Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-июну № 2
Момбеков айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамы, Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү Кодексинин негизинде күн таргибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Момбеков айылдык округдук Кеңешинин кезексиз ХХV - чакырылышынын 6 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (Устав тиркелет).
2. Момбеков айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставын Жалал-Абад облусттук Адилет башкармасынан каттоодон өткөргөн күндөн кийин юридикалык күчкө ээ болот.
3. Мыйзамды массалык маалымат каражаттары аркылуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жеткирүү жагы Эл депутаттарынын Момбеков айылдык окрутдук Кеңешинин төрагасы М. Эргешовго жана айылдык округунун убактылуу милдетин аткаруучу К. Мамыровго милдеттендирилсин.
4. Уставды керектүү нускамада даярдап, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жеткирүү жагы Эл депутаттарынын Момбеков айылдык окрутдук Кеңешинин төрагасы М. Эргешовго жана Момбеков айылдык округунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К. Мамыровго жүктөлсүн.
5. Жалал-Абад областтык Юстиция башкармасы тарабынан 31.01.1997-жылы № 57-буйругу менен катталган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Момбеков айылдык өз алдынча башкаруу жамаатынын айыл мыйзамы (Уставы ) жокко чыгарылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эл депутаттарынын Момбеков айылдык округдук Кеңешинин депутаттарына, айылдык округунун убактылуу милдетин аткаруучу К. Мамыровго жана коомдук уюмдардын төрагаларына жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргешов М. |
1. Жалпы жоболор.
2. Момбеков айылдык округунун жергиликтүү жамааты.
3. Жергиликтүү жамааттын мучөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана милдеттери.
4. Аймактык өз алдынча башкаруу.
5. Жергиликтүү жамааттын курултайы.
6. Момбеков айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусу.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери.
8. Момбеков айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик бийликтин өз ара мамилелери.
9. Жергиликтүү маанидеги маселелер,
10. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүү тартиби.
11. Момбеков айылдык округунун Кеңеши.
12. Айылдык округдун кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басары.
13. Айылдык округдун кеңешинин компетенциялары.
14. Айылдык округдун кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
15. Айыл өкмөтү.
16. Айылдык округдун башчысынын кызматка киришүү жана анын иштен бошотулуу тартиби.
17. Айылдык округдун башчысынын ыйгарым укуктары.
18. Айылдык округдун башчысынын компетенциялары. (иш чаралары).
19. Айылдык округдун башчысынын орун басары.
20. Айыл башчысы.
21. Талаш маселелердин чечилиши жана жоопкерчилиги.
22. Айылдык округдун өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана каржыларынын негизи.
23. Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчиги.
24. Эл аралык жана сырткы экономикалык байланыш.
25. Айылдык округдун жергиликтүү жамаатынын Уставын кабыл алуу жана ага езгөртүүлөрдү киргизуу тартиби.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ыйгарымдуу укук актыларын колдонуп;
- Момбеков айылдык округунда жарандардын жана коноктордун эмгектенүүсүнө, эс алуусуна жана татыктуу жашоосуна шарт түзүп беруу максатында;
- коомдук тартипти жана тынчтыкты, жарандык ынтымакты, коомдук жана жеке кызыкчылыктарды айкалыштырууга, аймагыбыздагы биримдикти камсыздоого умтулуп;
- демократиялуу, маданияттуу өнүккөн жарандык коом зкендигибизди чечкиндүү енүктүрүүнү каалап;
- адамзаттын өздүк сапаттарынын өзгөчөлүктөрү биринчи зкендигин жарыялоо менен;
- айкөлдүктү, чыдамдуулукту, гумандуулукту көрсөтүп, улуттун эң жакшы каада-салттарын сактап, улуттук ар-намысты коргоп, жаратылыш менен айкалышып, бардык элдер менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоо жөнүндө ата-бабалардын осуятын ыйык тугуп;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого жарыялап, мыйзамдарын сактап, жергиликтүү жамааттардын жана башкаруу органдарынын өнүгүүсүнө түздөн-түз көмөк кылып. айылдык округдун жергиликтүү жамаатынын Уставын кабыл алат.
