Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXV- чакырылышы кезектеги 6 – сессиясы
2009-жылдын 12-июну № 5
27.04.2009-жылдагы Таш-Көмүр шаардык жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн Элдик Курултайынын «Таш-Көмүр шаарынын Уставын кабыл алуу» тууралуу № 2 чечими жөнүндө
27.04.2009-жылдагы Таш-Көмүр шаардык жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн Элдик Курултайынын № 2 чечими менен кабыл алынган «Таш-Көмүр шаарынын Уставы тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы "Мыйзамдуулук" боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Кулдышевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXV-чакырылышынын кезектеги 6 – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 27.04.2009-жылдагы Таш-Көмүр шаардык жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн Элдик Курултайынын № 2 чечими мелен кабыл алынган «Таш-Көмүр шаарынын Уставы тууралуу шаардык Кенештин алдындагы "Мыйзамдуулук'* боюнча туруктуу комиссиясынын терагасы М. Кулдышевдин баяндамасы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын Уставы бекитилсин. /Устав тиркелет/
3. Бул токтомду нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Жалал-Абад облустук Адилет башкармалыгынан суралсын.
4. Таш-Көмүр шаарынын Уставы массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы Т.Айтикеевке жүктөлсүн.
Таш-көмүр шаардык кеңешинин төрагасы: |
А. Т. Чаргынов |
| «Бекитилди» Таш-көмүр шаардык кеңешинин 12.06.2009-жылдагы кезектеги 6-сессиясынын № 5 токтому |
1. Бул Устав Таш-Көмүр шаарынын аймагында колдонулат.
2. Таш-Көмүр шаарынын аймагы шаардын чек арасындагы жер жана суу бетиндеги кең байлыктарын түзөт. Мамлекеттик жана жеке менчиктин курамына кирбеген шаардын чек арасындагы жерлер шаардык жамааттын муниципалдык менчиги болуп саналат.
3. Таш-Көмүр шаарынын өз алдынча башкаруусу шаардык жамаат тарабынан жүргүзүлөт, ал мыйзам чегинде жана өз жоопкерчилиги астында шаардык маанидеги иштерди башкарат.
4. Шаардын жамааты өз алдынча башкарууну органдар системасы, ошондой эле түздөн-түз референдумдарды, курултайларды, жыйындарды жана жамааттык жигердүүлүктүн башка формалары аркылуу жүргүзөт.
5. Шаардык жамааттын атынан шаардык кеңеш, шаардын мэри жана шаардык жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы гана чыга алат.
II. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
6. Бул Уставда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
- шаардын Уставы шаардык жамааттын башка укуктук актыларына Караганда жогорку юридикалык күчкө ээ болгон жана шаардык жамааттын жашоо турмушун уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин белгилеген шаардык жамааттын негизги укуктук актысы
- шаардык жамаат - шаардын аймагында туруктуу жашаган, шаардык маанидеги маселелерди чечүү үчүн жалпы таламдарга бириккен калк;
- шаардык маанидеги маселелер - шаар калкынын жашоо турмушун түздөн-түэ камсыз кылуу маселеси;
- шаардык референдум - добуш берүүү жолу менен шаардык маанидеги маселелер боюнча шаардык жамааттын өз оюн билдириши;
- шаардык элдик курултай - шаардык жамааттын мүчөлөрүнүн шаардык маанидеги иштерди башкарууга катышуусунун өкүлчүлүктүу формасы
- шаардын өз алдынча башкаруу органдары - шаардык маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктары бар жана мамлекеттик бийлик органдар системасына кирбеген өкүлчүлүктүү жана aткаруучу-тескеөчү органдары;
- шаардык кеңеш - шаардык өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;
- мэрия - шаардык өз алдынча башкаруунун аткаруучу - тескөөчү органы;
- шаарчалык-жана аймактык башкаруу органдары - шаардын белгилүү аймагында жашаган
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган шаардын мунициналдык кызматы
- муниципалдык менчик - шаардык жамааттын менчиги;
- жергиликтүү салыктар жана жыйындар - республиканын мыйзамдарына ылайык шаардык кеңеш белгилеген салыктар жана жыйымдар.
7. Шаардык өз алдынча башкаруунун карамагына кирген төмөнкүлөр болуп саналат:
- шаардын жашоо турмушун камсыз кылуу системасын уюштуруу жана анын иштеши, шаардыктарга социалдык жана маданий-тиричилик кызматтарын көрсөтүү
- шаардык бюджетти иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу
- шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана анын калкын социалдык жактан коргоо программаларын иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу:
- муниципалдык менчик объекттерин, жерин сарамжалдуу пайдалануу;
- шаар курулушунун башкы планын иштеп чыгуу жана жүзөго ашыруу, курулуш нормаларынын сакталышына көзөмөл кылуу
- бөедө кырсыктарды, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо, алардын залалдарын жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруу практикалык чараларды жүзөгө ашыруу;
- шаардын тургундарын жигердуү эмгекке тартуу боюнча иш - чараларды уюштуруу;
- балдарды жана шаардык жамааттын бардык мүчөлөрүн атуулдук жана Мекенди, өз шаарын сүйүүнүн духунда тарбиялоо;
- үй-бүөөнү, коомдун моралдык жана адептик негиздерин чыңдоо!
