Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 9-июлу № 315-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 625-б, 2017-жылдын 2-октябрындагы 441-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген, 2014-2020-жылдарга Кыргыз. Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планы тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары - Иш-аракеттер планы).
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-аракеттер планынын тиешелүү пункттарын ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 10-күнүнө чейин Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы ар бир кварталдын жыйынтыктары боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпы отчёт берип турсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Т.Сариев |
| Тиркеме |
2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 625-б, 2017-жылдын 2-октябрындагы 441-б буйругунун редакциясына ылайык)
№ | Максат | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
1 | Диний чөйрөдөгү мыйзамдарды жакшыртуу | Диний чөйрөнү жөнгө салуучу иштелип чыккан жана кабыл алынган мыйзамдардын саны | Мамлекеттик органдар | 2015-2020-жылдар | Тийиштүү мыйзамдарды кабыл алуу | Мамбюджет - 700000 2015-жыл - 200000 2016-жыл- 500000 кошумча каржылоо - донорлор |
№ | Чаралар/аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
1.1 | Дин чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды талдоо | Мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдү, анын ичинде КР Конституциясына жана 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясына ылайык келбөө предметине аныктоо | ДИМК, ИИМ, МУУК, ЮМ | 2015-жыл | Тийиштүү корутундуларды даярдоо | кошумча каржылоо - донорлор |
1.2 | Төмөнкү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу: "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө"; "Билим берүү жөнүндө"; - "Маданият жөнүндө"; - "Массалык маалымдоо каражаттары жөнүндө"; - "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө"; - "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө"; - "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси; - Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси | Диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуучу мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык келтирилген жана 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын жоболорун чагылдырат | ДИМК, ИИМ, МУУК, БИМ, ММТМ, Этностор агенттиги | 2015-2016-жылдар | КР Өкмөтүнүн тийиштүү чечимдерин кабыл алуу | Мамбюджет - 700000 2015-жыл - 200000 2016-жыл - 500000 кошумча каржылоо - донорлор |
№ | Максат | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
2 | Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | Диний чөйрөдөгү маселелер боюнча улуттук деңгээлде мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ишке ашырылган чаралардын саны | Мамлекеттик органдар УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-2020-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | Мамбюджет - 5200000 2015-жыл - 1100000 2016-жыл - 1450000 2017-жыл - 650000 2018-жыл - 700000 2019-жыл - 800000 2020-жыл - 500000 кошумча каржылоо - донорлор |
№ | Чаралар/аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
2.1 | Мамлекеттик органдардын, диний уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнүн жана алардын ишине мониторинг жүргүзүүнүн механизмин өркүндөтүү: - диний уюмдарды, объекттерди, окуу жайларын жана миссионерлерди эсептик каттоо жана кайра каттоо системасын оптималдаштыруу (алардын статусун аныктоо жана категориясы боюнча каттоо жүргүзүү); - диний уюмдардын иши жөнүндө маалымат (отчёт) берүү системасын жана форматын өркүндөтүү; - мамлекеттик органдар тарабынан диний уюмдардын жана алардын өкүлдөрүнүн ишине мониторинг жүргүзүү системасын түзүү | Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын өз ара аракеттенүү механизмин оптималдаштыруу (жоопкерчиликти жана ыйгарым укуктарды так аныктоо) | ДИМК, ИИМ, МУУК, КРӨОЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Этностор агенттиги | 2015-2017-жылдар | КР Өкмөтүнүн жана мамлекеттик органдардын тийиштүү чечимдерин кабыл алуу | Мамбюджет - 400000 ДИМК 2015-жыл - 100000 2016-жыл - 150000 2017-жыл - 150000 кошумча каржылоо - донорлор |
2.2 | Маалыматтарды респонденттердин жынысы, курагы, билими, этностук таандыктыгы боюнча бөлүү менен диний кырдаалга социологиялык изилдөө жүргүзүү жана методиканы өркүндөтүү (статистикалык маалыматтарды, коомдук ой-пикирди сурамжылоону, сапаттуу изилдөө методдорун колдонуу менен). | Түрдүү социалдык топтордун, анын ичинде эркектердин жана аялдардын керектөөлөрүн, проблемаларын жана түрдүү социалдык-экономикалык позицияларын жана алардын дин ишенимине таасирин, алардын радикалдашуусунун шарттарын аныктоо үчүн изилдөө методологиясы жана инструментарий түзүлөт. | КК катчылыгы (макулдашуу боюнча), ДИМК, УИА | 2015-2020-жылдар | Методологияны иштеп чыгуу жана социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү | Мамбюджет - 1500000 КК катчылыгы, ДИМК, УИА 2015-жыл - 150000 2016-жыл - 200000 2017-жыл - 250000 2018-жыл - 350000 2019-жыл - 350000 2020-жыл - 200000 кошумча каржылоо -донорлор |
| Аялуу топторго багыт алуу менен диндин кыз-келиндердин абалына таасири жөнүндө атайын изилдөөлөрдү жүргүзүү | Изилдөөлөрдүн маалыматтары гендердик-сезгич индикаторлор менен диний кырдаалга мониторинг жүргүзүүнүн учурдагы системасынын негизине салынат |
|
|
| |