1. Момбеков айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставы (мындан кийин Устав) - шаардын жергиликтүү жамаатынын негизги укуктук актысын, анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук уюштуруу, экономикалык, мүлктүк, каражаттык негиздерин түзүп, Эл аралык уюмдар жана мамлекеттик ишканалар, мекемелер, коомдук бирикмелер жана жергиликтүү жамааттар менен ич ара байланыштарын камтыйт.
2. Устав Момбеков айылдык округунун бардык аймактарында колдонулат.
3. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө». жана башка Мыйзамдары менен шайкеш келген Момбеков айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын окүлдөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин негизинде иштелип чыккан. Мыйзамдар менен Уставда карама-каршылыктар болсо, анда Уставга өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилгенге чейин кабыл алынган Устав юридикалык жактан маанилүү болуп эсептелет жана колдонулат.
4. Жергиликтүү жамаат өз символдорун – гербин, туусун жана гимнин кабыл ала алат.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий аталышы:
- кыргыз тилинде - «Момбеков эйылделк окрутунун Кенеши» (андан ары - айылдык кеңеш);
- орус тилинде - «кенеш Момбеков аильного округа» (мындан кийин - кеңеш);
- кыргыз тилинде - «Момбеков айыл округунун айыл өкмөтү»;
- орус тилинде « айыл өкмөтү Момбеков айыл округа».
6. Айылдык округ - жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун түзүлүшүндөгү укуктук уюм мекемеси.
7. Менчиктин туру - муниципалдык,
8. Айылдык округунун - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, юридикалык жагы, бухгалтердик балансы, эсептөө бөлүмү, мөөрү жана Кыргыз Ресггубликасындагы банкдарда эсеби бар уюм болуп эсептелет.
9. Момбеков айылдык округунун аймактык чек аралары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен аныкталат. Коомдук өз алдынча башкаруу жана башка түзүлүштөгү калктын өз алдынча уюмдарынын чек арасы айылдык округдун кеңешинин чечими менен аныкталат.
1. Кыргыз Республикасынын жарандары Момбеков айылдык округунун жергиликтүү жамааттарын түзөт. Айылдык округда туруктуу жашоочулардын бириккен жалпы кызыкчылыгы, жергиликтүү маанидеги маселелери түздөн-түз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүрү жана аткаруучу-тескөөчу органдарынын жоопкерчилиги аркылуу чечилет.
1.1 Жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуусу менен, жергиликтүү маанидеги бардык маанилүү маселелерди жергиликтүү жааматтардын мүчөлөрүнүн жыйындарында, чогулуштарында, курултайларында жана башка формаларда талкуулоо, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аркылуу жүргүзөт.
1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашыруу жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен айылдык кеңештер аркылуу жүргүзүлөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу да 18 жаштан жогорку Кыргыз Республикасынын жарандары, жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жашаган жерине, динге карата болгон мамилесине, ынанымдарына карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугуна бирдей мүмкүнчүлүктө ээ болот.
3. Жергиликтүү жамааттар Эл аралык бирикмлерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укуктуу, бирок мында мамлекеттин атынан чыга албайт.
4. Жергиликтүү жамааттын мучөлөру, айылдык кеңештин жыйналышында укук жаратуу демилгесин жергиликтүү маанидеги укуктук актылардын долбоорлорун киргизүүгө укуктуу. Укуктук актылардын долбоорлору иштеп чыккан авторлордун милдеттүү түрдө катышуусу менен каралууга тийиш.
