Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 5-апрели № 7
Ташбулак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин, анын ичинде э/сер участкаларын сатуунун, ижарага берүү, аткарымдуу башкарууга берүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ташбулак айылдык Кенешинин сессиясында айыл окмотунун жер адиси М. Ташланов жана мыйзамдуулук боюнча турктуу комиссиянын торогасы М.Исаковнын билдируусун угуп жана эрежелердин долборун талкуулап Ташбулак айыл Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ташбулак айыл Окмотунун муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мулк объекттерин, анын ичинде жер участкаларын сатуунун эрежеси бекитилсин (тиркеме №1)
2. Ташбулак айыл Окмотунун муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мулк объекттерин ижарага беруунун эрежеси бекитилсин (тиркеме №2).
3. Аткарымдуу башкаруу укугунда муниципалдык мулкту беруунун Жана пайдалануунун эрежеси бекитилсин (тиркеме №3).
4. Жалалабат областтык Адилет башкармалыгынан токтомду мамлекеттик катоо жагы суралсын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.У. Гиязов |
| Айылдык кеңештин токтомуна № 1 тиркеме 2008-жылдын 5-апрели № 7 |
Айыл өкмөтүнүи муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин сатуунун ушул Эрежеси (мындан ары - Эреже) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн ниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин жеке менчикке сатуунун тартибин карайт.
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мулк объекттерин менчикке сатуу аукцион түрүндө ачык соода-сатык өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт (мындан ары - аукцион), анда ар кандай жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алат.
Аукциондогу негизги нерсе кыймылсыз мүлк объектисине соода-сатык келишимин түзүүгө укук болуп эсептелет, ага ошол кыймылсыз мүлк объектисин тейлөөчү жер участогу да кирет (курулуш салынган жер участогу) же айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бош жер участогу кирет. Курулушу барбы же жокпу, ага карабастан жер участогу таризделиши тийиш. Төмөнкү жер участогу таризделди деп эсептелет, эгерде ал:
- үчүнчү жактын укуктарынан эркин болсо (сервитут аркылуу бекитилген укуктарды кошпогон);
- белгиленген чектери болсо;
Муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объекттеринин тизмеси ал сатылышы ктымал болсо, комиссия тарабынан түзүлөт, айылдык кенеш тарабынан бекитилет.
Аукционду даярдап өткөрүүнү айылдык кеңештин чечими менен түзүлгөн Комиссия (мындан ары - Комиссия) ишке ашырат.
Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын жергиликтүү структуралык бөлүктөрүнүн жетекчиси, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын айыл өкмөтүнүн сунушу менен кеңеш бекитет.
Комиссиянын чечимдери комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин катышуусунда көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Комиссиянын протоколу комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет.
Комиссия төмөнкү иш милдеттердк жүргүзөт:
- жер участогуна менчик же ижара укугун берүү боюнча соода-сатык жүргүзүүгө чечим кабыл алат;
- анын соода-сатыгын жүргүзүү ыкмасын аныктайт (аукцион, сынак);
- лоттун баштапкы наркынын өлчөмүн белгилейт;
- соода-сатыкты уюштуруучу катары чыгат;
-ушул Эрежеде белгилепген тартипте соода-сатыктын натыйжасын бекитет;
- ушул Эрежеде жана кеңештин башка чечимдеринде каралган компетенцияныи алкагында жер часткасына укук берүүгө байланышкан дагы башка маселелерди чечет.
Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
• аукциондун баштапкы баасын аныктайт (адепки сатык баа);
• баштапкы баанын 0, 10 дон ашык болбогон шерт пулдун өлчөмүн аныктайт;
• аукционду өткөрүү дайындалган күнго чейин 3 (үч) күндөн кечиктирбестен ар кандай объектный себептерин түшүндүруп олтурбастан эле аукциондон алып коет же аны өткөрүүнү кийинкиге жылдырат же аукциондон баш тартат. Аукционду өткөрүүдөн баш тарткан учурда жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттү эгер бузса аукционду уюштуруучу аукциондун катышуучуларына алардын тарткан зыянынын ордун төлөп берүүгө милдеткер.
• соода-сатык кадамынын өлчөмүн аныктайт,
• ушул Эрежеде каралган учурларда басаңдаган кадамдын өлчөмүн аныктайт;
• аукционду жүргүзө турган аукциончуну аныктайт.
Комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
• массалык маалымат каражаттарында аукционду өткөрүү жөнүндө билдирүү жарыялайт жана аны аукционду өткөрүү күнүнө 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен коомдук жайларга илет;
• табыштама катгоо журналында аукционого катышууга табыштамаларды кабыл алууну жана каттоону жүргүзөт;
• ушул Эрежеге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукцион жүргүзөт;
• аукционго катышууну каалаган адамдарга сатыла турган кыймылсыз мүлк объектисин көрүү жана сатуу-сатып алуу келишиминин долбоору менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат;
• аукциондун натыйжасы жөнүндө Протоколго кол койгон күндөн кийин 10 (он) күндүн ичинде же аукционду өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн башка мөөнөттө аукционду, утуп чыккан адам менен сатуу-сатып алуу келишимин түзөт.