- шаарда коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык маанидеги башка милдеттерди чечүү.
8. Шаардык өэ алдынча башкаруу төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
1. мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлук;
2. өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү финансылоо, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзун-өзү тарбиялоо;
3. шаардык кеңеш, алардын аткарүучу-тескөөчү органдары, референдумдар, элдик курултайлар, демократиянын башка өкүлчүлүктүү жана түздөн-түз формалары аркылуу жарандардын өз оюн билдириши
4. шаардык өз алдынча башкаруу органдарынын шаардык маанидеги маселелер боюнча шаардык жамаатка отчет бериши;
5. шааардык өз алдынча башкаруу органдарынын аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жогору турган мамлекеттик бийлик органдарына отчет бериши;
6. шаардык жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо;
7. демократия, маалымдуулук жана коомдук пикирди эске алуу
8. коллегиялдуулук, маселелерди эркин талкуулоо жана чечүү
9. өз компетенциясына кирген маселелерди чечүүде жергиликтүү кеңештин көз карандысыздыгы.
9. Шаардык жамааттын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө шаардык өз алдынча башкаруу органдарына түздөн-түз же өздөрү шайлаган өкүлдөр аркылуу сунуш киргизүүгө;
- башкаруу системасын өркүңдөтүү жөнүндө шаардык ез алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;
- шаардык өз алдынча башкаруунун карамагына кирген бардык маселелер боюнча шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга, алардын дарегине сунуш жана сын-пикир айтууга
- шаардык жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттери менен түзүлгөн бардык жыргалчылыктарды, коммуналдык менчикте турган уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин кызматтарынан пайдаланууга;
- элдик курултайларга, жыйындарга, шаардыктардын чогулуштарына, шаардык кеңештин ачык жыйналыштарына катышууга, алар да өз пикирин ачык айтууга жана талкууланып жаткан маселелер боюнча сунуш киргизүүгө;
- ушул Уставда Kapaлган укуктар кысымга алынган учурда аксакалдар-сотуна же шаардык өз алдынча башкаруунун башка органдарына, ошондой эле мамлекеттик укук коргоо же сот органдарына кайрылууга
- Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында ушул Уставда каралган башка бардык укуктардан толук көлөмүндө пайдаланууга
10. Шаардык жамааттын мүчөлорү төмөнкүлөргө миллеттүү:
- Кыргыз Ресиубликасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, ушул Уставды сактоого;
- ар бир кыргызстандык үчүн жүрүш-туруш кодекси катары Кыргыз Республикасынын Президенти жарыя кылган (эмгек жана үй-бүлө, атуулдук, Мекенге берилгендик, коомдук бекем мораль жана адептүүлүк) принциптерди сактоо;
- шаардык жамааттын мүчөлөрүнүн жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлүп жаткан бардык коомдук пайдалуу иш-чараларга катышууга;
- шаардык өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын, аксакалдар сотторунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама-каршы келбеген чечимдерин аткарууга; муниципалдык менчикти түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдон келген салымын кошууга, аларды кылдат пайдаланууга жана коргоого;
- үй-бүлөнү чыңдоого, үй-бүлө мүчөлөрүн өз ара урматташуунун, атуулдук сезимдин жана Мекенге, өз шаарын сүйүүнүн духунда тарбиялоого, эмгекти, моралдык жана адептик талаптарды жана дөөлөттөрдү урматтоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, шаардын Уставын ар кандай бузууларга, коомдук руханий жана материалдык дөөлөттөргө кайдыгер жана текебердик менен мамиле кылууга келишпес болууга.
- коңшулары жана бардык шаардыктар менен тынчтыкта жана ынтымак-ырашкерликте жашоого, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого; коомдук тартипти сактоого катышууга, улуттар аралык ынтымакка, биримдикке, бейпилчиликке, өз ара түшүнүшүүгө жана өз ара урматташууга, жетишүүгө көмөктөшүүгө;
- курчап турган чөйрөгө кылдат мамиле кылууга, тарых жана маданият эстеликтерин, шаардын башка ажайып жерлерин коргоого көмөк көрсөтүүгө; коомдук тартиптин эрежелерин, шаардагы тазалыкты жана тартипти сактоого; жеке гигиена жана ден-соолук жөнүндө камкордук көрүүгө;
- курулуш, өрт коопсуздугунун жана санитардык нормалардын, турак үйлөрдү, квартираларды, үйгө жамаатташ аймактарды пайдалануу жана күтүү эрежелерин сактоого;
- жерди, сууну, башка жаратылыш ресурстарын, жылуулук, электр жана энергиянын башка түрлөрүн, коммуналдык менчикте турган мүлктү сарамжалдуу пайдаланууга.
