Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Масы айылдык округунун Кеңешинин кезексиз ХХV-чакырылышынын 12 - сессиясы
2009-жылдын 8-июну № 1
Эл депутаттарынын Масы айылдык округдук Кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар» жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27- статьясынын 1-бөлүмүнүн 12-пунктуна ылайык күн тартибиндеги маселени угуп жана таткуулап, Эл депутаттарынын Масы айылдык округдук Кеңешинин кезексиз ХХV-чакырылышынын 12 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Масы айылдык округдук Кеңешинин регламенти алымча-кошумчасы менен бекитилсин ( регламент тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эл депутаттарынын Масы айылдык округдук Кеңешинин төрагасы Ж. Атыбаевге жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж.Атыбаев |
| Масы айылдык кеңешинин 2009-жылдын 8-июну № 1 токтом менен бекитилген |
Жалпы жоболор
Масы айыл округдук Кеңешине жараштуу маселелер
Округдук кеңешинин ишкердигин уюштуруу жана акын формалары
Масы айыл округдук кеңешинин туруктуу комиссиялары
Өз алдынча башкаруу системасынын экономикалык негизи
1. Масы айыл округунун Кеңеши өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жана ал ошол территориядагы жзшаган граждандар аркылуу жалпы, тең жана тике жол меен жашыруун добуш берүү менен 4 жылга шайланат.
2. Айыл округунун Кеңешинин төрагасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы болуп эсептелинет.
3. Кеңештин компетенциясына кирген иштерге кириүүгө жогорку турган бийлик органдары жана башкармадыктары укуксуз. Территориялык кызыкчылыктарга тиешеси бар маселелер боюнча айыл Кеңеши сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын кеңешмелерине катышуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аминистративдик ведомстволордун жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкулдөрүн чакырышы мүмкүн.
4. Айыл округунун Кеңешинин орун алган жери: Жалал-Абад областы, Ноокен району, Масы. айылы К. Султанов көч 112.
Масы айыл округунун кеңешине караштуу негизги маселелерге төмөнкүлөр кирет:
- социалдык коргоо, чарбалык, тиричилик, калкты социалдык-маданий тейлөө боюнча иш-чараларды, лрограммаларды иштеп чыгуу жана ишке aшыpyy;
- жергиликтүү коммуникациялардын бардык түрүн, көчөлөгдү, желдорду, билим берүу жана саламаттыкты сактоо мекемелерин кармоону уюштуруу;
- жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча көзөмөл жүргүзүү;
- анын компетенциясына кирген башка ар кандай Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык маселелер;
- территориядагы курулуштардын генералдык планын, архитектуралык чечимдердин, белгиленген курулуш нормаларынын сакталышын координациялоо жана ишке ашыруу;
Айыл округунун кеңешинин негизги уюштуруу-укуктук ишинин формасына сессия кирет.
Сессия керек болгондо чакырылат, бирок бир жылда бир жолудан кем болбошу керек.
Сессия өткөрүү мезгилинде айыл округунун кеңеш депутаттардын ичинен катчыны ачык добушка коюу менен шайлашат. Сессия тарабынан катчыны шайлоо жөнүндөгү токтом кабыл алынат.
Айыл округунун кеңешинин сессиясы жалпы айыл округунун кеңештик депутаттарынын учтөн эки бөлүгү катышканда өткөзүлүшү мүмкүн.
Кеңештин сессиясы кеңешин төрагасынын, туруктуу комиссиянын жана кеңештин делутаттарынын учтөн бир бөлүгүнүн демилгеси менен чакырылат.
Кеңештин чечимдери мыйзамда каралган айрым үчурлардан сырткары депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Айыл округунун кеңештин сессиясы айкындуулукта өткөзүлөт. Анда эмгек коллективдеринин, коомдук уюмдардын, кыймылардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана граждандары катыша алышат.
Айыл округунун кеңеши Кыртыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маселелерди кароого жана чечүүгө укуктуу.
Сессияларда төмөнку маселелер чечилет:
- Кеңештин төрагасы жана анын орун басарларын шайлоо жана анын милдеттеринен бошотуу.