Аукционго катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
• аукционго өзү келет же өкүлү аркылуу катышат;
• ушул Эреже менен таанышат;
• белгиленген тартипте аукционго коюлгам нерсе болуп саналган кыймылсыз мүлк объектисин карап чыгат жана сатуу-сатып алуу келишиминин долбоору менен таанышат;
• ал боюнча керектүү маалымат жана кеңеш алат, ошондой эле зарыл болгон учурда өзүнүн эсебинен тийиштүү адистерди тарта алат;
• аукцион башталганга чейин 3 (үч) күндөн кечиктирбестен аукционго катышуудан баш тартуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү жолу менен жана өзү берген табыштаманы кайтарып алуу менен аукционго катышуудан баш тартат;
• ушул Эрежеде каралган башка аракеттерди жасайт.
Аукционго катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар аукционду өткөрүү жөнүндө маалымдоодо көрсөтүлгөн мөөнөтгөн кечиктирбестен шерт пул берүүгө милдеттүү, ал эми аукциондо утуп чыккан учурда аукциондун натыйжасы жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде же аукционду өткөрүү жөнүндө маалымдоодо көрсөтүлгөн башка мөөнөттө келишим түзөт.
Аукционду утуп чыккан адамды кошпогондо, аукциондун катышуучулары жөнүндө маалымат жарыялоого жатпайт.
Баштапкы (адепки сатык баа) баа төмөнкүлөрдүн сунушу боюнча комиссия тарабынан бекитилет:
1) атайын чакырылган көз карандысыз баалоочу;
2) Айыл Өкмөтү, эгерде көз карандысыз баалоочуну чакырууга мүмкүндүк болбосо, анда
10 күндүн ичиндс төлөнгөн шертпул, эгерде аукцион болбой калса же аукциондо катышкан адам утушка ээ болбой калган учурда кайтарып берүүгө жатат.
Аукцион Комиссиянын төрагасын же анын орун басарын кошкондо кеминде Комиссия мүчөлөрүнүн 5 (беш) мүчөсүнүн катышуусунда өткөрүлөт.
Табыштамалар катталган бардык катышуучулар Комиссиядан келгендиги жөнүндө каттоодон өтүүлөрү тийиш.
Аукционго катышуучулардын келгендигин каттоо ар бир лот (объект) боюнча озүнчө жүргүзүлөт.
Аукционго катышуучу адамдардын келгендигин каттоо үчүн Комиссия га же Комиссия дайындаган кызмат адамыма төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
1) ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык Комиссия тарабынан берилген табыштаманын кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлама (тил кат);
2) анын ким эксндигин тастыктаган документ, ал эми өкүлүнө карата аукционго катышууга укуктуулугун ырастаган документ жана кол коюлган протокол (ишеним кат);
3) шертпул төлөнгөндүгүнүн далили (кассалык киреше ордсри же банк ырастаган төлөм тапшырмасы).
Каттоодон өткөн катышуучуга номурлуу атайын табличка берилет.
Аукционго катышуучулардын келгендигин каттоо аукцион башталганга чейин 15 минута алганда аяктайт.
Аукционго катышуучулардын келгендигин каттоо жөнүндө маалымат ар бир лот боюнча өзүнчө Комиссияга көрсөтүлөт.
Эгерде кайсыл бир лот (объект) боюнча аукционго эки же андан көп катышуучулар катталбай калган учурда Комиссия ошол лот боюнча аукционду өткөрүлгөн жок деп табат. Мындай болгон учурда Комиссия аукциондун өткөрүүчү күнүн башка күнгө которуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн, мында ушул Эреженин 1-пунктунда белгиленген тартипте ал тууралуу кабарлайт. Мында 30 (отуз) күндүк мезгил жөнүндө норма колдонулбайт. Аукцион күнүн которуу аукционду өткөрүү күнү жөнүндө чечим кабыл алынгандан 10 күндөн ашып Кетүүгө тийиш эмес. Эгерде аукционго эки же андан көп катышуучу келес. анда Комиссия аукционду баштоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Аукцион ар бир лот (объект) боюнча өзүнчө өткөрүлөт. Аукционду өткөрүүчү жайга (залга) ошол объектиге катталган катышуучуларга гана жол берилет. Башка адамдар көрүүчү катары гана кириши мүмкүн.
Аукцион көрүүчүлөр үчүн ачык болот, бирок комиссия аукционго көрүүчү катары киргендиги үчүн кирүү акысын белгилеши мүмкүн:
Аукционду келишимдик негизде комиссия чакырган соода-сатыкты өткөрүү боюнча адис алып барат, эгерде мындай адис чакырылбаса, анда комиссия мүчөлөрүнүн бирөө алып барат (мындан ары - Аукциончу).