1. Жергиликтүү жамаатардын өкүлдөрү укуктуу:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына шайлоого жана шайланууга;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары профессионалдык негизинде (муниципалдык кызмат) же башатында езунун нш жургузуусун ишке ашырууга;
- жергиликтүү жамааттын жашоо турмушунда керектүү маселелер боюнча шайлантан өкүлдөр аркылуу же түздөн-түз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө катышат;
- айыл өкмөту, калкты кабыл алуу учун аныкталган жерден орун алып, алардын түздөн-түз укутуна жана эркиндигине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актылары менен тааныштырууга тийиш;
- муниципалдык уюмдар аркылуу тейлөө кызматындагы ишканалар жана мекемелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген жеңилдиктерди пайдаланууга;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген, керек болгон бардык сунуштар жана маселелер менен кайрылууга, жана алардын коюлган суроо талаптарына жооп алууга;
- айылдык кеңештин ачык сессия, жыйналыштарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мучөлөрүнүн жыйындарына жана чогулуштарына, курултайларына катышуу менен өз оюн ачык айтууга, айтылып жаткан маселелерге өз сын-пикирлерин керектүү учурда сунуш кылуута;
- Уставда каралган жарандык укуктарын колдоно албаса жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтарына, ошондой эле мамлекеттик укук коргоо органдарына же сот органдарына кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Уставда каралган башка бардык ыйгарым укуктарын колдонууга.
2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Мыйзамдарын жана кабыл алынган Уставды аткаруута көмөк кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Устав менен шайкеш келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечимдерин аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келген коомдук түзүлүшкө, адеп-ахлактык талаптарга жооп бербеген, асыл нарктарды сактабагандарга, банги-заттарды колдонгондорго. сойкулука, аракечтерге, коомду бөлүп жаргандарга жана уруш-талаш чыгаргандарга каршы аёсуз курөш жүргүзүү;
- коомдук тартипти сактоого, улуттардын өкүлдөрүнүн мүдөөлөрүн коргоого, сыйлоого, бирдиктүү түшүнүккө келүүгө. тынчтыкта жана ынтымакта жашоону камсыз кылууга умтулуу;
- жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый ажайып жайларды коргоо, эс алууну уюштуруу учун шарт түзүү, сындырып бүлдүрүүчүлөр менен аёсуз күрөш жүргүзүү,
- коомдук тартипти жана тазалыкты сактоого көмөк көрсөтүү;
- короолордуу, ага жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү жана эс алуу жайларын жайгаштыруу;
- калк жашаган конуштарга, квартираларга тийиштүү аймактарда курулуш куруу, өрттөн сактануу, тазалыкты сактоо эрежелерин колдонуу;
- калк жашаган жамаатта жерлерди, сууларды жылуулукту, электр знергиясын, жаратылыш ресурстарын, башка энергетикаларды, кыймылсыз мүлктөрдү рационалдуу пайдаланууга, сактоого көмөк көрсөтүү;
- көрсотүлүп жаткан тейлөө кызматтарынын акысын, жергиликтүү салыктарды өз убагында чогултууну жана төлөөну камсыз кылуу.
1. Жергиликтүү жамааттар социалдык, зкономикалык, маданий милдеттерин биргелешип чечүүге, өз укуктары менен таламдарын кыйла натыйжалуу ишке ашыруу максатында көп кабаттуу уйлөрдө, көчөлөрдө, кварталдарда, конуштарда, кичи райондордо, жамааттарда жана анын бирикмелеринде ич ара жардам иретинде өздөрү жашаган жерлери боюнча жергиликтүү маселелерди өз алдынча чечүү үчүн коммерциялык эмес жана башка жарандык уюмдарды түзө алат. Бул түзүлгөн жарандык уюмдардын өзүмдүк аты жана милдеттерин жашаган айылдык округдун төрагасынын макулдугу менен аныкталып, өзүнүн Уставы жана Токтому менен бекитилет.
2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу аймактагы - үй, көчө, кварталдык кеңештердин же өзүнчө уюштурулган түзүлүштөгү коомдук уюмдар, комитеттер катары сөзсүз түрдө айыл кеңештин учёттук каттоосунан өтөт.
3 Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Рсснубликасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактан өз статусун алгандан кийин ал өз Уставын жергиликтүү аймактык юридикалык органдан каттоодон еткөрөт, ошол зле учурда анын көчүрмөсү андан ары бирдиктүү иш алып баруу үчүн айыл өкмөтүнө каттоого жиберилет.
4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бардык түзүлүштөрү өз ишинде аларды шайлаган жарандардын чогулушуна, каттаган жана келишимге ылайык бекитилген органдарга отчет берет.
