Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Масы айылдык округунун кеңешинин кезексиз ХХV-чакырылышынын 12 – сессиясы
2009-жылдын 8-июну № 2
Масы айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрация» жонундогу Кыргыз Республикасынын мыйзамы, Кыргыз Республикасынын жер жонундогу Кодексинин негизинде кун тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Масы айылдык округдук Кенешинин кезексиз ХХУ-чакырылъшгынын 12 – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (Устав тиркелет ).
2. Масы айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставын Жалал-Абад облусттук Адилет башкармасынан каттоодон өгкөргөн күндөн кийин юридикалык күчкө ээ болот.
3. Мыйзамды массалык маалымат каражаттары аркылуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жеткирүү жагы Эл депутаттарынын Масы айылдык округдук Кеңешинин төрагасы Ж.Атыбаевге жана айылдык округунун башчысы А. Мамытовго милдеттендирилсин.
4. Уставды керектүү нускамада даярдап, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жеткирүү жагы Эл депутаттарынын Масы айылдык округдук Кеңешинин торагасы Ж. Атыбаевге жана Масы айылдык округунун башчысы А. Мамытовго жүктөлсүн.
5. Жалал-Абад областтык Юстиция башкармасы тарабынан 29.01.1997-жылы № 46-буйругу менен катталган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылдык өз алдынча башкаруу жамаатынын айыл мыйзамы (Уставы ) жокко чыгарылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эл депутаттарынын Масы айылдык округдук Кеңешинин депуттарына, айылдык округунун башчысы А. Мамытовго жана коомдук уюмдардын төрагаларына жүктөлсүн
Масы айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж. Атыбаев |
Масы айылдык округунун жергиликтуу жамаатынын Уставы.
- Жалпы жоболор.
- Масы айылдык округунун жергиликтүү жамааты.
- Жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана милдеттери.
- Аймактык өз алдынча башкаруу
- Жергиликтүү жамааттын курултайы.
- Масы айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусу
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери.
- Масы айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекетсик бийликтин өз ара мамилелери
- Жергиликтүү маанидеги маселелер.
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүү тартиби
- Масы айылдык округунун Кеңеши.
- Айылдык округдун кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басары
- Айылдык округдун кеңешинин компетенциялары.
- Айылдык округдун кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
- Айыл өкмөту.
- Айылдык округдун башчысынын кызматка киришүү жана аньн иштен бошотулуу тартиби.
- Айылдык округдун башчысынын ыйгарым укуктары.
- Айылдык округдун башчысынын компетенциялары. (иш чаралары).
- Айылдык округдун башчысынын орун басары.
- Айыл башчысы.
- Талаш маселелердин чечилиши жана жоопкерчилиги.
- Айылдык округдун өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана каржыларынын негизи.
- Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчиги
- Эл аралык жана сырткы; экономикалык банланыш.
- Айылдык округдун жергиликтүү жамаатынын Уставын кабыл алуу жана ага қзгөртуулордү киргизуу тартиби.
Масы айылдык округунун Кенеши:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ыйгарымдуу укук актыларын колдонуп;
- Момбеков айылдыкк округунда жарандардын жана коноктордун эмгектенүүсүнө, эс алуусуна жана татыктуу жашоосуна шарт түзүл беруу максатында:
- коомдук тартипти жана тынчтыкты. жарандык ынтымакты, коомдук жана жеке кызыкчылыктарды айкадыштырууга, аймагыбыздагы биримдикти камсыздоого умтулуп,:
- демократиялуу. маданияттуу өнүккөн жарандык коом экендигибиздн чечкиндү. өнүктүрүүнү каалап;
- адамзаттын өздүк сапаттарынын өзгөчөлүктөрү биринчи экендигин жарыялоо менен.
- айкөлдүктү, чыдамлуулукту. гумандуулукту көрсөтүп, улуттун эң жакшы каада-салттарын сактап, улуттук ар-намысты коргоп, жаратылыш менен айкалышып, бардык элдер менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоо жөнүндө ага-бабалардын осуятын ыйык тутуп:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттөүлугүн чыңдоого жарыялап. мыйзамдарын сактап. жергиликтүү жамааттардын жана башкаруу opгандарынын өнүгүүсүнө туздөн-түз көмөк кылыл, айылдык округдун жергиликтүү жамаатынын Уставын кабыл алат.
1. Жалпы жоболор
1. Масы айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставы (мындан кийин Устав) -шаардын жергиликтүү жамаатынын негизги укуктук актысын. анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук уюштуруу, экономикалык, мүлктүк, каражаттык негиздерин түзүп, Эл аралык уюмдар жана мамлекеттик ишканалар. мекемелер. коомдук бирикмелер жана жергиликтүү жамааттар менен иш ара байланыштарын камтыйт.