Каттоонун натыйжалары жарыяланган соц келген аукционго катышуучуларды Аукциончу биринчи лотту жарыялайт жана анын баштапкы баасы менен көбөймө кадамынын елчөмүн жар салат.
Ушундан соц көбөйүүчү аукцион кадамынын өлчөмүнө көбөйгөн баштапкы баага барабар биринчи бааны жарыялайт жана аны бардык катышуучулар ойлонуп, түшүнүүгө убактысы болуш үчүн үч жолу кайталайт. Ошол бааны төлөөгө макул болгон аукцион катышуучулары номур ыйгарылган өз табличкасын көтөрөт. Эгерде эки же андан көп катышуучу табличкаларын көтөрсө, аукциончу андан кийинки бааны жарыялайт (аукциондун кадамына көбөйгөн мурдагы баа) жана аны үч жолу кайталайт. Бааны көтөрүү процесси кезектеги жогорулатуудан кийин ошол баага макул болгон катышуучунун бирөө гана калганга чейин улантыла берет. Мына ошол катышуучу аукцуиондун жеңүүчүсү болуп калат, ал макул болгон баа сатыктын баасы болуп эсептелет.
Аукциончунун сунушу боюнча Комиссия төмөнкүдөй учурларда кадамдын баштапкы өлчөмүнөн он пайызга аукцион кадамын төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:
1) эгерде баштапкы көбөйүү баасын Аукциончу үч жолу кайталап жарыялагандан кийин аштапкы (баштапкы баа аукцион кадамы) аукционго катышуучулардын бирөө да табличканы көтөрбөсө, аукциончу лотко кадамдын өлчөмүн төмөндөтүү сунушу менен Комиссияга кайрылууга милдеткер. Аукцион кадамын Комиссия төмөндөткөндөн кийин Аукциончу аукциондун жаңы төмөндөтүлгөн кадамынын өлчөмүнө көбөйгөн баштапкы бааны кошуп алган лот баасын кайрадан бааны ушул сыяктуу объекгтерди сатуу боюнча мурдатан өткөрүлүп келген аукциондор боюнча аныктоого болот.
Комиссия же айыл өкмөтү муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объекттерин сатуу боюнча аукциондордум натыйжасы жөнүндө маалыматтын туруктуу базасын алып барат.
Маалымат базасына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет жана сакталат:
- сатыла турган кыймылсыз мүлк объектисинин кыскача баяндоосу (аталышы, жайгашкан жери, тиби, аянты);
- аукционду өткөрүү күнү жана орду;
1. баштапкы баа;
2. объект аукциондо сатылган баа же объект сатылган жок деген белги
- адепки бааны аныктоо үчүн кыймылсыз мүлк объектисин баалоого катышкан көз карандысыз баалоочунун ысмы (эгерде андай баалоочу чакырылса).
Комиссия жеке менчикке сатылганда сатылган баалардын АИ маалыматтар базасында топтолгон маалыматтарды талдоону жана салыштырууну жүргүзөт жана кийинки кыймылсыз мүлк объекттери үчүн сатык баалардын аукциондук чендери тууралуу маалыматтардын топтолушуна жараша баштапкы бааны ондоп турат.
Баштапкы (адепки сатык баа) жана кыймылсыз мүлктүн ар бир объектиси боюнча акыркы бaa үчүн колдонулган материалдар белгиленген тартипте Комиссияда сакталат.
Аукионду өткөрүү жөнүндө кабар Комиссия тарабынан массалык маалымат каражаттарында жарыяланат жана аукционду өткөрүү күнүнө 30 (отуз) күн калгандан кечиктирилбестен коомдук жайларга илинет.
Аукционду өткөрүү жөнүндө кабарда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы тийиш:
- аукционду өткөрүү күнү, убактысы, орду, коюлган заттар жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоо;
- табыштаманы кабыл алуунун убактысы, орду жана мөөнөтү;
- сатыла турган кыймылсыз мүлк объектисинин аталышы (жайгашкан орду, аталышы, тиби, аянты);
- баштапкы баа;
- кыймылсыз мүлк объектисин алдын ала карап чыгуунун катышуучу тарабынан сатуу-сатып алуу келишиминин таанышуунун мөөнөтү, орду жана тартиби;
- шертпул суммасы, ошондой эле акча которулууга тийиш болгон эсеп-чоту, же болбосо шертпул алуунун дагы башка ыкмасы (мисалы, айыл өкмөтүнүн кассасы);
- сатуу-сатып алуу келишимине кол коюу мөөнөтү жана күчүнө кириши;
- байланыш телефонунун номуру, байланышуучу адамдын аты-жөнү, кызматы.
Жарыяланган маалыматтын чындыгы жана кабардын мазмунунун ушул Эрежеге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши үчүн жоопкерчиликти Комиссия тартат.
Аукционго катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар аукционго катышууга табыштама берүүго милдеттүү. Табыштама берилгенден кийин шертпулдун белгиленген суммасын төлөө менен каттоодон өтүүгө адам өзү келди деп эсептелет.