2.3 | Диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү үчүн методологиялык жана маалыматтык-аналитикалык базаны түзүү, ошондой эле квалификациялуу адистерди даярдоо максатында дин маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү | Чакырыктарга өз убагында жооп берүүгө, чыр-чатактардын алдын алууга, кырдаалдын өнүгүшүн болжолдоого мүмкүндүк берүүчү өлкөдөгү учурдагы диний кырдаал жөнүндө объективдүү маалымат алынат. Адистерди даярдоо, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн, жарандык коомдун, дин кызматкерлеринин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатуу үчүн илимий-аналитикалык база кеңейтилет | ДИМК, БИМ, КМДБ, жана ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-2020-жылдар | Жер-жерлерде изилдөөлөрдү жүргүзүү. Илимий-аналитикалык базаны даярдоо жана методикалык колдонмолорду басып чыгаруу | Мамбюджет - 1800000 ДИМК 2015-жыл - 150000 2016-жыл - 300000 2017-жыл - 250000 2018-жыл - 350000 2019-жыл - 450000 2020-жыл - 300000 кошумча каржылоо - донорлор |
2.4 | Материалдык-техникалык камсыз кылууну, аналитикалык потенциалды жакшыртуу жана Кыргызстанда диний кырдаалды изилдөө борборун түзүү аркылуу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын натыйжалуулугун жогорулатуу | КР ДИМК ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, учурдагы диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү системасын түзүү, диний чөйрөдөгү проблемалуу аспекттерге өз убагында жооп берүү жана мамлекеттик органдар үчүн адекваттуу чечимдерди жана сунуштамаларды иштеп чыгат | ДИМК | 2015-2016-жылдар | ДИМКнын алдындагы Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө борбору | Мамбюджет - 1000000 ДИМК 2015-жыл - 300000 2016-жыл - 700000 кошумча каржылоо - донорлор |
2.5 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түзүмүн, санын жана ыйгарым укуктарына экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү кирген бөлүмдөрүнүн функционалдык милдеттерин оптималдаштыруу | Улуттук жана жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик органдардын жооп кайтаруусунун жана өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу. Мамлекеттик органдардын ишинин кайталанышын жокко чыгаруу | ӨА, МУУК, ИИМ, ДИМК, КК катчылыгы (макулдашуу боюнча) |
| КР Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | Мамбюджет - 300000 ӨА 2015-жыл - 300000 кошумча каржылоо - донорлор |
2.6 | Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө боюнча илимий-аналитикалык журналды чыгаруу (кагаз жүзүндө жана электрондук варианты) | Бул тема боюнча учурдагы изилдөөлөрдү жарыялоо жана жалпыга жарыялоо үчүн платформа. Бардык кызыкдар тараптар ДУ, социалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, статистикалык маалыматтар, чыр-чатактуу жерлер, проблемалар, өзгөрүүлөр жана диний кырдаалдын өнүгүшүнүн божомолдору жөнүндө маалыматтарды оперативдүү түрдө алышат | ДИМК | 2016-жыл | Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө боюнча илимий-аналитикалык журналды жарыялоо (кагаз жүзүндө жана электрондук варианты) | Каржылоо - донорлор |
2.7 | КР ДИМК алдында мамлекеттик-конфессиялык кеңешти түзүү, ал диний уюмдардын, мамлекеттик түзүмдөрдүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн камтыйт | Мамлекеттик органдардын диний лидерлер, КМДБ, башка диний уюмдар, жарандык коом уюмдары менен туруктуу өз ара аракеттенүү системасы түзүлөт. Мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын сапаттуу, ишенимдүү жана өз убагында өз ара аракеттенүүсү ишке ашырылат | ДИМК, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын II жарым жылдыгы | КР ДИМК алдында мамлекеттик-конфессиялык кеңешти түзүү | Каржылоо - донорлор |
2.8 | Өзүнүн ишинде диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттагы маселелерди чечүүгө байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларын кесиптик жактан кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу үчүн дин таануу сабаттуулук маселелери боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, анын ичинде диний чөйрөдө болуп жаткан процесстерге мониторинг жана талдоо жүргүзүү көндүмдөрү, жергиликтүү жана улуттук деңгээлде өнүктүрүүнү пландаштырууда аларды эсепке алуу | Дин таануу маселелеринде мамлекеттик кызматчылардын компетенттүүлүгү жогорулайт | ДИМК, БИМ, ИИМ, МУУК, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-2020-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | Каржылоо - донорлор |
2.9 | Диний негиздеги социалдык чыңалуу көрүнүштөрүнө бийлик органдарынын оперативдүү түрдө жооп берүү механизмдерин иштеп чыгуу: жооп берүү тартиби жөнүндө мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн нускаманы иштеп чыгуу жана ишке киргизүү (жооптуу органдар, маалымдоо тартиби ж.б.) | Конфессиялар аралык чыңалуу көрүнүштөрүнө жооп берүү тартиби жана бул проблемалар тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалымдоо жөнүндө нускама иштелип чыгат, ал карама-каршылыктарды эрте аныктоону жана борбордук, региондук, жергиликтүү деңгээлдерде диний негизде чыр-чатактардын алдын алууну камсыз кылат. Диний негизде чыр-чатактарга жооп кылууда жарандык коом уюмдарынын, диний лидерлердин өз ара аракеттенүүсү белгиленет | КК катчылыгы (макулдашуу боюнча), ИИМ, МУУК, ДИМК, Этностор агенттиги, КРӨОЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) - | 2015-2016-жылдар | Көз карандысыз эксперттердин катышуусун эске алуу менен тийиштүү нускамаларды иштеп чыгуу | Мамбюджет - 200000 сом КР КК катчылыгы 2015-жыл - 100000 2016-жыл - 100000 кошумча каржылоо - донорлор |
2.10 | Мыйзамга ылайык диний иш жүргүзүү максатында республикага келген чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасында жүрүү эрежелеринин бузулушун аныктоо | Кыргыз Республикасындагы чет элдик жарандардын диний иштерине мониторинг жана талдоо жүргүзүү | ИИМ, МУУК, МЧК, ДИМК | Дайыма | Мониторинг иши | Талап кылынбайт |