- Мандаттык комиссияны жана анын төрагасын шайлоо, депутаттардын полномочиясын таануу, мыйзамга ылайык депутаттардын полномочиесин токтотуу, депутаттардын депутаттык милдеттеринин аткарылышын, кеңештин тапшырмаларынын жака чечимдеринин аткарылышын угуу;
- депутаттардын туруктуу жана башка комиссияларын түзүү, алардкн курамын шайлоо жана өзгөртүү киргизүү, алардын төрагаларын бекктүү;
- Кеңештин алдында коомдук башталыштагы элдик депутаттардан турган алдминистративдик, байкоочу, жашы жете электердин жана башка КР мыйзамдарында каралган комяссияларды түзүү;
- Кеңеш тарабынан түзүлгөн кеңештин төрагасынын, анын органдарынын отчетторун талкуулоо;
- депутаттардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу;
- Көңештин регламентин кабыл алуу;
- калкты социалдык жактан коргоо программаларын территориянын социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын бекитүү;
- бюджетти жака анын аткарылышы воюкчд отчетту бекитүү;
- административдик-территориялык жайгаштыруу боюнча сунуштар;
- кеңештин төрагасынын буйруктарын жокко чыгаруу;
- жергиликтүү референдумдарды өткөсүу.
Массы айыл округунун Кеңешинин өткөрүлгөн сесияларына бир календардык жыл ичинде 3 жана андан ашык жолу себепсиз катышпаган двпутаттардын устунөн айылдык округунун кеңеши аны чакыртып алуу жана депутаттык статусун жокко чыгаруу жөнүндөгү ондүрүштү баштайт.
Айыл округунун кеңештин чечимдери каралган ага караштуу маселепер боюнча шайланган депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кеңештердин ишкердигин уюштурууну камсыздоо, депутаттарга жана туруктуу комиссияларга жардам көрсотуү, керектүү материалдарды даярдоо үчүн курамында 3-5 адистен турган өзүнүн аппаратын түзүлшү мүмкүн.
Айып округунун кеңештик төрагасы аны шайлаган кеңешке отчет берет. Ал эми аткаруу - тескөө иштери боюнча райондук мамлекаттик администрацияга баш иет.
Айыл округунун кеңештик төрагасы тиешелүү тарриторияда аткаруу-тескөө функцияларын аткарат, жергиликтүү мампекеттик администрациялардай полномочиеге ээ, жана дагы:
- мыйзамда белгиленген граждандарга справкаларды, жекелик аныктамаларын, үй-булөлук жана турмуш абалы жана башка маанидеги документтерди берет.
- жергиликтүү кеңештик регламентинин жана белгиленген Кыргыз Республикасынын мыйам актылары боюнча башка аракеттерди жүргүзөт.
Айыл округунун кеңештин төрагасы:
Кеңештин сессиясын чакырат жана аньн отурумун алып барат, кеңештин чечимдерине кол коет, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
Кеңештин туруктуу жана башка комиссияларынын, депутаттык группалардын ишкердигин координациялайт;
- депутаттардын полномочиелеринин аткарышына, граждандарды: кабыл алышына, шайлоочуларга отчет беришине маалыматтар менен камсыздоогоо көмөк көрсөтөт, депутатардын укугу жана милдеттери менен байланышкан маселелерди карайт, алар боюнча кеңештин кароосуна сунуштарды даярдайт;
- кеңештин жана анын органдарынын иши боюнча коомдук пикирлердин эсебин жана айкындуулукту камсыздайт;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана граждандар алдында кеңештин өкүлү болот;
- территориялык коомдук өз алдынча башкаюуу органдары менен кеңештин өз ара байланышын уюштурат, тиешелүү территориядагы граждандардын мыйзам чегиндеги кызыкчылыктары, эркиндиги, укуктары бузулган территориялык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын аткарылышын сот чечими чыкканга чейин токтотуп турат;
- Кеңешке жөнөтүпгөн граждандардын кайрылууларын, арыздарын карайт;
- Кеңешке Кыргыз Республикасынын мамдекеттикг сыйлыктары мекен сыйлоо жана ардактуу наамдарды берүү боюнча сунуштарды киргизет;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат;
- өзүнүн ишкердиги боюнча кеңеш алдында жылына бир жолудан кем болбогон отчет берет.
Айыл округунун кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин, же райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын сунушу менен кеңештин сесиясында жашыруун добуш берүү аркылуу, эгерде шанланган депутаттардын учтөн экиси добуш берсе өз кызматынан бошотулушу мүмкүн;
Кеңештин төрагасы өзүнүн полномочиелерин мөөнөтунөн мурда токтотуу боюнча билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда чечим шайланган кеңештин депуттарынын ачык, жөнөкөй көпчүлук добушу менен кабыл алынат .
Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын ичтинен төраганын сунушу боюнча сессияда кеңештин полномочиесинин мөөнөтүнө шайланат.