Табыштама катар номур ыйгарылып, каттоодон өткөрүүгө жатат, ал жөнүндө табыштама берүүчү кабарланат. Катар номур табыштаманын берилген кезегинин принциби боюнча ыйгарылат: 1-табыштамага 1-номур, 2-табыштамага 2-номур жана ушул сыяктуу тартипте ыйгарылат. Ушул номурларда каттоодон өткөн катышуучулар ушул номурду тагынып, аукционго чыгышат.
Аукционго катышууга табыштаманы кабыл алуу жөнүндө кабарлама табыштама берүү жөнүндө Комиссия (Айыл Өкмөтүнүн) жооптуу кызматкеринин тил каты түрүндө берилет.
Шертпул аукцион башталганга чейин же соода-сатык башталганга чейин аукционго катышкандарды каттоо маалы жүргүзүлгөн аукцион боло турган күнү да кабыл алына берет. Жеке же юридикалык жак кыймылсыз мүлктүн бир нече объектиси боюнча аукционго катышууга каалай турганын билдирсе, ошол кыймылсыз мүлктүк объектиси боюнча шертпул төлөөгө милдеттүү. Талап кылынган сумманы айыл өкмөтүнүн эсеп-чотуна которуу жолу менен киргизилген шертпул тийиштүү банк документтери менен ырасталат. Түздөн-түз айыл өкмөтүнүн кассасына төлөнгөн шертпул айыл өкмөтүнүн кириш ордери менен тастыкталат. жарыялайт. Эгерде жаңы бааны үч жолу жарыялагандан кийин аукционго катышуучулардын бири дагы табличканы көчөрбөсө аукцион жараксыз деп жарыяланат.
2) эгерде мурдагы кадамда сунуш кылынган баага макулдугун берген эки катышуучу болсо, ал эми аукциондун кийинки көбөйүү баасына алардын бири дагы табличканы көтөрбөсө, аукциончу аукцион кадамын азайтууну комиссияга сунуштоого тийиш жана анын макулдугу менен катышуучулар келип токтогон баадан баштап жаңы кадам (азайтылган) менен аукционду улантат. Эгерде кадамды азайткандан кийин да катышуучулардын бири дагы табличканы көтөрбөсө, анда аукцион жараксыз деп табылат.
Баштапкы баа азайтылууга тийиш эмес, ошол боюнча кала берет. Аукцион кадамын төмөндөтүү жөнүндө чечим протоколго түшүрүлөт, аукцион кадамын төмөндөтүүнүн бир гана жолу болушу мүмкүн.
Аукционду өткөрүүгө байланыштуу Комиссия мүчөлөрүнүн ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар ачык добушка салынып, копчүлүк добуш менен чечилет. Добуштардын саны бирдей болуп калганда төраганын добушу чечүүчү добуш болуп эсептелет.
Аукциондо утуп чыккан катышуучу жана аукционду уюштуруучу аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюшат. Аукциондун натыйжалары жөнүндө протокол эки ңускада түзүлөт, бири Комиссия үчүн, бири соода-сатыктан утуп чыккан катышуучу үчүн берилет.
Аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюуда уткан адам аукционду уюштуруучуга анын ким экендигин тастыктаган документтерди көрсөтүүгө милдеттүү, ал эми өкүлүнө карата протоколго кол коюуга укуктуулугун ырастоочу документти (ишеним кат) көрсөтөт.
Аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколдо аукционду өткөрүү күнү, убактысы жана орду, комиссиянын курамы, аукционду уткан адамдын аты-жөнү (аталышы) лоттун номуру, сатык баанын баштапкы жана акыркы өлчөмү, акы төлөө жибериле турган эсептик чоттун номуру, тараптардын сатуу-сатып алуу келишимине кол коюу боюнча милдеттери көрсөтүлөт.
Аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан аукциондун катышуучусу ал төлөгөн шертпулдан айрылат жана аукциондун женүүчүсү укугунан ажыратылат.
Комиссиянын күнөөсү менен далилсиз маалыматтар берилип калган учурда аукционду уткан адам аукциондогу затты алуудан баш тартууга жана ал төлөгөн шертпулдун суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
Аукционду уткан адам жана айыл өкмөтү аукциондун натыйжалары жөнүпдо протоколдун негизинде аукциондун антыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн 10 (он) күндүн ичинде же аукционду өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн дагы башка мөөнөттө сатуу-сатып алуу келишимин түзүшөт.
Аукционду уткан адам сатуу-сатып алуу келишимине кол коюудан четтеген учурда төлөгөн шертпулдан ажырайт, ал эми аукцион жараксыз деп табылат. Аукционду уюштуруучу сатуу-сатып алуу келишимине кол коюудан четтесе, шертпулду эки эсе өлчөмдө кайтарууга, ошондой эле аукциондун жеңүүчүсүнө шертпулдун суммасынан ашып түшкөн аукционго катышуудан тарткан зыяндын ордун толуктоого милдеттүү.