2.11 | Методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана мектеп окуучуларын, студенттердин, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн жана дин кызматкерлерин ишке тартуу менен дин, толеранттуулук, диний радикализмди жана экстремизмди жайылтуунун алдын алуу маселелери боюнча иш-чаралардын циклин (класстык сааттарды, лекцияларды, семинарларды ж.б.) өткөрүү | Кыргызстандын коомчулугунун диний сабаттуулугун жана толеранттуулугун жогорулатуу, өлкөнүн жаштарынын жана улуу муунунун арасында диний сабырсыздыкты жана радикализмди жайылтуунун алдын алуу | ДИМК, БИМ, ИИМ, МУУК, УИА | 2015-2020-жылдар | Маалыматтык материалдарды даярдоо жана тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | Каржылоо - донорлор |
2.12 | Орто жана жогорку окуу жайларда окуп жаткандардын арасында диний сабаттуулукту жана дин маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча семинарларды жана тренингдерди уюштуруу | Студенттердин жана мектеп окуучуларынын дин жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселелери боюнча сабаттуулугун жана кабардар болуусун жогорулатуу | ДИМК, БИМ, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-2020-жылдар | Диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча семинарлар, тренингдер | Каржылоо - донорлор |
2.13 | Улуттук деңгээлде жарандык коом институттары менен бирдикте Концепцияны ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана пилоттоштуруу | Жарандык коом институттарын жана жергиликтүү коомчулукту Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашырууга жана диний кырдаалды турукташтырууга тартуу | ДИМК, ИИМ, Этностор агенттиги, БИМ, УИА | 2015-2020-жылдар | Улуттук деңгээлдеги жарандык коомдун институттары менен биргелешкен долбоорлор | Каржылоо - донорлор |
№ | Максат | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
3 | Жергиликтүү деңгээлде кызматташууну жөнгө салууну өркүндөтүү | Бирге өткөрүлгөн иш-чаралардын саны | Мамлекеттик бийликтин борбордук жана аймактык органдары | 2015-2020-жылдар | Тийиштүү иш-чаралар | Мамбюджет - 2900000 2015-жыл - 400000 2016-жыл - 650000 2017-жыл - 450000 2018-жыл - 450000 2019-жыл - 550000 2020-жыл - 400000 |
№ | Чаралар/аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
3.1 | ДИМК КРӨОЫУӨ, ИИМдин, МУУКнын өкүлдөрү менен бирге жергиликтүү коомчулуктардын деңгээлинде диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана баалоо | Жергиликтүү деңгээлдеги диний кырдаалга тиешелүү маселелер өз учурунда аныкталат жана аларды чечүү үчүн чаралар көрүлөт. Жергиликтүү деңгээлде диний билим берүү мекемелеринин ишине жана диний объекттердин абалына мониторинг жүргүзүлөт. Диний араздашууну тутандыруу, динге ишенгендердин сезимин кордоо, ошондой эле зомбулук көрсөтүү же ушундай актыларга азгыруу учурларынын алдын алуу жана тыюу салуу боюнча чаралар көрүлөт | ДИМК, КРӨОЫУӨ, (макулдашуу боюнча), Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ИИМ | 2016-2017-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү жана мониторингдин жыйынтыгы жөнүндө отчет даярдоо | Мамбюджет - 300000 2016-жыл - 150000 2017-жыл - 150000 кошумча каржылоолор - донорлор |
3.2 | Жергиликтүү деңгээлде дин иштери боюнча коомдук комитеттер жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу жана аларды түзүү | Чыр-чатактардын жана экстремизмдин алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын, ЖӨБО, диний уюмдардын жана лидерлердин, укук коргоо органдарын жана коомчулуктун жергиликтүү деңгээлде координациялоо деңгээлин жогорулатуу | ӨА, ДИМК | 2016-жыл | КР Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | Талап кылынбайт |
3.3 | ЖӨБдүн, ИИМдин, дин иштери боюнча коомдук комитеттердин кызматкерлери жана жергиликтүү коомчулуктун башка өкүлдөрүн дин таануу сабаттуулугун жогорулатуу жана диний кырдаал боюнча окутуучу семинарларды өткөрүү | ЖӨБ органдары, ИИМдин региондук түзүмдөрү, дин иштери боюнча коомдук комитеттер жана жергиликтүү коомчулуктардын өкүлдөрү жергиликтүү деңгээлде диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга жана кырдаалга мониторинг жүргүзүүгө, баа берүүгө жана конфессиялар ортосундагы мамилелер чөйрөсүнөн келип чыккан чакырыктарга өз убагында жооп кылууга көмөктөшөт | ДИМК, ИИМ, Этностор агенттиги, КРӨОЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2015-2020-жылдар | Тренингдерди жана семинарларды өткөрүү | Мамбюджет - 2100000 ДИМК 2015-жыл - 150000 2016-жыл - 400000 2017-жыл - 350000 2018-жыл - 350000 2019-жыл - 450000 2020-жыл - 400000 кошумча каржылоо - донорлор |
3.4 | ЖӨБ органдары үчүн жергиликтүү деңгээлде дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну көрсөткөн методикалык китепчелерди, маалымдамаларды жана нускамаларды иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | ЖӨБ кызматкерлеринде коркунучтарды нивелирлөө, чыр-чатактарды алдын алуу үчүн так сунуштамалар, нускама жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун планы бар | ДИМК, Этностор агенттиги | 2015-2016-жылдар | Методикалык китепчелер, маалымдамалар жана нускамалар | Каржылоо донорлор |
3.5 | Калктын аялуу катмары, атап айтканда алыскы же "жабык" аймактарда жашаган жана коомдук иш-чараларга катышуусу чектелген жаштардын жана аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуунун жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты илгерилетүүнүн механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Региондордо жашаган аялдардын диний сабаттуулугу жана диний радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу боюнча коомдук ишке катышуу деңгээли жогорулайт | ДИМК, Этностор агенттиги, КМДБ жана ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | Биргелешкен буйрук жана ишке ашыруу планы | Каржылоо донорлор |