2. Устав Масы айылдык округунун бардык аймактарында колдонулат.
3. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрацисы жөнүндө», жана башка Мыйзамдары менен шайкеш келген Масы айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин негизинде иштелип чыккан. Мыйзамдар менен Уставда карама-каршылыктар болсо, анда Уставга өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилгенге чейин кабыл алынган Устав юридикалык жактан маанилүү болуп эсептелет жана колдонулат.
4. Жергиликтуу жамаат өз символдорун - гербин. туусун жана гимнин кабыл ала алат;
5. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын расмий аталышы:
- кыргыз тилинде - «Масы айылдык Округунун Кеңеши» (апдан ары - айылдык кеңеш):
- орус тилинде - «кеңеш Масы аильного округа» (мындан кийин - кеңеш),
- кыргыз тилинде - «Масы айыл округунун айыл өкмөтү»;
- орус тилинде - « айыл өкмөтү Масы айыл округа.»
6. Айылдык округ - жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун түзүлушүндөгү укуктук уюм мекемеси.
7. Менчикгин түрү - муниципалдык.
8. Айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, юридикалык жагы, бухгалтердик балансы, эсептөө бөлүмү, мөөрү жана Кыргыз Реетбликасындагы банктарда эсеби бар уюм бодуп эсептелет
9. Масы айылдык округунун аймактык чек аралары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен аныкталат. Коомдук өз алдынча башкаруу жана башка түзүлүштөгү калктын өз алдынча уюмдарынын чек арасы айылдык Округдун кеңешинин чечими менен аныкталат.
2.Масы айылдык округунун жаргиликтүү жамаааты
1. Кыргыз Республикасынын жарандары Масы айылдык округунун жергиликтүү жамааттарын түзөт. Айылдык округда туруктуу жашоочудардын бириккен жалпы кызыкчычылыгы. жергиликтүү маанидеги маселелери түздөн-түз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөру жана аткаруучу-тескөөчү органдарынын жоопкерчилиги аркылуу чечилет.
1.1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуусу менен, жергиликтүү маанидеги бардык маанилүү маселелерди жергиликтүү жааматтардын мүчөлөрүнүн жыйындарында, Чогулуштарында, курултайларында .жана башка формаларда талкуулоо. ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аркылуу жүргүзөт.
1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашыруу жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүгүнүн.катышуусу менен айылдык кеңештер аркылуу жүргузүлөт.
2. Жергиликтуу өз алдынча башкарууда 18 жаштан жогорку Кыргыз Республикасынын жарандары жынысына, расасын, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жашаган жерине, динге карата болгон мамилесине. ынанымдарына карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугуна бирдей мүмкүнчүлүктө ээ болот.
3. Жергиликтүү жамааттар, Эл аралык бирикмелерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укуктуу, бирок мында мамлекеттин атынан чыга албайт
4. Жергиликтүү жамааттын, мүчөлөрү, айылдык кеңештин жыйналышында укук жаратуу демилгесин жергиликтуу маанидеги укуктук актылардын долбоорлорун киргизүүгө укуктуу Укуктук актылардын долбоорлору иштеп чыккан авторлордун милдеттүү турдо катышуусу менен каралууга тийиш.
3. Жергиликтуу жамааттын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана милдеттери
26. Жергиликтуу жамаатардын өкүлдөру укуктуу:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына шайлоого жана шайланууга:,
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары профессионалдык негизинде (муниципалдык кызмат) же башатында өзүнүн иш жүргүзүүсүн ишке ашырууга;
- жергиликтүү жамааттын жашоо турмушунда керектүү маселелер боюнча шайланган өкүлдөр--аркылуу, же түзөн-түз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө катышат;
- айыл өкмөтү, калкты кабыл алуу үчүн аныкталган жердей орун алып, алардын түтдөн-түз укугуна жана эркиндигине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актылары менен тааныштырууга тийиш;
- муниципапдык уюмдар аркылуу тейлөө кызматындагы ишканалар жана мекемелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген жеңилдиктерди пайдалнууга:
- жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген, керек болгон бардык сунуштар жана маселелер менен кайрылууга, жана алардын коюлган-суроо талаптарына жооп алууга;
- айылдык кеңештин ачык сессия, жыйналыштарына жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын мүчөлөрүнун жыйындарына жана чогулуштарына, курултайларына катышуу менен өз оюн ачык айтууга, айтылып жаткан маселелерге өз сын-пикирлерин керектүү учурда сунуш кылууга;
- Уставда каралган жарандык укуктарын колдоно албаса жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматгарына, ошондой эле мамлекеттик укук коргоо органдарына же сот органдарына кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Уставда каралган башка бардык ыйгарым укуктарын колдонууга.