Аукционду уткан адам менен сатуу-сатып алуу келишимин түзгөндө ал төлөгөн шертпулдун суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттенменин аткаруу эсебине киргизилет.
Аукциондун натыйжалары жөнүндө, аукционду уткан адамдын аты-жөнү (аталышы), баасы жана башка сатуу-сатып алуу келишиминин шартын кошкондо комиссия коомчулукка коомдук жайларда илинген жазма кабарлама аркылуу жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объекттеринин реестрине аукцион откорүлгөндөн кийин 15 күндүн ичинде маалымат киргизүүгө милдеттүү.
Аукционго киргизүү, аукционду өткөрүү тартиби жана натыйжалары менен байланышкан талаш-тартыштар, анын ичинде аларды жараксыз деп табуу сот тартибинде чечилет.
| Айылдык кеңештин токтомуна № 2 тиркеме 2008-жылдын 5-апрели № 7 |
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мулк объекттерин ижарага берүүнүн ушул Эрежеси (мындан ары - Эреже) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин ижарага берүүнүн тартибин карайт.
Айыл өтмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мулк объекттерин жарага берүү сынак түрүндо ачык соода-сатык өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт (мындан ары-сынак), анда ар кандай жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алат.
Кыймылсыз мүлк объектисине соода-сатык келишимин түзүүгө укук сынактын заты болуп эсептелет, ага ошол кыймылсыз мүлк объектисин тейлөөчү жер участкасы да (курулуш салынган жер участогу) же айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бош жер участогу кирет. Курулушу барбы же жокпу, ага карабастан жер участогу таризделиши тийиш. Төмөнкү жер частогу таризделди деп эсептелет, эгерде ал:
- үчүнчү жактын укуктарынан эркин болсо (сервитут аркылуу бекем бекитилген укуктарды кошпогондо);
- белгиленген чектери болсо;
Муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объекттеринин тизмеси ал сынакка коюлушу ыктымал болсо, Комиссия тарабынан түзүлөт, айылдык кеңеш тарабынан бекптилет. Сынакка даярдануунун жана өткөрүүнүн айылдык кеңештин чечими менен түзүлгөн Комиссия (мындан ары - Комиссия) ишке ашырат.
Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын жергиликтүү структуралык бөлүктөрүнүн жетекчиси, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын айыл өкмөтүнүн сунушу менен кеңеш бекитет.
Комиссиянын чечимдери комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экинчиси катышуусунда көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Комиссиянын протоколу комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет.
Комиссия төмөнкү иш милдеттерди жүргүзөт:
- кыймылсыз мүлк объектисине ижара укугун берүү боюнча сынак өткөрүүгө чечим кабыл ат;
- ижара акысынын баштапкы өлчөмүн белгилейт;
- сынакты уюштуруучу катары чыгат жана аны өткөрүү боюнча чараларды көрөт (кабарлоо, чапталып келген конверттерди кабыл алуу ж. б.);
- ушул Эрежеде белгиленген тартипте сынактын натыйжасын бекитет;
- ушул Эрежеде жана кеңештин башка чечимдеринде каралган компетенция алкагында кыймылсыз мүлк объектисине ижара укугун берүү менен байланышкан дагы башка маселелерди чечет.
Сынакты өткөрүү жөнүндө кабар каражаттарында жарыяланат жана сынакты өткөрүү күнүнө 30 (отуз) күз калгандан кечирилбестен коомдук жайларга илинет.
Сынакты өткөрүү жөнүндө кабарда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы тийиш:
- сынакты өткөрүү күнү, убактысы, орду анда коюлган заттар;
- чапталган конверттерде сунушталган баасы коюлган табыштаманы кабыл алуу күнү, убактысы;
- ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк объектисинин аталышы жана баяны (жайгашкан орду, аталышы, тиби, аянты);
- сынакка катышуучулардын кыймылсыз мүлк объектисин алдын ала каран чыгуунун жана ижара келишиминин долбоору менен таанышуунун мөөнөтү, орду жана тартиби;
- катышуучуларды кыймылсыз мүлк объектисине өздөрүнүн ижара шартын сунуштоого чакыруу;
- пайдаланууга уруксат берилген объектинин тизмеси;
- ижара мөөнөтүнүн узактыгы жана базардагы ижара акысынын баштапкы өлчөмү;
3. шертпулдун суммасы, ошондой эле акча которулууга тийиш болгон эсеп-чоту же шертпул алуунун дагы башка ыкмасы (мисалы айыл өкмөтүнүн кассасы);
4. ижара келишимине коп коюу мөөнөтү жана күчүнө кириши;
5. Комиссиянын атынан табыштама кабыл алууну (чапталган конверт менен сунуш берилет) жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын байланыш телефонунун номуру же аты-жөнү;
6. сынактан себебин түшүндүрүп олтурбастан баш тартууга, аны өткөрүүнү кийинкиге жылдырууга же сынактан кандай объектини болбостон сынакты өткөрүү күнгө чейин 3 (үч) күндөн кечиктирбестен алып коюуга комиссиянын укугу жөнүндө.