5. Аймактын коомдук өз алдынча башкарууга айыл өкмөтү тарабынан аткаруу милдеттерин турак-жай эмес фонддорду, чарбалык объектерди, ошондой зле өздөрүнүн материалдык жана башка ресурстарын оперативдүү тейлө учун аларды шайлап жиберген ыйгарым уку'ктары менен өткөрүп бериши мүмкүн.
6. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу өз аймактарынын маселелери боюнча:
- айыл өкмөтүнүн жана кеңешинин иштерине катышууга;
- айыл өкмөтүнүн жана кеңешинин чечимдерин аткаруута көмөктөшүүгө;
- жарандардын жыйындарын, курултайларынын чечимдерин аткарууну уюштурууга;
- аймактарды керктендуруу, ондоо. санитардык тазалоо иштерине катышууга;
- айыл өкмөтү менен ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер жана башка чарба субъектери менен келишимдик негизинде өз ара иштөөгө;
-жергиликтүү бюджеттин өз аймагын керктендүрүү, турак-жай фонддунун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерди куруу жана оңдоо боюнча иштерди аткарууга, айыл өкмөтү менен ушул максатка каралган каражаттарын жана жеке каржылык ресурстарды пайдалануу менен келишимдин негизинде заказчы катары чыга алат:
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Уставга каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
7. Аймактык коомдук өз апдынча башкаруу органдары айыл округунун башчысы жана айыл өкмөту менен биргелешип иштешет.
8. Жамааттар аралаш (эркектер жана аялдар) топтор же өз алдынча топтун мүчөлөрүнүн макулдугу менен түзүлөт. Жамааттын айылдык кеңеш тарабынан бекитилген уюмдук уставы болот.
9. Жамаат юридикалык жак же юридикалык жак эмес болтуп түзүлөт.
10. Жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилеси келишим түрүндө түзүлөт.
11. Жамааттын бирикмеси - өзүнүн ишин багыттоо максатында, жалпы кызыкчылыктарды көрсөтүү жана коргоосу менен биргелешкен долбоорлорду, жалпы олуттуу жана бөлөк маселелерди турмушка ашыруу үчүн өз ыктыяры менен түзүлгөн ассоциация (бирдиктер) түрүндөгү жамаатардын түзүлүшү.
1. Коомдук пикирдин кеңири катмарын эсепке алууга, жашоо турмуштук маанилүү маселелерди чечүүгө калкты катыштырууну уюштуруу максатында жергиликтүү жамааттардын курултайлары өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Курултайга аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программалары, жергиликтүү бюджетти түзүү, муниципалдык менчикти пайдалануу жана өнүктүрүү маселелери коюлушу мүмкүн. Курултайдын чечими тийиштүү жергиликтүү кеңеш, айыл округунун башчысы жана айыл өкмөтү үчүн сунуш мунөзүндө болот.
3. Курултайлардын делегаттарынын өкүлчүлүгүнүн саны, аларды өткөрүү жана курултайлардын чечимдерин ишке ашыруу тартиби жергиликтүү кеңеш менен белгиленет.
1. Момбеков айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусун - кеңеш, айылдык округдун башчысы жана айыл өкмөтү, ошондой эле элдик курултайлар, жарандык чогулуштар аркылуу түзүлгөн аймактык өз алдынча башкаруу органдары жетектейт.
2. Айылдык округдун жергиликтүү өз алдынча башкаруусу өз ишин элдин атынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана кабыл алынган Уставдын негизинде аткарат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жооптуу кызматкерлери иштерин ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин чектеринин негизинде аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары керектүү материалдык жана каржы ресурстары менен камсыз кылуу аркылуу, ишке ашырылат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өз ыйгарым укуктарынын чегинде өз чечимдерин чыгарат жана алар учун жоопкерчиликти алат.
5. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси жана кызматкерлери өз иштерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык алып барат жана муниципалдык кызматкер болуп эсептелип, окутуучулук, илимий, чыгармачылык иштен тышкары бөлөк акы төлөнүүчү жумуштарда иштөөгө укуксуз. Айыл өкмөтү саясий партияларды, уюмдарды жана кыймылдарды түзө албайт.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөндөгүдөй принциптердин негизинде ишке ашырылат:
- мыйзамдуулук жана социапдык адилеттүүлүк;
- өзүн-өзу камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салу у жана өзүн-өзу каржылоо;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарынын так ажыратылышы;
- кеңеш, айылдык округдун башчысы жана айыл өкмөтү, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу жарандардын эркин билдирүүсү;
-жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана таламдарын мыйзам чегинде коргоо,
- маалымдуулукту жана коомдук пикирди эске алуу;
- тийиштүү маселелерди чечүүдөгү коллегиялуулук, аларды эркин талкуулоо;
- кеңеш, айылдык округдун башчысы жана айыл өкмөтү өз компетенциясындагы маселелерди чечүүдөгү көз карандысыздыгы.
1. Конституциянын принциптеринин чектеринин негизинде мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу функциялары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талабына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу айылдык округдун органдары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы менен мамиле түзөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик бийликтин органдары менен бирге Кыргыз Республикасынын жарандарына конституциялык укуктарынын негизинде мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашырууга катышууга шарт тузөт.
3. Кыргыз Реотубликасьшын Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдык, каржылык жана башка иш чараларын аткаруу үчүн мамлекеттик өзгөчө зарыл ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилет. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет.
4. Айылдык округтун карамагындагы жерлерди жана муниципалдык менчикти мамлекеттик органдар тарабынан колдонуусу менен байланышкан мамлекеттик, мүлктүк мамилелер, ошондой эле тескерисинче, мамлекеттик менчикти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдалануу келишимдин негизинде чечилет.
1. Айылдык округдун жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү өчөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кармагына жергиликтүү маанидеги төмөнкү маселелер кирет:
1) айылдык округдун экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) айылдык округдун бюджетин түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүгө жарактуу суу менен камсыз кылуу;
5) канализация жана тазалоо системасынын иштөөсүн камсыз кылуу;
6) муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануучу жерлерде жарык берүүнү уюштуруу,
8) көрүстөндөрдүн иштешин камсыз кылуу жана ырым-жырым кызматтарын көрсөтүү;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди ыңгайлаштыруу жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук имараттардын жана эс алуу жайлардын иштөөсун камсыз кылуу;
11) тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана айылдык округдун чек араларында коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу;
13) айылдык округдук маанидеги тарыхый жана маданий ажайып жайларды коргоо;
14) айылдык округдарда китепканаларды уюштуруу жана иштешин камсыз кылуу;
15) айылдык округка тийиштүү жерлерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелерин белгилөө;
16) жарнактарды Мыйзамдарга ылайык жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарт түзүү;
19) эс алууну уюштуруу үчүн шарт түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуруу;
21) дене тарбиянын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шартты камсыз кылуу;
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын залалдарын жоюуга көмөк көрсөтүү;
23) айылдык округдун аймагында жылуулукту камсыз кылууну уюштуруу.
1. Айылдык округдун башчысы кеңештин макулдугу менен жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну юридикалык жана жеке жактарга, бир эле учурда жергиликтүү маанидеги өткөрүлүп берилип жаткан маселелерди агкаруу үчүн каражаттарды же каржылоо булактарын аныктоо жана беруу менен өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Айылдык округдун башчысы тарабынан, бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжатуу пайдалануу үчүн жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну өткөрүп берүү, максатка ылайыктуу болгон учурда жүргүзүлөт.
1. Айылдык округдун кеңеши - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары, алар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо женүндөгү Кодекстин жана алардын статусу жөнүндөгү Мыйзамдарда белгиленген тартиптин негизинде төрт жылга түзүлөт.
2. Айылдык округдун Кеңештери жашыруун добуш менен жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде шайланган депутаттардан турат.
Айылдык округдун Кеңеши округдагы калктын санынын эсебине жараша курамы 9-21 депутаттан турат.
3. Кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук түрү кеңештин сессиясы болуп саналат. Сессияларды өткөрүү тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
4. Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран сессияларга кеңеш бекиткен регламентке ылайык катышууга укуктуу. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга кирсе, кеңеш жабык сессиянын өткөрөт.
5. Кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарга алдын ала кабарлоо, алардын сессияларга кириши үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү жамаатка жеткирүүгө милдеттүү.
6. Мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, кеңештин өзүнүн карамагына таандык болгон маселелер боюнча чечимдер шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин чечимдери Токтом түрүндө чыгарылат жана ага кеңештин төрагасы кол коёт.
7. Кеңештердин өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алган чечимдери айылдык округда жашаган бардык жарандар. мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түзүлүшүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде милдеттүү түрүндө аткарылат.
8. Адамдын жана жарандын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттерине тиешеси бар кеңештин ченемдик укуктук актысы Мыйзамдарга ылайык киргизилип, жергиликтүү юстиция органдарында мамлекттик каттодон өткөрүлүүгө тийиш.
9. Кеңештин ишин уюштурууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылат.
10. Кеңештин ыйгарым укуктары Мыйзамдарга ылайык убактылуу токтотулуусу же толугу менен токтотулушу мумкун.
1. Кеңештин төрагасы кеңештин сессиясында депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү менен кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат жана өзүнүн милдетин коомдук башталышта аткарат жана сессиянын иши учурунда кеңештин төрагасы бир жолу компенсация алат, Ал эми кеңештин төрагасынын орун басарына талапкер төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат.
2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жана кызматынан бошотуу тартиби жана шайлоонунун башка жол-жобо маселелери тиешелүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
3. Кеңештин төрагасы:
- кеңештин пландуу жана кезексиз сессияларын чакырат;
- сессияларда төрагалык кылат жана регламентте каралган ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
- кеңештин чечимдерине кол коёт;
- айылдык округду - Кыргыз Республикасынын мамлекетинин бийлик органдарына, өкмөттүк эмес уюмдарга, коомдук жана башка уюмдарга, чет өлкөлөргө тааныштырат;
- кеңештин регламентине ылайык башка милдеттерди аткарат.
4. Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кылат.
5. Кеңештин төрагасынын орунбасары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жокто же өзүнүн милдеттерин аткара албаган учурда анын милдеттерин аткарат.
1. Кеңештин компетенциясы:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) айылдык округдун бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары болгон башка фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
3) айылдык округду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү, муниципалдык менчиктин пайдаланышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
6) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;
7) кайра бөлүштүрүү фондунун айыл-чарба жерлерин, чабындыларды, жайытттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
8) айыл округунун башчысын, айыл округунун кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо;
9) айыл өкмөттүнүн иштери жөнүндө отчетун угуу;
10) Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
11) депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтнпөө;
12) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
13) жергиликтүү жамааттын символикасы жөнүндө жобону бекитүү;
14) административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
15) төраганын жана анын орун басарын шайлоо, апарды кызматынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
16) кеңештин регламентин кабыл алуу;
17) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөл кылуу;
18) өкмөт аныктаган болжолдуу ченемдердин негизинде айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча айыл өкмөттүн штаттык санын жана түзүлүшүн бекитүү;
19) муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турумуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
20) жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
1. Кеңештин сессиясында карала турган маселелерди даярдоого жана алдын ала карап чыгуу үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышууга, жана бул чечимдерди ага караштуу айылдык округдун аймагында жайгашкан мекемелер менен уюмдардын аткарышына көзөмөл кылуу үчүн кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары түзүлөт.
2. Комиссиялардын тизмесин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин жергиликтүү кеңеш аныктайт, мурда түзүлгөндөрдүн жоюуга же өзгөртүп түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акылуу.
3. Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, уюштуруу жана иш тартиби, алардын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
1. Аткаруу бийлигин ишке ашыруу үчүн айылдык округда айыл өкмөтү иштейт.
2. Айыл өкмөтүнүн аппараты - айылдык округдун кеңшинин депутаттарынын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде айылдык округдун тийиштүү кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - тийиштүү мамлекеттик органдарга отчёт берет.
4. Айыл өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге айылдык округдун башчысы кол коёт.
5. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийишгтүү аймакта милдеттүү турдө аткарылууга тийиш.