Кеңештин төрагасынын орун басары коомдук башталышта кеңештин төрагасынын тапшырмаларын жана ал жокто анын милдеттерин аткарат.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын туруктуу комиссиялары:
- кеңеште каралуучу территориянын экономикалык, социалдык жана улуттук-маданий өнүгүү маселелерин даярдоого катышат;
- Кеңешке жергиликтүү өз алдынча башкаруунун зкокомикалык негизин бекемдөе, территориянын ендүруштүк жана социалдык маданий структурасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
- алдын ала территориянын жана бюджеттик экономикалык өнүгүү план долбоорлорун, бюджеттин жана пландардын аткарылышы отчетторун карайт, өз сын-сунушун билдирет, керек боллгондо кеңешке сунуш кылат;
- жергиликтүү кеңештин регламентинин жана белгиленген Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары боюнча башка полномочиелерди жүргүзөт.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары, arа караштуу маселелер боюнча тиешелүү территорияда жайланышкан мекеме, уюм, ишкана, жергиликтүү администрациялардын органдарынын адистеринин жана жетекчилерин угушу мүмкүн.
Жергиликтүү Кеңештердин туруктуу комиссияларынын отурумдары комиссияным иш-планы боюнча чакырылат.
Туруктуу комиссиялардын отурумдарында кеңеш берүү добушу менен ушул комиссияга мүчө болбогон башка айыл округунун кеңештик депутаттары катышышы мүмкүн.
Бир нерсе туруктуу комиссияларга тиешелүү болгон маселелер комиссиялардын демилгеси жана айыл округунун кеңештин тапшырмасы боюнча биргеликте даярдалышы жана каралышы мүмкүн.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укуктарга зэ.
Кеңештин туруктуу комиссиялары кеңешке караштуу маселелерди даярдоо жана алдын ала кароо, ошондой эле алардын аткарылышын көзөмөлдөө территориядагы жайланышкан мекеме, уюм, ишканалардын мыйзамдарды сактоосун көзөмөлдөө үчүн түзүлөт. Кеңеш аркылуу убактылуу комиссиялар жана башка органдар түзүлүшу мүмкүн.
Комиссиялардын аталышын, сайдык курамын, шайланыш тартибин кеңеш акыктайт. Алардын полномочиолеринин бүтүшү менен, керек болгон учурда кеңеш жаңы туруктуу коммссияларды түзүшү, өзгөртүп түзүшу, жоюшу, курамына өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.
Туруктуу комиссиялар тиешелүү кеңештердин элдик депутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайлана албайт.
Туруктуу комиссиялар төраганы, орун басарларды жана катчыны шайлайт. Комиссиялар тарабынан, алардын негизги иш бarыттары боюнча комиссия алдындагы комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Туруктуу комиссиялардын укук жана милдеттери, ишкердигин уюштуруу тартиптери Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын негизинде аныкталат.
Кеңештин туруктуу комиссиялары окумуштууларды, адистерди, практикапык кызматкерлерди жака башка адмдарды өз ишинде пайдаланышы мүмкүн.
Жертиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары чечимдерди кабыл алат.
Депутат кеңештин бир гана туруктуу комиссиясына мүчө боло алат. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу менен тиешелуү кеңеш туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүү киргизе алат.
Комиссиянын мүчөсүнүн полнoмoчиелери анын өтүнүчү боюнча жана өз милдеттерин аткара албай калган учурларда мөөнөтүнөн мурда кеңеш тарабынан токтотулушу мүмкүн.
Айыл округунун кеңеши:
- жергиликтүү мамадминистрацияынын, жергиликтүү кеңештин, территорияда жашаган граждандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, укуктарынын бузулушу боюнча мекеме, уюм, ишкана, коомдук бирикмелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу органдарынын актыларын жокко чыгаруу боюнча соттон талал кыла алат.
- экологиялык катастрофа, стихия, эпидемия, элизоот, өрт жана коомдук тартип бузуу учурларында граждандардын, менчиктик бардык түрлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо, алардын укуктарын, мыйзамдык кызыкчылыктарын жана укуктук тартипти коргоо боюнча чараларды көрөт.
Кеңештин зкономикалык негиздерин жаратылыш ресуртары: (жер, анын байлыктары, суу, токой, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү жана территорияда жайланьшкан менчигине карабай бардык ишкана уюмдар түзөт.
Айыл округунун кеңешти жойу жана өзгөртүл түзүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.