Жарыяланган маалыматтын чындыгы жана кабардын мазмунунун ушул Эрежеге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши үчүн жоопкерчиликти Комиссия тартат.
Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- баштапкы айлык базар ижара акысынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш болгон шертпулдун өлчөмүн аныктайт;
- себебинр түшүндүрүп олтурбастан сынактан баш тартат, аны кийинкиге жылдырат же сынакты өткөрүү күнүнүн жарыялаганга чейин 3 (үч) күндөн кечиктирбестен сынактан канйсыл объектини болбосун алып салат. Көрсөтүлгөн мөөнөтү бузуу менен сынакты өткөрүүдөн баш тарткан учурда сынакты уюштуруучу сынактын катышуучуларына алар тарткан анык зыяндын ордун төлөп берүүгө милдеткер.
Комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
- массалык маалымат каражаттарында сынакты өткөрүү жөнүндө билдирүү жарыялайт жана аны сынакты өткөрүү күнүнө 30 (отуз) күндөн кечиктирилбестен коомдук жайларга илет;
- табыштаманы каттоо журналында сынакка катышууга табыштаманы кабыл алууну жана каттоону жүргүзөт;
- ушул Эрежеге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сынак жүргүзөт;
- сынакка катышууну каалаган адамдарга ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк объектисин карап чыгуу мүмкүндүгүн камсыз кылат;
- сынактын натыйжасы жөнүндө Протоколго кол койгон күндөн кийин 10 (он) күндүн ичинде же сынакты өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн башка мөөнөттө сынакты утуп чыккан адам менен ижара келишимин түзөт. ;
Сынакка катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
- сынакка өзү келег же окүлү аркылуу катышат:
- ушул Эреже менен таанышат;
- белгиленген тартипте сынакка коюлган кыймылсыз мүлк объектисин карап чыгат;
- ал боюнча керектүү маалымат жана кеңеш алат, ошондой эле зарыл болгон учурда озүнүн эсебинен тийиштүү адистерди тарта алат;
- ушул Эрежедс каралган башка аракетгерди жаеайт
Сынакка катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар сынакты өткөрүү жөнүндө маалымдоодо көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирбестен шертпул төлөөгө милдеттүү, ал эми сынактан утуп чыккан учурда сынактын натыйжасы жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде же сынакты өткөрүү жөнүндө маалымдоодо көрсөтүлгөн башка мөөнөттө келишим түзөт.
Сынакты утуп чыккан адамды кошпогондо сынактын катышуучулары жөнүндө маалымат жарыялоого жатпайт.
Баштапкы айлык ижаралык базар акысы жана башка объектини ижарага берүүнүн дагы бдшка шарттары Комиссия тарабынан бекитилет. Комиссия айыл өкмөтү менен биргеликте айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине ижара акысын берүү боюнча сынактын натыйжалары жөнүндө маалыматтын туруктуу базасын жүргүзөт.
Маалыматтар базасына төмөнкү маалыматтар киргизилет:
- ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк объектисинин кыскача баяндоосу (ижарага берилүүчү аянттын аталышы, жайгашкан жери, тиби);
- сынакты өткөрүү күнү;
- жеңүүчү тарабынан сунушталган баштапкы жана акыркы айлык базардык ижара акысы жана башка шарттар;
- ижара келишиминин мөөнөтү;
- баштапкыи бааны аныктоо үчүн кыймылсыз мулк объектисин баалоого катышкан коз карандысыз баалоочунун ысмы (эгерде андай баалоочу чакырылса).
Комиссия же анын. тапшыруусу боюнча айыл окмотү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган объекттерди ижарага берүүнүн шарттары менен баштапкы жана акыркы ижара акысын талдоону жана салыштырып чыгууну жүргүзөт, ошондой эле кийинки кыймылсыз мүлк объекттери үчүн айлык ижара акысынын сынактык чендери жөнүндө маалыматтардын топтолушуна жараша баштапкы бааны оңдоону жүргүзөт.
Ар бир кыймылсыз мүлк объектиси боюнча баштапкы айлык ижара акысын баалоо үчүн пайдаланылган материалдар белгиленген тартипте Комиссияда сакталат.
Сынакка катышуу каалоосун билдиришкен жеке жана юридикалык жактар объектинин аталышы жана жайгашкан орду көрсөтүлгөн чапталган конвертте сунуш кылган баасын жана башка шарттары жазылган табыштаманы берүүгө жана өздөрүнүн инсандыгын жана ыйгарым укугун күбөлөндүргөн (паспорт, юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, ишеним кат же анын көчүрмөсү, белгиленген мыйзам тартибинде күбөлүк) жана алар төккөн шертпулду тастыктаган документтерди берүүлөрү милдеттүү. Шертпул сынак башталганга чейин жe соода-сатык башталганга чейин катышуучуларды каттоомаалы жүргүзүлгөн сынак боло турган күнү да кабыл алына берет. Жеке же юридикалык жак кыймылсыз мүлктүн бир нече объектиси боюнча сынакка катышууга каалоосун билдирсе, ошол кыймылсыз мүлктүн ар бир объектиси боюнча шертпул төлөөгө милдеттүү. Талап кылынган сумманы айыл өкмөтүнүн эсеп-чотуна которуу жолу менен киргизилген шертпул тийиштүү банк документтери менен ырасталат. Түздөн-түз айыл өкмөтүнүн кассасына төлөнгөн шертпул айыл өкмөтүнүн кириш ордери менен тастыкталат.
