Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыын 7-марты № 01-05/12
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылга иш мерчемин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылга иш мерчемин карап жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 10-главасынын 10.1 пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылга түзүлгөн иш мерчеми № 1 тиркемеге ылайык алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Иш мерчемдин аткарылышына жооптуу болгон жергиликтүү Кеңештин депутаттары жана аткаруу бийлигинин кызматкерлери, Кочкор-Ата шаар аймагында жайгашкан бардык мекеме-ишканалар менчигинин түрүнө карабастан ушул токтом менен бекитилген иш мерчемдин аткарылышын жетекчиликке алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | М.А.Сыдыков |
Тиркеме
БЕКИТИЛДИ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын № 01-05/12 токтому менен |
№ | Каралауучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Материалдарды даярдоого жана аткарууга жооптуулар |
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш мерчемин бекитүү | I квартал | Шаардык Кеңештин аппараты | |
Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдагы аткарылышын угуу жана 2017-жылга карата бюджетти бекитүү | I квартал | Шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы, шаардык Кеңештин депутаттары, бюджеттик комиссиясы | |
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2016-жылга аткарган иштеринин отчётун жана 2017-жылга коюлган милдеттери жөнүндө маалыматын угуу | I квартал | Шаар мэри, шаардык мэриянын аппарат кызматкерлери | |
№15 «Жомок» балдар бакчасынын, шаардын аймагындагы бардык орто мектептердин иштөө абалын(тарбиялык иштери, тазалыгы, тамактануусу) кароо | II квартал | Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | |
Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин абалы, Тазалык ишканасынын иштөө абалы | II квартал | Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | |
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча, Кочкор-Ата шаар мэриясынын аткаруучулук тартибин кароо | II жана IV квартал | Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары, мыйзамдуулук комиссиясы жана шаардык Кеңештин аппараты. | |
Билим берүү мекемелеринин жана Кыргыз почта,телеком ишканаларынын иштөө абалын кароо | III квартал | Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | |
2017-2018-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | III квартал | Шаардын вице-мэри, «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы, | |
Кочкор-Ата шаарында өспүрүмдөр, мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулукту болтурбоого карата жүргүзүлгөн мэриянын жаштар, спорт ишери боюнча адистин иштеринин абалы. | III квартал | Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча туруктуу комиссия, шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте | |
Бюджеттин алты ай ичинде аткарылышы жана салыктардын түрү боюнча алты айда пландын аткарылышынын маалыматы. | III квартал | Шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы, салык бөлүмүнүн башчысы, бюджеттик комиссиясы | |
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Каттоо Кызматы Транспортту жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин иштөө абал. | III квартал | Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча туруктуу комиссия | |
Шаардын аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштеринин жүрүшү, үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишинин абалын текшерүү | IV квартал | Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | |
Шаардык ички иштер бөлүмүнүн абалы, паспорт бөлүмүнүн паспорт берүү, алмаштыруу, каттоо боюнча ишинин абалы | IV квартал | Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | |
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн жана сатуудан түшкөн акча каражаттарынын пайдалануусу, берилген пландын аткарылышы жана элге кызмат көрсөтүүдөгү жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | IV квартал | «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы. | |
Шаардын аймагында жайгашкан “ Ден-соолукту калыбына келтирүүчү борбордун” жана “Керемет” санаториясынын иштөө абалы | IV квартал | Шаардык Кеңештин төрагасы, 4 туруктуу комиссиянын төрага жана төрайымдары | |
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасына туруктуу комиссиялардын аткарган иштери боюнча отчету | Квартал сайын | Туруктуу комиссиялардын төрага жана төрайымдары | |
2017-жыл-ыйман, адеп жана маданият жылына карата Кочкор-Ата шаарындагы маданият кызматкерлерине шаар мэриясы тарабынан материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү | IV квартал | Төрага, мэриянын кызматкерлери, «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча» туруктуу комиссиясы |
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | С.Мейманкулова |