11. Шаардын өз алдынча органы болуп төмөнкүлөр саналат:
- екүлчүлүктүү орган - шаардык кеңеш жана шаардык жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы
- шаардын өз алдынча башкаруусунун аткаруучу - тескөөчү органы - мэрия;
12. Шаардын өз алдынча башкаруусунун жогорку шайлануучу өкүлчүлүктүү органы болуп шаардык кеңеш саналат. Шаардык кеңештин иштөө жана анын депутаттарын шайлоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
13. Шаардык кеңештин курамына жалпы, теңдеш шайлоо укугунун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөткө шайланган депутат кирет.
14. Шаардык кенеш:
- шааарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана анын калкын социалдык жактан коргоо программаларын, алардын аткарылышына көзөмөл кылат;
- шаардык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитет, ошондой эле шаардык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угат;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет, шаардын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин жана шартын аныктайт
- Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган талапкерлердин ичинен шаардын мэрин шайлайт;
- шаардык Кеңештин регламентин кабыл алат:
- шаардын аймагында шаардык референдум өткөрүү, шаардык элдик курултайды чакыруу жөнүндө, шаардык мэрия менен макулдашып чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык маанидеги башка маселелер боюнча чечим кабыл алат;
15. Шаардык Кеңештин иштөө тартиби шаардык Кеңештин сессиясында бекитилген анын регламенти менен аныкталат.
16. Шаардык Кеңештин негизги иш - формасы болуп сессия саналат. Сессия зарылчылыгына жараша, бирок кварталында кеминде бир жолу чакырылат.
17. Жаңыдан шайланган шаардык Кеңештин биринчи сессиясы шаардык Кеңештин мурдагы чакырылышынын төрагасы тарабынан шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакырылат.
18. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясын жаңы төрага шайланып, кызматына киришкенге чейин жаны шайланган шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен жашы боюнча эң улуу депутат ачат жана алып барат. Шаардык кеңештин жаңы төрагасы шайлангандан тартып сессияны алып баруу улантат.
19. Сессияны чакыруу убактысы жана аны өткөрүүнүн орду жөнүндө, ошондой эле шаардык Кеңештин кароосуна киргизилген маселелер жөнүндө Кеңештин терагасы депутаттарга билдирет жана сессия башталганга чейин он күндөн кечиктирбестен, шаардын калкына жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабарлайт.
20. Шаардык Кеңештин сессиясы шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде учтөн экиси болгондо чечим кабыл алууга укуктуу.
21. Сессиянын учурунда шаардык Кеңеш депутаттарынын ичинен ачык добуш берүү аркылуу катчыны шайлайт. Катчыны шайлоо жөнүндө сессия токтом кабыл алат.
22. Шаардык Кеңештин чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, шаардын Уставында же шаардык Кеңештин регламентинде башкача тартип каралгандагыдан тышкары учурларда шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
23. Шаардык Кеңештин сессиясы шаардык Кеңештин төрагасы, шаардын мэри тарабынан туруктуу комиссиялардын демилгелеринин негизинде, ошондой эле шаардык Кеңештин депутаттарынын кеминде учтөн биринин талабы боюнча чакырылат.
24. Шаардык Кеңештин сессиясына кароого маселелер шаардык Кеңештин төрагасы, шаардын мэри, шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары жана шаардык Кеңештин регламентинде белгиленген сандагы шаардык кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан коюлат. Шаардын коомчулугунун өкүлдөрү шаардык Keңешке шаардык Кеңештин сессиясында кароо үчүн маселелерди киргизүү жөнүндө сунуш менен кайрылууга укуктуу.
25. Шаардык Кеңештин сессиясы ачык айкын өткөрүлөт, ага шаардык жамааттын мүчөлөру, коомдук уюмдардын жана кыймылдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алат.
26. Шаардык Кеңештин ишин уюштуруу шаардык Кеңештин аппараты тарабынан камсыз кылынат. Анын саны шаардык Кеңештин чечими менен белгиленет.
27. Коомдук пикирдин кеңири чөйрөсүн эске алуу жана калктын жашоо турмушун уюштуруунун маанилүү маселесин чечүүгө шаардыктарды катыштыруу максатында шаардык элдик курултай өткөрүлөт. Шаардык элдик курултайдын чечими сунуш кылуу мүнөзүндө болот жана милдеттүү түрдө шаардык кеңеш тарабынан каралат.
28. Шаардык элдик курултайды чакыруу жөнүндө чечим, анын күн тартиби жана аны өткөрүүнүн мөенөтү шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
29. Шаардык элдик курултайга делегаттар шаардыктардын жашаган жана иштеген жери боюнча жыйындары менен чогулуштарында шаардык жамааттын мүчөлөрүнүн санына негизденүү менен жана шаардын аймагынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шаардык Кеңеш белгилеген окүлчүлүк нормасына ылайык шайланат.