10 күндүн ичинде төлөнгөн шертпул, эгерде сынак болбой калса же сынакка катышкан адам аны утуп чыкпаса кайтарып берүүгө жатат.
Комиссия табыштамаларды чапталган конвертте кабыл алат жана табыштамаларды каттоо фналына аларды каттайт.
Табыштамаларды кабыл алуу конверттерди ачуу жүргүзүлө турган Комиссиянын ачык отурумунун башталышыма 15 мүнөт калганда аяктайт.
Табыштамада объектинин аталышы жана жайгашкан орду, айлык ижаралык акынын сунуш кылынган өлчөмү (айлык ижаралык базар акысынын баштапкы өлчөмүнө КНСтин суммасын киргизгенине жарашабы же жокпу КНСтин ошол суммасы кошулгандыгы жөнүндө маалыматты көрсөтөт) жана объектини кандай пайдалануу керектиги көрсөтүлөт.
Сынак Комиссия мүчолорүнүн кеминде 5 (беш) мүчосү катышканда өткөрүлөт. Буга Комиссиянын төрагасы же анын орун басары кошулат.
Табыштамалар салынып чапталган конверттер Комиссиянын ачык отурумунда сынакка катышуучулар отурумга катышкан же катышпагандыгына карабастан коомдук жайда көпчүлүктүн көзүнчө ачылат.
Объектини пайдалануунун мыкты шартын сунут кмлган адам конкурстун жеңүүчүсү деп эсептелет. Ал эми мыкты шарт деп, Комиссии тарабынан бир добуштан кабыл алынган жана сынактын натыйжалары жөнүндө протоколго түшүрүлгон учурларды кошпогондо, ижаралык алда канча арбын акы төлөө эсептелет.
Сынакты өткөрүүгө байланыштуу Комиссия мүчөлөрүнүн ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар ачык добушка коюлуп, көпчүлүк добуш алуу жолу менен чечилет. Добуштардын саны тең болуп калганда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Сынакты утуп чыккан катышуучу жана аукционду уюштуруучу сынактын натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюшат. Сынактын натыйжалары жөнүндө протокол эки пускада түзүлөт, бири Комиссия үчүн, бири соода-сатыктан утуп чыккан катышуучу үчүн берилет.
Сынактын натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюуда уткан адам сынакты уюштуруучуга анын ким экендигин тастыктаган документтерди көрсөтүүгө милдеттүү, ал эми өкүлүнө карата протоколго кол коюуга укуктуулугун ырастоочу документти (ишеним кат) көрсөтөт.
Сынактын натыйжалары жөнүндө протоколдо сынакты өткөрүү күнү, убактысы жана орду, комиссиянын курамы, сынакта уткан адамдын аты-жөнү (аталышы) лоттун номуру, сатык баанын баштапкы жана акыркы өлчөмү, эсеп-чоттун номуру, акы төлөө ошого жиберилст, тараптардын сатып алуу келишимине кол коюу боюнча милдеттери көрсөтүлөт.
Сынактын натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан сынактын катышуучусу ал төлөгөн шертпулдан айрылат жана сынактын жеңүүчүсү укугунан ажыратылат.
Комиссиянын күнөөсү менен далилсиз маалыматтар берилип калган учурда сынакта уткан адам сынактагы затты алуудан баш тартууга жана ал төлөгөн шертпулдун суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу
Тараптар кол койгон сынактын протоколу сынакты утуп чыккан адамга объектини ижарага берүү жөнүндө токтом кабыл алуу үчүн Айыл өкмөтүнө негиз болуп эсептелет. Токтомдо сынакты жеңген адам менен ижара келишимин түзүү, ижаранын узактыгы жана айыл өкмөтүнүн атынай келишимге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам жөнүндө көрсөтүлүшү керек.
Сынакта уткан адам жана айыл өкмөтү сынактын натыйжалары жөнүндө протоколдун негизинде сынактын натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн 10 (он) күндүн ичинде же сынакты өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн дагы башка мөөнөттө сынак Келишимин түзүшөт.
Сынакта уткан адам ижара келишимине кол коюудан четтеген учурда төлөгөн шертпулдан ажырайт, ал эми аукцион жараксыз деп табылат. Сынакты уюштуруучу ижара келишимине кол коюудан четтесе, шертпулду эки эсе өлчөмдө кайтарууга, ошондой эле сынактын жеңүүчүсүнө шертпулдун суммасынан ашып түшкөн сынакка катышуудан тарткан зыяндын ордун толуктоого милдеттүү.