2. Жергиликтуу жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Мыйзамдарын жана кабыл алынган Уставды аткарууга көмөк кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Устав менен шайкеш келген жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын чечимдерин аткаруу:
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына. жергиликтүү жамаатгардын Уставына карты келген коомдук түзүлүшкө адеп-ахлактык талаптарга жооп бербеген, асыл нарктарды сактабагандарга, банги-заттарды колдонгондорго, сойкулука, аракечтерге, коомду бөлүп жаргандарга жана уруш-талаш чыгаргандарга каршы аёсуз күрөш жүргүзүү;
- коомдук тартипти сактоого, улуттардын өкүлдөрүнүн мүдөөлөрүн коргоого, сыйлоого, бирдиктүү түшүнуккө келүүгө, тынчтыкта жана ынтымакта жашоону камсыз кылуута умтулуу,
- жергиликтуу маанидеги маданий жана тарыхый ажайып жайларды коргоо, эс алууну уюштуруу үчүн шарт түзүү, сындырып бүлдүрүүчүлөр менен аёсуз күрөш жүргүзүү.
- коомдук тартипти жана тазалыкты сактоого көмөк көрсөтүү.
- короолорду, ага жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүу жана ас алуу жайларын жайгаштыруу;
- калк жашаган конуштарга, квартираларга тийиштүү аймактарда курулуш куруу, өрттөн сактануу, тазалыкты сактоо эрежелерин колдонуу;
- калк жашаган жамаатта жерлерди, сууларды жылуулукту, электр энергиясын жаратылыш ресурстарын, башка энергетикалык, кыймылсыз мүлктөрдү рационалдуу пайдаланууга, сактоого көмөк көрсөтуү:
- керсөтүлүп жаткан тейлөө кызматтарынын акысын жергиликтүү салыктарды өз убагында чогултууну жана төлөөнү камсыз кылуу.
4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
1. Жергиликтүү жамааттар социалдык, экономикалык, маданий милдеттерин биргелешип чечүүгө, өз укуктары менен таламдарын кыйла натыйжалуу ишке ашыруу максатында көп кабаттуу уйлөрдө, көчөлөрдө, кварталдарда, конуштарда, кичи райондордо, жамааттарда жана анын бирикмелеринде ич ара жардам иретинде өздөру жашаган жерлери боюнча жергиликтүү маселелерди ез алдынча чечүү үчүн коммерциялык эмес жана башка жарандык уюмдарды тузө алат. Бул түзүлгөн жарандык уюмдардын өзүмдүк аты жана милдеттерин жашаган айылдык округдун төрагасынын макулдугу менен аныкталып, өзүнүн Уставы -жана Токтому менен бекитилет.
2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу аймактагы - уй, көчө, кварталдык кеңештердин же өзүнчө уюштурулган тузүлүштөгү коомдук уюмдар, комитеттер катары сөзсүз түрдө айыл кенештин учёттук каттоосунан өтөт.
3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Ресмубликасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактан өз статусун алгандан кийин ал өз Уставын жергиликтүү аймактык юридикалык органдан каттоодон өткөрөт, ошол эле учурда анын көчүрмөсу андан ары бирдиктүү иш алып баруу учун айыл өкмөтүнө каттоого жиберилет.
4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бардык түзүлүштөрү өз ишинде аларды шайлаган жарандардын чогулушуна, каттаган жана келишимге ылайык бекитилген органдарга отчет берет.
5. Аймактын коомдук өз алдынча башкарууга айыл өкмөтү тарабынан аткаруу милдеттерин турак-жай змес фонддорду, чарбалык объектерди, ошондой эле өздөрүнүн материалдык жана башка ресурстарын оперативдүү тейлөө учун адарды шайлап жиберген ыйгарым укуктары менен өткөрүп бериши мумкуп.
6. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу өз аймактарынын маселелери боюнча:
- айыл екмөтүнүн жана кеңешинин иштерине катышуута;
- айыл екмөтүнүн жана кеңешинин чечимдерин аткарууга көмөктошүүгө;
- жарандардын жыйындарын, курултайларынын чечимдерин аткарууну уюштурууга;
- аймактарды көрктөндүрүү, оңдоо, санитардык тазалоо иштерине катышууга;
- айыл өкмөтү менен ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер жана башка чарба субъектери менен келишимдик негизинде өз ара иштөө;
-жергиликтуу бюджеттин өз аймагын көркгөндүрүү, тypaк-жай фондунун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерди куруу жана оңдоо боюнча иштерди аткарууга, айыл өкмөтү менен ушул макса!та каралган каражаттарын жана жеке каржылык ресурстарды пайдалануу менен келишимдин негизинде заказчы катары чыга алат;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Уставга каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
7. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары айыл округунун башчысы жана айыл өкмөту менен биргелешип иштешет.