3.6 | Жергиликтүү жашоочулардын конфессияларына ылайык жерге берүү үчүн оптималдуу моделин иштеп чыгуу. Көрүстөндөргө жетүү жана прозелиттерди жерге берүүдөгү көйгөйлөр боюнча жергиликтүү калктын жана диний жамааттын өкүлдөрүнүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Прозелитизм жана көрүстөндөрдү пайдалануу менен байланышкан конфессиялар аралык чыр-чатактардын саны азаюуда. Жерге көмүү процессинин укуктук алкактары жөнүндө маалымдуулук, түрдүү диний жамааттардын өкүлдөрүнүн ортосунда сабырдуулук деңгээли жогорулайт | ӨА, КРӨОЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ИИМ, ДИМК, Этностор агенттиги, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | КР Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | Талап кылынбайт |
3.7 | Калктын динге ишенген бөлүгүнүн арасында медициналык кароодон өтүүнүн зарылдыгы, санитардык ченемдерди сактоо, балдарды план боюнча медициналык эмдөө, үй-бүлөнүн баалуулуктарын пропагандалоо, жашы жете элек балдарды тарбиялоо жана аларга билим берүү боюнча атанын жана эненин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Жашы жете элек балдарды медициналык кароодон өткөрүү, тарбиялоо жана билим берүү маселелери боюнча ата-энелердин жоопкерчилик деңгээли жогорулайт | ССМ, КРӨОЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ММТМ, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-2020-жылдар | Биргелешкен буйрук жана ишке ашыруу планы. Тийиштүү иштерди жүргүзүү | Мамбюджет - 500000 сом ССМ - 2015-жыл - 100000 2016-жыл - 100000 2017-жыл - 100000 2018-жыл - 100000 2019-жыл - 100000 кошумча каржылоо - донорлор |
3.8 | Жергиликтүү деңгээлде жарандык коомдун институттары менен бирге Концепцияны ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана пилоттоштуруу | Жарандык коомдун институттарын жана жергиликтүү коомчулукту Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу га жана диний кырдаалды турукташтырууга тартуу | ДИМК, ИИМ, Этностор агенттиги, БИМ, УИА | 2016-2020-жылдар | Жергиликтүү деңгээлде жарандык коомдун институттары менен биргелешкен долбоорлор | Каржылоо - донорлор |
№ | Максат | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
4 | Диний чөйрөдөгү маалыматтык саясатты өнүктүрүү | Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты чагылдырган медиа-продукцияларынын саны | Мамлекеттик органдар, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-2020-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү | Мамбюджет - 800000 2015-жыл - 200000 2016-жыл - 200000 2017-жыл - 200000 2018-жыл - 200000 кошумча каржылоо - донорлор |
№ | Чаралар/аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
4.1 | Диний радикализмди алдын алуу максатында ЖМКда жана социалдык медиа тармактарында дин жөнүндө конструктивдүү талкууларды илгерилетүү үчүн иш-чаралардын программасын (медиа план) жана маалыматтык өнөктүктүн методологиялык базасын иштеп чыгуу | Заманбап мамлекеттин дин аралашпаган принциптерине каршы келбеген, мелүүн диний көз карашты тараткан альтернативдүү маалыматтык аймак түзүлөт | ММТМ, ДИМК, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Методикалык сунуштамаларды даярдоо | Мамбюджет - 200000 2015-жыл - 200000 кошумча каржылоо - донорлор |
4.2 | Дин аралашпаган көп конфессиялык коом, жарандык бирдейлик жана укуктук маданияттуулук идеяларын илгерилетүүчү окуп-таануучу программаларды, башка медиа-продуктуларды түзүү жана жайылтуу. Аудиториянын кругозорун кеңейтүүгө багытталган илимий-таанытуучу, окутуучу программаларды, дин таануучу-эксперттердин катышуусу менен дискуссиялык берүүлөрдү жана дүйнөлүк диндердин тарыхы боюнча агартуучу программаларды, ошондой эле медиа долбоорлорду колдоо | Мамлекеттин дин аралашпаган негиздерин, сабырдуулукту, конфессиялар аралык тынчтыкты чыңдоо. Аудиториянын диний сабаттуулугун жогорулатуу, коомдогу сабырдуулукту жана плюрализмди чыңдоо | MMТM, БИМ, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2016-2018-жылдар | Биргелешкен буйрук жана ишке ашыруу планы | Мамбюджет - 600000 2016-жыл - 200000 2017-жыл - 200000 2018-жыл - 200000 кошумча каржылоо - донорлор |
4.3 | ЖМК өкүлдөрү үчүн дин таануу сабаттуулугун, Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал, позитивдүү жарандык позицияны жайылтуу жана дин маселелери боюнча ЖМКда деструктивдүү маалыматтык ишке каршы туруу боюнча бир катар тренингдерди өткөрүү | Диний темаларды чагылдыруунун сапатын арттыруу жана ЖМКда деструктивдүү пропаганданын алдын алуу | ММТМ | 2016-2020-жылдар | ЖМК үчүн тренингдер | Каржылоо - донорлор |
4.4 | Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде экстремисттик мүнөздөгү материалдардын жайылышына натыйжалуу каршы туруу максатында компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан диний-экстремисттик мүнөздөгү материалдарды камтыган интернет сайттарды сотсуз тосмолоону караган механизмди иштеп чыгуу | Экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү маалыматтык ресурстарды тосмолоонун жана ыкчам жооп берүүнүн механизми түзүлөт | МУУК, ИИМ, ДИМК | 2016-жыл | КР Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | Талап кылынбайт |
4.5 | Маалыматтык-алдын алуучу көрсөтмө материалдарды, ошондой эле экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу тематикасын, диний сабырдуулукту жана улуттук толеранттуулукту пропагандалоону камтыган социалдык видеороликтерди чыгарууну жана аларды окуу жайларда, мекемелерде, уюмдарда, эл көп чогулган жайларда акысыз таратууну уюштуруу | Дин маселелери жана диний радикализм менен экстремизмди жайылтууну алдын алуу зарылчылыгы боюнча калктын маалыматтык деңгээлин жогорулатуу | ДИМК, ИИМ, МУУК, БИМ, ЭМЖМ, ММТМ | 2015-2020-жылдар | Биргелешкен буйрук жана ишке ашыруу планы | Каржылоо - донорлор |