30. Шаардык элдик курултайды анын күн тартибин көрсөтүү менен чакыруу демилгеси шаардык Кеңешке, шаардын мэрине таандык. Шаардыктардын демилгелүү тобунун сунушунун негизинде шаардык элдик курултайды чакыруудан баш тартуу областык мамлекеттик администрацияга же сотко даттанылышы мүмкүн
31. Шаардык элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн шаардык жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындары жана чогулуштары шаардык Кеңеш белгилеген графикке ылайык жүргүзүлөт жана ага шаардык элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын (мындан ары - комиссия) мүчөлөрү катышканда жана алар тарабынан тийиштүү протокол толтурулганда гана анык.
32. Комиссия шаардык Кеңеш тарабынан шаардык Кеңештин депутаттарынын жана шаардык аткаруу органдарынын кызматкерлеринин, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен 7-9 кишинин курамында түзүлөт.
Комиссиянын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Комиссия өзүнүн жыйналышында шаардык элдик курултайды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан иш-чаралардын планын иштеп чыгат жана бекитет.
33. Калктын жыйындары жана чогулуштары шаардык элдик курултайга делегаттарды жөнөкөй көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу улуттук, курактык жана гендердик балансты жана шаардын аймагынын башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шаардык жамааттын мүчөлөрүнүн таламдарына өкүл болуу жана коргоо ыйгарым укугун берүү менен шайлашат.
34. Калктын жыйынында шаардык элдик курултайга делегаттыкка талапкерлерди көрсөтүү укугуна шардык жамааттын бардык мүчөлөрү, шаардын аймагында турган жана өз ишин жүргүзгөн уюмдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, саясый партиялар жана башка коомдук уюмдар укуктуу,
35. Калктын өткөрүлгөн жыйындарынын жана чогулуштарынын жыйынтыгы боюнча комиссия шайланган делегаттардын ыйгарым укуктарынын аныктыгы жөнүндө чечимди шаардык Кеңештин кароосуна киргизет, ал шайланган делегатка анын ыйгарым укуктарын 4 жылга ырастаган мандат берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
36. Кандайдыр бир себептер боюнча делегат мөөнөтүнөн мурда чыгып калган учурда комиссия чыгып калган делегат шайланган аймакта гана шаардыктардын жыйынында же чогулушунда жаны делегаты шайлоону уюштурат.
37. Шаардык элдик курултайдын иши аны ачуу жана жабууда Кыргыз Республикасынын Гимнин милдеттүү түрдө аткаруу, шаардык элдик курултайдын жумушчу органдарын - президиуму, секретариатты жана чечим кабыл алууда делегаттардын добуштарын эсептөө үчүн эсептөө комиссиясын түзуү менен салтанаттуу-ишкер кырдаалда өткөрүлөт.
Шаардык элдик курултай згерде ага шайланган делегаттардын кеминде үчтөн экиси катышса өз ишин баштоого укуктуу.
38. Биринчи шаардык элдик уюштуруу курултайынын башталышынын алдында шайланган ар бир делегатка анын ыйгарым укуктарын ырастаган мандат тапшырылууга тийиш.
Делегат кийинки шаардык элдик курултайларга мандаты болгондо гана катыша алат.
39. Шаардык Кеңештин депутаттары жана шаардын мэри шаардык элдик курултайынын ишине катышат жана делегаттын укугунан пайдаланат, бул үчүн ага шаардык элдик курултайдын делегатынын мандаты тапшырылат.
40. Шаардык элдик курултайды шаардык Кеңештин төрагасы же шаардык кеңеш менен шаардык мэрия аркылуу биргелешип эл арасынан шайланган адам ачат жана курултайдын жүрүшүн алып барат.
41. Шаардык элдик курултай коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен ачык кырдаалда өткөрүлөт. Өзгөчө учурларда шаардык элдик курултай өз курамынын көпчүлүк добушу менен айрым маселелерди жабык кырдаалда талкуулоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
42. Шаардык элдик курултайдын чечими, эреже катары, ага катышкан делегаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Шаардын мэринин ыйгарым укуктарынын кийинки мөөнөткө узартуу жөнүндө сунуш түшкөн учурда чечим кабыл алынат.
43. Шаардык элдик курултайдын ар бир делегаты бирден добушка ээ.
Шаардык элдик курултай жашыруун добуш берүү өткөрүүгө чечим кабыл алганда кабиналар, мөөр, урна, бюллетендер ж.б. даярдалууга тийиш.
44. Шаардык эддик курултай мамлекеттик же расмий тилде протокол жүргүзүү менен өткөрүлөт.
45. Шаардык элдик курултайдын күн тартиби, аны өткөрүүнүн убактысы жана орду шаардык жамааттын мүчөлөрүнө жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен шаардык элдик курултай башталганга чейин кеминде 10 күн калганда билдирилет.
46. Шаардык элдик курултай 2 жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Шаардык элдик кезексиз курултай зарылчылык пайда болгон учурда шаардык Кеңеш тарабынан же шаардык Кеңештин чечими менен колдоого алынган шаардын мэринин демилгеси боюнча, ошондой эле шаардык элдик курултайдын делегатгарынын кеминде үчтөн биринин кат жүзүндөгү талабы боюнча чакырылышы мүмкүн.