8. Жамааттар аралаш (эркектер жана аялдар) топтор же өз алдынча топтун мүчөлөрунун макулдугу менен тузулот. Жамааттын айылдык каңеш тарабынан бекитилген уюмдук уставы болот.
9. Жамаат юридикалык жак же юридикалык жак эмес болуп түзүлөт.
10. Жамааттын жергиликтүү өз ачдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилеси келишим түрүндө түзүлөт.
11. Жамааттын бирикмеси -- өзүнүн ишин багыттоо максатында, жалпы кызыкчылыктарды көрсатүү жана коргоосу менен биргелешкен долбоорлорду, жалпы олуттуу жана бөлөк маселелерди турмушка ашыруу үчүн өз ыктыяры менен түзүлгөн ассоциация (бирдиктер) жамаатардын түзүлүшу.
5. Жергиликтүү жааматтын курултайлары
1. Коомдук пикирдин кеңири катмарын эсепке алууга жашоо турмуштук маанилүү маселелерди чечүүгө калкты ну уюштуруу максатында жергиликтүү жамааттардын курултайлары өткөрүлүшу мүмкүн.
2. Курултайга аймактын.социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программалары, жергиликтүү бюджетти түзүү, муниципалдык менчикти пайдалануу жана өнүктүрүү маселелери коюлушу мүмкүн. Курултайдын чечими тийиштүү жергиликтүү кеңеш, айыл округунун башчысы жана айыл өкмөтү үчүн сунуш мүнөзүндө болот.
3. Курултайлардын делегаттарынын өкүлчүлүгүнүн саны, аларды өткөрүү жана курултайлардын чечимдерин ишке ашыруу тартиби жергиликтүү кеңеш менен белгиленет.
6. Масы айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусу
1 .Масы айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусун - кеңеш, айылдык округдун башчысы жана айыл өкмөтү ошондой эле элдик курултайлар, жарандык чогулуштар аркылуу түзүлгөн аймактык өз алдынча башкаруу органдары жетектейт
2. Айылдык округдун жергиликтүү өз алдынча башкаруусу өз ишин элдин атынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана кабыл алынган Уставдын негизинде аткарат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жооптуу кызматкерлери иштерин ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин чектеринин негизинде аткарат Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары керектүү материалдык жана каржы ресурстары менен камсыз кылуу аркылуу ишке ашырылат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өз ыйгарым укуктарынын чегинде өз чечимдерин чыгарат жана алар үчүн жоопкерчиликти алат.
5. Айыл окмөтүнүн аппаратынын жетекчиси жана кызматкерлери өз иштерин Кыргыз Ресггубликасынын Мыйзамдарына ылайык алып барат жана муниципалдык кызматкер болуп эсептелип, окутуучулук, илимий, чыгармачылык иштен тышкары бөлөк акы төлөнүүчү жумуштарда иштөөгө укуксуз. Айыл окмөту саясий парткияларды, уюмдарды жана кыймылдарды түзө албайт.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптери
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөндөгүдөй принциптердин негизинде ишке ашырылат:
- мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
- өзүн-өзу камсыз кылуу, өзүн- өзу жөнгө салуу жана өзун-аөзү каржылоо:
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарынын так ажыратылышы;
- кеңеш, айылдык округдун башчысы жана айыл өкмөтү, ошондой зле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу жарандардын эркин билдирүүсү;
- жергиликтүү жааматтардын укуктарын жана таламдарын мыйзам чегинде коргоо,
- маалымдуулукту жана коомдук пикирди эске алуу;
- тийиштүү маселелерди чечүүдөгу коллегиялуудук, аларды эркин талкуулоо;
- кеңеш, айылдык округдун башчысы жана айыл өкмөтү өз компетенциясындагы маселелерди чечүүдөгү көз карандысыздыгы.
8. Масы айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик бийликтин өз ара мамилелери.
1. Конституциянын принциптеринин чектеринин негизинде мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу функциялары Кыргыз Республикасынын .Мыйзамдарынын талабына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу айылдык округдун органдары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы менен мамиле түзөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. мамлекеттик бийликтин органдары менен бирге Кыргыз Республикасынын жарандарына конституциялык укуктарынын негизинде мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашырууга катышууга шарт түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдык, каржылык жана башка иш чараларын аткаруу үчүн мамлекеттик өзгөчө зарыл ыйгарым укуктар өткөрулүп берилет. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет.