4.6 | Диний адабиятты даярдоого заказ келип түшкөндө, менчигинин түрүнө карабастан, басмаканалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга милдеттүү түрдө кабар бериши жөнүндө ченемди мыйзамга киргизүү | Өлкөдөгү басма үйлөрүнөн диний материалдарды чыгарууга контролду күчөтүү | ММТМ | 2016-жыл | КР Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | Талап кылынбайт |
№ | Максат | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
5 | Дин аралашпаган дин таануу билим берүү системасын жакшыртуу | Жалпы билим берүү окуу жайларына дүйнөлүк диндер жөнүндө сабак киргизүү. Дин таануу боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу | Мамлекеттик органдар, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-2020-жылдар | КР Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | Мамбюджет - 7200000 2015-жыл - 700000 2016-жыл - 2200000 2017-жыл - 1600000 2018-жыл - 1000000 2019-жыл - 1000000 2020-жыл - 700000 |
№ | Чаралар/аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
5.1 | Атайын орто жана жогорку билим берүү системасы үчүн Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясына ылайык дин таануу боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Билим берүү стандарттары бекитилет. Ата мекендик окуу жайлар дин таануу циклин окутуу үчүн керек болгон программаларды жана окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ; БИМ окуу жайларды лицензиялоо тартиби жана критерийлери, дин таануу циклин камсыз кылган окуу-колдонмолорун иштеп чыгууну, мониторингдөөнү жана апробациялоону, жана гуманитардык сабактарга дин таанууну көйгөйлөрү темаларын кошууну бекитет | БИМ, ДИМК, УИА | 2015-2017-жылдар | Стандартты иштеп чыгуу жана КР Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | Мамбюджет - 900000 БИМ 2015-жыл - 200000 2016-жыл - 350000 2017-жыл - 350000 кошумча каржылоо - донорлор |
5.2 | "Диний маданияттын тарыхы" окуу дисциплинасы үчүн программа иштеп чыгуу | Бул сабакты окутуу программасын түзүү | БИМ, УИА, ДИМК | 2015-жыл | Бекитилген окуу программасы боюнча талкуу жүргүзүү. "Диний маданияттын тарыхы" окуу программасын бекитүү боюнча мамлекеттик органдын тийиштүү чечимди кабыл алуусу | Мамбюджет - 200000 БИМ, УИА 2015-жыл - 200000 кошумча каржылоо - донорлор |
5.3 | Орто мектептердин жогорку класстарында, атайын орто жана жогорку окуу жайларда дин таануу боюнча сабакты (диний маданияттын тарыхы) жалпы билим берүү курсу катары киргизүү | Жарандардын дин таануу сабаттуулугун жана толеранттуулугун, дин аралашпаган көп конфессиялуу коомдо диний сабырдуулук деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле деструктивдүү диний таасирдин алдын алуу. Жарандык бирдейлик, жаштардын укуктук маданияты калыптанып, чыңалат; патриоттуулукка, ата мекендик каада-салттарды урматтоого тарбия берилүүдө, салттуу рухий-адеп-ахлактык баалуулуктар системасы бекемделет | БИМ, УИА | 2015-2016-жылдар | "Диний маданияттын тарыхы" сабагын киргизүү | Мамбюджет - 200000 БИМ 2015-жыл -100000 2016-жыл - 200000 кошумча каржылоо - донорлор |
5.4 | Ар кандай категориядагы окуу жайлары үчүн дин таануу жана диний маданияттын тарыхы боюнча эң мыкты окуу-методикалык китепчеге ачык конкурс өткөрүү | БИМ тарабынан бир катар окуу китептер жана окуу-методикалык китепче иштелип чыгат жана сунушталат | БИМ, ДИМК, УИА | 2015-2016-жылдары | Биргелешкен буйрук жана конкурсту өткөрүү | Мамбюджет - 200000 БИМ, 2015-жыл - 100000 2016-жыл - 10000 кошумча каржылоо - донорлор |
5.5 | Мектеп жана колледж окуучулары жана мугалимдери, ЖОЖ мугалимдери үчүн дин таануу жана диний маданияттын тарыхы боюнча бир катар окуу китептердин, окуу-методикалык китепчелердин справкалык жана иллюстрациялык материалдардын (басылмалар, презентация-лекциялар, электрондук материалдарды басып чыгаруу) | Кыргызстандын бардык мектептери жана жождору дин таануу жана диний маданияттын тарыхын окутуу үчүн зарыл болгон окуу-методикалык жактан камсыздалат | БИМ, ДИМК, УИА | 2015-2020-жылдар | Окуу пособиелерин басып чыгаруу. 5 жылдын ичинде жыл сайын 10-15000 нуска | Мамбюджет - 2000000 БИМ 2015-жыл - 100000 2016-жыл - 400000 2017-жыл - 400000 2018-жыл - 450000 2019-жыл - 450000 2020-жыл - 200000 кошумча каржылоо - донорлор |
5.6 | Дин таануу жана теология жаатында белгилүү чет элдик изилдөөчүлөрдүн жана эксперттердин илимий-популярдуу адабиятын мамлекеттик жана расмий тилдерине которууну ишке ашыруу, китеп көргөзмөлөрүн, актуалдуу илимий-изилдөөчү эмгектерди талкуулоо боюнча семинарларды жана презентацияларды өткөрүү | Иштеп чыгууда эске алуу максатында диндин, диний чөйрөдөгү заманбап глобалдуу жараяндардын, анын ичинде мамлекеттик- конфессиялык мамилелер жана диний негиздеги конфликттерди алдын алуу жана чечүү суроолорун камтыган тарых жана теория боюнча чет элдик тажрыйба үйрөтүлөт | ММТМ, ДИМК | 2016-2020-жылдар | Аткарылган иштердин актылары, КР Өкмөтүнө маалымдоо | Каржылоо - донорлор |
5.7 | Жождордо дин таануу жаатындагы адистерге болгон суроо-талапты аныктоо максатында изилдөөлөрдү жүргүзүү. Жыйынтыгында бул тармакта окуп жаткан студенттердин санын оптимизациялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу | Билим берүү системасы квалификациялуу педагогикалык кадрлар менен камсыздалган, дин таануучу-студенттердин саны оптималдаштырылат | БИМ, УИА, ӨА | 2016-2020-жылдар |
| Мамбюджет - 1500000 БИМ, УИА 2016-жыл - 250000 2017-жыл - 250000 2018-жыл - 350000 2019-жыл - 350000 2020-жыл - 300000 кошумча каржылоо - донорлор |
5.8 | Окуу модулдарынын иштелип чыгуусу жана ишке киргизилүүсү, гуманитардык циклдеги мугалимдердин дин таануу дисциплиналарын окутууга даярдоо боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу | Орто, орто-адистик жана жогорку окуу жайларында дин таануу дисциплиналары боюнча мугалим жана окутуучулардын квалификациялуу контингенти даярдалат | БИМ, УИА | 2016-жыл | Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстары | Мамбюджет - 200000 БИМ 2016-жыл - 200000 кошумча каржылоо -донорлор |