Шаардык элдик кезексиз курултайды чакыруула аны жарыялоо жана ага даярдануу мөөнөтү 3 күнго чейин кыскартылышы мүмкүн.
47. Шаардык элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү шаардык Кеңештин резервдик фондусунун каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
48. Шаардык элдик курултайдын чечими шаардык Кеңештин жана шаардын мэринин чечимдери менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
49. Шаардык элдик курултайдын чечимдери, протоколдору жана башка документтери шаардык Кеңеште 5 жыл бою сакталат, белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин алар архивге тапшырылат.
50. Шаардык элдик курултай шаардык жамааттын бардык турмуштук маанилүү маселелерин кароого (угууга) жана чечим кабыл алууга, анын ичинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- шаардык жамааттын Уставынын долбоорун, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- шаардын аймагында өзүн-өзү финансылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнго салууну жана өзүн-өзү башкарууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин;
- жергиликтүү бюджетти, анын ичинде шаардык жамааттын бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;
- шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана анын калкын социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун
- шаардын мэринин отчетторун;
- коомдук тартипти сактоо, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо, майрамдарды, диний ырым-жырымдарды жана ар кандай элдик иш-чараларды жана башка шаардык жамааттын жашоо турмушунун абалына таасир тийгизиши мүмкүн болгон иш-чараларды уюштуруу боюнча негизги эрежелерди жана чараларды
- өзгөчө кырдаалдарда жана шаардык жамааттардын күчүн жана каражатын коомдун таламында мобилизациялоону талап кылган башка шарттарда шаардык жамааттын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шаардын Уставына карама-каршы келбеген шаардык жамааттын жашоо-турмушуна тиешелүү башка маселелерди.
51. Айрым турак-жай конуштарынын, кварталдардын, кичи райондордун жана шаардын башка аймактарынын жашоо турмушунун маселелери шаардык жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында жана жыйындарында Кыргыз Республикасьпшш мыйзамдарына ылайык чечилиши мүмкүн.
52. Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигин мэр жана мэрия аткарат.
53. Мэрия-шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөочү органы. Шаардын мэриясынын курамына түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр кирет.
54. Шаардын мэриясы коллегиалуу органдан - шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы - шаардын мэри башчылык кылган аткаруу комитетинен жана мэриянын аппаратынан турат.
55. Аткаруу комитети шаардык өз алдынча башкаруунун коллегиалуу атткаруучу— тескөөчү органы болуп саналат.
56. Аткаруу комитети өз функцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Президент менен Өкмөттүн актыларын, шаардын Уставын, ошондо эле шаардык Keңеш жана шаардык элдик курултай өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алган алардын чечимдеринин негизинде жана аларды аткаруу иретинде жүзөгө ашырат.
57. Аткаруу комитетинин курамы шаардын мэри тарабынан 7-9 кишиден түзүлөт жана шаардык Кеңештин жыйналышында бекитилет. Аткаруу комитетинин курамында анын жыйналышында төрагалык кылуучу мэрден тышкары шаардык Кеңештин төрагасы, мэрдин биринчи орун басары, шаардын башкаруу органдарынын жана кызматтарынын жетекчилери кире алат.
58. Аткаруу комитети шаардын мэри тарабынан, ал эми ал жүйөөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын орун басары тарабынан чакырылат жана зарылчылыгына жараша, айына кеминде 1 жолу жыйналыш өткөрөт. Аткаруу комитети шаардык Кеңештин жана мэрдин жеке компетенциясына киргенден тышкары шаардык жана мамлекеттик маанидеги бардык маселелерди кароого укуктуу.
59. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды, мамлекеттик программаларды жана тапшырмаларды аткаруунун чегинде аткаруу комитети областык мамлекеттик администрациянын башчысына - губернаторго отчет берет.
60. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шаардын Уставына ылайык кабыл алынган аткаруу комитетинин чечими шаардын бүткүл аймагында аткарылуусу милдеттүү.
61. Аткаруу комитетине таандык негизги маселелер болуп төмөнкүлөр саналат:
- шаарды социалдык-экономикалык жактан енүктүрүүнүн жана акын калкын социалдык жактан коргоонун программаларын долбоорлорун, шаардык бюджетти иштеп чыгуу.