4. Айылдык округдун карамагындагы жерлерди жана муниципалдык менчикти мамлекеттик органдар тарабынан колдонуусу менен байланышкан мамлекеттик мүлктү мамилелер, ошондой эле тескерисинче, мамлекеттик менчикти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдалануу келишимдин негизинде чачилет
9. Жергиликтүү маанидеги маселелер
1. Айылдык округдун жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүу. социалдык-эономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кармагына жергиликтүү, маанидеги төмөнкү маселелер кирет:
1) айылдык округдун экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) айылдык округдун бюджетин түзүү. бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүгө жарактуу суу менен камсыз кылуу;
5) канализация жана тазалоо системасынын иштөөсүн камсыз кылуу;
6) муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу:
7) жалпы пайдалануучу жерлерде жарык берүүнү yюштypyy;
8) көрүстөндөрдүн иштешин камсыз кылуу жана ырым-жырым кызматтарын көрсөтүү:
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди ыңгайлаштыруу жана жашылдандыруу.
10) парктардын, спорттук имараттардын жана эс алуу жайлардын иштөөсүн камсыз кылуу;
11) тиричилик ташгандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу.
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана айылдык округдун чек араларында коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу;
13) айылдык округдук маанидеги тарыхын жана маданий ажайып жайларды коргоо;
14) айылдык округдарда китепканаларды уюштуруу жана иштешин камсыз кылуу;
15) айылдык округка тийиштуу жерлерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелерин белгилөө;
16) жарнактарды Мыйзамдарга ылайык жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарт түзүү;
19) эс алууну уюштуруу үчүн шарт түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуруу:
21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шартты камсыз кылуу:
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын залалдарын жоюуга көмөк көрсөтүү:
23) айылдык округдун аймагында жылуулукту камсыз кылууну уюштуруу.
10. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүү тартиби
1. Айылдык округдун башчысы кеңештин макулдугу менен жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну юридикалык жана жеке жактарга, бир эле учурда жергиликтүү маанидеги өткөрүлүп берилип жаткан маселелерди aткаруу үчүн каражаттарды же каржылооч булактарын аныктоо жана берүү менен еткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Айылдык округдун башчысы тарабынан, бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну өткөрөп берүү,.максатка ылайыктуу болгон учурда жүргүзүлөт.
11. Масы айылдык округунун Кеңеши
1. Айылдык округдун кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары, алар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Кодексте жана алардын статусу жөнүндөгү Мыйзамдарда белгиленген тартиптин негизинде төрт жылга түзүлөт.
2. Айылдык округдун Кеңештери жашыруун добуш менен жалпы тең жана тикешайлоо укугунун негизинде шайланган депутаттардан турат. Айылдык округдун Кеңеши округдагы калктын санынын эсебине жараша курамы 9-21 депутаттан турат.
3. Кеңештин ишинин негизги уюштуруу – укуктук түрү кеңештин сессиясы болуп саналат. Сессияларды өткөрүү тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
4. Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран сессияларга кеңеш бекиткен регламентке ылайык катышууга укуктуу. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга кирсе, кеңеш жабые сессиясын өткөрөт.
5. Кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарга алдын ала кабарлоо, алардын сессияларга кириши үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү жамаатка жеткирүүгө милдеттүү.
6. Мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, кеңештин өзүнүн карамагына таандык болгон маселелер боюнча чечимдер шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл апынат. Кеңештин чечимдери Токтом түрүндө чыгарылат жана aгa кеңештин төрагасы кол коет.
7. Кеңештердин өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алган чечимдери айылдык округда жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түзүлүшүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде милдеттүү түрдө аткарылат.
8. Адамдын жана жарандын укуктарьна, эркиндиктерине жана милдеттерине тиешеси бар кеңештин ченемдик укуктук актысы. Мыйзамдарга ылайык киргизилип, жергиликтүү юстиция органдарында мамлекттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
9. Кеңештин ишин уюштурууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылат.
10. Кеңештин ыйгарым укуктары Мыйзамдарга ылайык убактылуу токтотулуусу же толугу менен токтотулушу мүмкүн.
12. Айылдык округдун Кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары
1. Кеңештин төрагасы кеңештин сессиясында депутаттардын арасынан жышыруун добуш берүү менен кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат жана өзүнүн милдетин коомдук башталышта аткарат жана сессиянын иши учурунда кеңештин төрагасы бир жолу компенсация алат. Ал эми кеңештин төрагасынын орун басарына талапкер төрага тарабынан сунушталат жана ачык-добуш берүү жолу менен шайланат.