Сынакты уткан адамдын аты-жөнүн (аталышы), Ижара келишими боюнча баасын жана дагы башка шарты менен чектөөлөрүн кошкондо, Сынактын натыйжалары жөнүидө комиссия кооомдук жайларда илинген жазма кабарлама аркылуу коомчулукка билдирүүгө жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объекттеринин реестрине сынак өткөрүлгөндөн кийин 15 күндүн ичинде маалымат киргизүүгө милдеттүү.
Сынакты өткөрүү тартиби жана натыйжалары менен байланышкан талаш-тартыштар, анын ичинде алардын жараксыз деп табылышы сот тартибинде чечилет.
| Айылдык кеңештин токтомуна № 3 тиркеме 2008-жылдын 5-апрели № 7 |
1.1. Муницнпалдык мүлк жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мекемесине тагылган милдетгерди жүзөгө ашыруу үчүн аткарымдуу башкаруу укугунда муницнпалдык мекемелерге бекитилип берилет.
1.2. Мекемеге берилүүчү муницнпалдык мүлктү өткөрүү кабыл алуу-берүү актысынын негизинде жүргүзүлөт (тиркелет).
1.3. Мекемеге аткарымдуу башкарууга берилүүчү муниципалдык мүлк муницнпалдык менчик болуп эсептелет________ жана турак жай эмес имараттан, курулуш жайдан жана кабыл алуу-өткөрүү актысында каралган дагы башка мүлктөн турат.
1.4. Аткарымдуу башкаруу укугунда мекемеге бекитилип берилген муницнпалдык мүлк кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлган учурга карата мекеменин балансында чагылдырылат.
1.5. Ушул Эреже мекеменин ишмердик натыйжасында түзүлгөн же алынган жана мекеменин балансында чагылдырылган мүлккө да таркатылат, ал дагы муниципалдык менчик оъекттеринин Реестринде эсепке алууга жатат.
2.1. Мекеме өз ишмердигинин максатына ылайык мыйзамда белгипенген чекте муниципалдык мүлктү аткарымдуу башкаруу укугунда ага бекемделген менчик ээсинин тапшырмасына жана мүлктүн багытталышына ылайык, ошондой эле ушул эрежеде белгиленген чектөөлөр менен Мекеменин Уставына (Жобосуна) ылайык ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
2.2. Айыл өкмөтү аткарымдуу башкаруу укугунда Мекемеге бекитилген муниципалдык мүлктү багытталышы боюнча пайдаланылбаган же артыкбаш болгон же пайдаланылбай жаткан мүлктү алып коюуга жана ал белгилеген тартипте тескөөгө укуктуу.
2.3. Мекеме ага бекитилип берилген мүлктү жана смета боюнча ага бөлүнгөн каражаттын эсебинен алынган мүлктү жатыркатууга же дагы башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
2.4. Мекеме ага бекитилип берилген мүлктү айыл өкмөтүнүн макулдугу менен гана жатыркатууга же дагы башка ыкма менен тескөөгө укуктуу. Мекеменин кирешесин бөлүштүрүү тартибин бекитилип берилген мүлктүн Менчик ээси аныктайт.
2.5. Мекеме ага берилген мүлктү туура пайдаланууга жана анын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды жана мүмкүн болуучу зыянды четтетүүгө, анын ичинде учүнчү жактын аракетинен келип чыккан зыянды жана форс-мажордук кырдаалдан келип чыккан мүмкүн болуучу зыянды четтетүүгө милдеттүү жана анын бузулушуна, начарлашына же анын жатыркашына, башка бирөөгө берилишине же дагы башка жоготууга алып келген аракеттерди жасабоого милдеттүү.
2. 6. Мекеме ага берилген муниципалдык мүлктү күтүү боюнча чыгым тартууга, аны талаптагыдай техникалык, санитардык жана өрткө карты абапда кармап турууга, Мекеменин каражатынын эсебинен учурдагы ондолушун жүргүзүүгө, анын ичинде белгиленген тартите
2.7. Мекеме белгиленген тартипте ага бекитилип берилген мүлктүн баланстык эсебин жүргүзүүгө жана аны пайдалануунун натыйжаларын, ошондой эле берилген мүлктүн өткөрүлүшүнө, кайра конструкцияланышына, калыбына келтирилишине жана ондолушуна байланыштуу дагы башка керектүү документтерди жүргүзүүгө жана айыл өкмөтүнө анын пайдаланылышынын абалы менен натыйжасы жөнүндө жылдык отчет берүүгө милдеттүү.
2. 8. Мекеме айыл өкмөтүнүн уруксаты менен белгиленген тартипте жараксыз болгон же моралдык жактан эскирген мүлктү жараксыздыкка чыгарууга укуктуу. Мүлктү жараксыздыкка чыгаруудан алынган каражатты чегерүү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.