- шаардын муниципалдык менчигин башкаруу, шаардын муниципалдык менчигинде турган шаардык жамааттын жашоо турмушун камсыз кылуу объектерин күтүү жана оңдоо;
- зарыл болгон учурларда муниципалдык менчик объектерин жана шаар үчүн турмуштук мааниси бар башка объектерди ремонттоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн шаардык жамааттын мүчөлөрүн ашар ыкмасына тартуу;
- шаардын санитардык абалына контролдук кылуу, шаардын аймагын санитардык жактан тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- шаардын турак-жай фондусун түзүү жана өнүктүрүү;
- шаардын аймагында жаратылышты коргоо иш-чараларын өткөрүү
- шаар куруунун башкы планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, курулуш нормаларынын сакталышына контролдук кылуу;
- шаардык транспорту жана транспорт коммуникацияларын өнүктүрүү
- инвестицияларды тартуу жана аларды максатка ылайык пайдалануу;
- саламаттыкты сактоонун, мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана мамлекеттик билим берүү стандартарына ылайык өнүктүрүү, шаардын калкына социалдык жактан даректүү жардам керсөтүү
- дене тарбияны, спорт жана туризмди өнүктүрүү, шаардын калкынын эс алуусун уюштуруу, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү, чындоо жана сарамжалдуу пайдалануу;
- жаны жумуш орундарын түзүү боюнча иш жүргүзүү
- шаар жерин сарамжалдуу пайдалануу;
- жоюлуп жаткан ишканаларды менчиктештирүүгө жана тийиштүү органдар менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, коммуналдык-тиричилик жана чарбалык багыттагы объектерди, атайын техниканы жана шаардык жамааттын жашоо турмушун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка мүлктү баланска кабыл алууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык Кеңешке сунуш киргизүү;
- материалдык. акчалай жана башка түрдөгү гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүнү уюштуруу
- менчигинин түрүнө карабастан шаардын аймагында жайгашкан уюмдардын, мекемелердин. ишканалардын, башка чарба жургүзүүчү субъектердин курчап турган чөйрөнү коргоо, шаардын чегиндеги (чек арасындагы) жерди жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу эрежелерин жөнгө салган Кырыгыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын жана шаардын Уствынын талаптарын сактоо боюнча ишине контролдук кылуу
68. Шаардык жамааттын жашоо - тиричилигин камсыз кылуу үчүн шаардын аймагында иш-аракеттери шаардын мэри тарабынан координациялануучу шаардык кызматтар иштейт.
69. Шаардын башкаруу органдарынын структурасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген типтүү структуранын жана кызмат орундарынын нормативдеринин негизинде шаардын мэринин сунушу боюнча шаардык Кеңеш тарабынан бекитилет.
70. Кичи райондордун, кварталдардын, көчөлөрдүн жана башка турак-жай конуштарынын тургундары аксакалдар сотун, ардагерлер кеңешин, жаштар бирдиктерин, аялдар кеңешин, аймактын коомдук уюмдарын түзө алышат.
71. Аймактын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаардык жамааттын коомдук уюмдарынын иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат
72. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракет жүргүзүү аймагынын чектери шаардыктардын сунуштарынын негизинде шаардык Кеңеш тарабынан белгиленет.
73. Шаардык Кеңеш аймактын коомдук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү типтүү жоболорду (уставдарды) иштеп чыгууга укуктуу жана ал жоболор (уставдар) тийиштүү турак-жай конуштарынын тургундары тарабынан талкууланып, алардын жалпы чогулушунда кабыл алынат.
74. Аймактын коомдук өз алдынча башкаруу органдары өз иш-аракеттерин өз алдынча башкаруу принциптеринин негизинде уюштурат. Бул органдардын өкүлдөрү тийииштүү аймактын тургундарынын жалпы чогулушунда ачык добуш берүү аркылуу добуштардын жонокой көпчүлүгү менен шайланат жана чогулуштун өткөрүлүшү жөнүндө күн мурунтан коомдук жайларда ачык илинүүчү кулактандырууларда жарыя кылынат. Бул аймактын ар бир тургуну мындай чогулуштарга катышууга жана анда өз пикирин ачык айтууга укуктуу.
75. Аймактын коомдук өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийлик жана шаардык ез алдынча башкаруу органдары менен болгон өз ара мамилелеринде тийиштүү аймактын тургундарынан өкүлчүлүк кылышат, социалдык чөйрө объекттерин кабыл алууга, аймакты көрктөндүрүү, оңдоо, санитардык тазалоо иштерине катышат, ушул аймак үчүн кызыкчылык туудурган маселерди талкулоодо шаардык Кеңештин ишине катышууга укуктуу, аймактын тургундарынын жалпы чогулушунун чечимдерин аткаруу үчүн өз иш-аракеттерин аймактын жобосуна (Уставына), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, шаардын Уставына, шаардык Кеңештин чечимдерине ылайык жүргүзөт.
76. Шаардык Кеңеш жана мэрия шаар калкынын тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу, коомдук мааниси бар башка маселелерди чечүү максатында аймактын жамааттык өз алдынча башкаруу органдарынын өз менчигин түзүп алуусу, алардын өз алдынча экономикалык жана финансалык иш-аракеттер жүргүзүүсү үчүн зарыл шарттарды түзөт.
77. Шаардык Кеңеш жана мэрия келишимдик негизде аймактын коомдук өз алдынча башкаруу органдарына шаардын социалдык-маданий жана экономикалык өнүгүшүнө багытталган иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктарын беришии мүмкүн.
78. Шаардык Кеңеш жана мэрия аймактын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин жана сунуштарынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтөт, белгиленген мөөнөт ичинде бул сунуштарга негиздүү жооп беришет.
79. Шаардын өз алдынча башкаруусунун экономикалык негиздерине калктын керектөөлөрүн канаттандыруу үчүн кызмат кылуучу муниципалдык менчик түзөт.
