Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-июну № 1
Эл депутаттарынын Бүргөндү айылдык округдук кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө» Мыйзамынын 24-25-беренелерине жана Эл депутаттарынын Бүргөндү айылдык округдук Кеңешинин регламентинин II-главасына ылайык Эл депутаттарынын Бүргөндү айылдык округдук Кеңешинин XXV-чакырылышнын кезексиз VIII–сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Бүргөндү айылдык округдук Кеңешинин Регламенти өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин (регламент тиркелет).
2. Эл депутаттарынын Бүргөндү айылдык округдук Кеңешинин Регламенти Жалал-Абад областтык Адилет башкармасынан каттоодон өткөрүлгөндөн кийин күчүнө кирет.
З. Эл депутаттарынын Бүргөндү айылдык округдук Кеңешинин типтүү Регламентин каттоодон өткөрүү жагы Жалал-Абад областтык Адилет башкармасынан суралсын.
4. Эл депутаттарынын Бүргөндү айылдык округдук Кеңешинин типтүү Регламенти массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Разакулов |
1- Глава Айылдык округдук кеңеши
2- Глава Айылдык округдук кеңешинин компетенциясы
II. БӨЛҮК
3- Глава Айылдык округдук кенешинин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары
4- Глава Айылдык округдук кеңешинин катчысы
5- Глава Айылдык округдук кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III- БӨЛҮК Айылдык округдук кеңештин иштөөнүн жалпы тартиби
6- Глава Айылдык округдук кенештин сессияларын откоруунун тартиби
7- Глава Айылдык округдук кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби
IV- БӨЛҮК Айылдык округдук кеңешинин Регламенти
8- Глава Айылдык округдук кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби.
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык окрук кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1.1. Айылдык округдук кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык окрукдук кеңештин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын «Жергилитүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык айыл округунун кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык округдук кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана туз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4-жылга шайланат.
1.4. Айылдык округдук кеңештин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
Айылдык округдук кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет
1) жергиликтүү маанидеги мекемелерди башкаруу тартибин белгилөө.
2) жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчету бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндөгү маалымат.
3) аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программалар өнүктүрүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу.
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө;
9) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
10) администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
11) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтынан бошотуу, кеңештин Кыргыз республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
12) жергиликтүү кеңештин Регламентин кабыл алуу;
13) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
14) Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын стуктурасын жана штаттык санын бекитүү;
15) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдуларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуну, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү:
16) айылдык округ башчысын шайлоо;
17) тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин балдарын эске алуу менен, айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө.
18) Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
19) жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
-1.3 Айылдык округдун кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар болунуп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укукутар өткөрүлүп алышат жана аткарылат.
-1.4 Айылдык округдун кеңеш белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
3.1 Айылдык округдук кеңештин төрагасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык округ кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Айылдык округ кеңештин төрагалыгына депутаттар тарбынан ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айыл Округ Кеңештин төрагасы
- Кеңеш сессиясын чакырат
- Сессияга төрагалык кылат
- Айылдык округдун кеңештин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш чараларына кол коет.
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2 Айылдык округдук кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын 1 /3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.3 Айылдык округдук кеңештин төрагасынын орун басары.
Айылдык округдук кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерди төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4 Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда, төраганын милдетин аткарат.
3.5 Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.6 Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
4.1 Айылдык округдук кеңештин катчысынын милдетин айылдык округдун жоопту катчысы аткарат.
4.2 Айылдык округдук кеңештин катчысы:
- Айылдык округдук кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
- Айылдык округдук кеңештин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарына эсебин алууну уюштурат;
- Айылдык округдук кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
- Айылдык округдук кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
- Айылдык округдук кеңештин сессия токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
- Айылдык округдук кеңештин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5.1 Айылдык округдук кеңеште кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышу үчүн, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
Айыл округдук кеңеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт. Комиссиялар тизмеси, алар сандык курамын шайлоо айылдык округунук кеңештин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2 Айылдык округдук кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат
6.1 Айылдык округдкн кеңешинин ишинин негизи уюштууручулук укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы саналат.
Айылдык округдук кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы саны 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт
Айылдык округдук кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы сандын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2 Айылдык округдук кеңештин депутаттары кеңештин сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
6.3 Айыл округдук кеңештин сессиясы ачык түрүндө өткөрүүдө кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
6.4 Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5 Айылдык округдук кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.6 Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7 Айылдык округдук кеңештин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
6.8 Керек болгон учурларда айылдык округдук кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
7.1 Айыл округдук кеңештин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2 Айылдык округдук кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш;
- кабын алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт:
- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтулууга тийиш;
- Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
7.3 Айылдык округдук кеңештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4 Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл округ кеңешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
7.5 Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
7.6 Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7 Айылдык округдук кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8 Айылдык округдук кеңештин кабыл алган токтому анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
8.1 Айылдык округдук кеңештин иши Регламентин тийиштүү Регламентин негизинде Регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүго киргизет.
8.2 Регламент маселелери боюнча топко айылдык округ кеңештин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык округдук кеңештин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3 Ар бир депутат Регламентке өзгөртүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүдө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.4 Регламент жана Регламентке оңдоолор киргизгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Разакулов |