Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-апрели № 12
Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын Жобосун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысынын шаардык кеңештин туруктуу комиссиялар жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө маалыматын угуп чыгып, шаардык ксеңештин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялар жөпүндө жобосу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Жалал-Абад шаардык кеңештин 4-ноябрь 2008 -жылдагы №2 токтомунун 1 пункту «Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылар жөнүндөгү» мыйзамынын 45-жана 54-беренелеринин талаптарына ылайык келбегендигине байланыштуу жокко чыгарылсын.
3. Ушул токтомду Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Адылов) жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарьшышын көзөмөлгө алуу жагы төраганын орун басарына (К. Рахматуллаев) жүктөлсүн.
Төрага | Т. Энназаров |
Шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди алдын ала кароо жана тескөө, алардын аймагында жайгашкан мекеме-ишканалар, уюмдар тарабынан кеңештин токтомдорун аткарууну көзөмөлдөө максатында шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары түзүлөт.
1- ст. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин органы катары эсептелет, ага баш ийет жана анын алдында жооптуу. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктук абалы жергиликтүү кеңештерди жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актылар жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамын колдоого алып иш жүргүзөт.
2- ст. Комиссиялардын түзүмүн жана сандык курамын шаардык кеңеш аныктайт. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин депутаттарынан түзүлөт. Комиссиялардын курамына төрага жана анын орун басары шайланбайт. Ыйгарым укук мөөнөтундө кеңеш зарылдыгы пайда болсо жаңы туруктуу комиссияларды түзүүгө, жоюуга жана мурда түзүлгөн комиссияларды кайрадан оңдоп түзүүгө жана курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
3- ст. Туруктуу комиссиялар өздөрүнүн отурумдарында төрагасын жана анын орун басарын шайлашат. Туруктуу комиссиянын катчысы катары шаардык кеңештин төрагасынын буйругу менен аппараттын кызматкерлеринен бир адам дайындалат.
4- ст. Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсу боло алат.
Туруктуу комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары анын берген арызы боюнча жана милдеттерин аткара албай турган жагдайлар пайда болгондо токтотулат.
5- ст. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары:
• Шаардык кеңештин кароосуна кирүүчү шаардын социалдык, экономикалык, маданий-улуттук өнүгүүсу менен байланышкан маселелерди кароодо катышышат;
• Шаардын экономикалык өнүгүүсүнүн пландарын, шаардын бюджетин жана анын аткарылышын алдын ала карашат, алар боюнча өздөрүнүн пикирлерин билдирет жана зарылдыгы болсо, шаардык кеңештин кароосуна киргизет;
• Шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорго көзөмөл жүргүзүшөт;
• Шаардык кеңештин сессиясына кире турган маселелерди алдын ала кароодо катышышат;
• КРсынын мыйзамдарынын жана шаардык кеңештин иштөө Регламентинин чегинде башка ыйгарым укуктарга ээ.
6- ст. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары шаар аймагында жайгашкан ишкана-мекемелердин, уюмдардын жетекчилерин алардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча угууга укуктуу. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары ишине адистерди, илимпоздорду, тажрыйбалуу кызматкерлерди жана башка жактарды чакырууга укуктуу.
7- ст. Туруктуу комиссиялардын ишинин негизги уюштуруу формасы болунп отурумдар эсептелет. Туруктуу комиссиялардын отурумдары шаардык кеңештин пландарынын багыттары кирген туруктуу комиссиянын иш планынын негизинде чакырылат. Туруктуу комиссиялардын отурумунда теңинен көп мүчөсү катышкан учурда отурум тең укуктуу болуп саналат. Комиссиянын курамына кирбеген депутаттар туруктуу комиссиянын отурумуна кеңешме добуш берүү укугу менен катышууга болот. Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын жана шаардык кеңештин тапшырмасы менен чогуу каралуу
га тийиш.
8- ст. Туруктуу комиссиялар тарабынан каралган бардык маселелер боюнча чечим кабыл алынат. Туруктуу комиссиялардын чечимдери сунуштама мүнөздө болот, бирок даректелген орган же кызматкер тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
9-ст. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн негизги шарттарынан бири - бул мүчөлөр арасында милдеттерди рационалдуу бөлүнүшү.
Төрага:
- туруктуу комиссиянын ишин жетектейт;
- отурумдарды чакырат жана анда төрагалык кылат;
- отурумдарда керектүү болгон материалдарды даярдоону уюштурат;
- комиссиянын мүчөлөрүнө түрдүү тапшырмаларды берет;
- комиссиянын тапшырмасы менен шаардык кеңештин сессияларында баяндама жасайт;
Төраганын орун басары:
- комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат, төраганын жоктугунда жана төрага тарабынан өз милдеттерин аткара албаган учурларда төрагалык кылат.
Катчы:
- отурумдардын протоколдорун жана иш-кагаздарын алып барат;
- комиссиянын чечимдерин убагында аткаруучуларга жиберип, алардан жообун алууну көзөмөл кылат;
- ага жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат (комиссияга түшкөн материалдарды тескөө, отурумдарды даярдоо, комиссия мүчөлөрүн кабарлоо ж.б.).
Туруктуу комиссияларынын мүчөлөру:
А) милдеттуу түрдө:
- туруктуу комиссиянын отурумдарына катышуу;
- туруктуу комиссия тарабынан кабыл алгынган чечимдерди аткаруута көмөк көрсөтүү;
- комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткаруута (туруктуу мүнөздөгү жана бирдиктүу мүнөздөгү);
Б) укугу бар:
- комиссия тарабынан каралуучу маселеде чечүүчү добушка;
- туруктуу комиссиянын кароосуна маселелерди киргизүүгө, аларды кароого жана талкулоого;
- шаардык кеңешке комиссия тарабынан макулдук алынбаган маселени кат түрүндө киргизүүгө.