80. Шаардын өз алдынча башкаруу органдары тышкы экономикалык иш-аракеттерди өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу.
81. Шаардын өз алдынча башкаруусунун финансалык негиздерин мыйзамдын негизинде шаардын жамаатына бекитилип берилген шаардын бюджетине келип түшүүчү, ошондой эле төмөнкү киреше булактары түзөт:
- кредиттик ресурстар, дотациялар, субвенциялар;
- республикалык бюджеттен субсидиялар;
- чет мамлекеттердин, жеке банктардын жана фирмалардын инвестициялары
- ишканалардын, уюмдардын, жарандардын ыктыярдуу жеке жана кайрымдуулук салымдары
- коммуналдык менчикти, баалуу кагаздарды жана жергиликтүү заемдорду пайдалануудан түшкөн кирешелер;
- шаардын муктаждыктары үчүн шаардык өз алдынча башкаруу уюштурган жана түзгөн ишканалардын жана уюмдардын, банктардын, инвестициялык фонддордун иш-аракеттеринен алынуучу кирешелерден жана жүргүзгөн иш-чаралардан түшкөн башка кошумча кирешелер.
82. Шаардын шаардык Кеңеш тарабынан бекитилүүчү өзүнүн бюджети болот.
83. Шаардык бюджеттин долбоору мэрия тарабынан даярдалып, шаардык Кеңештин бекитүүсүнө коюлат. Шаардык Кеңештин сессиясына коюлардан мурда шаардык бюджет шаардык Кеңештин финансы маселелерин тейлеген туруктуу комиссиясы тарабынан иликтенет. Шаардык бюджеттин долбоорун талдоодо туруктуу комиссия долбоор боюнча кеңешүү жана сунуштарды берүү үчүн шаардын тийиштүү финансы органдарынын, ошондой эле каржылоосу шаардын бюджети аркылуу жүргүзүлүүчү шаардык кызматтардын өкүлдөрүн чакырууга укуктуу.
84. Кеңештин туруктуу комиссиясы шаардык бюджеттин долбоору боюнча өзүнүн сунуштарын даярдайт жана аларды шаардык Кеңештин сессиясына киргизет.
85. Бюджетти даярдоо, макулдашуу жана бекитүү прогессинде шаардык Кеңеш шаардын мэри менен бирдикте бюджеттик саясат маселелери жана бюджетти чыгымдоо багыттары бюонча калктын пикирин аныктоо максатында ачык бюджеттик угууларды өткөрөт. Бюджеттик угууларга шаардык жамааттын кайсы гана мүчөсү болбосун катышууга укуктуу. Бюджеттик угууларды өткөрүү жөнүндө кулактандыруулар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана коомдук жайларда илинет. Бюджеттик угуулар шаардын бийликтери үчүн сунуш иретинде болот.
86. Шаардык бюджеттин долбоору шаардык Кенештин сессиясында талкууланат жана кабыл алынат же кабыл алынбастаи жеткире иштеп чыгуу үчүн мэрияга жиберилет.
87. Шаардык Кеңеш 6 айда бир жолу шаардын мэринин жана шаардын тийиштүү органдарынын екүлдөрүнүн шаардык бюджеттин аткарылышы жөнундөгү маалыматтарын угат, колдо болгон каражаттардын чектеринде аларга түзөтүү киргизет. Финансы жылынын аякташы менен шаардын мэри шаардык бюджеттин аткарылышы боюнча шаардык Кеңешке отчет берет.
88. Мыйзамдарга ылайык шаардык Кеңеш жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды белгилөөгө жана алып салууга укуктуу.
89. Мыйзамдарга ылайык «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары, жогору турган органдардын шаардын бюджетин иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу процессине кийлигишүүгө укугу жок.
90. Шаардык жамаат калкка кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчиктеги жерден, имараттардан, курулмалардан, инженердик инфраструктура объектерден шаардык бюджеттин каражаттарынан, жабдуулардан жана материалдардан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктердөн турган муниципалдык менчикке укуктуу муниципалдык менчикти түзүүдө, ээлик кылууда, пайдаланууда жана тескөөдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
91. Муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык Кеңеш тарабынан белгиленет.
92. Муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө шаардык жамааттын мүчөлөрүнүн таламдарын коргоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
93. Шаардык Кеңешке шайлоолор Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндөгү Кодекске ылайык жүргүзүлөт.
94. Шаардык жамааттын жашы 18ге жеткен мүчөлөрү шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга укуктуу.
95. Шаардык Кеңештин депутаты болуп Кыргыз Республикасынын жашы 20га жеткен жана талапкерлигин көрсөтүүгө чейин кеминде эки жыл шаардын аймагында жашаган жараны шайлана алат.
96. Шаардын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
97. Шаардын мэрии шайлоо шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан жашырын добуш берүү жолу менен ишке ашырылат.
98. Шаардын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.
99. Шаардын мэринин кызматына шайлоо үчүн талапкерлер Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат жана анын өкүлү шаардык Кеңешке сунуш кылышы мүмкүн.