5.9 | Окуу жайлардагы мамлекеттик стандарттардын жана окуу программалардын негизинде бекитилген дин таануу билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана мониторинг механизмдерин иштеп чыгуу | Окутуу сапатынын жана квалификациялуу адистерди даярдоону жакшыртуу | БИМ, УИА | 2016-2017-жылдар | Дин таануу сабактарынын окутулушунун сапатынын стандарттарын иштеп чыгуу жана мониторинг боюнча иш | Мамбюджет - 800000 БИМ 2016-жыл - 400000 2017-жыл - 400000 кошумча каржылоо - донорлор |
5.10 | Мектеп окуучулары жана мугалимдери үчүн жаштар арасындагы диний негиздеги конфликттердин алдын алуу боюнча жана дин коопсуздугун өнүктүрүү боюнча тренингдердин программасынын жана зарыл болгон методикалык камсыздоону иштеп чыгуу | Толеранттуулук жогорулайт, диний негиздеги конфликттердин саны азаят | ДИМК, БИМ, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2016-2018-жылдар | Тренингдерди бирге өткөрүү | Каржылоо - донорлор |
5.11 | Дин таануу билиминин сапатын жогорулатуу үчүн маалыматтык жана академиялык материалдарды даярдоо максатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү | Адистерди даярдоо, академиялык чөйрөнүн, жарандык коомдун, диний чөйрөнүн жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн квалификацияларын жогорулатуу үчүн илимий-аналитикалык база кеңейтилет | БИМ, ДИМК, УИА | 2015-2020-жылдар | Изилдөөлөрдү жүргүзүү | Мамбюджет - 1000000 БИМ, УИА 2016-жыл 200000 2017-жыл - 200000 2018-жыл - 200000 2019-жыл - 200000 2020-жыл - 200000 кошумча каржылоо - донорлор |
5.12 | Окутуу, лекциялар жана тренингдер аркылуу өздөрүнүн кесиптик ишинде диний экстремизм жана терроризм маселелери менен катышы бар мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин дин таануу компетенттүүлүгүн жогорулатуу. Мамлекеттик органдарга баруу жана чет өлкөлөрдөгү стажировка өтүү аркылуу мамлекеттик кызматкерлердин жана диний чөйрөнүн өкүлдөрүнүн квалификацияларын жогорулатуусу жана тажрыйба алмашуусу. Чет өлкөлүк адистерди Кыргызстанга чакыруу, ошондой эле семинарлар жана тренингдерди өткөрүп берүү үчүн белгилүү эксперттерди тартуу | Өздөрүнүн кесиптик ишине диний экстремизм жана терроризм суроолоруна кездешкен мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жана диний чөйрөнүн өкүлдөрүнүн компетенттүүлүгүнүн деңгээли жогорулайт | ДИМК, ИИМ, МУУК | 2015-2020-жылдар | Окутуу курстары | Каржылоо - донорлор |
№ | Максат | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
6 | Диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу | Аккредитацияланган (лицензияланган) диний окуу жайлардын саны | Мамлекеттик органдар, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ | 2015-2020-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | Мамбюджет - 3300000 2015-жыл - 400000 2016-жыл - 1450000 2017-жыл - 700000 2018-жыл - 300000 2019-жыл - 200000 2020-жыл - 250000 |
№ | Чаралар/аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
6.1 | Диний мекемелерди: медресе, орто-кесиптик жана жогорку окуу жайларды мониторингдөө | Өлкөдөгү диний окуу жайларынын ишине толук анализ жүргүзүлөт, алардын ченемдик-укуктук документтери талданат, ошондой эле алардын ишиндеги көйгөйлөр жана кемчиликтер аныкталат | ДИМК, КМДБ (макулдашуу боюнча) | 2015-2016-жылдар | Республиканын облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында мониторинг жана анализ жүргүзүү. Мамлекеттик органдарга маалымат даярдоо | Мамбюджет - 900000 ДИМК 2015-жыл - 150000 2016-жыл - 750000 кошумча каржылоо - донорлор |
6.2 | Мамлекеттик лицензиянын тибин аныктоо үчүн окутуу максаттарына жана окуу программасынын мазмунуна ылайык окуу программасына светтик компонентин киргизүүнү эске алуу менен диний окуу жайларды категориялар боюнча классификациялоонун стандарттарын иштеп чыгуу | Диний окуу жайлардын жана алардын укуктук регламентациясынын стандартизациясы белгиленет. ДИМКда эсептик каттоодон өтүүнү караган лицензиялардын категориялары иштелип чыгат. БИМдин мамлекеттик үлгүдөгү милдеттүү светтик компонентке ээ болгон диний окуу жайлары үчүн лицензияланат | ДИМК, БИМ, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-2017-жылдар | КР Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | Мамбюджет - 800000 ДИМК 2015-жыл - 100000 2016-жыл - 300000 2017-жыл - 400000 |
6.3 | Тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн диний компонентке ээ окуу жайларды (диний лицейлер, медреселер, колледждер жана жождор) аккредитациялоо жана мамлекеттик лицензия берүү шарттары жөнүндө жобону иштеп чыгуу | Диний окуу жайларды аккредитациялоо жана мамлекеттик лицензиялоонун так критерийлери жана талаптары иштелип чыгат | ДИМК, БИМ, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-2016-жылдар | КР Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | Мамбюджет - 300000 БИМ 2015-жыл -100000 2016-жыл - 200000 кошумча каржылоо - донорлор |
6.4 | Бүтүрүүчүлөрү тийиштүү билим деңгээли жана квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ ала турган светтик билимге жана диний компонентке ээ колледждин пилоттук моделин түзүү | Окугандар сапаттуу светтик жана диний билим алышат. Колледждин бүтүрүүчүлөрү светтик жогорку кесиптик же диний багыттагы билим берүү уюмдарында окуганга мүмкүнчүлүк алышат | ДИМК, БИМ, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | Биргелешкен буйрук жана ишке ашыруу планы | Каржылоо - донорлор |