2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жана кызматынан бошотуу тартиби жана шайлоонунун башка жол-жобо маселелери тиешелүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
3. Кеңештин төрагасы:
- кеңештин пландуу жана кезексиз сессияларын чакырат;
- сессияларда төрагалык кылат жана регламентте каралган ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
- кеңештин чечимдерине кол коёт;
- айылдык округду - Кыргыз Республикасынын мамлекетинин бийлик органдарына, өкмөттук эмес уюмдарга, коомдук жана башка уюмдарга, чет өлкөлөргө тааныштырат;
- кеңештин регламентине ылайык башка милдеттерди аткарат.
4.Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кылат.
5. Кеңештин төрагасынын орунбасары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жокто же өзүнүн милдеттерин аткара албаган учурда анын милдеттерин аткарат. .
1. Кеңештин компетенциясы:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) айылдык округдун бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары болгон башка фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
3) айылдык округду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана адардын аткарылышына контралдук кылуу.
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү, муниципалдык менчиктин пайдаланышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
6) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен айыл-чарба жерлерин пайдалануу учун салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;
7) кайра бөлүштүрүү фондунун айыл-чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
8) айыл округунун башчысын, айыл округунун кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо;
9) айыл өкмөттүнүн иштери жөнүндө отчетун угуу;
10) Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
11) депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө;
12) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
13) жергиликтүү жамааттын символикасы жөнүндө жобону бекитүү;
14) административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
15) төраганын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
16) кеңештин регламентин кабыл алуу;
17) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөл кылуу;
18) Өкмөт аныктаган болжолдуу ченемдердин негизинде айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча айыл өкмөттүн штаттык санын жана түзүлүшүн бекитуу;
19) муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой зле турумуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
20) жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
14. Айылдык округдун кеңешинин - туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
1. Кеңештин сессиясында карала турган маселелерди даярдоо жана алдын ала карап чыгуу үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышууга жана бул чечимдерди ага караштуу айылдык округдун аймагында жайгашкан мекемелер менен уюмдардын аткарышына кеземел кылуу үчүн кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары түзүлөт.
2. Комиссиялардын тизмесин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин жергиликтуу кеңеш аныктайт, мурда түзүлгөндөрдүн жоюуга же өзгөртүп түзүүгө, алардын курамына өзгөрүүлөрдү киргизүүгө акылуу.
3. Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, уюштуруу жана иш тартиби, алардын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкалат.
15. Айыл өкмөтү
1. Аткаруу бийлигин ишке ашыруу учун айылдык округда айыл өкмөтү иштейт.
2. Айыл өкмөтүнүн аппараты - айылдык округдун кеңешинин депуттарынын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде айылдык округдун тийиштүү кеңешине, ал эми өткөрүлуп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
4. Айыл өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге айылдык округдун башчысы кол коёт.
5. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
6. Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү айыл өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, алар Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
16. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
Айыл өкмөтү:
1. аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан каргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды аткарат;
2. жергиликтүү бюджеттин долбоорлорун иштеп чыгат жана айылдык округдун кеңештеринде бекитилгенден кийин аларды аткарат;
3. тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
4. жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
5. ишканаларды менчиктештирүүдө жана социалды маданий, тиричилик жана чарбалык багыттардагы объектерди жана алардын иштөөсүү үчүн зарыл болгон жабдууларды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүгө катышат;
6. турак-жай фондун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
7. мунципалдык менчикте турган, ошондой зле айыл-чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат,
8. табигый кырсыктардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюшту уюштуруучулук-иштиктүү иш чараларга комөк керсөтөт;
9. зкономикалык, социалдык жана укуктук чөйрөлөрдү өз ара аракеттенүүсүнө өбөлгө түзөт.
10. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
17. Айылдык округдун башчысынын кызматка киришинин жана кызматтан бошотулушунун тартиби
1. Айылдык округдун башчысы облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими тарабынан альтернативдик негизде сунуш кылынуучу талалкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланат,
2. Айылдык округдун башчысын шайлоо мөөнөтү Президент тарабынан дайындалат. Айылдык округдардын башчыларын шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Ммйзамдары менен белгиленет.
3. Айылдык округдун башчысын шайлоого тиешелуу жергиликтуу кенештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болуп өттү деп эсептелет. Тийиштүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды дел эсептелет.
4. Кеңештин депутаттары айылдык округдун башчысын шайлабай койгон учурда райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы—акими айылдык округдун кеңешине кайталап ошол же башка талапкерди сунуш кылууга укуктуу.
5. Жергиликтүү кеңештин депутаттары айылдык округдун башчысын кайрадан шайлабай койгон учурда райондун мамлекеттик алминистрациясынын башчысы-акими облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору менен макулдашуу боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Президентке өтүнүч билдирет.
6. Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп саналган адам, айылдык округдун башчысы болуп шайланган учурда, ал жергиликтуу кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттүү.
7. Айылдык округдун башчысынын кызмат ордуна жогорку билими, мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде эки жылдык иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жараны талапкер боло алат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жараны айылдык округдук башчысы болуп шайлана албайт.
8. Айылдык округдун башчысы - облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими тарабынан төмөндөгүлөрдүн негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда Мыйзамга ылайык бошотулушу мумкун:
- жекече арызынын негизинде;
- Мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык округдун жергиликтүү кеңешинин сессиясынын макулдугу менен;
- соттун айып коюлган өкүмүнүн күчүнө киришинин негизинде;
- ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
- аны өлгөн, дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде, ошондой эле каза болгон учурда;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерине кеткен учурда:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда:
- эмгекке биротоло жарамсыздыгынын натыйжасында кызматтык милдеттерин аткарууго мүмкүн болбой калган учурда;
- айылдык округдун кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси ишеним көрсөткөн учурда райондук, мамлекеттик администрация башчысы-акими тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
9. Айылдык округдун башчысына айылдык округдун кеңешинин депутаттары ишеним көрсөтпөгөн учурда райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими аны ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же жергиликтүү кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.
10. Айылдык округдун башчысына айылдык округдун кеңешинин депутаттары кайталап, ишеним көрсөтпөгөн учурда райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими аны ээлеген кызматынан бошотот жана айылдык округдун башчысын жаңыдан шайлоону дайындоо жөкүндө Президентке өтүнүч берет.
11. Айылдык округдун башчысы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда жаны башчы шайланганга чейин анын милдетин айылдык округдун башчысынын орунбасары аткарат.
18. Айылдык округдун башчысынын ыйгарым укуктары
Айылдык округдун башчысы:
1) айыл өкмөтүнүн ишин жетектейт жана анын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат.
2) айылдык округдун кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуш кылат, айылдык округдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн Программасынын аткарылышы жана калкты социалдык жакта и коргоо жөнүндө кеңешке жарым жылда бир жолудан кем эмес отчет берет;
3) өзүнүн ишинин натыйжасы жөнүндө жергиликтүү жамааттын курултайында калкка жылына бир жолудан кем эмес отчет берет;
4) өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
5) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча жергиликтүү кеңешке сунуштарды киргизет:
6) кеңештин сессиясынын чакырылышы жөнүндө сунуш киргизет жана анын ишине катышат.
7) мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тийиштүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызматтан чектетуу жөнүндө маселелерди коюуга укуктуу;
8) тийиштуу мамлекеттик аймактык мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
9) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык айылдык округдун башчысынын орунбасарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана бошотот;
10) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктары, ошондой эле жергиликтүү кеңешке тиешелүүлөрдөн тышкары өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
11) мамлекетгик бийликтин органдарында, Кыргыз Реепубликасындагы жана чет өлкөдөгү мамлекеттик эмес, коомдук жана башка уюмдарда айыл округду көрсөтөт;
12) белгиленген тизмеде мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарды сыйлап беруу жөнүндө өтүнөт;
13) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечет.
19. Айылдык округдун орун башчысынын ыйгарым укуктары
1. Айылдык округдун башчысынын орун басары айылдык округдун башчысы жок болгон мезгилде анын ордун алмаштырат жана айылдык округдун башчысына жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
2. Айылдык окрутдун башчысынын орун басары аткарган иш милдеттери үчүн айылдык округдун башчысынын алдында жоопкерчилик тартат.
20. Айыл башчысы
1. Өзүнчө жашашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин натыйжалуу тез чечүүнү уюштуруу максатында айылдык округтардын кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мумкун.
2. Айыл башчысы айыл өкмөтүнүн чечими менен аra өткөрүлүп берилген милдеттерди калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанып калган үрп-адаттары менен салттарына жараша аткарат.
3. Айыл башчысы айылдык округтун башчысы тарабынан аймактын тургундарынын чогулушунун макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп Саналат.
21. Талаш маселелеринин чечилиши жана жоопкерчилиги
1. Ишканалар (бирикмелер). уюмдар жана мекемелер, жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу айылдык органдарынын алдында жоопкерчиликтүү, анын ичинде ал өз аракеттери же аракетсиздиги менен калктын мүдөөлөрүнө, айылдык округдук чарбага, курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын, ошондой зле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбагандыктын натыйжасында келтирилген чыгымдарды толук көлөмдө төлөп берүү менен мүлктүк жоопкерчилик да тартышат.
2. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын (бирикмелердин), уюмдардын, мекемелердин жана жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу айылдык округдун органдарынын аракетинин же аракетсиздигинин натыйжасында келил чыккан бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча талаштар, ошондой эле укукка сыйбаган аракеттердин натыйжасында келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча талаштар сотто чечилет.
З. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык округдун органдарынын мыйзамдуу талапдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык coт тарабынан камсыз кылынат.
22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономикалык негиздери
1 .Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономикалык негизин тузөт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен айылдык округдарга бекитилип берилген салыктык жана салыктык змес кирешелердин булактары;
- муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер:
- кредиттик жана башка каржы ресурстары;
- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айылдык округдун аймагында ишин жүзөгө ашырган ишканалар, уюмдар жана мекемелер;
- пайдалуу кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлктөр;
- баалуу кагаздар;
- табигый ресурстар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана кабыл алынган Уставга каршы келбеген жана башка булактар түзөт
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен каржы жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкары фонддорун түзүү жана аткаруу тартиби, жана башка принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык округдун органдары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык иштерди жүзөге ашыруу үчүн чарба жүргүзүүчү субъектерди түзүүгө, аларды кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечүүгө укуктуу.
23. Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчиги.
1. Жеке менчик, мамлекеттик менчик, ишканалар, уюмдар, мекемелер жана башка жеке менчик ээлери деген мыйзамында аныкталган эмес бардык мүлктөр, айылдык округдун аймагындагы жаратылыш объектилери жана жер тилкелери айылдык округдун жергиликтүү жамаатынын муниципалдык менчигинин карамагына кирет;
2. Муниципалдык менчик чарбаны алып баруу, калктын кызыкчылыгын колдогон же натыйжалуу колдоно билген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүлүштөрүнүн бөлүмдөрүнө берилет.
3. Жалпы колдонуучу жерлер: аянттар, көчөлөр, өткөлдөөр, жолдор, жер алды менен өтүү, тратуарлар, жээктер, парктар, токой парктары, коруктар, скверлер, бакчалар, бульварлар, көлмөлөр, жаратылыштын эстеликтери, тарыхы жана маданияты, ден-соолукту чыңдоо жана тарахый-маданият маанидеги объектилери айыл округунуи башчысынын көрсөтмөсү менен тизмеде каралыл кеңеш бекитет, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлбөгөн нерселер болбосо, мүлк элдики болот жана аны алып коюуга болбойт.
4. Айылдык округдун кыймылсыз муниципалдык мүлкү мамлекеттин бирдиктүү кыймылсыз объекттеринин ресстринде объект катары каттоодон өтөт.
24. Эл аралык жана сырткы экономикалык байланыш.
1. Айылдык округдун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Эл аралык жана сырткы экономикалык байланыштарын ишке ашырууга укугу бар.
Бул укуктар ишке ашырылат:
- Эл аралык келишимдерди бекитүү жана аткаруу жолу менен жергиликтүү жамааттын жапы пайдасына багытталган жана бөлөк иш аракеттерин иш жүзүнө ашыруу;
Бул укуктар ишке ашырылат:
- Эл аралык келишимдерди бекитүү жана аткаруу жолу менен жергиликтүү жамааттын жалпы пайдасына багытталган жана бөлөк иш аракеттерин иш жүзүнө ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, региондор, шаарлар, айылдар жана посёлкалар, ошонун ичинде Эл аралык деңгэзлде кызматташуу, тууганчылык мамилелер жөнүндө бекитилген келишимдер;
- Эл аралык уюмдардын ишине катышып, алардын иш аракетинин ич ара муниципалдык кызматташуусуна, муниципалдык башкаруусуна жана жергиликтүү олуттуу маселелерди чечүүгө багьтталган;
- Эл аралык ассоциацияларга, бирдиктерге жана Ассамблеяга киргенге.
2. Келишимге, протоколго жана башка укуктуу иш кагаздарына кол коюу жана айылдык округду көрсөтүү укугу айылдык округдун башчысына жана кеңештин төрагасына таандык болот.
25. Масы айылдык округунун жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
1. Айылдык округдун жергиликтүү жамаатынын Уставы жана ага даты жаңы өзгөртүүлөр, кошумчалар депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес сунушу менен кеңеште кабыл алынат.
2. Жергиликтүү жамааттын Уставы, ага көпчүлүк добушу менен езгөртүүлөр жана кошумчалар депутаттардын жалпы саны менен кеңеште кабыл алынат.
3. Жергиликтүү жамааттын Уставы, ага юстиция органдарынын жыйынттыгынан кийин өзгөртүүлөр жана кошумчалар кеңеште кабыл алынат.
4. Масы айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставы юстиция органдарында каттоодон өтөт.
Масы айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. У. Мамытов |