учурда;
- Үлүшчү Үлүштүк куруу обьектисин кабыл албаганда;
- Үлүшчүнүн демилгеси боюнча Курулушчуга 30 күн мурун алдын ала жазма түрүндө кабарлаганда.
7.4. Үлүшчү келишимди мөөнөтүнөн мурун бузган учурда Үлүштүк куруу обьектисин Курулушчуга кайтарып берет, Курулушчу Үлүшчүдөн алган төлөмдү 3 айдын ичинде төлөп берет.
7.5. Ушул келишим боюнча бир тарап башка тараптын алдын ала макулдугусуз укугун берүүгө тыюу салынат.
8.1. Форс-мажор – жеңүүгө мүмкүн болбогон кырдаалдар, бул: өрт, суу ташкыны, жер титирөө, эпидемия жана башка табигый кырсыктар; согуш же согуш аракеттери, өзгөчө кырдаалдарды жарыялоо; мамлекеттик бийлик органдарынын жана башкаруу же башка ыйгарым укуктуу органдарынын жумушту аткарууга тоскоол болгон актыларды чыгарганда, форс-мажордук кырдаалдар болуп жаткан убакта ушул келишимде алдын ала айтылган, ушул келишим боюнча милдеттемелерди аткарбагадыгы үчүн тараптар жоопкерчилик тартпайт.
8.2. Куруучу курулуш-монтаждык жумуштарды жүргүзүүнүн графигине тоскоол болгон аба-ырайынын шарттары боюнча Үйдү берүү мөөнөтүн узартууга укугу бар.
8.3. Форс-мажордук кырдаалдар 60 күндөн ашык уланган учурда ар бир Үлүшчү ушул келишим боюнча милдеттемелерди аткарууга тоскоол болгон жана таасир кылган кырдаалдар жөнүндө 15 күнгө чейинки мөөнөттө бул тууралуу жазма түрүндө башка тарапка кабарлоо менен ушул келишимди бузууга укугу бар.
9.1. Ушул келишим мамлекеттик каттоодон келишим өткөндөн жана Үлүшчү биринчи төлөмдү төлөгөндөн жана тараптар милдеттемелерди толук аткарууга чейинки убактан тартып күчүнө кирет. Ушул келишимдин бардык тиркемелери ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9.2. Тараптар ортосунда ушул келишимди аткарууда, өзгөртүүдө же бузууда келип чыккан бардык талаштар сүйлөшүү жолдору менен чечилет, эгерде алдарды достук жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон учурда тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
9.3. Ушул келишим менен каралбаган учурларда тарптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат.
9.4. Ушул келишим 3 бирдей нускада расмий тилинде түзүлдү, бирөө Үлүшчүдө, бирөө -Курулушчуда, бирөө- Мамкаттоодо болот.
10. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары
“Курулушчу” | “Үлүшчү” |
| _______________________ дареги боюнча көп квартиралуу турак үйдү үлүштүк курууга катышуу жөнүндө келишимге 2- тиркеме |
Келишим баасы _____ сом, курулуп жаткан “Курулуштун бардык объектинин 1м2 наркы _____ сом.
Үлүшүчү тарабынан төлөмдөр 3 мезгилде жүзөгө ашырылат. Биринчи мезгилдин төлөмү үлүштүк курулушка катышуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда бир убакта төлөм жүргүзүлөт. Экинчи жана үчүнчү мезгилдерде төлөө график боюнча тең киргизилген төлөмдөр менен жүзөгө ашырылат:
мезгил (айы) | өлчөмү (%) | сумма (сом) | датасы |
мезгил | 30 |
|
|
2-мезгил 30% _____________ сом мөөнөт -24 айга чейин | |||
айы |
|
|
|
айы |
|
|
|
айы |
|
|
|
айы |
|
|
|
3-мезгил 40%___________ сом 36 айга чейин | |||
айы |
|
|
|
айы |
|
|
|
айы |
|
|
|
айы |
|
|
|
Тараптардын колу:
“Курулушчу” | “Үлүшчү” |