6.5 | Диний окуу жайлардын окутуу программаларынын жана окутуу практикасынын мазмунунда радикалдык идеологиялардын жайылбагандыгын аныктоо максатында диний окуу жайларга мониторинг жүргүзүү | Диний билим берүү системасы аркылуу орточо диний окууларды илгерилетүү, ошондой эле радикалдуу ойлордун жайылуусун алдын алуу жүргүзүлөт | ИИМ, МУУК, ДИМК, БИМ, УИА, КРӨЫОУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Биргелешкен буйрук жана ишке ашыруу планы. ӨАга маалымат | Мамбюджет - 500000 ИИМ - 2016-жыл - 100000 2017-жыл - 100000 2018-жыл - 100000 2019-жыл - 100000 2020-жыл - 100000 кошумча каржылоо - донорлор |
6.6 | Кыргыз Республикасындагы диний окуу жайларды эсепке алуу реестрин түзүү | Лицензиялоодон өткөн же өтпөгөн баардык диний окуу жайлардын эсебин алуу системасы түзүлөт | ДИМК, МУУК, БИМ, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | Биргелешкен буйрук жана ишке ашыруу планы | Талап кылынбайт |
6.7 | Республикадагы жождордун дин таануу жана теология факультеттеринин жана бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик түзүмдөрдүн адистерин ишке тартуу менен имамдарды жана башка дин адамдарын окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун борбордоштурулган системасын түзүү | Диний лидерлердин, имамдардын жана дин адамдарынын диний жана укук таануу сабаттуулугу жогорулайт. Диний пропагандага каршы турулат жана диндин орточо негиздери илгерилейт | ДИМК, КМДБ (макулдашуу боюнча) | 2015-2017-жылдар | Мамлекеттик органдын тийиштүү чечимин кабыл алуу | Каржылоо - донорлор |
6.8 | Биргеликте нускамаларды иштеп чыгуу жана аларды ишке киргизүү жолу аркылуу чет өлкөгө чыгып жаткан жана чет өлкөлүк окуу жайларда диний билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке алуу үчүн мекемелер аралык аракеттенүүнүн механизмдерин жакшыртуу. Диний билим алуу максатында чет өлкөгө чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке тургузуу боюнча системалуу ишти жүргүзүү | Чет өлкөлүк окуу жайларда диний билим алып жаткан КР жарандарынын саны жөнүндө тагыраак маалымат аныкталат | МУУК, ИИМ, БИМ, УИА, ДИМК, ТИМ | 2015-2020-жылдар | Биргелешкен буйрук жана ишке ашыруу планы | Талап кылынбайт |
6.9 | КР мамлекеттик органдарынын Түркиянын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча башкармалык менен диний билим берүү маселелери боюнча, ошондой эле Россия жана Борбордук Азия мусулмандарынын борбордук диний башкармалыктары менен кийин өз ара аракеттенүү жана алардын аталган чөйрөдөгү тажрыйбасын үйрөнүү максатында кызматташтыкты өнүктүрүү | КР мамлекеттик органдарынын Түркиянын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча башкармалык менен диний билим берүү маселелери боюнча, ошондой эле Россия жана Борбордук Азия мусулмандарынын борбордук диний башкармалыгы менен кызматташуу жөнүндө келишимдер түзүлөт | ДИМК, УИА, КМДБ (макулдашуу боюнча), БИМ | 2015-2020-жылдар | Кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдер | Мамбюджет - 800000 ДИМК 2015-жыл - 50000 2016-жыл - 100000 2017-жыл - 200000 2018-жыл - 200000 2019-жыл - 100000 2020-жыл - 150000 кошумча каржылоо донорлор |
№ | Максат | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
7 | Диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу | Биргелешкен иш-чаралардын саны | Мамлекеттик органдар | 2015-2020-жылдар | Биргелешкен иш-чаралар | Мамбюджет -2000000 2015-жыл - 100000 2016-жыл - 400000 2017-жыл - 400000 2018-жыл - 400000 2019-жыл - 400000 2020-жыл - 300000 |
№ | Чаралар/аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
7.1 | Дин таануу экспертизасын жүргүзүүнүн методологиясын жана системасын жакшыртуу, дин таануу экспертизаны жүргүзүү боюнча жобону жана эксперттерди коргоо боюнча жол-жобону иштеп чыгуу | Дин таануу экспертизасын жүргүзүүнүн так критерийлери жана ачык-айкын жол-жобосу иштелип чыгат | ДИМК | 2016-жыл | Тиешелүү чечимди кабыл алуу | Каржылоо - донорлор |
7.2 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна: диний араздашууну тутандыруу, динге ишенгендердин сезимдерин кордоо, ошондой эле динге болгон мамилесине карата адамдардын ар кандай тобуна каршы багытталган зомбулук актыларын аныктоо предметине диний уюмдардын жана башка бирикмелердин ишине мониторинг жүргүзүү | Диний араздашууга азгырган диний уюмдардын жана башка бирикмелердин кагылышуу потенциалы табылат, ошондой эле конституциялык түзүлүшүн кыйратууну көздөгөн, мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирген деструктивдүү диний уюмдар аныкталат | МУУК, ИИМ, ДИМК, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | 2015-2020-жылдар | Аткарылган иштердин актылары, КР Өкмөтүнө маалымат | Мамбюджет - 1000000 МУУК 2015-жыл - 50000 2016-жыл - 200000 2017-жыл - 200000 2018-жыл -200000 2019-жыл - 200000 2020-жыл - 150000 |
7.3 | Кыргыз Республикасынын аймагында иши конституциялык түзүлүшкө, мамлекеттин жана анын жарандарынын коопсуздугуна каршы багытталган диний уюмдардын алдын алуу, токтотуу жана тыюу салуу максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүү | Мамлекеттин жана коомдун коопсуздугунун коркунучу төмөндөйт | МУУК, ИИМ, ДИМК, КМДБ (макулдашуу боюнча), ОПЧ (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Аткарылган иштердин актылары | Талап кылынбайт |
7.4 | Калкка деструктивдүү жана экстремисттик уюмдардын иши жана алардын таасирине каршы туруу ыкмалары жөнүндө маалымдоо (интернет-сайт, ЖМК, брошюраларды, маалымдамаларды ж.б. чыгаруу) | Калкты экстремисттик уюмдардын катарына тартуунун алды алынат. Диний араздашуу көрүнүштөрүнүн, динге болгон мамилесине карата адамдардын ар кандай тобуна каршы зомбулук актыларынын алды алынат | МУУК, ИИМ, ММТМ | 2015-2020-жылдар | Тиешелүү маалыматтык материалдар | Каржылоо - донорлор |