6. Жарандардын жана юрндикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү айыл өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, алар Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып күчүне кирет.
Айыл өкмөту:
Каймактын социалдык-экономикалык енүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды аткарат;
2. жергиликтүү бюджеттин долбоорлорун иштеп чыгат жана айылдык округдун кеңештеринде бекитилгенден кийин аларды аткарат;
3. тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
4. жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
5. ишканаларды менчиктештирүүдө жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттардагы объектерди жана алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүгө катышат;
6. турак-жай фонддун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
7. мунципалдык мекчикте турган, ошондой эле айыл-чарба жерлерин кайра болуштүрүү, фонддунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
8. табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-иштиктүү иш чараларга көмөк көрсөтөт;
9. экономикалык, социалдык жана укуктук чөйрөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнө өбөлгө түзөт;
10. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
1. Айылдык округдун башчысы, облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими тарабынан альтернативдик негизде сунуш кылынуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан төрт жылдык мөөнеөкө шайланат.
2. Айылдык округдун башчысын шайлоо мөөнөтү Президент тарабынан дайындалат. Айылдык округдардын башчыларын шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен белгиленет.
3. Айылдык округдун башчысын шайлоого тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде учтөн экиси катышса, шайлоо болуп өтту деп эсептелет. Тийиштүү менчикти пайдалануу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасынын аткарылышы жана калкты социалдык жактап коргоо жөнүндө кеңешке жарым жылда бир жолудан кем эмес отчет берет:
3) өзүнүн ишинин натыйжасы жөнүндө жергиликтүү жамааттын курултайында калкка жылына бир жолудан кем эмес отчет берет;
4) өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
5) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча жергиликтүү кеңешке сунуштарды киргизет;
6) кеңештин сессиясынын чакырылышы жөнүндө сунуш киргизет жана анын ишине катышат.
7) мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тийиштүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызматтан четтетүү жөнүндө маселелерди коюуга укуктуу;
8) тийиштүү мамлекеттик аймактык мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
9) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык айылдык округдун башчысынын орунбасарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана бошотот;
10) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктары, ошондой эле жергиликтүү кеңешке тиешелүүлөрдөн тышкары өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
11) мамлекеттик бийликтин органдарында, Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөдөгү мамлекеттик эмес, коомдук жана башка уюмдарда айыл округду көрсөтөт;
12) белгиленген тизмеде мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарды сыйлап берүү жөнүндө өтүнөт;
13) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечет.
1. Айылдык округдун башчысынын орун басары айылдык округдун башчысы жок болгон мезгилде анын ордун алмаштырат жана айылдык округдун башчысына жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
2. Айылдык округдун башчысынын орун басары аткарган иш милдеттери үчүн айылдык округдун башчысынын алдында жоопкерчилик тартат.
1. Өзунчө жашашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин натыйжалуу тез чечүүнү уюштуруу максатында айылдык округдардын кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мумкун.
2. Айыл башчысы айыл өкмөтүнүн чечими менен ага өткөрүлүп берилген милдеттерди калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанып калган үрп-адаттары менен салттарына жараша аткарат.
3. Айыл башчысы айылдык округдун башчысы тарабынан аймактын тургундарынын чогулушунун макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.
1. Ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу айылдык органдарынын алдында жоопкерчиликтүү, анын ичинде ал өз аракеттери же аракетсиздиги менен калктын мудөөлөрүнө, айылдык округдук чарбага, курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын, ошондой эле жергиликтүү өз атдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин аткарбагандыктын натыйжасында келтирилген чыгымдарды толук келөмдө төлөп берүү менен мүлктүк жоопкерчилик да тартышат.
2. Менчигинин түрүнө карабастан ишканапардын (бирикмелердин), уюмдардын, мекемелердин жана жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу айылдык округдун органдарынын аракетинин же аракетсиздигинин натыйжасында келип чыккан бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча талаштар, ошондой эле укукка сыйбаган аракеттердин натыйжасында келтирилген чыгымдын ордун толгуруу боюнча талаштар сотто чечилет.