100. Шаардын мэри төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
101. Шаардын мэрин шайлоо, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышкан учурда, болду деп эсептелет.
102. Шаардын мэринин кызмат орунуна талапкер, эгерде ага шаардык Кеңештин шайлоого катышкан депуттарынын жарымынан көбү добушун берсе, шайланды деп эсептелет.
103. Шаардын мэринин кызмат орунуна сунуш кылынган талапкерлер эки жолу четке кагылган учурда Кыргыз Республикасынын Президенти шаардын жаңы мэрии шайлоо өткөрүлгөнгө чейин 4 айга чейинки мөөнөткө мэрдин милдеттерин убактылуу аткаруучуну дайындайт.
104. Шаардын мэрии шайлоонун натыйжалары шаардык басма сөзгө жарыяланат.
105. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекет менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосунда милдеттерди болүштүрүүнүн конституциялык принциптеринин негизинде түзүлөт.
106. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык өз алдынча башкаруу органдарына аларды турмушка ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансалык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен мамлекеттин ыйгарым укуктары жүктөлүшү мүмкүн. Өткөрүп берилген ыйгарым укуктар боюнча шаардык өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет берет.
107. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийлик органдарынын укуксуз аракеттерине карата сотко даттана алышат.
108. Шаардын өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыра алат.
109. Шаардык жамааттын муниципалдык менчигин пайдаланууга, жайларды кыска мөөнөттүү ижарага берүүдөн тышкары, тышкы экономикалык келишимдер шаардык Кеңеште бекитилүүгө тийиш.
110.Шаардын өнүгүшүнө кыйла салым кошкой шаардык жамааттын мүчлөрүнө ошондой эле башка кишилерге ардак наамдар жана сыйлыктар берилиши мүмкүн
111. Шаардын жогорку ардаактуу наамы «Шаардын Ардактуу Атуулу» деген наам эсептелет жана ал шаардын өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкон кишиге шаардык Кеңештин чечими менен берилет. «Шаардын Ардактуу Атуулу» деген наамы бар кишилер үчүн шаардык Кеңеш атайын женилдиктерди белгилеши мүмкүн, ошондой эле колдо болгон үчүн стипендия же башкача түрдөгү материалдык сыйлык белгилеши мүмкүн.
112. Сыйлык иретинде төмөнкүдөй чаралар же акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- алкыш жарыялоо;
- баалуу сыйлыктар, башка материалдык же акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- грамоталар менен сыйлоо;
- «Мыкты үй-бүлө», «Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү кочо», «Үлгүлүү квартал» деген ардактуу наамдарды берүү»
- шаардын Ардак китебине же Шаардын эскерүү китебине жазуу, ошондой эле сүрөтүн шаардын борбордук бөлүгүнө орнотулуучу Шаардын ардак тактасына илүү.
113. Шаардык Кеңеш шаардын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкой кишилерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга өтүнүч киргизе алат.
114.Моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары төмөнкүдөй тартипте колдонулат.
- шаардык жамааттын мучөлөрүн жана башка кишилерди сыйлыкка көрсөтүү демилгеси кварталдын, көчөнүн, кичи райондун жашоочуларынын жыйындарына, аксакалдар сотторуна, башка коомдук уюмдарга, шаардык Кеңештин депутаттарына, шаардын мэрине таандык;
- алкыш жарыялоо, баалуу сыйлыктар, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар, грамоталар менен сыйлоо, ардактуу наамдарды берүү, Ардак китебине же Шаардын эскерүү китебине жазуу жөнүндөгү чечимдер, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү жөнундөгү чечимдер шаардык Кеңеш тарабынан шаардын мэринин сунушу боюнча кабыл алынат.
115.Ушул Уставдын талаптарын бузган жеке жана юридикалык жактарга, шаардык өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына карата моралдык, материалдык жана администрациялык таасир этүү чаралары көрүлөт.
116.Таасир этүү чаралары шаардык Кеңеш, шаардын мэри тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык колдонулат.
117. Шаардын Уставынын долбоорун мэрия тарабынан шаардык Кеңештин депутаттары менен бирге иштелип чыгат, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат, аймактын коомдук өз алдынча башкаруу органдарына жана шаардык жамааттын коомдук уюмдарына кенири талкуулоо үчүн берилет.
118. Шаардын Уставы шаардык курултайда талкууланат жана кабыл алынат, шаардык Кеңеш тарабынан бекитилет.
119. Шаардын Уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттодон өтөт.
120. Шаардын Уставы шаардын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
121. Уставга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү шаардык Кеңеш тарабынан өзүнүн демилгеси менен же калктын демилгеси менен, ошондой зле шаардын мэринин сунушу боюнча шаардык жамааттын мүчөлөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен ишке ашырылат. Шаардык Кеңештин чечими менен Уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча сунуш шаардык курултайда талкууланат.
122. Шаардын Уставынын сакталышы шаардык Кеңеш жана шаардын мэри аркылуу кезөмөлгө алынат.