7.5 | Алдын алуу жана диний негизде чыр-чатактарга жана радикалдашууга идеологиялык каршы туруу максатында калктын арасында системалуу пландуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Экстремизм жөнүндө материалдарды чыгаруу жана аларды диний мекемелерде, жалпы билим берүү мекемелеринде жана жогорку окуу жайларында жайгаштыруу | Коомдун радикалдашуусунун жана мыйзамсыз ишке тартылышынын алды алынат. Диний экстремизмге азгыруу токтотулат | ДИМК, Этностор агенттиги, МУУК, ИИМ | 2015-2020-жылдар | Тиешелүү чараларды өткөрүү | Каржылоо - ДИМК 2015-жыл - 50000 2016-жыл - 200000 2017-жыл - 250000 2018-жыл - 200000 2019-жыл - 150000 2020-жыл - 150000 кошумча каржылоо - донорлор |
7.6 | Диний чөйрөдөгү проблемаларды өз учурунда аныктоого, идеологиялык экстремизмге жана радикализмге идеологиялык каршы туруу ыкмаларын иштеп чыгууга жардам берген илимий-изилдөө иштерин колдоо максатында материалдык жана техникалык тарабынан колдоо көрсөтүү | Диний экстремизмди натыйжалуу аныктоо, токтотуу үчүн маалыматтын альтернативдүү булактары түзүлөт. Илимий-аналитикалык маалыматтык базаны түзүүгө көмөктөшүү | УИА, ИИМ, МУУК, ДИМК | 2015-2020-жылдар | Донорлорду тартуу, биргелешкен изилдөө иштерин өткөзүү | Каржылоо - донорлор |
7.7. | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жана конфессиялар аралык араздашууну тутандырууга алып барган жол берилгис прозелитизм актыларын аныктоо; бул фактыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотуу | Адамдын абийир жана дин тутуу эркиндиги укугу сакталат; конфессиялар аралык мамилелерде чыр-чатак потенциалы төмөндөйт | ИИМ, МУУК, ДИМК, КРӨЫОЫӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2015-2020-жылдар | Тиешелүү мамлекеттик органдын чечимин кабыл алуу | Талап кылынбайт |
7.8 | Өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүнө коркунуч келтирүүчү деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик ишке тиешеси бар жарандардын маалыматтар базасын жана аларды эсепке алуу механизмин түзүү | Коомдук дестабилдештирүү коркунучун аныктоо жана аларды мамлекеттик башкаруу органдарына киргизүү максатында деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик иш жасагандыгы үчүн административдик жана жазык жоопкерчилигине тартылган адамдардын жалпы маалыматтар базасы түзүлөт | МУУК, ИИМ, ДИМК | 2015-2017-жылдар | Аткарылган иштердин актылары | Талап кылынбайт |
№ | Максат | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
8 | Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты баалоо жана өркүндөтүү | Индикаторлорду иштеп чыгаруу жана баалоо | Мамлекеттик органдар | 2015-2020-жылдар | Тиешелүү талдоо жана отчет | Мамбюджет - 300000 |
№ | Чаралар/аракеттер | Күтүлүүчү натыйжа/индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо (сом менен) |
8.1 | Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ишке андан ары баа берүү үчүн учурдагы диний кырдаалга талдоо жүргүзүү. Концепцияны ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүүчү иш-чараларга баа берүү индикаторлорун, критерийлерди жана инструменттерди иштеп чыгуу | Диний кырдаалга андан ары салыштырма талдоо жүргүзүү үчүн учурдагы кырдаал аныкталат. Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү индикаторлору, критерийлер жана инструменттер иштелип чыгат | КК катчылыгы (макулдашуу боюнча), ДИМК | 2015-жыл | Аткарылган иштердин актылары | Мамбюджет - 300000 КК катчылыгы - 2015-жыл - 300000 |
8.2 | Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чараларга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү процессине иштелип чыккан индикаторлорду, критерийлерди жана инструменттерди киргизүү | Иш-чаралар жөнгө салынат жана оптималдаштыруу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугу аныкталат | КК катчылыгы (макулдашуу боюнча), ДИМК | 2016-2020-жылдар | Аткарылган иштердин актылары | Талап кылынбайт |
8.3 | Концепцияны ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү | Иш-чараларды өткөрүү механизми өркүндөйт жана алардын натыйжалуулугу жогорулайт | КК катчылыгы (макулдашуу боюнча) | 2015-2020-жылдар | Аткарылган иштердин актылары | Каржылоо - донорлор |
8.4 | Мониторинг жүргүзүү процессинин негизинде диний чөйрөдө мамлекеттик концепцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине жыл сайын отчёт берүү | Диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугу жогорулайт | Иш-чаралар планын ишке ашыруучу бардык органдар, ДИМК (жыйынды), КР КК катчылыгы | 2015-2020-жылдар | Аткарылган иштердин актылары | Талап кылынбайт |
8.5 | Диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча практикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Диний чөйрөдө мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана дин кызматкерлеринин өз ара аракеттенүүсү оптималдаштырылат | Иш-чаралар планын ишке ашыруучу бардык органдар | 2017-2020-жылдар | Аткарылган иштердин актылары | Талап кылынбайт |
Бардыгы: 22400000 | ||||||
Кыскартуулардын тизмеси:
КР - Кыргыз Республикасы
КК катчылыгы - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы
ӨА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты
ЮМ - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ММТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
ЭМЖМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги
БИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ФМ - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Этностор агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги
МУУК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети
ДИМК - Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы
УИА - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
КМДБ - Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы
ОПЧ - Орус православ чиркөөсү
КРӨОЫУӨ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү
Чек ара кызматы - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы
Мамбюджет - мамлекеттик бюджет