3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык округдун органдарынын мыйзамдуу таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан камсыз кылынат.
1 .Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономикалык негизин түзөт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен айылдык округдарга бекитилип берилген салыктык жана салыктык змес кирешелердин булактары;
- муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер;
- кредиттик жана башка каржы ресурстары;
- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айылдык округдун аймагында ишин жүзөгө ашырган ишканалар, уюмдар жана мекемелер;
- пайдалуу кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлктөр;
- баалуу кагаздар;
- табигый ресурстар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана кабыл алынган Уставга каршы келбеген жана башка булактар түзөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен каржы жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкары фонддорун түзүү жана аткаруу тартиби жана башка принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык округдун органдары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу учун чарба жүргүзүүчү субъектерди түзүүгө, аларды кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечүүгө укуктуу.
1 Жеке менчик, мамлекеттик менчик, ишканалар, уюмдар, мекемелер жана башка жеке менчик ээлери деген мыйзамында аныкталган эмес бардык мүлктөр, айылдык округдун аймагындагы жаратылыш объектилери жана жер тилкелери айылдык округдун жергиликтүү жамаатынын муниципалдык менчигинин карамагына кирет.
2. Муниципалдык менчик чарбаны алып баруу, калктын кызыкчылыгын колдогон же натыйжалуу колдоно билген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүлүштөрүнүн бөлүмдөрүнө берилет.
3. Жалпы колдонуучу жерлер: аянттар, көчөлөр, өткөлдөөр, жолдор, жер алды менен өтүү, тротуарлар, жээктер, парктар, токой парктары, коруктар. скверлер, бакчалар, бульварлар, келмелер, жаратылыштын эстеликтери, тарыхы жана маданияты, ден-соолукту чыңдоо жана тарахый-маданий маанидеги объектилери айыл округунун башчысынын көрсөтмөсү менен тизмеде каралып кеңеш бекитет, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлбөгөн нерселер болбосо, мүлк элдики болот жана аны алып коюуга болбойт.
4. Айылдык округдун кыймылсыз муниципалдык мүлкү мамлекеттин бирдиктүү кыймылсыз объекттеринин реестринде объект катары каттоодон өтөт.
1.Айылдык округдун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Эл аралык жана сырткы экономикалык байланыштарын ишке ашырууга укугу бар.
Бул укуктар ишке ашырылат:
- Эл аралык келишимдерди бекитүү жана аткаруу жолу менен жергиликтүү жамааттын жалпы пайдасына багытталган жана бөлөк иш аракеттерин иш жүзүнө ашыруу;
- жергиликтуу ез алдынча башкаруу органдары, региондор, шаарлар, айылдар жана посёлкалар, ошонун ичинде Эл аралык денгээлде кызматташуу, тууганчылык мамилелер жөнүндө бекитилген келишимдер;
- Эл аралык уюмдардын ишине катышып, алардын иш аракетинин ич ара муниципалдык кызматташуусуна, муниципалдык башкаруусуна жана жергиликтүү олуттуу маселелерди чечүүгө багытталган;
- Эл аралык ассоциацияларга, бирдиктерге жана Ассамблеяга киргенге.
2. Келишимге, протоколго жана башка укуктуу иш кагаздарына кол коюу жана айылдык округду керсөтүү укугу айылдык округдун башчысына жана кеңештин төрагасына таандык болот.
1. Айылдык округдун жергиликтүү жамааттынын Уставы жана ага дагы жаны өзгөртүүлөр, кошумчалар депутаттардын жалпы санынын учтен бир бөлүгүнөн кем змес сунушу менен кеңеште кабыл алынат.
2. Жергиликтүү жамааттын Уставы, ага көпчүлүк добушу менен өзгөртүүлөр жана кошумчалар депутаттардын жалпы саны менен кеңеште кабыл алынат.
3. Жергиликтүү жамааттын Уставы, ага юстиция органдарынын жыйынтыгынан кийин өзгөртүүлөр жана кошумчалар кеңеште кабыл алынат.
4. Момбеков айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставы юстиция органдарында каттоодон өтөт.
Момбеков айылдык башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу |
К.М. Мамыров |